Азамат Байматов, футболчу: «ФУТБОЛ ТАЛААСЫНДА КАТААЛМЫН. БИРОК БЫШАКТАП ЫЙЛАП СЕРИАЛ КӨРГӨН УЧУРЛАРЫМ БОЛОТ»

«Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2009-жылдын супер спортчусу» наамынын ээси Азамат Байматов 2013-жылы үйлөнгөн эле. Жыл айланбай кайрадан бойдок статусун алган футболчу бизге жеке жашоосундагы, карьерасындагы кызыктар жөнүндө кеп салып берди.

– Салам, Азамат! Маек төрүбүзгө куш келипсиӊ! Жакында УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалы болот, кайсы команданы жеӊет деп ойлоп жатасыӊ?
– Саламатсыздарбы? Мен ашынган футболдун сүйүүчүсү катары дайыма шоу-бизнестеги досторум менен ири футбол мелдештерин чогуу көрөм.
УЕФАнын бул жолку Чемпиондор Лигасынын финалчылары тууралуу айтсам, албетте, италиялык «Ювентус» футбол клубу «Реал Мадридди» утуп, чоӊ чакырык таштады. «Ювентус» командасына күйөрмандык кылып жатам. Анткени алар 12 жылдан бери финалда ойной элек, дарбазачысы Жанлуиджи Буффон бир да Чемпиондор Лигасын уткан эмес. Андыктан бул жолу аларда өтө жакшы мүмкүнчүлүктү колдонууга шарт бар. Көпчүлүгү алдын ала «Барселонага» жеӊишти ыйгарып жатышат, менимче, финалдык оюнда күтүүсүз жагдайлар көп болот. Анткени футболдо дайыма күчтүү команда жеӊе бербейт. Менин божомолум боюнча, «Ювентус» финалда пенальти сериясында утат.
– Биз сени дайыма «Тамашоу» долбоорунун калыстар тобунан көрүп калабыз...
– 2009-жылы Латвияда жашап жүргөндө досторум менен Юрмала шаарына атайын КВН көргөнү барчубуз. Андыктан КВНге болгон кызыгуум кокусунан эмес. «Тамашоу» долбооруна 2011-жылы 4-сезондун Кышкы фестивалында алгачкы жолу калыс болуп отургам.
Эсимде, ошондо мен ойногон «Дордойдун» «Алга» командасы менен беттеши бар болчу. Аябай маанилүү оюн эле. Машыктыруучумдан сурансам жибербей койду. Бирок биздин оюн саат төрттө, ал эми «Тамашоунун» финалдык оюну алтыда башталмак. Кудай буюруп, машыктыруучум мени биринчи таймдан кийин башка оюнчу менен алмаштырды. Жанымда костюм-шымым бар болчу, чуркап таксиге отуруп анын ичинен кийим алмаштырып, финал мына башталат дегенде кирип бардым. Менде мындай окуялар көп эле болот.
– Кинонун бет ачары болобу же концерт болобу сени көп көрөбүз, мындай жашоо образы өзүӊө жагабы?
– Үйдө отурганды жаман көрөм, кичинемден активдүү жашоо образын сүйчүмүн. Мисалы, шоу-бизнестеги Омар, Урмат Усенов, Эрмек Нурбаев, Улан Барпиев менен өзүбүздүн шеринебиз бар. Спорттогу досторум менен катышам. Акыркы жылдары жылдыздар да футболго кызыгып калышты, аларга машыктыруучу боло коём.
Мени бир гана кечелерден эмес, кайрымдуулук иш-чаралардан деле көрүүгө болот. Негизинен өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуяларды калтырбаганга аракет кылам.
– Жубайыӊ Айжан менен ажырашканыӊды билебиз, ата-энеӊ бул окуяны кандай кабыл алышты?
– Бул окуя менин да, ата-энемдин да жүрөгүн тызылдатып өттү. Бул жолдон эч кимибиз жеӊил өткөн жокпуз. Мага да, Айжанга да, экөөбүздүн ата-энелерибизге да оор болду. Аз убакыт эле сүйлөшүп, ата-энелерибиздин «шашпай тургула» дегенине болбой үйлөнүп алган элек. Жаштык кылып койдук окшойт. Сөздүн ачыгы, мен деле ажырашып кетейин деп үйлөнгөн эмесмин, андай оюм болсо ошондой чоӊ той берип, колун сурап үйлөнмөк белем? Бактылуу болоюн, бала-чакалуу болоюн деген жакшы эле ниеттерим бар болчу. Айжанды жамандагым келбейт, болгону тагдыр экен. Анын ата-энеси жакшы адамдар, ага бакыт гана каалайм. Өз жолун таап кетсе сүйүнөм. Мен да өз бактымды табарыма ишенем.
– Демек, ажырашууӊ турмуштун оор сыноосу болуптур да?
– Жашоону бара-бара түшүнөт экенсиӊ, бул мен үчүн жакшы сабак болду окшойт. Бирок үйлөнүп-ажырашканыма өкүнбөйм, баары өттү-кетти, ал нерсеге кайрылгым келбейт.
Менде турмуштук сыноолор көп эле болгон. 2013-жылы Казакстанга барарым менен боорум ооруп, дарыгерлер «футболду ташташыӊ керек» деп айтышкан. «Жок, мен ойнойм» деп көгөрүп жатып, бир жыл дарыланып калыбыма келдим. Ошол учурларды жашоомдун эӊ оор күндөрү деп айтар элем, анткени спортко ошол бойдон кайтпай калышым мүмкүн эле. Бирок мен кайтып келдим, ушул күндөр үчүн Кудайга рахмат.
Спорттогу ийгиликтерим, учурда тынымсыз эмгектенип жатканымдын баары келечектеги үй-бүлөмдүн пайдубалын түптөө үчүн болгон аракетим. Балдарымдын кем-карчы жок татыктуу жашоосу үчүн бүт шартты түзүп беришим керек. Спорттогу карьерам бүтсө, ишке ашырчу жакшы долбоорлорум бар, аймактарга кооз, инфраструктурасы мыкты стадиондорду кургум келет.
– Учурда жандаган селкиӊ барбы деген суроону бербей кетсем, күйөрман кыздарыӊ таарынып калышат го...
– Бар же жок деп айта албайм. Сүйлөшкөн кызым бар деп койсом элдер үйлөнбөйбү, качан үйлөнөт дей беришет экен.
– Өзүӊ тууралуу түрдүү кептерге кандай реакция кыласыӊ?
– Өзүм жөнүндө кандай кеп айтылбасын жүрөгүм аркылуу өткөрүп, көӊүлүмө жакын кабыл алам. Мени «футбол талаасында катаал ойнойсуӊ» деп айтышат, бирок бул катаалдык оюн талаасында эле. Жашоодо абдан жашыкмын, сезимталмын, үйдө бышактап ыйлап сериал көргөн учурларым болот. Чет өлкөдөгү беттештерде Кыргызстандын гимни жаӊырганда көзүм жашылданып кетет. Латвияда бир жылдай жүрүп Кыргызстанга келгенде апам аэропорттон тосуп алды, ошол күнү кечке кучакташып ыйлаганбыз.
– Маегиӊе чоӊ рахмат, айтылган ойлоруӊ орундалсын!

"Атам отставкадагы милициянын подполковниги, апам учурунда мамлекеттик коопсуздук кызматында иштеген. Азыр экөө теӊ үйдө эс алууда. Алты бир тууганбыз, 2 кыз, 4 эркек. Мен бешинчисимин".

"Кичинемде ата-энем "бутуӊ суу болот" десе болбой, бутума целлофан кийип алып футбол ойночумун".

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Үй-бүлө күтүп, бактылуу болгум келет" дейт Азамат Байматов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
suiuktuujar
2015-06-01 12:07:35
Айжандан кийин чыныгы суйууму эми таптым деп журду элего ал кызы не болуптур же алда Азаматты багатурган кыз эмес бекен.
+1
Bekbolot.ilyazov
2015-06-01 12:24:09
Биз Азамат Байматов менен Оштон чогуу учтук, кызым менен суротко тушурдум,Азамат да жаш баланы жакшы коргонун баамдадым,анткени озунун телефонуна кызымды тартып алды. Азаматка чон бакыт жана ийгилик каламакчымын!!!
0
Aselya_00
2015-06-01 13:32:21
Силерге бироону сындатып эле койсо. "Не осуждай чужое прошлое - ты не знаешь своё будущее."
+3
Pantherka
2015-06-01 13:52:39
Аялы мунун жанында эркекче суйлоптур))))) вот диб....... куткон эмесмин ушинтип айтат деп.мдаа
+1
Patriot...kg
2015-06-01 14:49:43
Силерге сындатып эле койсо
Азамат молодец! алга жана алга!
0
Alfiya
2015-06-01 15:39:03
Эмнелерди суйлогонун билбедим го, бирок мм, аа, анан, ошол деген сыяктуу создору менен тажатып ийет экен, видеосунун башын гана кордум кысылып ток этээр жерин айтпайбы деп. Негизи майда адамдар ушинтип суйлошот, жигит болгон сон жигитче так жооп бер, кыздарча кыйшандабай. Ал эми жеке жашоодо баары болот ал деген турмуш, ни то турсан мушу даяр, ошон учун сабырдуулук менен баарын женуу керек.
+1
Aksy-13
2015-06-01 23:27:37
ачыгын айтсам ушул баланын уйлонот дегенин угуп ичим ачышкандай болгом иий все уже уйлонду деп жашнакай, жагымдуу бала корунот элего эми болсо ойлорум таптакыр озгорду суйуп калбаганыма окуном Айжанга жалко бир жакшына кыздын тагдыры бузулду, бул баланы мындай деп ойлобогом ото эзилген бала экен эгер тагдыр буйруп жолугуп калганымда каяктан да тааныштым деп окунсом керек эле, себеби мындай характердеги балдарга чыдаш кыйын. Эми кийинки турмушуна чыдамдуу кыз таап бактылуу болсун!
-1
rainbow
2015-06-02 18:34:12
такыр мааниси жок интервью бериптир ошон учун, ошон учун башты оорутуп салды:)эркекче кыска нуска суйлобойсунбу?сен эмне аялды сени багыш учун алдын беле? канча убакыт отту деги Айжанды жанын коесунбу? же ал сен айткандай :))турмушка тийип кетсе деле элге жарыялай бересинби? Билишимче Айжан деле жонокой кыз эмес, аял болуп ал жон эле журот а сен болсо 1,5 жылдан бери уже 2 жолу инт берип атасын.сен эгоист бала окшойсун?:) ата энем демекчи ал кызда да ата эне бар ойду тоону суй-й кичине ой-н
+1
Nazmirjaz
2015-06-03 07:51:29
Туура айтасын азыр иштеш керек жолдошундун чонтогун карабай ошондо акчанын кайдан келгенин билесин. мисалы мен иштейм жолдошудан акча суруабайм.
+1
rainbow
2015-06-03 10:57:26
Nazmirjaz,а эгерде инвалид болсончу? же жаны тороп бала менен уйдо отурсанчы? анда кандай кылыш керек ? сендей иштегендер толтура, ар бир аял азыркы заманда акчанын баркын билет болуш керек!куто турса аялы деле бир кесиптин ээси болмокта? эгоизм зашкаливает(
-1
Rasul_Rahmanaliev
2015-06-05 22:20:12
убак сааты келет! Аза капаланба..бактылуу болооруна ишенсен баары болот.
+1
Sadyrov_n93
2015-06-07 23:08:30
Чындыгында эгоисть окшойт,мурунку инт.да да мен,мен дей бергенго,анан да ажырашканын сураса эле Айжан,Айжан эле дей берет.Куноону эч озунон издегиси келбейт.
-1
Jigitronic
2015-06-08 09:05:37
Ажырашса ажырашыптыр да,силер менен ажырашкандай заарыңарды чачасыңар да.Бирөөнүн сүйлөгөнү,баскан турганы,жеке жашоосу менен ишиңер не?Өзүңөр ошончолук эле идеалдуу адамсыңарбы,бирөөгө сын айткыдай.
-1
rainbow
2015-06-12 12:25:49
Jigitronic,озу ошондой эле идеал болсо уй булоосун сактап калбайт беле анда? кайната кайненеси менен кошо айтышпай ? андай куйо баланын эмне кереги бар, кыздын ата энесин сыйлабагандан кийин аялын жыргатабы ? жеке жашоосу дегендей ары жашай бербейби, ага бироо тоскоол кылып атабы, кайра кайра жарыя кыла бербей, кыздын да ата энеси бар аны да кичине ойлонуш керек да чындыкты эч ким билбейт деп эле ойду тоону суйлой бербей!!!теректей бой бергенден коро теменедей акыл берсе болмок ушу балага!!!
0
HAPPY.GIRL
2015-06-09 17:01:15
Эркек деген аялын уйго отургузуп багат,анда куйоого тийип ал акчасы коп аялга))))
+1
Ailo
2016-03-22 15:29:35
Мен биринчи коргондо караап турса аябай тан калганмын мынча сынап карайт деп) Корсо, мени тааныбайбы же озун ошондой корсотуп жатабы деген окшойт)Жакшы аке жакшы кором уй-булоосун да.
0
Azizbek.kg8
2016-08-16 03:23:55
Негизи ойун бир соз менен тушундуро албайт экен .майда соз экен эркек кыска нуска конкретно жооп берип керек,Егайист,окуган кыз караштырып жатам дейтко Эрин чонтогун карабаган аял деп .аял сенкии болгондо кийин аны багып караш сенин мойнунда да
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан