– Сүйүү отуна күйүп жүргөнүмө көп жыл болду, бирок кучактай албайм. Сүйүү жан дүйнөмдү туз куйгандай куйкалайт, бирок ашыгымды жыттай албайм. Мындай ашыктыктын отуна күйүп, эч кимге ыраа көрбөгөн аруу сүйүүм ырчы Кундузга арналат.
Анын концертке катышарын телевизордон көрүп, тээ алыстан учуп-күйүп Бишкекке келип, эртелеп филармонияны кайтардым. Кирип бара жатканын көрүп жүрөгүм кабынан чыгып кетейин деди. Концерт бүткөндөн кийин баягы эшикти акмалай бердим. Кундуздун караанын көрө албадым. Көрсө, ал ырдап алып эле кетип калыптыр. Ошентип соодасы бүткөн сарттай кайра айылыма келдим.
Ата-энемдин «үйлөнбөйсүӊбү» деген кеби безге сайгандай жиниме тие берчү. Кийин «Супер-Инфо» гезитинин биринчи бетине Эрмек Нурбаев экөөнүн кыз-жигит болуп Сүйүшкөндөр күнүндө түшкөн сүрөтү чыкты. Ичиндеги макаланы кайра-кайра окуп, экөөнү кыз-жигит деп ойлодум. Ошондо болгон үмүтүм өчтү. Курсагы ачка адамдын алдындагы тамагын бирөө тартып алгандай жан дүйнөм эӊшерилип, куса болуп, көзүмдөн ыза чачырап жатканын жан адамга айтпадым. Жашоо улана берет экен, үйлөндүм, мени менен катар Эрмек Нурбаев да үйлөндү, бирок Кундузга эмес. Ошондо бир сүйүнүп, бир жинденгенимди айт.
Менин Кундузга болгон сүйүүм жанымда жубайым болсо дагы өчпөдү, жүрөгүмдү башкара албадым. Аялым жакшы адам, бирок жүрөгүм башка деп согуп турса эмне кылмакмын?.. Ошентип кыялымдан кол үзө албай жашап келем. Кундуз, эгерде мендеги үмүт отун бир аз эле тутандырсаӊ, мен сен үчүн баарына даярмын. Эгерде жакшы санаалаш дос болуп жүрөлү десеӊ, ага да макулмун.
Азиз