СУЛУУСУНА КАРАБА, ТӨШӨГҮӉДҮН ЖЫЛУУСУНА КАРА...

Мектепте чогуу окуган Марат деген жакын досум бар. Экөөбүз жакын достордонбуз, шаарга чогуу келип, досум жогорку окуу жайга тапшырды, мен өзүмчө бизнес баштадым. Ал менден биринчи үйлөндү. Келинчеги ашкан сулуу болбосо да ойноктогон көзү менен эркектерди өзүнө тартып турчу. Андан көп өтпөй мен үйлөндүм, сүйүп, артынан чуркап, далай акчамды коротуп, ай чырайлуу кызды жубайлыкка алдым. Силерге калп, мага чын, сулуулар төшөктө муздак болот деген чын экен. Периштедей супсулуу болгону менен, жубайым төшөктө чабал эле. Жар тандоодо жаӊылганымды мен нике түнүндө эле сезгем. Үйдөгүлөр, келин көргөнү келген тууган-туушкан, досторумдун «келинчегиӊ сулуу экен» деген сөздөрүнө сүйүнүп эле жашап калдым. Элге жубайым деп жетелеп көздү суктандырганым менен, кечинде муздак ташты кучактап жаткандай эле болом. Денеси да муздак. Ага карабай аракет кылам эптеп, бирок денебиз жуурулушуп, от болуп эч бир төшөк оюну ойдогудай болбой жүрдү. Тааныш агаларга айтсам, «бирди төрөгөндөн кийин бул маселе жайына келет» деп коюшту. Бирок экини төрөгөндөн кийин деле мен аны менен бир төшөктө жалындай албай койдум.
Ошентип жүргөн күндө­рүм­дүн биринде достор чогулуп, бир классташыбыздын үйүндө Жаӊы жыл тосуп калдык. Жайнаган дасторкон, жасанган классташтар, шаӊкылдаган аяштар. Маралдай керилген жубайымды ээрчитип мен да бардым. Кече жакшы өтүп жатты. Жакын досумдун жубайы көзү ойноктоп мени өзүнө тартып жатты. Улам эле экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша кетет. Бир аз кызуу болуп баратканымды сезип «кой, таза абага чыгайын» деп эшикке чыгып, үйдүн арт жагында тургам. Бир кезде эле аяшым чыга келип «эмне маанайыӊыз жок, кө­ӊүлүӊүздү көтөрүп коёюнбу?» деп артымдан келип моюнума асылды эле, денем кыздын денеси биринчи тийгендей дүркүрөп кетти.
Шап эле кучактай калып өбүшүп кирдик. Ах, анын оймоктой оозунан соргонумда эстен тана мас болуп бараттым. Эки жагымды карасам ары жакта эшиги ачык турган мончо бар экен. Дароо аяшымды кө­төрүп кирип баса калдым. «Ат көрбөгөн минип өлтүрөт» дегендей эле болдум. Аптыгып колготкисин чечем деп айрып да алдым. Укмуш сексуалдуу жана позанын түрүн билет экен, үнү миӊ кубулуп, үстүмө чыгып «ат чабат». Кайра түшө калып астымда сойлойт. Экөөбүз убакытты да, коркууну да унутуп койгон экенбиз. Бир маалда үйдөгүлөрдүн баары сыртка чыгып ызы-чуу болуп калышты. Саат 12ге 5 мүнөт калып, элдин баары сыртка чыгыптыр. «Шампанды алып чыккыла, салюттар кана, ширеӊке кимде бар?» деген үндөрдү угуп жаттык.
– Эдил кайда кеткен?- деди аӊгыча бири.
– Мас болуп дүкөн жакка кетип калган окшойт,- деп акылдуусу жооп берип койду. Астымда жаткан аяшымды күйөөсү издеген деле жок окшойт. Ошентип тарсылдак-турсулдактар башталды, булардын баары биздин кулагыбыздын сыртынан кетип жатты. Алардын үнүнөн дүүлүгүп чыгып, кайра баштап алдым. Мына, мына деп марага жетерде аяшым "алигимди" катуу кысты эле, оргазмга чыдабай көзүмдөн жаш чыгып кете жаздады. Чынын айтсам, 35 жашка келгени мындай лаззатка бата элек экенмин. Досумдун жашарып баратканында бир мандем бар экен да, көрсө. Эстен тана ошол жерде жатып калдым. Сайкал шаша-буша кийинип үйгө кирип кеткен. Канча убакыт өттү билбейм, эптеп эсимди жыйып кийинип үйгө кирип барсам, жанагы эсимди оодарган аяшым колуна комузун алып «Ак калпагын булгалаган араӊарда бирөө бар, атын айтпайм бирөө бар» деп созуп ырдап жатыптыр. Үнү да бир керемет экен. Эми уктасам түшүмдө, ойгонсом өӊүмдө ошол аяшым. Аны менен дагы бир түндү өткөрсөм бул дүйнөдө арманым жок эле, чиркин!

Эдил
Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (175)
Iwantyou
2015-11-03 23:30:32
динде аяш деген соз ойнош дегенди тушундурот
0
azema9
2015-11-21 10:34:36
Iwantyou,кичине ойлонуп жазсан болмок
+1
Jaysan030
2021-02-18 12:08:07
Iwantyou,жок, андай эмес.
0
bekish1111
2015-12-03 13:37:09
мындай досторду да аяштарды да атыш керек
0
arsenal
2015-12-03 22:02:37
укпайт деп ушук айтпа, корбойт дуп уруу кылба!
+2
madazimova92
2016-01-07 15:43:18
Сендей Адам менее дос болгуча ит менен дос болгон жакшы досундун козун кантип карадын уялбай
+3
cholponka91
2016-01-29 15:27:48
кантип кайра дос болуп журот болду экен
+1
mendiba
2016-02-06 01:12:35
Ойбой Супер инфодо ушундай нерселер да барбы
+2
Kyrgyz_shaa
2016-02-08 02:15:16
Бироодун никесиндеги аял м-н зына кылган адам туболукко тозокто калат.Бирок Аллаh ырайымдуу ж-а мээримдуу , тообо кылса тооболорду кабыл кылуучу!
+1
Komrad
2016-04-01 18:13:56
Жаш кезде достордун баары бойдок эле. Бир досуман "ошо менен дос да жок болду" деп биз тааныбаган бир досунун девушкасы менен ээн калып экоо токтоно албай.

Канткен менен орустар айтат го кандай учур болбосун кармануу озунду токтотуу - коргон кайфынан коп пайда алып келет деп. Аяштар сени аргасыз конулуну буруп ийген ирмемдер болот. Бирок андай аяшка мен сый гана корсотуп алыстайм. Адамды сыйласан эле алыс болуп унутуп кызыкпай каласын. Ошол. Себеби достуктун милдети жалгыз ошол.
0
Komrad
2016-04-01 18:16:47
Бирок чыгарма катары абдан кызыктуу жазылыптыр. Чын конулдон.
0
BOSSFR
2016-04-13 03:57:07
Ит экенсин
0
Erlanchik1998
2016-08-24 03:01:16
Жакшыкен
0
tyrgon
2016-12-12 23:38:49
Мендеда бир аяшка бар бирок
0
SUMSAR_86
2017-06-15 22:36:44
Уят эле гооо
0
Almazbek-1987
2017-06-16 09:57:18
Бул чыгарма точно белгисиз Супер-Инфого мындан 4,5 жыл мурунку санында жазылган мен окугам. менимче кайра кайра жаза берген туура эмес го!!!
0
aidar15
2017-07-17 21:45:32
Зеериккен экенсинда эргул.
0
№ 634, 26-декабрь-1-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан