«УУЛУБУЗДУ 1 НАСЫБАЙ ҮЧҮН САБАП ӨЛТҮРҮПТҮР»

Эл арасында аскердик кызмат өтөөгө баргандар сөзсүз өзүнөн улуу чакырылыштагы жоокерлердин ур-токмогуна кабылат, башкача айтканда, «дедовщинаны» башынан өткөрөт деген түшүнүк жашап келет. Жакында эле Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер мына ушундай «дедовщинанын» айынан көз жумду.

«УУЛУБУЗДУН ДЕНЕСИН БИЗ БАРГЫЧА СОЮП САЛЫШЫПТЫР»
«Өлгөн уулумду тирилте албайм, бирок кылмыш кылгандар тиешелүү жазасын алсын» деген маркум жоокер Шамбеттин атасы Кайратбек Сейитмуратовдун арыз-муӊуна кулак түрдүк:
– Уулум Шамбет Сейитмуратов 1994-жылы 30-декабрда Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Келечек айылында туулган. 2014-жылы 15-октябрда аскерге чакырылып, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295-Тоо аткычтар аскер бөлүгүндө кызматын өтөп жүргөн.
2015-жылдын 13-мартында болжол менен саат 16:30дар чамасында бизге аталган аскер бөлүктүн командиринин орун басары болом деп бирөө телефон чалып, «уулуӊуз катуу ооруп ооруканага түшүп калды, тез жетип келиӊиз» деп айтты. Биз жарым саат өтпөй жолго чыктык. Жолдо баратып улам командирлери менен байланышып жаттык. Ош шаарынан өтүп калган мезгилде кайра чалсак, «уулуӊуз каза болуп калды» деген жаман кабарды угузушту. Ошондо келинчегим Кенжегүл «биз барганча уулумду сойбой тургула» деп суранды. Ошентип жол алыстыгынан улам аскер бөлүккө 22:30дар чамасында араӊ жеттик. Бизди бөлүктүн жетекчилери тосуп алып, бир бөлмөгө алып кирип окуяны түшүндүрө башташты. Шамбетти өзүнөн 6 ай мурда аскерге чакырылган Нургазы Усманов аттуу катардагы жоокер сабагандыгын айтышты. «Уулубуздун сөөгү кайда?» десек, «өлүкканада» дешти. Бирок ал мезгилде биздин өтүнүчүбүз аткарылбай уулубузду уруксатсыз союп салышыптыр.

«КАН КУСУП ЖИБЕРИП ҮЗҮЛҮПТҮР»
– Уулумду жерге берип жатканда аскер бөлүктүн кызматкерлери жана окуяга күбө болгон жоокерлердин бири келди. Алардын айтымында окуя мындайча болуптур: Уулум бөлүм командири болуп жүргөн. Ошол күнү түшкү тамактан кийин өз бөлүмүндөгү аскерлерди 2-кабаттагы бөлмөгө алып кирип коопсуздук эрежелеринин кагаздарына кол койдуруп жатканда эшиктен Нургазы кирип келет да, «Рахманов, Сейитмуратов, ко мне!» деп уулумду жана дагы бир катардагы жоокерди чакырат. Анан «мен таап келгиле деген насыбайды алып келдиӊерби?» деп сурайт. Экөө бир ооздон «никак нет» дешет. Нургазы Рахмановду уруп, андан кийин уулумду муштуму менен көкүрөк тушка соккондо, ал эс-учун жоготуп жыгылат. Ошол жердеги эки жоокер сууга чуркашып, калгандары уулума алгачкы жардамды көрсөтүшөт. Уулум көзүн ачып, тигилер жөлөп өйдө тургузушканда бир чиренип кыйкырып, кан кусуп жиберип, кайрадан эсин жоготуп, ошол жерден үзүлүп кете бериптир. Жоокерлер уулумду санитардык бөлүккө жеткирип, ал жактан ооруканага алып кетишет. Анан ооруканадан өлүкканага алып барып, биз баргыча союп салып жатышпайбы.
Нургазы бөлүктүн командиринин айдоочусу экен. Аскер бөлүктө таянган кишиси болуп ал оюна келгенин жасап жүргөнбү деген ой келет. Кошумчалай кетчү жагдай, аскер бөлүктүн жетекчилиги бизге чейин прокуратура кызматкерлерин, Нургазынын ата-энесин чакырышып, өз ара сүйлөшүп, андан соӊ гана бизге телефон чалышкан. Нургазынын ата-энеси биз баргыча аскер бөлүккө келишип, ишти жабуу үчүн акча сунушташканын аскер жетекчилиги айтты. Бул жерде суроо туулат. Эмнеге алгач өлгөн жоокердин ата-энесин эмес, сабаган жоокердин ата-энесин чакырышат?

«ТЕРГӨӨ ИШТЕРИНЕ КАНААТТАНБАЙ ЖАТАБЫЗ»
Ал эми маркум жоокердин апасы Кенжегүл Сейитмуратова уулунун мүнөзүн сыпаттап өттү:
– Шамбет зээндүү, уюштурууга шыктуу бала эле. 9-классты аяктаган соӊ колледждин юридикалык бөлүмүнө тапшырып, аны кызыл диплом менен аяктаган. Кесиби менен иштөөгө аскердик билет керек экен. Биз «аскерге 1 айлык эле кызмат өтөөгө бар» десек, «толук эле кызмат өтөп келем» деп өзүнүн каалоосу менен кеткен. Уулум менен кээде телефон аркылуу байланышып турчубуз, ал жакта да үлгүлүү жүрүм-туруму менен бөлүмчөнүн командири болгондо бизге чалып сүйүнчүлөгөн эле. Ойдо жок жерден каргашалуу окуя болуп кетти.
Балабызды эми тирилте албайбыз да. Аны урган бала азыр камакта. Биздин суранарыбыз, уулумду сабап өлтүргөн жигит татыктуу жазасын алсын! Иш акыйкат тергелип, аскер бөлүктүн жетекчилиги да жоопко тартылышын өтүнөбүз. Уулумду өлтүргөн баланын ата-энеси бизге киши жиберип кечирим сурап жатышат. Угушубузча, алар аскер прокуратурасына да акча сунуштап жатышыптыр. Тергөө иштерине канааттанбай жатабыз. Себеби баламды атайлап сабап өлтүрүп жатса да тергөөдө кокустук, эреже бузуу катары баалап жатышат.

«САБАГАН ЖООКЕР КАМАКТА»
Бул окуя тууралуу Жалал-Абад облустук аскер прокурорунун орун басары Эркин Абдыкеримов төмөнкүчө маалымат берди:
– Катардагы жоокер Сейитмуратовду өлтүргөнгө шектелип Усманов Нургазы Камалдинович аттуу катардагы жоокер кармалып, маркумду урганын моюнуна алган. Ал Ош шаарындагы №36806-аскер бөлүктөгү гауптвахтага камакка алынган. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 358-беренеси (бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин белгиленген эрежелерин бузуу) менен иш козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматынын билдиришинче, экспертизанын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Тергөөнүн жыйынтыгына карап аталган аскер бөлүгүнүн жетекчилигине да чара көрүлмөкчү.

"Баламды урган Нургазы Усманов аскердик бөлүктүн командиринин айдоочусу болгондуктан каалаганын жасап, ээн-эркин жүрчү экен".

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жоокер насыбай таап келе албаганы үчүн сабалып, каза болду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
manas_skf
2015-04-01 00:22:02
Булардын да "бир нерсеси" бар да, бири-бирлерин жашырып-жаап.Айылдык 1994 жылкы рамаатылык бир байкени да асынып алыптыр деген."Блеха менен асыныптыр дегенине куйосун да"
0
Erniet
2015-04-01 07:04:28
Армиядагы мурда рекет болгон балдар кээ бир жоош балдар да барганда аларды токумун жеген айбандан айырмасыз ошондой акмактар олтуруп коюшат
0
PATRIOT_07
2015-04-01 12:07:56
Чынында Армияга барыш керек ар бир жашы жеткен улан. Дедовщина эч качан жок болбойт. Кыргыз Армиясында негизи тартип, мыйзам, жоопкерчилик дээрлик жок! Чынында Ата-энелер кооптонот да! Ким эле оз баласынан айрылгандан тургур ур-токмоко алуусун кааласын??!! Жаштар, достор Кыргыз Армиясынын келечеги бар! Ал биздин колубузда! Маданияттуу бололу, спортту суйолу, ыйманыбыз журогубуздо ар дайым бек болсун! Армия Ыйык Мекенди коргоону ар бир жигит учун уйротуучу мектеп!
0
BOrolov
2015-04-01 16:25:12
Аскерди аскер тарбиялайт, бирок мындай жол менее эмес, водила андайды коргон эмес окшойт
-2
BOrolov
2015-04-01 16:25:47
Баланын жаькан жери жайлуу болсун
0
Ayanaka
2015-04-01 22:08:20
Теперь не кто не отпустить ребёнку на армии
0
chanel11
2015-04-01 22:20:49
эмне армияда жалан зоокур адам жегичтер эле журушот окшойт . андан коро армияны жаап эле ошондой зоокур какор балдарды топтоп мамлекет бир банда топ эле ачышып ошого балдарды топтой берсе болмок бекер эле бир жакшына жапжаш балдардын омурун кыйбай
0
chanel11
2015-04-01 22:24:00
Армия азыр адамдарды олтуруп иштеп жатышабы эмне бул иштерди тергеген адам жокпу же тергоочулор оздору ушундай иштерди жасап жатабы .жаап эле салыш керек экен армияга ата энеси кандай умут менен жонотуп жатса баласынын соогун белек кылышат экен .
0
Kalin466
2015-04-02 09:52:57
Мен аскер адамдарын аябай сыйлачымын,бирок бир нече жыл мурда кошуна болуп бир байке кочуп келди жаныбызга. Ошондон тартып аскер адамдар жонундо жакшы оюм туп тамыры менен жок болду. Маданиятсыз,бок ооз,арамза,майда,аялын эртен мененки тамагына да ,кечки тамагына да кошуп кууруп жеит. Скандалист,аракеч экен. Анан ушундай адамдар иштесе часттарда солдаттарда кайдан тартип болот?
+3
ysmanali
2015-04-03 01:11:40
Урматтуу админ! Олтургон баланын жузун эмнеге жаап койдунар????!!!!
+1
admin_superstan
2015-04-03 14:36:21
ysmanali, саламатсызбы!
Кээ бир кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен аталат.
0
sumaya
2015-04-04 00:33:37
Жаткан жери жайлуу болсун .Аллахым бейиштен орун берсин.Армия дегенде эле олум дегенди уккан менен эле барарбар болуп калды го...
0
aihan77
2015-04-04 13:30:03
Аскерди аскер тарбиялагыдай ал ким экен?Биринчи ошол мурунку дедовщина озун тарбиялап алсын бироого тарбия бергенден коро! Колуна шал тийгир....коп соз жазым келди бирок олтургон бала жана ошого окшогон дедовщиналарга соз жок...Созго да татыксыз алар!
0
daniyar93
2015-04-05 09:34:01
Эгер Чындап куноосу болсо Кудай жазасын берсин ошол баланын Ата эненин коз жашын токкону учун! Жана Башка ушуга окшогон балдарга айтарым Кудайдан корккула!Эми жигитчилик бари бир дедовщина болот токтото албайбыз Бирок чеги менен болуш керек Кыяматта жооп береринерди унутпагыла.
0
Ledi89
2015-04-05 13:57:24
Эне тогуз ай которуп,торойт, чогойтот ак кийинтип,тамак аш берип,эми узурун коройун дегенде ушинтип бироонун колунан ажал табат.Соогушу жок эле олтурсо бул эмне.Жаткан жери жайлуу, карагы жери жарык болсун! Аллахым жаазасын берер!
0
Kiyal4499
2015-09-22 01:46:32
эх
0
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан