Өлкөбүздө саналуу гана музыкалык топтор бар. Аларды манжа менен эле саноого болот. Дегеле, дүйнөлүк практикада топтордун узакка өмүр сүрүүсү чанда кезикчү көрүнүш эмеспи. Мына ошол түшүнүктү жокко чыгарып, «буюрса, өзүбүздүн топту көпкө кармайбыз» деген «Style Mix» триосунун солисттери бүгүн бизге кызыктуу маек куруп беришти.
– Куш келипсиӊер, Илима, Талас, Адилет! Адатта топто сөзсүз бир лидер болот эмеспи, уктап калса телефон чалып ойготуп, кезиге турган убакытты эскертип дегендей. Силердин топто алдыга сүрөп турган ким?
Илима: – Саламатсыздарбы? Бизде атайын шайлап алган лидер жок. Жума сайын ар бирибиз дежур болуп, керектүү жумуштарды аткарып, алмак-салмак лидер болуп турабыз. Ал деле жоопкерчиликтүү иш да. Эгер жалгыз бирөө лидер болсо, топтун түйшүктөрүн көтөрө албай калышы мүмкүн. Негизи биздин продюсерибиз бар. Миргүл эже көп жумуштарды бизге калтырбай өзү эле бүтүрүп коёт. Ал эми убакытка баарыбыз такпыз. Бирок бизге караганда Талас пунктуалдуураак. Ошон үчүн да бүгүн ал редакцияӊарга биринчилерден болуп келди.
– Чыгармачылыкта такшалып баратасыӊар. Шоу-бизнеске аралашканы эмне таптыӊар, топ үчүн, жеке өзүӊөр үчүн кандай жаӊылык жараттыӊар?
Талас: – Топтун түзүлгөнүнө 2 жыл болгонуна карабай ийгиликтерди багынтып келе жатабыз. Биз үчүн топтун түзүлгөнү эле чоӊ жаӊылык. Себеби топ түзүү идеясын Адилет экөөбүз башыбызда көпкө бышырып жүргөнбүз. Жетишкендигибиз деп 2014-жылы Юрмала шаарында өткөн «Жаӊы толкун» сынагына катышып келгенибизди айта алам.
– Аталган сынакта көрсөткөн жыйынтыгыӊарга өзүӊөр кандай баа бересиӊер?
Адилет: – Сынактын жыйынтыгы боюнча акыркы орундарды алып калдык. Билбейм, жакшы эле даярданып барганбыз. Бирок даярдап барган ырларыбызды ырдатпай, бизге сынакка ылайыксыз ырларды берип коюшту. Экинчиден, жаштык да кылып койдук окшойт. Бирок биз үчүн мен-мен деген орустун улуу ырчылары басып өткөн ыйык Дзинтари сахнасында ырдап, өзүбүздү көрсөткөн деле чоӊ сыймык. Ошол жактан алган тажрыйба бизди кийинки сынактарда жеӊишке жетелейт деген үмүттөбүз.
Т.: – Менимче баары эле ойдогудай болду. Мүмкүн вокал жактан өзүбүздү жакшы көрсөтө албай калгандырбыз. Ал жакта аткарылган чыгармалардын көпчүлүгү бийлей турган, ритмикалуу ырлар болуп калды. Ал эми вокалдык ырлар башкача болот да.
– Сынактан келгенде коомчулук кандай кабыл алды?
А.: – Ар кандай сын-пикирлер болду. Интернеттен «булар байдын балдары, ата-энесинин байлыгына манчыркап барып келишти» деген ойлор айтылып жатты. Бул туура эмес, үчөөбүз теӊ карапайым үй-бүлөдөн чыкканбыз.
И.: – «Сен мындай ырдашыӊ керек эле, тигинтип-минтип койдуӊ» деп ич ара бири-бирибизге нааразы болгон жокпуз. Тескерисинче, аталган сынакка катышып келгенден кийин ортобузда ынтымак, биримдик, сый бекемделди.
– «IOWA» тобунун «Улыбайся» деген ырын «Күлүп койчу» деп которуп ырдап, клип тарттыӊар. Топто адатта гитара черткен Адилеттин бул жолу силерге кошулуп ырдаганы көпчүлүк үчүн жаӊылык болду окшойт...
А.: – Ой, жок, мен негизи ырдайм. «Жаӊы толкунда» эле ыр 3 мүнөттүк болуп мага жетпей калганда гитара чертип тургам. Эми дайыма ырдабасамбы (күлүп).
И.: – «Улыбайся» ыры биздин топтун чыгармачыл жашоосунда маанилүү орунду ээледи. «Жаӊы толкундан» кайтып келгенден кийин ушул ырды аткаруубузду көп суранышчу. «IOWA» тобунан уруксат алып, кыргызчага которуп клип тарттык. Кийинкилеринде өзүбүздүн репертуарыбыздагы ырларга клип тартабыз.
– Топтун көп жыл жашашы чанда кезигет, биринин жеке маселеси чыгат, экинчиси үйлөнөт, үчүнчү адам турмушка чыгат дегендей. Ошондой нерселерге даярсыӊарбы?
И.: – Биз ушул тууралуу чынында көп сүйлөшөбүз. Бул акыры ишке ашчу нерсе, бирок анын өз убактысы болот. Азыр биз жашпыз, ырдап, иштей турган курагыбыз.
Т.: – Продюсерибиз менен түзүлгөн келишимибиз бар. Ошол жерде канча жашыбызда үйлөнүп, турмушка чыгууга мүмкүн, баары жазылган.
– Мисалы, келишим боюнча Адилет экөөӊөр канча жашыӊарда үйлөнсөӊөр болот?
Т.: – Ал жерде «келишим сырларын элге жарыялабаш керек» деген да пункту бар (күлүп).
– Мисалы, Илиманы кокусунан ала качып кетсечи же күйөөсү кийин ырдатпайм деп койсочу?
Т.: – Ала качкандан Кудай сактасын. Илима турмушка чыга турган убакытка жетеличи, көрөбүз да. Менимче, Илиманы кийин ырдата турган адамга гана турмушка беребиз го дейм.
А.: – Биз дайыма идеалдуулукка умтулабыз. Буюрса, топтун өмүрү узун болот. Анткени биздин максатыбыз, жолубуз бир.
– Адилет, Илима экөөӊөрдү кыз-жигит деп угуп жүрөбүз?
И.: – Социалдык тармактарда «баракчаӊа ушинтип жазып, ушул баланын сүрөтүн илип кой» деген сыяктуу мелдештер болот. Жеке баракчама илинген сүрөт деле ушуга байланыштуу. Досторум менен мелдеше кетип, жеӊилгенде канча бир убакытка «эӊ мыктысы меники, сүйгөнүм деген «намёк» менен эч кимге бербейм» деп жазып, Адилеттин сүрөтүн илип койгом.
– Чынында эле сенин болочоктогу жолдошуӊ Талас же Адилет болуп калсачы?
И.: – Бул тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн. Тагдырыма эмне жазылса, ошондой болот да.
– Алдыда дагы кандай пландар бар?
Т.: – «Со мною рядом» деген ырыбызга клип тарттыруу алдында турабыз. Анан эл аралык сынактарга, Американын «The Voice» деп аталган музыкалык шоусуна катышууга уруксат алалы деп жатабыз.
И.: – Буюрса, жайында ырчы Анжелика менен квартет жаздырабыз.
А.: – Мен көптөгөн кичинекей күйөрмандарымдын суранычы менен гитара үйрөтүү боюнча сабак берсемби деп жатам. Анткени буга чейин толтура кайрылуулар болгон, «кантип мен сабак бермек элем» деп койчумун. Азыр бул боюнча олуттуу ойлонуп жатам. Өзүм деле гитараны жакшы билем деп айта албайм, бирок билгенимди үйрөткөнгө аракет кылам.
– Маегиӊерге чоӊ рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg