Бүгүнкү коногубуз жаш ырчы Айардын күйөрмандары күн санап өсүп барат десек жаӊылышпайбыз. Анын «Ардагым», «Карындашым» деген ырлары эл оозуна алынып калган убак. Маӊдайымда суроолорума улам жерди карап, уяӊ жооп берген жигит отурду. Ырчы жигиттин уялчаактыгы табиятынан экендигин маектен улам билдим.
– Салам, Айар. 24 жашта болгонуӊ менен сыртыӊдан 17 жаштагы жигиттей көрүнөсүӊ...
– Өз курагымдан жаш көрүнгөнүм жакшы да. Негизи, мырзалар айымдарга караганда кечирээк картаят го. Менин жаш көрүнгөнүм генден болсо керек.
– 2-3 жылдан бери ырчылыктын пайдубалын түптөп алдыӊ. Чыгармачылыктын мындан аркы кыйынчылыктарына даярсыӊбы?
– Чыгармачылык жолду тандаганга чейин көп ойлонгом. Ата-энем, жакындарым менен кеӊешип, жети өлчөп, бир кесип эле тандаган жолум. Ырчылык эмес, башка кесипте иштесем деле ушундай түйшүгү болмок, жеӊил оокат болбойт деп коюшат эмеспи. Андыктан чыгармачылыктын ысык-суугуна даярмын. Ушул кесипти тандагандан кийин өтөсүнө чыгышым керек деп иштеп жүрөм. Артка кайтканга жол жок.
– Үй-бүлөӊдө ыр өнөрүнө кызыккан бирөө болсо керек?
– Апам жакшы ырдайт. Жаш кезинде ырчы болом деп максат кылган экен. Бирок ошол учурда атам ала качып кетип, ал максаттары кыял бойдон калыптыр. Азыр өзүмдүкү менен кошо апамдын да кыялын орундатып жатам.
Менде музыкага, ырга болгон кызыгуу бала кезден эле бар болчу. Кулагымдан наушник түшчү эмес, үйдө болсом магнитофондун үнүн жаӊыртып угар элем. Мындайда үйдөгүлөрдөн «наушникти чеч, кулагыӊ ооруйт!», «магнитофондун үнүн азайт!» деген жемелерди көп укчумун. «Blue», «Backstreet Boys» деген топтордун ырлары менен чоӊойдум. Өзүмдү түрдүү жанрда, стилде ырдап сынагым келет. Анткени ырчынын ар тараптуу изденүүсү анын универсалдуулугунан кабар берет деп ойлойм.
– Ырчы болом дегениӊди жакындарыӊ башында кандай кабыл алышты?
– Жакындарым башында ырчы болуп кетериме ишенишкен эмес. Апам унчуккан жок, агам менен атам каршы болушкан. Үйдө төрт бир тууганбыз, агам жана 2 эжем бар. Эӊ кичүүсү, колдо калчу баласымын да, агам менен атам ошону ойлоп каршы чыгышса керек. Бирок ырларым, клиптерим жарыкка чыккандан кийин колдоп калышты.
– Үйдүн кичүүсү болсоӊ, эркеликтин сазайын берет экенсиӊ да?
– Үйдүн кичүүсү болгондон кийин каалайсыӊбы, каалабайсыӊбы эрке болот экенсиӊ. Бирок мектептен эркелигимди карматчу эмесмин. Атам сүрөттөн, апам географиядан сабак берчү, экөөнүн сабагына сөзсүз даярданып барчумун. Өз күчүм менен жооп берип «5» алсам деле классташтар «апасы болгону үчүн көтөрмөлөп койду» деп чычалата беришчү.
– 1-класска барганыӊ эсиӊдеби?
– Бир кызык окуя болгон. Бир жолу короодо досум менен ойноп жатып аарынын уюгун таш менен уруп бузуп таштадык. Аарылар бизди кууп чагып, экөөбүз көчө менен бир болуп өӊгүрөп ыйлап алганбыз. Үйгө барсам апам жок. Ал мектепте иштечү. Кир кийимим боюнча мектепке апама арызданганы бардым. Ар бир класстын эшигин ачып, апалап өӊгүрөп ыйлап алгам. Акыры аны таптым, ошондо апам «болду, баламды үйдө жалгыз калтырбайм, аарылар талап кетет экен» деп 1-класска берип салган.
– Мектепте апаӊа кантип кайрылчусуӊ?
– Мен үчүн апам үйдө эне, мектепте эжейим болчу. Андыктан «эжей» деп эле кайрылчумун. Кээде жөн эле колумду көтөрүп койчумун.
– Продюсериӊ менен кантип табышып калдыӊ?
– Продюсерим Арсен Мендебаевди өзүмдүн агам, байкем катары жакшы көрөм. Ысык-Көлдө ресторанда ырдап жүргөндө бир эже Арсен байке менен тааныштырган. Ошондон кийин иштешип калдык. Кудай жолуӊду ачып койсо, себепкер адам табылат экен. Чыгармачылыкка кантип аралашып, ырчы болуп калганымды өзүм деле билбей калдым.
– Гүлнур Сатылганова концертинде сени аябай мактады эле, кантип ал эжекебиздин мактоосуна арзып калдыӊ?
– Мен жаӊыдан ырдап чыгып, «Мейкин Азия», «Түрквизион» сынактарына катышып жүргөндө Гүлнур эже мага жакшы бааларды коюп жүргөн. Ошондо менин талантымды байкаса керек, анын менин талантымды баалаганы, мактаганы мага дем берди. Гүлнур эженин чыгармачылыгын баалайм, үлгү алам. Экөөбүз эженин концертинде «Сүйүү күчү» деген ырды дуэт ырдаганбыз.
– Биринчи жолу ырларыӊды радиодон угуп, сыналгыдан көргөндө кандай абалда болгонсуӊ?
– Алгач ырларым радиодон кете баштаганда бардык радиолордон ырларымды күнү бою күтүп укчумун. Ата-энем мени сыналгыдан көрүп ыйлашкан экен, аны кийин уктум.
Азыр көнүп калдым.
– Кеп нугун кыздар темасына бурсак. Сендей жигит күткүсү келген кыздар билип алсын, сүйүүдө кандай жигит экениӊди айтып өтсөӊ?
– Сүйсөм, сүйүүдө туруктуумун, романтикмин, кыз жандуу эмесмин (күлүп). Бир аз уялчаакмын, бул мүнөзүмдүн айынан көп жолу сезимдеримди билдире албай калгам. 1-класста окуп жүргөндө бир кыз аябай жакчу. Мен алдыӊкы, ал арткы партада отурчу. Артка бурулуп ошол кызды карай бергим келчү, бирок уялганымдан түптүз пионерлердей болуп отуруп алар элем.
Сүйүктүүм менен жаратылыш коюнунда, көл жээгинде эс алган жагат. Өзүм жөнөкөй болгонгобу, бой көтөргөн кыздарды жактырбайм. Ата-энем экөө теӊ намаз окушат, андыктан биздин үйгө ыймандуу келин керек. Учурда жүрөгүм бош. Сырдуу, табышмактуу, чач-кирпиги узун, өзүмө окшош арыкчырай кызды издеп жүрөм (күлүп).
– Сүйүп көргөнсүӊбү?
– Ооба, сүйүп көргөм. Сүйүүнүн жыргалын да, азабын да тарттым. Адам экөөнү теӊ көрбөсө, сүйүүнүн кызыгы жок болуп калат.
– Кандай кыздарга таӊ каласыӊ?
– Жашыруун номер менен чалып алып сүйлөбөй угуп тура берген кыздарга таӊ калам. Менин үнүмдү уккандан ырахат алышат окшойт (күлүп). Ошондой күйөрмандарыма «уялбагыла, тартынбагыла, мени менен сүйлөшкүлө» демекчимин.
«ЖАӉЫ ТОЛКУН» СЫНАГЫНА КАТЫШКЫСЫ КЕЛГЕН АЙАР
Маек учурунда эӊ жактырган суроосу...
Өзү жөнүндө берилген суроолордун баары жагат.
Үйүндөгүлөр эмне деп эркелетишет?
Апасы «Аярчигим», эжелери «Чипполино» деп эркелетишет.
Кичинесинде...
«Тентек болчумун, көп сөгүнчүмүн» дейт.
Билими...
Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин бүтүргөн. Кесиби экономист.
Сын-пикирди кандай кабыл алат?
Керектүүсүн угуп, туура жыйынтык чыгарганга аракет кылат.
Дарегине айтылган эӊ жакшы комплимент...
Комплименттердин жаманы болбойт деп ойлойт.
Алдыга койгон максаты...
«Жаӊы толкун» сынагына катышуу.
Репертуарындагы ыр-клиптеринин саны...
2 клип, 7 ыры бар.
Лунара Бекиева
star@super.kg