МИЛЛИОНДОГОН КӨРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖҮРӨГҮН БАГЫНДЫРГАН КЫТАЙ СЕРИАЛЫ ЭМИ ЭЛТРДЕ

Кытайлык карапайым үй-бүлөнүн жашоосу чагылдырылган турмуштук сериал ЭлТР каналында орун алмакчы. Кыргыз тилине которулган бул тасма туурасында телекомпаниянын көркөм жетекчиси Чолпонбек Касмалиев чакан маек курду.

– ЭлТР каналында жаӊы сериал башталган жатат деп угуп калдык. Сериал эмне жөнүндө?
– Ооба, «Ся уруусунун үч кызы» деген аталыштагы тасманы көрсөтүү алдында турабыз. Анда бир үй-бүлөдөгү үч эже-сиӊдинин жашоосу чагылдырылган. Үч кыздын мүнөзү үч башка, тагдырлары да ар кандай. Тасмада алардын ой-толгоосу, курдаштары, ата-энесине болгон мамилеси, сүйүүсү, кулк-мүнөзү камтылган. Белгилей кетчү жагдай, тасманы кытайлык кыргыздар которушкан.
– Эмне үчүн бул тасманы тандадыӊар?
– Бул сериал 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын 70 миллион калк жашаган Аньхой провинциясында тартылган экен. Тасма элдин сүймөнчүлүгүнө арзып, Кытайдын көптөгөн провинцияларында, борбордук телевидениесинде көрсөтүлүп, рейтинги эӊ жогорку баскычты көрсөткөн.
– Кытай элине жаккан сериал кыргыз элинин табитине туура келер бекен?
– Бул сериалда көтөрүлгөн маселелер бизге аябай жакын. Ар бир ата-эне өз баласынын бактылуу болушун каалайт. Дегеним, «Ся уруусунун үч кызы» тасмасында балдарынын жашоосуна кийлигишип, алардын тагдырын өзгөртө алган ата-энелерди көрүүгө болот. Сериал абдан көркөмдөлгөн жана эмоционалдуу тартылган. Андагы каармандардын ой-толгоосу, сезимдери ар бир жөнөкөй кишиге жакын. Ошондуктан биздин көрүүчүлөргө жагат деген ойдо программабызга киргиздик. Белгилей кетсем, сериал 13-апрелден баштап биздин көгүлтүр экрандан көрсөтүлө баштайт.
– ЭлТРде дагы кандай жаӊылыктар бар? Жаӊы жетекчилик кандай иштерди жасап жатат?
– Көп эле жаӊылыктар бар. Олуттууларына токтолсом, былтыркы рейтингибизди карап чыктык. Жасалуучу жумуш көп. Кызыкпы, кызык эмеспи, көрөрмандарга керек болгон маалыматты бере алдыкпы, жокпу, эмнелерди өзгөртүүбүз керек деген суроолордун үстүндө көп пайдалуу маалыматтарды топтодук. Бул иштер медиа-эксперттер, көрүүчүлөр менен биргеликте жүргүзүлдү.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
burma92
2015-04-14 11:10:37
Летний дом три дочери дейтко которсом
0
MAKSLEO
2015-04-14 11:26:54
burma92, Сия уй-булосунун уч кызы
0
laki
2015-04-14 21:10:10
MAKSLEO, ушу кытай тамгасын орусча окуганды өзгөртсөңөр жакшы болмок! Сия эмес, шиа же шя (бир муун). Шия бүлөсүнүн кыздары. Сериалды былтыр көргөмүн (толугу менен эмес), болгону эки эле кызы бар, бирөө бөлөк аялынан, ал башында табышмактуу берилет... Ошого, үч деп жазганы сериалдын сырын эрте ашкерелеп коёор бекен?!
0
MAKSLEO
2015-04-15 08:21:01
laki,你好,没想到你也是汉学家。请你给大家告诉电视剧俄文名称,可以认识做朋友吗我的微信号零五五二六流七七九零
0
admin_superstan
2015-04-15 09:38:11
MAKSLEO, сайт кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм!
0
laki
2015-04-15 13:02:06
MAKSLEO, орусчасын мен да билбейм! Орустар которбосо керек.
0
ajara.baby
2015-04-14 20:59:52
Кечиресиздер, орусча аты кандай экенин айтып коёсуздарбы?
0
Afina
2015-04-15 00:26:36
Кечки 22:35 те болуп атабы????
0
Shahrizada97
2015-04-15 10:42:50
ммм((( мен огой кыздардын ордуна башталатко дегем эки каналдан бирдей сериал берсе жаман экен кайсы бирин корсом экен деп кыйналып)))
0
raku
2015-04-15 10:51:45
Биздикилер дагы жакшыраак сериалдарды тартышса болмок, бирок "Общага" деген сериалдай орусча-"киргизче" эмес.
0
33SUUN
2015-04-16 00:32:56
Эми кыргыз тилине дагы жаны создор кошулат экенда,«болтат»«келтат»деген создорго "кандайраак"тар.Нерфке куч кубат берсин эми кудайым.
0
Nur45
2015-04-16 09:09:32
Мага жакбай ЭЛТР эски программада иштешет ко
0
altyw0
2015-04-16 18:40:30
ЭЛТР жакпайт
0
asko55
2015-04-17 09:18:22
altyw0,
Кошулам созунузго, мага да жакпайт. Башта жакшы эле болчу азыр бир программаны 100 жолу кайталап беришет.
0
nota89
2015-04-17 14:01:02
ЭлТР супер,бул кинону кытайлар которуптур!
0
admin_superstan
2015-04-17 14:39:31
nota89, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
surgut.86.96
2015-04-18 13:23:58
Кинозалдан корсок болобу
0
malika14
2015-04-18 17:57:40
super info kino zalga jyktoisunorby menda bezdelnik azmaz alaksiganga koryy kerek...
+1
nurjasi
2015-04-19 14:33:48
Эми кытай турмушун жакшы уйроно беришибиз керек, не дегенде, буюрса кытайдын бир району болушубузга аз элк калды.
-1
Afina
2015-04-19 16:18:21
nurjasi,

Кандай тушунсо болот????
Кытайдын бир району брлушубузгп аз эле калды дегенинизди
0
Ayka1994
2015-04-19 16:03:42
Биздин кыргыз режиссёрлор да ушундай сериалдарды тартышса жакшы болмок
0
zari_kosh
2015-04-19 18:17:06
Комментарийдин тексти кызыктуу болду экеби
0
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан