КӨП ТАПКАН ЭМЕС, ҮНӨМДӨГӨН БАЙ БОЛОТ

Бир ай бою тер агыза иштеп, айрымдарыбыз айлык акыны бир аптага жетпей эле коротуп коюп, кайра карыз сурап баштайбыз. Акчаны канткенде үнөмдүү колдонсо болот? Үнөмдөп эле тим болбостон, киреше алып келчү булагын да табууга мүмкүнбү? Бул жааттагы жөнөкөй кеӊештерди маркетолог, экономист Азиз Турдиев баяндайт.


ЧЫГАШАӉЫЗ КИРЕШЕӉИЗДЕН КӨП БОЛСО БАЙЫЙ АЛБАЙСЫЗ!
Байыгыӊ келсе, эптеп бири-бирине улаш үчүн иштебей, тескерисинче, капиталды көбөйтүү үчүн иштөө зарыл.
Баюу үчүн ар дайым аракетте болуп, эч тынбаӊыз. Ушул себептүү байлар күнүгө 12-14 сааттан иштешет. Минтип иштебесеӊ байлык топтомок турсун, бар байлыгыӊды сактай да албайсыӊ.
Чыгашаӊыз кирешеңизден көп болсо байый албайсыз. Андыктан чыгашанын санын кыскартуу керек. Кантип дейсизби? Мисалы, достор менен чогулганда марттыгыӊызды көрсөтүп, «мен эле төлөп коём» дегенден алыс болуӊуз. Көл тамчыдан куралат!
Келечектеги каржылык абалыӊыз канча иштеп тапканыӊыздан сырткары акчаны туура сарптаганыӊызга, үнөмдөгөнүӊүзгө, көбөйтө алганыӊызга жараша болот. Андыктан бойдоктор да, үй-бүлөлүүлөр да тапканын кагазга жазып, туура бөлүштүрүп, кирешесин тактап туруулары кажет.

ҮНӨМДӨСӨ БОЙДОКТОРДО ДА АКЧА ЧОГУЛАТ
Мисалы, бойдок адам айына 16 миӊ сом алса, анын 9 миӊин тамак-ашка, кийим-кечеге, ал эми 3 миӊин жол кире жана майда-чүйдөгө бөлсө туура болот. Калган 4 миӊ сомун чогултуп, анын үстүнө ай сайын 4 миӊ сомдон кошуп турса, бир жылда 48 миӊ, 3 жылда 144 000 миӊ сом болот .
Бойдоктор чыгынса, үйлөнүү-үлпөт тоюна алдын ала акча топтой да алышат. Алсак, банктан жылдык 12,5 пайыздуу депозит ачып, ай сайын 5 миӊден салып турса, жыл аягында 69 222 сомго ээ болушат.
Негизи, акча чогултуп жатканда алдыга чоӊ максат коюу кажет. Мисалы, мынча жылдан кийин жер тилкесин алам, чакан бизнес баштайм же үйлөнүү тойго жумшайм деп. Андан кийин, албетте, максатка жетүү үчүн болгон аракетти жумшаш керек.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК КОРДУ КАНТИП ТҮЗҮҮГӨ БОЛОТ?
Үйдө акчаны кармап, аны акыл-эстүүлүк менен туура бөлүштүрүү милдети көбүнчө аялдарга ылайыктуу. Себеби алар үйгө жана кимге эмне зарыл экендигин билип турушат.
Эркектерге киреше булагын таап, акчаны көбөйтүү милдети таандык. Кытайлар «жубайлардын бири мамлекеттик кызматта иштесе, экинчиси бизнес жасоосу тийиш. Болбосо байый алышпайт» дешет. Муну да эске алган түзүк. Бизнести түгөйлөрдүн кимиси шыктуу болсо, ошонусу жасаганы туура.
Бир үй-бүлөдө 3 чөнтөк телефон колдонулса, анда алардын бирин гана активдүү иштетип, калганын СМС үчүн гана колдонуу кажет.
Үйдө машина болсо, аны үй-бүлө мүчөлөрү шашылышта, оор нерселерди ташууда пайдаланып, калган учурда маршруттук таксиге түшсө эч нерсе болбойт. Мындан бензин үчүн акча үнөмдөлөт. Көп колдонуудан улам машинаны да бат-баттан оӊдотпойсуӊ.

КУРУ НАМЫС ДЕП ТОЙ-АШКА КӨП АКЧА КОРОТПОӉУЗ!
Сыртта иштеп жүргөн үй-бүлөнүн мүчөсү үйгө акча салганда баарын алып албай, банктан эсеп ачып, акчанын жок дегенде 10 пайызын сактатып коюу акылдуулук. Муну акча келген сайын жасоо оӊ. Билинбей бир топ акча топтолоруна ишене бериӊиз.
Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү акчаны үнөмдөөнү үйрөнүүлөрү керек. Мисалы, көӊүл ачуу үчүн кафе, клуб, концертке барбай деле койсо болот. Бул учурда акча үй-бүлө корунда калат. Ошондой эле эртеӊ менен үйдөн тамактанып кетсе, кофе, самсы дегендерге акча коротушпайт.
Ата-энелерге чоӊ балдары да жардам берип, акча табууга аракет кылуусу талапка ылайык. Мисалы, каникулда иштеп, ЖОЖдогу окуусунун акчасын өзү төлөсө жаманбы?
Ата-эне өздөрү да, балдары да бир нерсе сатып аларда анын баасына көӊүл буруулары керек. Мисалы, ири дүкөндөрдө кумшекердин килограммы 50 сом болсо, ошондой эле сапаттагы кумшекер дүкөндө же базарда 5 сом арзан болушу мүмкүн. Кайсынысын алуу пайдалуу?
Анан дагы буюм сатып аларда «бул мага сөзсүз керекпи?» деген суроону ар ким алдына коё билсе жакшы. Минтпесе зарылчылыгы жок буюмду сатып алат да, анысы анда-санда эле колдонулганы болбосо жөн эле жатат. Айтып койчу нерсе, аялдар дүкөндөрдө арзандатуу жүрүп жаткан маалда «арзаныраак экен» деп дал ошондой анча керексиз буюмдарды сатып ала беришет. Байыйм десеӊиз, «арзан» жарнамаларга көз жумуӊуз.

БАШКАЛАРДАН ҮЛГҮ ЖАНА КЕӊЕШ АЛЫӉЫЗ!
Акчаны өтө зарыл болбосо карызга алууга болбойт! Андай акча бекердей туюлуп, орду жок бат короп кетет. А төлөгөнгө келгенде кыйын болот.
Эгер үйдө акча бат корой берсе, андай үйгө чоӊ акча келбей калат деген ырымды эске тутуӊуз.
Акчаны үнөмдөп, кээ бир буюмду колго эле жасап алууга көнүү оӊ. Мисалы, чайнектин алдына койгучту, ийне сайгычты калыӊ кездемеден тигип алса болот. Эркектер балта, күрөк сап дегенди сатып албай, өзү жасап ала койсо кандай жакшы! Башкысы, акчага үнөм.
Бойдоктордун да, үй-бүлөлүүлөрдүн да каржы боюнча мыкты билген жакшы кеӊешчиси болуусу талапка ылайык.
Интернет, гезиттерден миллионерлер, миллиардерлер кантип байыганын окуп, керектүүлөрүн өзүӊүзгө алыӊыз. Кыскасы, каржылык билимди үзгүлтүксүз улантып жүрүп отуруӊуз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
Zamknutaya92
2015-03-18 21:27:01
Комментарийдин тексти
Сонун кенештер.
0
ekaterina
2015-03-19 02:03:19
Колун ачык болсо кудай берет.жоктун тубу жок
0
jojoshka_95
2015-03-19 12:06:26
Мен 300 доллар коротом айына,эмне болуп короп жатканын билбейм деле
0
modem4999
2015-03-19 15:57:53
Коп тапканга эле не жетсин
0
Bakulya79
2015-03-19 22:42:50
Канча тапсанда кудайга шугур кылыш керек.анан уномдойбуз деп катташты токтотуп,конок кутпой калабызбы.кой мага мындай кенеш жага бербейт.кудай берээрин унутпасын.
0
asan_sulaymanov
2015-03-19 22:49:40
биз акчаны уномдоп иш кылсак ошондо бийиктикке жетебиз
0
Zarema94
2015-03-20 16:45:36
Мен студентмин. Уйдогулорду аяп, кийим деле албай, тамак-аштан да аянып атып о0руп калгам. О0ругандан кийин эки эсе акча кетти. Ошол-ошол болду тамак-ашыма жакшы карай турган болуп калдым
0
aiba91kg
2015-03-21 10:33:05
Чыгаша чыкмайын киреше кирбейт
0
Meka77
2015-03-21 12:06:01
Чын эле чыгаша чыкпаса киреше кирбейт.
0
Xabibbullo
2015-03-22 17:01:31
Кароче жымот болгула ошондо байыйсын дегени экен да. Хе хе. Жымот болсон олгондо сени комгонго кишилерда келбейт. Пейилди кенен койгула акчаны топтоп алып канча жашайсын ким билет ошондуктан пейилди кенен кой десе ар кайсы жака чачпай жакшылыка корот акчаны арамга коротпой. Акча колдун кири акча табылат адамгерчилик табылбайт мусулман болгула. Канча акчаны соопчулука берсен кирешеси ошончо коп болот и берекеси Аллахтан болот.
+2
Xabibbullo
2015-03-22 17:10:49
Акчаны ажоолор президент баш болуп уномдогуло бюджеттин акчасын коротпой. Мына мен Крымдын и Россиянын коптогон чиновник ажоолору оздорун зарплаталарын оздору кесип жатат кээ бирлери зарплат албайм деп иштеп жатат ушундай болсонор меники ааз деп кайра кол салбай акчага.
0
SULUU-KYZ
2015-03-22 20:02:32
men da bitin sykkan byshyk adamdy itti jaman korom airykcha erkekter
al kaira berekeni ketiret.ashykcha ele tyryshyp emne?baaribir ishtetilet oshol akcha
0
hairullo
2015-03-28 23:02:33
Биз кыргыздар, пулду экономдоп эле жатабыз, тиги чондорубуздун туура эмес саясатынан акчаларыбыз германия, литва, корея, япония, кытайга чыгып кетип атат, ал жактан мусор келет (машина ж.б). 5мин $га алган машинабызды 1-2 жылдан кийин ит албайт. Анан кантип байыйбыз. Андан коро сыртка озубуздон чыккан продукцияларды мумкун болушунча саталы. Мисалы сууну бутылкага куйуп, литрин 10сомдон сатсак да, кырг.н учун ото чон пайда болот эле. Алтыныбызды Канадалык шылуундарга бергиче.
0
hairullo
2015-03-28 23:28:49
Алтын демекчи, алтынын саткан олко жарыбайт. 1млрд долларга алтын дагы 1млрд долларга товар алып койгула, 50 жылдан кийин жанагы алтынозун жуз эсе актайт, ал эми товар мусор болуп калат. Кыргыз окмоту тарыхта "Кайгылуу доор" деген трагедиялуу фильм тартылат. Главный ролдордо: Султан Аскер паша, Марием ханум, Хюррменбек Султан, шехзаде Максим, Алмаз ага, Розы хатун, Аклы Жефароглы, Малабей Кашыллык, Оторбейоглы, Аиде хатун, Индира ханум ж.б.
0
Kamil_
2015-04-23 17:36:44
Акчаны уномдоодо маянанын аз же коп экени маанилуу эмес, чонтогунуздогу акчанын максатуу сарпталышында. Мисалы: 1-2 саат аралыгында уйунузго жетууго чаманыз жетчудой бирок, жолдун боюндагы даамду татымдардан таткыныз келет. Ал учун жок дегенде 50-60 сом коротосуз.Мунун ордуна уйунузго керектуу(даарат кагазы, шеренке, калем, лампа, шам ж.б.)майда бирок маанилуу нерселерди ала кетсениз уй-булонун камкор мучосу экенинизди тастыктайсыз.

0
№ 645, 13-март-19-март, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан