«КҮЙӨӨМ ҮСТҮМӨ АЯЛ АЛАМ ДЕЙТ...»

– Жакында жашоомо бүлүк түшүп, чоң маселеге кабылдым. Анткени 10 жылдан бери чогуу түтүн булаткан күйөөм «экинчи катын алат элем» деп чыкты. Кабар күтүүсүз жерден болгондуктан азыркыга чейин өзүмө келе элекмин. Андыктан сиздерден кеңеш сурагым келет...
Жолдошум экөөбүздүн ортобузда кыз десе кызыбыз, уул десе уулубуз бар. Ушул 10 жыл ичинде жолдошумдун оорун колдон, жеңилин жерден алып, болбогон жерден чатак чыгарбай, жакшы жубай болууга аракет кылдым. Аны менен жарышып иштеп, тапкан-ташыганымды колуна салып берип, тиричилик кылдым. Өзүбүздүн үйүбүз жок эле, үй алабыз деп жатканбыз.
Жолдошумдун айтканына караганда, анысы 25 жашта жана экинчи аял болуп никеге турууга макул экен. Алты жылдан бери мамиле түзүп келе жатышыптыр. Экөө ээрчишип мечитке барса, молдо «биринчи аялың муну билиши керек, уруксаты кереги жок, бирок айткын» дептир. Анан күйөөм үйгө келип жаман кабарды мага угузуп жатпайбы. «Сен жашсың, бирөөнүн көз жашы менен бакыт таба албайсың. Эки баланын убалына калба. Андан көрө өзүң теңдүү бойдок жигит таап, эл катары сүйлөшүп, той берип турмушка чыксаң болбойбу? Ата-энеңдин да жүзү жарык болот эле го!»- деп айтууну ойлоп, бирок ал кызды издеп таппай койдум.
Ачыгын айтсам, күйөөм буга чейин деле көрүнгөн кыздар менен мамиле куруп, көзүмө чөп салып келген. Ортодо балдар турбайбы деп баарына көз жумуп, өзүмдү ичимден тынчытып алчу элем. Бул жолкусу туңгуюк, мен үчүн жообу жок абал болуп жатат. Ажырашайын дейм, балдарымды атасыз калтыргым келбейт.
Жолдошум «сенин ушундай абалда каларыңды билсем айтпайт элем. Эгер каршы болсоң албайм» деп күйдүрөт. Минтип айтканына ишенбейм. Анын «сени да, аны да сүйөм» дегенине ким ишенсин? Мусулмандарга 4 аял алууга уруксат экен, бирок мусулман адам 5 маал намаз окуп, дин жолу менен жүрүшү керек го. Бул болсо жума намазга гана барып койгону болбосо, иче турган кезде ичет, көрүнгөн кыздар менен жүрөт. Анан эмнеси мусулман? Тиги кызды бассам-турсам каргай берип Кудайдын алдында да күнөөкөр болдум. Эми эмне кылам? Күйөөм менен мындан ары кантип жашайм?

Айзат, 34 жашта, Ош

Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берет.

– Сиздин тарткан азабыңыз түшүнүктүү. Жазганыңыздан сиздерде көйгөй жакында эле башталбаганы билинүүдө. Анткени сиз жолдошуңуздун буга чейинки жүрүш-турушуна көз жумуп келгенсиз. Демек, мамилеңиздерде башында эле маселе болгон.
Үй-бүлөмдү сактайм десеңиз, өзүңүздү колго алып, баарын анализдеп, төмөнкү суроолорго жооп берип көрүңүз:
Мен жолдошума жаңы турмушка чыкканда кандай, кийин кандай мамиле жасадым? Мүмкүн, балалуу болгондон кийин балдар менен алаксып, ага көп көңүл бурбай, урматтабай, сыйлабай калгандырмын? Өзүмө да көңүл бурбай жүрүп, күйөөмдү алыстатып алган жокмунбу? Анын кайсы сапаттарын баалайм? Ажырашып кетсем балдарымды кантип багам?
Негизи балалуу болгондон кийин кээ бир аялдар өздөрүн таштап жиберишет. Балдары менен алаксып, күйөөсүнүн кызыкчылыгын, ой-пикирин, ага аял катары мээрим төгүү дегенди унутат. Мындай учурда эркек өзүнө жетишпеген мамилени, сый-урматты башкадан издей баштайт. Ошентип аял-күйөөнүн ортосу муздайт.
Анан дагы айрым эркектер жашы өтүп баратканын сезип, жаштыгын узарткысы келет да, жаш кыздар менен мамиле курат.
Эми жолдошуңузга чыр-чатагы жок эле «сенин тигил-бул сапаттарыңды баалайм. Мен үй-бүлөнү сактагым келет. Экинчи аял алууңа каршымын» деп ачык айтыңыз. Ички ой-толгоолоруңузду кыйкырбай, токтоо түшүндүрүңүз. Анын жообуна карап анан чечим кабыл аларсыз. Албетте, азыр сиз стресс абалында тургандыктан көп ойлонуу зыян. Ооруп калышыңыз мүмкүн. Балдарыңызды ойлоңуз, ажырашсаңыз аларды багып кете аласызбы же жокпу, аны талдаңыз. Баарын убакытка коюңуз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (81)
nurgiz91
2014-12-11 19:45:52
андай еркектерге жакшы мамиле еч качан жарашпайт.андай еркектин кулагын жеп жанын сууруп туруш керек ото кооп кетиптир озунуз коптурдунуз еми деле кеч емес емнеси болсода ажырышып кеттпениз анын 25 жаштагы мээси толо елек катынын ата енесине айылына кочосуно барып айбиирин тогуп койунуз еки бала турганда ал сиздин еч тенелет турган адамыныз емес, андай кыздар тийип жашаган кундо деле коп болсо жарым жыл жашайт так что чуть чуть терпение.
+1
ne-gramytnyi
2014-12-12 00:19:24
капа болбонузго аны таштап кетиниз дуйнодо адам толтура дагы биро чыгатда сизди буга чеин тушунбосо будан кийин деле тушунбойт. балдарыныз эптеп чоноёт ?
0
Ern
2014-12-12 12:05:58
Психологтордун айтуусу боюнча экинчи аял алган эркек, экинчи аялын алган соң,жашап жүрүп кайра биринчи аялына мээримдүү болуп жакшы сыйлап калат экен,муну Чубак ажы Жулиловдун насааттарынан уктум эле.Ошондуктан Маакул боло бериңиз экинчи аял ачуусуна.
0
Ern
2014-12-12 12:10:29
Психологтордун айтуусу боюнча экинчи аял алган эркек, экинчи аялын алган соң,жашап жүрүп кайра биринчи аялына мээримдүү болуп жакшы сыйлап калат экен,муну Чубак ажы Жулиловдун насааттарынан уктум эле.Ошондуктан Маакул боло бериңиз экинчи аял алуусуна.
-1
Saribulak
2014-12-12 12:33:04
Баарибир биринчи аял башкача болот.Бул убактылуу азгырык.
-1
ayzharkyn
2014-12-12 17:57:08
Эки аял алган эркектердин жыргап кеткенин коро элекмин.
0
woola14
2014-12-12 23:10:30
eki ayldy emes bir aialdy baldaryn bagywsynchy
0
bsema
2014-12-12 23:37:06
динге кайрылсак.эркек ичип алып аялына талак берсе отобу?билгендер болсо айтып койгулачы.алдын ала рахмат.
0
tursunbaev2004
2014-12-13 02:04:25
Комментарийлерди окусам 90 пайызы кыздар жазыптыр,негизи шариятта бар 4 аял алуу,бирок ошол 4 аялды,ошол 4 аялдан жаралган балдарды материалдык жактан толук камсыз кыла алсан деген жери бар, анан бир уй-булоону багалбай жатып,устуна аял алам деген бул туура эмес,негизи эми сабыр кылыш керек,тагдыр.
+1
erikkarakulja
2014-12-13 13:21:57
Мусулманчылыкта 4 аялга уруксат болсо мне тийешеси бар ,бизде закон барго шарият менее эмес,Эгер шарията деп суйлосо анда сирияга жонотуп бириниз .
+2
aizulya
2014-12-13 17:57:54
кобу эле жаркылдап тосуп алып; тамак ашын бере бер, дептир, , кантип ошондой куйону жаркылдап тосуп аласын, ? ? кууп эле салыш керек
+1
Rashinboy
2014-12-13 19:31:39
Артынан анылдап шамал отуп атса да ары жоктонуп экинчи аял алам дегенин кантейин, эркектер кичине ойлонсонор боло. Устунордо уйунор жок же уйруп алар кийиминер жок тош каккылап эле катын алам деп чыгасынар!!!!!!!!
+1
madamx
2014-12-14 22:04:27
Азыркы заманда 4 аял алганга чейин уруксат дегени менен андай эркектерди(Султан Сулейманды) издесен да таппайсын.Эгерде менин куйом мени иштетпей айтканымы алып берип,анан устуно аял алам десе,мен макул болмокмун.Токолду озум тандап уйго коюп,чет олколорго эс алууларда журмокмун.Бирок андай эмес,аялдар биз дагы иштеп,бирге уй алабыз,нан табабыз,бул учурда эркектер,аялдар тен укукта болушу керек............Тушунуктуубу?......
0
88inara88
2015-08-27 18:06:57
Админ ушундай баянды каяка кантип жазсам болот,айтып коюнуздарчы,элдин кенешин угайын дегем.
0
admin_portal
2015-08-27 18:50:04
88inara88, саламатсызбы!
kenesh@super.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.
0
Suluukyz
2015-12-11 20:53:36
Ажырашып элэ кеткениниз онго, андай бабник эркектин барынан жогу!
0
№ 631, 5-декабрь-11-декабрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан