Айгерим Расул кызы: «ЖОЛДОШУМ ЭРКЕЛЕТҮҮ, МЕН ЭРКЕЛӨӨ БОЮНЧА ЧЕМПИОНБУЗ»

Акындар баракка түшүрүп, ырчылар обонго салып ырдап бүтпөгөн эӊ аруу сезимдердин бири – бул махабат экени талашсыз. Сүйүшкөндөр майрамын утурлай эл көзүндө сөйкө салынып, мындан 5 ай мурун турмуш жолуна аттанган, учурда махабат көлүндө сүзүп жүргөн ырчы Айгерим Расул кызы менен жолдошу Азамат кызыктуу күндөрү менен бөлүшөт.

– Азамат, Айгерим, төрүбүзгө куш келипсиӊер! Айтсаӊар, үйлөнгөнгө чейинки сезимдер күчтүү болот бекен же үйлөнгөндөн кийинкиби?
Азамат: –Саламатсыздарбы? Сүйүктүүӊ менен бирге түтүн булатып, бир бүтүн болуп чогуу жашаганда адамды башкача сезимдер чулгайт экен. Үй-бүлөлүү мырза катары үйлөнгөндөн кийинки сезимдер күчтүү болот экен деп ишенимдүү айта алам. Нике ысык деген чын окшойт, сезимдерибиз күндөн-күнгө күчөп баратат. Мен жумушка жөнөп жатканда экөөбүз көпкө чейин коштошо албай кучакташып тура беребиз. Жумушка барып бир аз убакыт өткөндө эле сагына баштайм. Анан кечке СМС жазышабыз. Кайра жумушум бүтөрү менен Айгерим жакшы көргөн таттууларды көтөрүп алып үйгө шашам.
Айгерим: – Билбейм, мен үчүн азыр деле баары жомоктогудай сезилип жатат. Кыз-жигит кезде кандай болсок, азыр андан дагы жакынбыз. Бул жомок такыр бүтпөсө экен дейм.
– Азамат, айтсаӊ, Айгерим турмушка чыккандан бери чыгармачылыкка болгон кызыгуусу мурункудай эмес, балким, мунун себебин сен билет чыгарсыӊ?
Азамат: – Кимге кандай билбейм, бирок чыгармачылыкка болгон кызыгуусу мурункудай эле. Болгону жаӊы жашоо баштап, келиндик кызматын аткарып, убактысын ошого жумшап жаткан кези. Баары бир ырчы да, үй жыйнаганда же тамак жасаганда дайыма ырдап жүрө берет. Же мен «ырдап берчи» деп көп сурангангабы (күлүп). Айгерим өзү эмнени кааласа ошондой болот. Аны бардык жактан колдоого даярмын. Мен кайра «ыр жаздыр, клип тарттыр» деп жатам. Учурда комуз үйрөнүп, бий тобун ачайын деп турат. Буюрса, жакында чыгармачылыкка кызуу киришет.
– Айгерим, Азамат экөөӊөр үйлөнгөндөн кийин сага болгон мамилеси өзгөрдүбү?
Айгерим: – Өзгөрдү, бирок жакшы жагына. Аябай камкор, ак көӊүл, бүт нерсеме көӊүл буруп турат. Көз тийбесин, баары ойдогудай.
– Азамат, Айгеримдин күнүмдүк турмушун сүрөттөп берсеӊ...
Азамат: – Айгеримдин ар бир күнү бири-бирине окшобойт. Эртеӊ менен туруп чай даярдап, баарыбызды жумушка узатат. Үйдө койлорубуз бар, ошолорго чөп, суу берип бакканды жакшы көрөт. Алардын ар бирине ат коюп алган (күлүп). Айгеримдин пирогу менен кексин тамшанып жейм. Үйдө машина бар, кааласа шаарды айланып, дүкөн кыдырып келет. Менин иш графигим туруктуу болбогондуктан түнү келемби, күнү келемби, дайыма уктабай күтүп отурган болот. Ар бир эле эркек аялынан ушундай көӊүл бурууну күтсө керек .
– Учурда Ошто турарыӊарды билебиз, биротоло Ошто каласыӊарбы же Бишкекке көчүп келесиӊерби?
Айгерим: – Муну убакыт көрсөтөт. Азамат акемдин жумушу Ошто болгондуктан, азыр бул жакта жашайбыз. Эгер Бишкекке которулса, анда борборго көчүп барабыз.
– Азамат, Айгеримдин сен билбеген дагы кандай өнөрлөрү бар экен?
Азамат: – Мен билбеген өнөрлөрү көп эле экен. Айгерим менен такыр зерикпейсиӊ, бардык темада сүйлөшсөӊ болот. Ал менин жубайым, бир тууганым, кеӊешчим, айтор, баары. Өзү романтикага жакын болгонгобу, сюрприз кылганды жакшы көрөт.
Бир жолу жумуштан чарчап түн жарымда келсем бөлмөнүн ичи капкараӊгы, бирок шамдар күйүп турат. Карасам столго жер-жемиш даярдап коюптур. Билинбей акырын чыгыш кийимин кийип чыгып, сонун музыкага бийлеп берип чарчаганымды жазган болчу. Мындай сюрприздерди далай жолу жасады.
– Айгерим, келиндин келгендегиси эстен кетпейт эмеспи. Жаӊы үй-бүлөӊ сени кандай тосуп алышты?
Айгерим: – Өзүмдүн ата-энемдин үйүндө кандай эркелеп чоӊойсом, кайын журтумдун үйүндө деле эркелеп, эркин жүрөм. Аларга бат эле көнүп кеттим. Мени сынашкан жок, билбеген нерсемди үйрөтүштү. Кайнатамдын «кызым» дегени өзгөчө жылуу сезим тартуулады. Кайненем менен да абдан жакынбыз. Ал эми кайним, кайын сиӊдим менен бир туугандай болуп калдык.
– Азамат сыртынан аябай оор басырыктуу көрүнөт, үйдө кандай?
Айгерим: – Сыртынан эле ошондой көрүнбөсө, үйдө өтө тентек, тамашакөй. Негизи, ар бир адамдын терс мүнөзү болот эмеспи, бирок чындап сүйсөӊ кемчилиги деле артыкчылыктай көрүнө берет экен. Мага эӊ эле жакканы бирөөгө жини келип жатса да, мага сылык жооп берет. Азамат акем эркелетүү боюнча, мен эркелөө боюнча чемпионмун. Күнүгө бири-бирибизге тийишип, кубалашып, жетип алса жаздык менен чабышып ойнойбуз. Кээде бул менен алышып отуруп балалыгыма кайткандай боло берем.
– Азамат, Айгерим менен таанышканга чейин анын ырларын укчу белеӊ?
Азамат: – Ооба, ырларын угуп, суктанып жүрчүмүн. Бирок тагдырыбыз бир болору үч уктасам түшүмө кирген эмес. Азыр телефонума жалаӊ Айгеримдин ырларын жүктөп алгам. Коӊгуроомдун ордуна да Айгерим ырдайт (күлүп).
– 14-февраль – Махабат майрамын кандай тосууну пландап жатасыӊар?
Азамат: – Биз үчүн бул дата маанилүү деле эмес, бизге күндө махабат майрамы.
– Бири-бириӊердин телефонуӊарды текшересиӊерби?
Азамат: – Ишенсем дагы бир күн кечке ким менен сүйлөшкөнү, эмне кылганы мага кызык. Ошого карап турам.
Айгерим: – Мен деле карайм. «Доверяй, но проверяй» деп коюшат го.
– Маегиӊерге рахмат!

"Айылга барганда бардык келиндер сыяктуу эле жоолук салынып кызматымды кылам".


"Жаӊы жылда сүйүктүүмө шамдар менен "мен сени сүйөм" деп жазып, сюрприз жасадым".

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (134)
danyshman
2015-02-21 22:37:20
Кинг конг акам озу билади-деп озбек кинодо айткандай,Айгерим да озу билет кимди аке дешти.Бул жерде кээ бирлери жазып озунон кетип калышыптыр неге аке дейт деп.Айгерим кааласа синдим десе да жарашат,себеби озунун менчик куйоосу.
+1
alhamdulillah
2015-02-21 23:10:18
Azamat apani da unutpa al seni ushul erezege jetkizgen.Ishten kaitaarda apan jakshi korgon nerseda al eneleribiz aman bolsun
+2
nusichka
2015-02-22 10:44:02
чыгыш бийин бийлеп берди деп айтпай эле койбоптурсун, мындай нерсени айткан бир аз уят го
0
bishkek90
2015-02-22 11:27:17
сага соз жокда Айгерим
0
asanova92
2015-02-22 13:34:17
Биз качан коро албастыктан кутулабыз кыргыз элим, куйоосун ака дейби же ата дейби озунун иши, мага десе куйоосун апа деп алсын бизге не? Андан коро бакыт-таалай каалайлы!
+1
raxelya
2015-02-22 16:35:38
Тутомой адатыбыз калбайт да.Айгерим мага жагат.
+1
ailam14
2015-02-22 20:47:03
Счастья
+1
mamasali89
2015-02-22 16:58:12
Бактылуу болгула. Коп балалуу болгула
+1
hurrem2222
2015-02-22 22:09:44
Бактылуу болушсун!
0
alik.1982
2015-02-22 23:20:20
аке аке болуп акыры ХХХ болотда кыргызда ушундай соз барго....бактылуу болушсун
0
admin_superstan
2015-02-23 09:37:18
alik.1982, мазактоодон алыс болуңуз!
0
admin_superstan
2015-02-23 09:36:44
kyrqyz, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз!
0
admin_superstan
2015-02-23 09:38:23
bakyt_2015, талкуудан алыс билдирүүлөргө тыюу салынган! Эскертүү!
0
aigerimkeneshkyzy
2015-02-24 17:37:26
Aigerim maga murda jak4u birin4i 4ygyp jatkanda,azyr negedir jakpai kalgan.Anan Aigerimdin kaiyn enesin taanyim medkolledjde mugalim,Janybaeva degen ejeke,myndai ele jyrot.Emnesi bolsoda baktyluu boluwsun eki jaw
0
Mariyana
2015-02-26 22:51:27
Бактылуу болгула! (Ой бизди сындатып эле койсо ,бизди ким сындайт...)
0
nusichka
2015-03-02 14:29:06
суйунчу, суйунчу Айгерим эне болуу бактысында турат. кош бойлуу болуп мурункудан да сулуу болуп калган
+1
Lora80
2017-10-10 15:44:53
Счастье любит тишину.
0
№ 641, 13-февраль-19-февраль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан