Бишкекте жайгашкан АКШ элчилигинин украиналык авиакомпаниянын учагы менен 150 тоннадай жүктү Кыргызстанга алып келгени коомчулукту дале дүрбөлөңгө салууда. Анан калса Украинадагы майдан алдында Киевге учактар менен миллиондогон долларлар келип түшкөн деген имиштер, эми ошого окшош эле жүк биздин өлкөгө келди деп айтылган кептер отко май куйгандай эле болду.
Дипломатиялык почта деген макамда келгенине карабастан, ал жүктөр текшерүүгө алынышы керектиги жөнүндө ар кандай ойлор айтылып, 22-апрель күнү Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев түшүндүрмө берди. Министр АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигине келген 152 тонналык жүк текшерүүдөн өтпөй турганын билдирди. “Вена конвенциясына ылайык, дипломатиялык жүк текшерүүгө алынбайт. АКШ тарап бул жүктү өзүнүн элчилигине биринчи жолу Украина учактары менен алып келсе, жакында Орусиянын авиакаттамдары аркылуу дагы 20 тоннага чукул жүктү алып келүүнү суранууда. Анда курал-жарак же башка мыйзамга каршы келген заттар жок. АКШдан башка деле өлкөлөр бизге мындай маселе боюнча кайрылышат. Кыргыз жергеси деле өзүнүн дүйнө жүзү боюнча жайгашкан элчиликтерине дипломатиялык жүктөрдү жөнөтөт”,- деди Абдылдаев.
Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жергиликтүү басылмаларга аталган дипломатиялык жүк Бишкек шаарында курулуп жаткан элчиликтин жаңы имаратына керектелүүчү курулуш каражаттары экенин айтып, мындай жүк биринчи келип жатпаганын маалымдады.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg