«Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» деген ыр уккан адамды кайдигер калтырбайт. Ырдын сөзүнө обону төп келип, аткаруучу көркүнө чыгарып койгон десек болот. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетти көрүнөт. Анда ырдын жаралуу тарыхына кайрылып көрөлү.
«ЫРДЫ УККАН АПАМ ӨЗ АПАСЫН ЭСТЕП ЫЙЛАДЫ»
Ырдын автору, акын ФАТИМА АБДАЛОВА бул чыгармасын кантип жазгандыгы тууралуу айтып берди:
– Менин апамдын аты Гүлайым. Учурда 90 жашта, аты чыкпаган акын десем болот. Апамдын сүтү аркылуу акындык касиет мага да өткөн. Бул ыр менин эле эмес, бүтүндөй балдардын башынан өткөн элес десем жаңылбайм. Кичинекей кезимде апамды жүзүнөн эмес, көйнөгүнөн таанычумун. Ал келе жатканда көйнөгүнүн гүлдөрү мага тирүүдөй сезилчү. Ошол гүлдөр көрүнгөндө апама чуркап жөнөчүмүн. Чоңоюп калган кезимде мектептен келип, апамды талаада иштеп жүргөн аялдардын арасынан көйнөгүнөн тааныр элем. Кийин өзүм эне болгон кезде байкасам, балдарым да мени көйнөгүмдүн гүлдөрүнөн таанычу экен.
Бир жолу башымды жууп, гүлдүү көйнөгүмдү чечип, мончодон гүлдөрү жок көйнөк кийип чыктым. Келип баламды эмизейин десем, балам бетимди карабай эле көйнөктү көрүп, эмбей бакырып ыйлап жиберди. Кел десем болбой ыйлайт. Ошондо гүлдүү көйнөктүн таасири балага жакшы тиерин билип, ушул ырым жаралган. Албетте, бул чыгарма апама арналган. Анан ырга Түмөнбай Колдошов жакшы обон жаратып, Элиза Көчөрбаева, Самара Каримова деген ырчылар элге таратты. Апама алып барып угузсам, ал да бир сыйра ыйлап алды. Анан апама «ушул ырды укканыңызда көз алдыңызга эмне тартылды?» десем, «апамды эстедим, көйнөгүнүн гүлдөрү тирүүдөй элестелди. Эстесем, апамдын көйнөктөрүнүн баары гүлдүү экен» деп апасын эстеп ыйлады.
«БУЛ ЫРДЫ АПАМДЫН 60 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАГАМ»
Ал эми обонун жазган ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ буларга токтолду:
– 2012-жылы бул ырдын сөзүн интернеттен окуп калып жактыргам. Чындыгында, өзгөчө оригиналдуу ыр экени билинип турат. Фатима эжени акын катары таанычумун, мындай шедевр ырлары бар экенин билген эмесмин. Анан эжеге дароо эле байланышып, "ушул ырыңызга обон жаздым" деп айтып, чайга чакырып угузуп көрдүм. Эже да аябай ыраазы болду. Негизи, ырды апамдын 60 жылдык юбилейине арнап ырдап чыккам. Бул ыр менин визиттик карточкам болуп калды десем болот. Менден кийин Элиза Көчөрбаева, Нуртилек Абдыгапаров, Самара Каримовалар ырдап чыгышты.
Самара Каримова, ырчы:«КЛИПКЕ АПАЛАРЫМДЫ ТАРТТЫМ»
– Түмөнбай агайдын чыгармачылык кечесинде ушул ырды угуп, аябай жактырып калдым. Дароо агайга кайрылып, «ушул ырыңызды мага бериңиз, ырдап чыгайын» десем, «бул ырды 3-4 ырчы ырдап чыккан" деп калды. «Канча ырчы ырдаса да мага жакты, мен ырдай берем» деп өзүм каалагандай аранжировка жасатып ырдап чыктым. Ким кандай ырдады, ырдын көркүн ким ачты, аны эл таразалайт. Ырдын клибине апам менен кайненемди тарттым, буюрса, жакында көрө аласыздар.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле, магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
Замира Рахманбердиева