КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жылдар жылып, шурудай тизмектелген мезгил өтүп жатты. Зуура келинин кетирүүнү ойлоп, канча жолу терс жоруктарды жасаганы менен, эч кандай майнап чыккан жок. Жылдыз сабырдуулугу менен баарына түттү, бардык кыйынчылыктарга чыдады. «Жамандын кесепети» демекчи, баласына окуткан тескери дубасынын таасириби, айтор, балалуу боло алышпады. Көрүнбөгөн табып, доктуру калган жок. Жашы өткөнчө болгон аракетин жасады. Садырдын ата-энеси «артыӊда тукум калса жакшы болот эле, көзүбүз тирүүсүндө небере жытын искесек болмок» дешип бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Жылдыз жашоодогу эӊ негизги жубайлык милдетин аткарып, жолдошуна туяк төрөп бере албаганына өкүнүп жүрдү. Башка аял ал деп айтууну ойлоп, бирок батынган жок. Күйөөсүнүн «мен башкага үйлөнөйүн, атымды алып жүрөр туяк калтырайын» деп айтышын күтүп жүрдү. Бирок Садыр антип айткан жок.
Бир күнү чай үстүндө отуруп көптөн бери оюнда жүргөн сөздү айтууга бел байлап, кеп учун чыгарды.
– Садыр, мен сага татыктуу жар боло албадым...
Садыр мыйыгынан жылмайып, «татыктуу сапарлаш болдум десеӊ» деп чекесинен сүйүп койду. Аялзатына мындан өткөн бакыт, жылуулук болмок беле? Жан дүйнөсү балкып сөзүн улантты.
– Башкасын айтпаганда да бала төрөп берген жокмун. Жалгыз уулсуӊ, тукумуӊду курут кылдым,- деди безелене.
– Өмүрүмдүн көбүн жашап, азы калды. Эр ортону элүүдөн өтүп калдык. Эми Кудайым канча өмүр берсе, аны сени менен өткөрсөм арманым болбос.
– Кыска ойлуулук кылба. Башка аял ал. Бала төрөп берсе, өз баламдай кылып багып алам.
– Ким эле боор этинен бүткөн баласын кармата коёт сага?
– Анан эмне кыл дейсиӊ? Башка бирөөнүн баласын багып алганда болмок беле? Чоӊойгондо «сени багып алган» деп айтса кетип калып шорубузду кайнатат. Садыр бир нерселерди ойлонуп отуруп суроону жоопсуз калтырды. Анын үн катпаганынан аялы кайра суроо узаткысы келген жок.
Түтүн булаткандарына отуз жылга чукулдап калса дагы сен-мен дегенчелик болуп кайым айтышып, катуу кетишкен жок. Биринин көӊүлүн экинчиси карап, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон бактылуу түгөйлөрдүн катарын толукташты. Аялдар Садырдай баркка жетер теӊим болсочу деп самашса, эркектер Жылдыздын акылдуулугун айтып бүтүшчү эмес. Чынында суктанарлык эстүү аял. Ошон үчүн күйөөсүнө акыл-кеӊешин айтып жатпайбы. Болбосо кайсы аял коюнундагы теӊин башкага ыраа көрсүн?
Садыр деле турмуштун оош-кыйышын түшүнгөн айылга сөзү өтүмдүү жан. Ар дайым калыстыгынан тайбай келет. Ага күйүмдүү жакын тууганы деле жок. Атасы тексиз жетим, апасынын уругу түндүктө. Жоро-жолдошторунун түшүнгөндөрү «артыӊда туяк калса болмок, төшөк жаӊыртсаӊчы» деп айтышты. Оозуна алы жетпегени «Жер жүзүндө аялдын акыркы уругу ушул бекен? Куу баш болуп өт» деп күлүп да, күйүп да жүрүштү. Экөөнүн кыз-жигит кезинде тирүү болсок бир үйдө, өлсөк бир көрдө жатабыз деп антташканын алар билмек беле? Же булардай жан дүйнө менен махабат эмне экендигин билип коюшуптурбу? Айтылган сөз атылган ок болуп, антын бузган жок. Эл алардын сүйүүсү менен эсептешмек беле? Элге алардын үстүндөгү заӊгыраган үйү, короосу толо малы көрүнөт. Пенде эмеспизби, бирөөнүн үстүнөн тон бычып, оокат-ашы, үй-бүлөсү тууралуу сөз кылганга машпыз. «Экөөнө эмне жетпейт? Мынча байлыкты көрүнө көтөрүп кетишмек беле? Чымындай жаныӊ чыккан соӊ бул байлыгыӊ деле талаада калат. Айчүрөк болуп кеткенсип аялын бапестегенди ким коюптур?» деп сөз кылып бүтүшчү эмес. Садыр түштөн кийин ойлонуп же элдин сөзүнөн улам эсине келген жок. Акыл калчап, кабыргасы менен кеӊешип төшөк жаӊыртып, балалуу болууну чечти. Бир күнү кечинде чай ичип отуруп Жылдызга:
– Үйлөн эле дейсиӊ, болжоп жүргөнүӊ барбы?- деди уялыӊкы. Тилеги жерден табылгансып жубайы сүйүнүп кетти.
– Эгер сен макул болсоӊ, аял тапканды мага кой. Менин кадырыма жеткен Садыр төрөп берчү аялдын кадырына жетпей коймок беле? Төмөнкү айылда өткөн жылы күйөөсү кырсыктан каза болгон келин бар экен. Балдары жаш, турмуштан кыйналып жүрөт. Сага төрөп берсе үстүнө үй алып берет элек. Чиедей жетимдерге да сооп болмок.
Кудум жолдошу аял алып, эртеӊ эле ыӊаалап чүрпө төрөлчүдөй кудуӊдап жатты. Жүзүнөн кубаныч жанып турган аялына карап мындай деди:
– Сен тапсаӊ жаӊылышпайм дечи. Бирок теӊинен ажырап көкүрөгү канап турса, өлгөндүн үстүнө көмгөн болбосо эле болду,- деп үшкүрүнүп койду.
– Сүйлөшкөндү мага кой. Макул десеӊ эртеӊ эле барып ишти бүтүрүп келейин,- деди ашыгып.
Эртеси жуучу түшмөкчү болуп жесирдин балдарына дүкөндөн таттуу, кийим-кече алып жөнөдү. Чоочун аял үйүнө келип балдарынын бетинен өөп, эски таанышындай мамиле кылганына жесир келин таӊданып калды. Балада эмне күнөө, бергениӊди жеп, кийгизгениӊди киет да. Балдары Жылдыз алып барган кийимдерди кийип, таттууларды талашып жатышканынан уялып кетти. Жөжөдөй ээрчишкен чүрпөлөрү сыртка чыкканда Жылдыздын эмне максат менен келгенин сурады.
– Эже, балдарыма алып келген кийим, таттуулар үчүн рахмат.
– Сиӊдим, чочулаба,- деп мукактанды Жылдыз.
– Мени Жазгүл десеӊиз болот. Келгениӊизди түшүнбөй жатам,- деди суроолуу.
– Мен куда түшүп келдим.
– Үч балам менен мени ким алмак эле?- деп шаӊкылдап күлдү. – Эже, тамашаӊызды коюӊузчу. Жолдошумдун ашын жаӊы эле бербедикпи.
– Жазгүл, турмуш ушунусу менен кызык тура. Бирибиздин көзүбүздөн байлык өтсө, кай бирибиз балалуу болууга зарыгат экенбиз. Менин жолдошум жөнүндө уксаӊ керек, өйдөӊкү айылда турабыз. Аты Садыр.
– Уккам, эже, көрсөм таанысам керек. Айтыӊызчы, максатыӊыз эмне?
– Биз сүйүшүп-күйүшүп, ата-энелерибиздин каршы чыкканына карабай баш кошконбуз. Тагдыр экен, балалуу боло албадык. Жолдошума сенин башыӊды байлап берүүнү ойлоп, алдыӊа келдим. Жаман оюм жок, жакшы кишиден туяк калсын. Анын үстүнө балдарыӊа ата болуп, камкордук кылат элек,- деп айтып алып өзү уяла түштү. Жазгүлдүн өӊү кубара түшүп таӊдана отуруп калды.
– Эже, мен түшүнгөн жокмун.
– Жок дебечи. Сени түшүнүп турам. Солкулдап жайнап турган кезиӊде шеригиӊден ажырап, үч баланы жалгыз асырап жатасыӊ.
– Жылдыз эже, өз киндигимди өзүм кескендей эркин эмесмин. Кайын журт, төркүн-төшүм бар. Эл-журт эмне дейт?
– Сүйлөшүп көрөлү. Алар деле сенин бактыӊды ойлошор. Жалгыздык кимге жарашмак эле?
Жазгүлдүн туугандары макул болушту. Төркүнүнөн бата алган ал Садырга экинчи аял болду. Балдарын багып алабыз дешкенине кайын журту көнгөн жок. Өзү акыл айтып аял алып бергени менен, сүйгөнүн жаш аялдын кучагына алдырып жибергенине Жылдыздын ичи ачышып жүрдү. Күндөшү жыл айланбай эркек төрөп берди. Азан чакырып атын Акыл коюшту... 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
mersedes2013
2015-04-06 11:22:51
соонун чыгарма экен
0
Ledi89
2015-04-06 11:27:32
Эр бермек ,жан бермек! Кантип чыдады.
0
temirov76
2015-04-06 13:27:44
Мына сага тагдыр деген,эми не болор экен э,дагы бир жума кутолу.
0
Pantherka
2015-04-06 18:26:02
Мына сага кызыктын баары эми башталат окшойт...
0
miwka94
2015-04-06 18:50:59
Атасын жылдап куттургон Акыл ушул экенда...?!
0
volt
2015-04-06 19:20:21
Мындай нерсе жашоодо болбос,кантип эле оз куйоосун башкага ыраа корсун,мин акылман аял болсо да,чындык эмес.
0
malika14
2015-04-06 19:39:52
jakshy chigarma eken kytyy jana kytyyy ...
0
askhattalgat
2015-04-06 20:00:46
Azyr bilbeim birok bolgon eken myndailar. 1kempir chon apabyz bar bolchu "tokol chon apa" deit elek.Birinchi aialy toroboi kuioosuno aityp "tokol" alyp bergen eken.2 aial mn jawap, tokolu 2 uul torop bergen eken.2-aialy (tokolu) bolgon uchun ozunun aty ochup "tokol chon apa" bolup kalgan eken.Birok 1-suigon aialy nerften ketip kalgan,uzaak jashap kaza bdu. Ishene ber bolgon.
0
sumaya
2015-04-07 01:33:31
Илгери болгон,азыр уч уктасан да тушуно кирбейт))
0
Biikech93
2015-04-07 12:34:04
kyzykyltu chygarma eken
0
tynara81
2015-04-07 15:05:54
Боорум ооруду Жылдызга. Азыр андай аял жок дебей, азыр андай 30 жыл күткөн эркек жок десек туура болчудай го. Аялынын акыл айтышын күтпөй эле ажырашып башка аял алат.
+2
Talantbek80
2015-04-07 20:11:34
мыкты чыгарма бир жума кутуш керек.
0
Meruet84
2015-04-08 09:03:24
Каарман Жылдыз эже мынча сабырлуу болбосо , окуганга оной болгон менен ачуу чындыкта .Бирок мындан кийинки болумдору кандай болот билбейм Жылдыз эже оз бейишин куруптур.
0
azia9393
2015-04-09 14:34:47
Байкуш Жылдыз кантип чыдады экен...
0
student-95
2015-04-11 21:49:46
Уч курбу буттубу
акыркы сандарын кайдан тапсам болот
0
admin_superstan
2015-04-13 09:58:27
student-95, саламатсызбы!
"Үч курбунун" акыркысы:
http://www.super.kg/article/?article=31381
Төмөн жагынан башка сандарын таба аласыз.
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан