Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Тээ нарыраакта турган беш уулу – Абдылла, Асан, Мамыт, Баатыр, Камчы келип, улуулата салам айтып, көрүшүп калышты. «Мына, сен мерт болсоӊ бек каадаӊды кылар, жолуӊду улантар, ысымыӊды туудай көтөрөр бул беш азамат калат артыӊда – сен чайлаган бай терексиӊ!» дегенди кайра туйду. Алымбек даткага бул эки колтуктан сүйөгөндөй кубат, кайрат берди. «Кудаага миӊ мертебе шугүр, мендей пенде өлөм десе күнөө болот!» деген кыял көӊүлүнө жаймаланып толуп чыкты.
Уландары менен учурашканы да, коштошкону да ушул болду.
– Тез дегеним бул, датка, сиздин түн катып ордодон чыгып кеткениӊиз «маслахатка кетти» эмес, «качты» болуп тарайт. «Качты» болгон соӊ кечээки жумшак тил, катуу сүр менен ийгерип кураган тобуӊуз ыдырайт. Качкынга ким кошулуп качмак, аргасыздан болсо да досуӊуз касыӊыз тарапка өтөт. Кеткен досту кайра кайрымай жок, касыӊдан аша каршыккан душман болуп кала берет. Абал кылычтын мизине келген экен. Мындай тапта озунган эле алат. Кенебей жаткан алдырат, датка. Тез! Ойронун чыгарыш лазым, озунуш лазым. Кылчаӊдаш болбойт! Арты эмне болорун ойлонуп отурушуӊуз өзүӊөргө кастык. Арты эмне болсо ошо болсун, бир Кудай өзү, ичи кеӊ, жөндөйт... Эми дагы бир айтарым – бой жүрбөй не бир көзүӊүз түшкөн, не бир жакшы санаалаш бурадарлар акыл берген түзүк бир жубанга нике байлатып коюӊуз – бою-башыӊызга карайт. Мусулман ордосуна баш болуп отурган соӊ тазалыгыӊызга төп, эӊ жакшысы кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеген душмандарыӊыздын ушак-айыӊ кебинен какас болосуз – бул ушу тапта ашкере зарыл.
– Ылайыгына карайлы, байбиче. Кош,- деп эми өзү ашыгып, бардык ой-санаасы ордо кармашына ооп, өзү туталанып кош айтышты.
– Кош, датка! Жигит пири шаймерден колдосун...
Ак тилек кылып караӊгыда бата кылып, бу ортосунан кыл өтпөй калган өмүр менен өлүм кармашына билип туруп өзү жө­нөтүп койгонун айкын сезип, не кубанып, не кайгырбай нестейип кала берди.
Ушундай капилет жорук болорун ким болжогон?! Ордого баш-көз болуп калууну Алымбек датка жааты өкүмдарлык бийлик колго өткөнү ушул дешип, көӊүлдөрү жайланып калган убак эле. Кудайназар түрк менен Кыдырбек даткага бир түндө жүздөн аскер барып, өз үйүндө а деген сөзгө келтирбей кылычтап кырып кетишти. Жигит башы Маматкан баатыр кызылдай кырылышып кармашып, нары беги, нары өз туушкан агасы Койчу датканы коргоп калды. Таӊ сүрө жоо-кыргындан калганы дүпүрөтө чаап, бир жакка бой жашырып кетишти. Ким булар?
Ошол күнү бул шумдук окуя кабары Коконго жете электе Чотон деген адам Алымбек датканын эшигине келди.
Датка эртеӊ мененки намазын жаӊы эле бүткөн. Азирет Шайх-уль-Ислам Сагизаада, молла Зия деген ордо адамдары баш болгон төрт-беш киши салам айтып келип, күн ырайы, эгин-жыйым туурасында сөз кылып отурушкан. Караулбашы кирди:
– Таксыр, Чотон баатыр келиптир, учурашып кетсем дейт.
– Чотон?! Чотон маӊкабы? Коё турсун,- деп койду. Көз алдына аюудай килейген тууралуу, бою пас, эки көзү кыпкызыл, мурду белбаскак, одурайган кара киши келди. Бир аздан кийин караулбашы дагы кирди:
– Таксыр, сабылып турат. Ноукенттен өтүп бараткан экен, бир ооз сөзүм бар эле дейт...
– Эмне сөзү бар экен ал ант урган маӊканын?! Мейли, киргизчи бери...
Чотон эшиктен араӊ сыйып кирип, камырабай, жоон үнү менен акырын салам айтты.
– И, кел, жол болсун?- деди Алымбек датка.
– Бир эртеӊкиге калтырбай турган зарыл иш бар эле, датка...- деди мелтейип.
Ал убакта шырп эткен шыбыш жалган-чынына карабай керек болчу. «Э, бу отурган элден жашырын экен» деп кайтарып сураган жок.
– Кел, даам сызып, анан деле айтарсыӊ ишиӊ болсо.
Чотон көзүнүн төбөсү менен дагы бир сыйра баарын тиктеп, молла Зияга келип кадалып токтоп калды. Молла Зия нес болуп калды. «Йа, Алла! Бул айбан неге тирмейет?.. Ыя, тууганын кыя албай, өӊүн көрүп ырайдан кайтып, ыя, тууганына бардык сырды булайтып чубап таштаганы отурабы бу макоо?..» Аӊгыча дасторкончу жез чылапчын көтөрүп кирип, чөөгүн менен колго суу куя баштады. Эми Алымбек датка эӊкейип, чылапчынга кол тосуп, суудан ууртап, ооз чайкап жаткан мезгилде килейген Чотон лап тура калып, койнунда катылуу келген шап кылыч чагылгандын отундай бир жарк дей төбөдөн шилтенип, көз ачып-жумганча Алымбек датканын башы чылапчынга шалак деп түшүп калды. Шайх-уль-Ислам Сагизаада эки көзүн басып, кылыч эми ага шилтене тургандай, тез күбүрөнүп келмесин айтып жиберди.
– Коркпоӊ, азиретим, корк­поӊ...- деди молла Зия.
Кылычындагы канды аптыга бир жалап алып, тажаал айкырык салды Чотон:
– Мен бекмин Коконго! Жайлайм былк эткениӊди, жайлаа-айм!
Ким былк этмек? Ошол жерде Сагизаададан башкасы муну билип, Алымбек датканы шекшинтпей ортого алып туруш үчүн келген өӊкөй кутумдар экен.
– Уа, бар-ракал-ла, Чотон бахадур!- деп ачык эле мактап жиберди молла Зия, – энди, бахадур, тышта не окуя болуп кетет, тыштын камын көрүш ылазым...

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан