Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Баягы чоӊ мааракеден келер замат Бекназар ат жиберип «кыл тамырчы» делген табыпты алдырып зайыбын көрсөткөн. «А кокуй,- деди акырын кыл тамырчы, – бирдемеден катуу чочуп боюнан түшүрүп алган турбайбы?! Баланын уясы сестенип калыптыр. Жел кабыш дейт муну...»
«Эй,- деди Бекназар, өтө камтама боло зайыбына, – каяктан чочуп алгансыӊ?.. Ээн жүрбөсөӊ, түнгө калбасаӊ...»
«...Эр чабышка түшкөнүӊүздө... Жүрөгүм опкоолжуп... Сизге карай атырылып чыккан жан алгыч көрүндү көзүмө...»
«О-ой, ошо тобокелдин ишинен да коркобу киши?! Кайдагы жан алгыч?! Ошо кутурган бир көпөктү жан алгыч деп...»
Ордонун таламайларынын кыргынынан кокусунан тирүү калган кыз эле Зейнеп. Тоолуктар түшүп ордонун таламайчыларынын алдын тосуп, ары сүргөн эле. Бир камыштуу көмүскөдө үйрүлүп калган качкындарды «жаӊжал бир жаӊсыл болгуча» деп тоолуктар бөлүп алышканда Бекназар жигитбашыга бөлүнгөн топтун ичинде Зейнеп кошо келген. Көз түшүп, көӊүл жарашып, акыры Бекназар кадимкидей кыз тоюн өткөрүп, баш кошкон. «Канышым» деп эркелетип көӊүлүн өстүргөн. Тыштан келген келиндин өз атын эч ким бейлебей, а келин өзү да «жо, менин атым башка» дебей «Каныш» атыгып кала берген. Ошол кыргында Зейнепти апасы таламайчылардан жан талаша коргоп жашырып, өзү аларды алаксытмак аргасында атайы көрүнүп качып, кара атчан киши энесин кыздын көз алдында кылычтап чаап салган. Алкынган кара атчан кызга жан алгыч көрүнгөн эле.
«...Ошо жан алгыч эми сизге жулунуп келатса кантейин?..» деди араӊ өпкө каккан Каныш. Ойлонуп калды Бекназар. «Ошол бекен?..» «Кудай ургандын заары бар эле көзүндө...» «Эми коркпо,- деди баатыры, – ага да кетер күн келген экен, кетти го, Кудай алдында жооп берет эми...»
Ошондон бери ооруп, төшөк тартып жатып калган Каныш баатырына көӊүлүндөгүсүн акырын чыгарды.
– Мен эми тириликке жарабай калдым... Оокат кылып бере албасам, жакаӊарды агартып тура албасам, не бери болбой, не ары болбой... Ыя?! Бир түзү ийги ургаачы болсо никелеп үйгө киргизип алсак окшойт?..
Ормоюп тиктеп калды Бекназар:
– Кой, андайды ойлонбо...
– Ыя?.. Сынакы келин... Ушу Айзаада ылайык болуп турат го...
– Кой дедим го?!- деп кейиди Бекназар. – Ээрчитип жүрүп баламды өлтүрүп бердиӊ деп жүргөн тууган эмне дейт?! Кой, кеп кылба муну, кеп угулуп калат... Мен бирөөгө нике кыйсам ирегеде жаткырып күӊ кыла алабызбы? Аны никелүү зайып катары өз сыйы менен күтүшүбүз керек го. Көрүп ичтен сыздап, ооруӊ оорлоп кетет, Канышым... Эки өлөсүӊ...

****

– Уктуӊарбы, хантагасы Домбуну атып кетиптир го?
– Ким, кокуй?
– Ким экенин эч ким билбейт. Колго түшүп калган экен, бир тууганы Тултемир өлөсөлө сабатып, атка сүйрөтүп Абил бийдин эшигине алпарган имиш...
Ошол убакта Абил бийдин эшиги опур-топур болуп жатты. Тултемир кармап, сүйрөтүп келген кишини төрт керип байлап салышкан. Улам жаӊы келген киши карап өтүп жаткан эле.
– Ой, бу... Бекназар баатырдын тууганы Кулкиши го?..
– Ошол экен. Булардын кандай кастыгы бар эле Домбуда?..
Кулкиши кара тайын жетелеп кыштоонун үстү жагында жүргөндө тарс деп мылтык атылат да, кимдир бирөөлөр чур-р этип, эки жакка дүпүрөтө ат чаап калганын көрөт. Не болсо да чырдуу иш болуп жатканын болжоп, камыштуу колотко бой жашырып жөнөгөндө «Токто-о!» деп артынан бирөө кыйкырып кууп келип кармап алат. Андан аркысы кымгуут. Абил бийдин эшигине келгенде бир эсин жыят.
– Ой, хан тагасына кол көтөргөн сенсиӊби?!- деп астейдил таӊ калып сурады Абил бий.
– Энесин урдум ошо Домбунун! Бир өлмөктөн эки өлсүн. Менин ишим эмне?!
– Сени атты деп жатышат го. Өз кө­зүбүз менен көрдүк деп жатышат го, Кудай алдында чыныӊды айтчы, Кулкиши?!- деп сурап турган экен Абил бий дагы бир эсине келгенде. Бу сапар Кулкиши бийди да жек көрүп кетти:
– Баягы сенин ашыӊда эр чабыштын байгесинен тийген тайды жашаӊга откозуп жүргөн элем... Ыя, бий, ушу мени адам өлтүрөт деп ишенесиӊби?! Ыя? Ушу эртеӊ бошонуп кетсем, сени да атып салам. Ушуга ишенесиӊби, ой, Абил бий?!

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 643, 27-февраль-5-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан