Ачык-айрым Сайкал кагылып-согулуп, эл көзүндө такшалууда. Башкача айтканда, 4 жылдан бери «Кыз-Бурак» тобун жетектеп Гүлшайыр эженин уучун улап келе жатат. Ырчы быйыл «Жылдын супер ырчы айымы» да аталды.
– Сайкал, кош келипсиӊ, адегенде «Жылдын супер ырчы айымы» наамын алышыӊ менен куттуктайбыз!
– Рахмат, канча жылдан бери «Жылдын супер ырчы айымына», «Сахна ажарына» талапкер болуп келе жаткам. Кудай жалгап, бул наамга быйыл жеттим. Башында ишенген эмесмин, качан гана силер куттуктап чалганда аябай сүйүндүм. Быйыл өзүм үчүн эмес,»Кыз-Буракка» көбүрөөк иштедим. Ошол эмгегимди элдер баалашты окшойт.
– Топту жетектөө, айрыкча кыздар менен иштешүү кыйын болсо керек?
– Ооба, туура айтасыз, ар бир кыздын өзүнө таандык кыялы бар дегендей, алардын ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле жасайм. Жакшы тил табышканга, аларды түшүнгөнгө аракет кылам. Өтө таланттуу, бирок кыялы начар болсо, ал кыз менен дароо коштошконго туура келет. Бизге таланты да, мүнөзү да төп келишкен кыздар керек.
Тфү-тфү, көз тийбесин, учурда иштейбиз деп максат койгон аябай жакшы, таланттуу кыздар чогулган. Кыздарымды андан ары такшалтуу максатында катуу иштеп жатам. Уюштуруу иштеринин баары менин моюнумда. Бир гана каржы жагын апам карап, көзөмөлдөп турат. Ушинтип жүрүп быйыл өзүмө бир эле ыр жаздырыпмын, апам «Кыз-Буракка» иште» деди, «хоп» дедим. Анын сөзү мен үчүн мыйзам, 40 жылдык эмгегин жерге таштап койбой, улантып кетишим керек.
– Бирок Гүлшайыр эжедей темирдей бекем боло алар бекенсиӊ?
– Менин мүнөзүм жумшак, ак көӊүл, ишенчээкмин. Анын үстүнө апам мени кичинемде өтө эле эркелетип салган. Азыр чоӊойгон сайын ак-караны ажыратып, көрүнгөнгө ишенбей, катуу болуп келе жатам. Турмуш өзү такшалтат турбайбы, чалындым, согулдум, башым менен ташты бир сүзгөндө көзүм ачылды. Апам "Сайкал, эч кимге ишенбей тыӊ болчу" деп уруша берет. Мага азыр жеӊил, апам жол көрсөтүп турат. Ошол көрсөткөн жолунан да кээде жаӊылып жатпаймынбы. Баарынан да апамдын кайраттуулугуна таӊ берем. Келечекте ал кишидей кыйын аял болом деп ишенем.
– Кызыгып кеттим, эмне болгон ташты сүздүӊ эле?
– Мен акыркы эки жылда аябай өзгөрдүм. Мурдагы секелек Сайкал жок, бир топ токтолдум. Балким, ишенчээктигимден алданып калып апамдын көӊүлүн ооруткандырмын, айтор, жан дүйнөмдө төӊкөрүш болду. Өзүм да бир аз сыркоолоп жашоонун, эненин кадырын билдим. Таенемдин көзү өткөндөн кийин жашоого болгон көз карашым таптакыр өзгөрдү. Өмүр ылдам эле өтүп кетет экен. Бакыт бети-башты боёп, ачык кийинип сахнага чыгуу эмес экенин түшүндүм. Бирок менин кесибим ырчылык болуп жатпайбы, алдыда дагы кандай сюрприздер күтөт, учурунда көрө жатарбыз.
– Формаӊды бир калыпта сактап турганга аракет кыласыӊбы?
– Өзүм дээримден сөөктүүмүн. Анын үстүнө кичинемде апам буламык менен багыптыр. Атайын альбом ачып, сүрөттөрүм менен бирге ай сайын кошкон салмагымды, боюмдун өсүүсүн белгилеп, тамактарымдын графигин жазып койгон экен. Ошолорду көрүп алып «апо-о, мени өзүӊүз толук кылып төрөп, ал аз келгенсип буламык менен багыпсыз да, анан арыкта деп урушпаӊызчы» деп калам.
– Гүлшайыр эженин "60 жылдык юбилейимди өткөрүп алып анан кызымды күйөөгө узатам" дегени бар эле...
– Качан турмушка чыгарымды азыр айта албайм, аны бир Кудай билет. Жигитим колумду сурап, шакек белек кылганын билесиздер да. Бирок мен ошондо эле апам чечет дегем. Апам жакшылап иликтеп отуруп Нурландын көптөгөн «косяктарын» таап чыкты. Мен кайсы жигит менен сүйлөшпөйүн, кимдер гана колумду сурабасын апам сынынан өткөрүп, акыркы жыйынтыкты ал чыгарат. Анткени ар бир эне баласынын бактылуу болушун каалайт.
– Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө жигитиӊди жакшылап байкаштырган эмес белеӊ?
– "Сүйүүнүн көзү сокур" деп коёт го. Жакшы сүйлөп, ыймандуу көрүнсө эле жакшы бала деп ойлогом. Көрсө, ал үй-бүлөлүү, 6 жаштагы кызы бар экен. Кала берсе мага чейин деле кесиптеш кыздарым менен мамиле түзүп жүрүптүр. Ошолорду уккан соӊ дароо мамилебизге чекит койдум. Азыр эстесем денем муздап кетет, кантип аны менен сүйлөштүм экен деп. Көрсө, ал кайсы кыз курсагын тойгузса, ошону ээрчип кетет экен да. Кудайга шүгүр, кеч боло электе билип калдым, болбосо күйөөгө тийип алгандан кийин билсем турмушум бузулмак да.
– Учурда «Добулбас» тобундагы Ильяз менен мамилеӊ жакшы экен. Достуктан сүйүүгө бир кадам дечү эле, ошондой болуп кетпейби?
– Ооба, Ильяз менен чыгармачылыкта жакшы достордонбуз. Ортодо эч кандай сүйүү жок, азыр эч кимди сүйгүм деле келбей калды.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg