Өткөн орду – Улуттук филармония
Өткөн күнү – 10-май
Башталышы – 19:30 (1саат кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Билет баасы – 500 сом
Мыкты номер – Гүлжигит Калыков менен Баястандын «Эр жигит» деген ыры
Гүлжигит Калыков продюсеринен кеткенден бери биринчи жолу жеке концертин берип жатканын угуп, баргым келди. Сынаганы эмес, баягы «Жамгыр төктүсүн» угуу үчүн. Чынында, Гүлжигит концертине мыкты даярданыптыр, анысы сахнанын жасалгасынан эле байкалып турду. Сахнанын чоӊ экранындагы көз жоосун алган сүрөттөр ырчынын ар бир аткарган чыгармасына түркүн түс берип, сахнаны көркүнө чыгарып жатты. Билетте жазылгандай эле концерт жандуу үн, бийчилер, түрдүү аспаптарда ойногон музыканттар менен коштолуп турду.
Адашпасам, Гүлжигиттин ар бир ырына бий коюлуптур. Ырчы өзү да кошулуп бийлеп, концерттик формаларын кээде сахнадан да алмаштырганга жетишип жатты. Мен сахнага жакын отуруп алгангабы, Гүлжигиттин ырдап жатканы кулагымдын тарсылдагына чейин жетип, жанымда турган аппаратуранын ачуу үнү кулагыма кирип кеткендей эле сезилди. «Гүлжигит, микрофонду бир аз алысыраак кармап ырдачы, балам» деп айта албай эле отурдум. Залда отургандарды карасам, дээрлик көбү жаш кыздар, ал эми жашы улуулар саналуу экен.
Кыскасы, ырчы бул концертте жаштардын моокумун кандырды. Конок катары Жийдеш Идирисова, Токтобек Асаналиев, Бегиш, Баястан, Назгүл Токтакунова, Арсен, Самара Каримова жана башка ырчылар келишти. Токтобек Асаналиев колуна комузун кармап, нукура кыргызча башына топу кийип, чапан жамынып чыкканда эле ичимден «азыр залды жарат» дедим. Анткени Токо залга чыгары менен эл кол чаап баштаган, ырдай элек жатып кол чапканына караганда кийими жакса керек деп ойлогом, бирок ырдаганда андан эки эсе катуу кол чабылды.
Концерттин алып баруучулары Кубат Кубанычбеков менен Максат Тынаев кечени суз алып барышты. Себеби андан мурун бир концертке барып, «No name» командасындагы Мурат менен Кадырдын алып барганына тан бердим эле. Көрсө, алып баруучу деле шаӊ-күлкү кошуп, кечени жакшы жакка бура алат экен. Бул концертте Кубат менен Максат аракет кылып эле жатышты, бирок мамлекеттик расмий иш-чараны алып барып жаткансып олуттуу сүйлөп туруп алышты. Жалпысынан Гүлжигиттин концертинин даярдыгына, өзгөчөлүгүнө, өзүнүн аракетине «жакшы» деген баа берем.
Толик сынчы