ЕАЭС: МИГРАНТТАР КАНДАЙ ЖЕӉИЛДИКТЕРГЕ ЭЭ БОЛУШАТ?

«Евразия Экономикалык Союзу жөнүндө» келишимдин 26-бөлүмүнө ылайык, ЕАЭСтин аймагында эмгек мигранттарынын жүрүү жана иштөө тартибин кыйла жеӊилдеткен шарттар түзүлөт. Ал шарттар келишим Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армениянын парламенттеринде бекитилген соӊ күчүнө кирет.

КАТТООСУ ЖОК КАНЧА КҮН ЖҮРҮҮГӨ БОЛОТ?
ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн аймагында 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрүүгө уруксат берилет. ID-карт паспорту менен баргандар миграциялык картаны толтурушу кажет. Чет жерлик паспорт менен барса, ал картаны толтурбай койсо деле болот. 30 күндөн ашканда каттоого туруу зарыл. Мыйзамдуу түрдө 90 күнгө чейин жүрө алат. Андан ары эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин түзүү керек. Эмгекчи-мигранттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жүрүү мөөнөтү иш берүүчү менен түзгөн эмгек келишиминин мөөнөтү боюнча аныкталат. Мигрант өлкөгө кирген күндөн 90 күн өткөндөн кийин эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда бузулса, ал 15 күндүн аралыгында жаӊы эмгек келишимин түзүүгө, ошол эле учурда башка иш берүүчү менен мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда эмгек келишимин түзүүгө укуктуу.

ЭМГЕКТЕНҮҮ ҮЧҮН УРУКСАТ АЛУУ ЖОЮЛАТ
Мигранттарды ишке тартуу чектөөнү эске албастан ишке ашырылат жана эмгектенүү үчүн милдеттүү уруксат кагазын албай эле ишке орношууга болот. Патент алуу жана сынак тапшыруу жоюлат. Педагогикалык, юридикалык же медициналык билими тууралуу дипломдордон тышкары, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары тарабынан берилген документтер таанылат. Мугалим, юрист жана медиктерге квалификациясын тастыктоо үчүн кошумча сынак тапшырууга туура келет.

АКЫСЫЗ МЕДИЦИНАЛЫК ТЕЗ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛӨБҮ?
Мигранттар ишке орноштурган мамлекеттин жарандары менен бирдей деӊгээлде профсоюздарга кирүүгө укуктуу. Алардын балдары ишке орноштурган мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, мектепке чейинки мекемелерге барып билим алышат. ЕАЭСке мүчө мамлекеттер мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык тез жардамды өз жарандарына берилчү тартипте жана медициналык камсыздандыруу полисинин бар-жогуна карабастан бекер пайдалануу укугун берет.

«КАРА ТИЗМЕ» МАСЕЛЕСИ КАЧАН ЧЕЧИЛЕТ?
ЕАЭСке мүчө болуу менен «кара тизме» маселеси дароо чечилбейт. Айрым кыргызстандыктарды андан чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат. Маселен, Кыргызстандын жаранынын никеде турган түгөйү Орусиянын жараны же Орусиянын окуу жайында окуган кыргызстандык студент болсо, «кара тизмеден» чыгуу жагы каралат. Депортацияланган жарандар Орусиянын аймагына паспортундагы жеке маалыматтарын өзгөртүү менен кирүүгө аракет жасаса, ал жазаланат.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
Jamalym
2015-06-02 15:17:00
ЕАЭСке кире электе эле биздин паспорттор коншу олконун мигранттарына,атургай бир жолу Россияда жургон Озбекстандык мафиоздордун жанынан кыргыз паспорту чыккан эле.Эми балее болуп дагы сатыла баштабаса эле болду озбек,тажиктерге.Ушул жагын да караш керек бийлик.
+3
joker80
2015-06-02 16:45:49
Мектепке мурда деле окуйт элегл
0
joker80
2015-06-02 16:46:46
Алат мурда деле алган
0
Aksy-13
2015-06-03 10:44:36
ии десе эми озбек тажиктер кыргыз жеринин паспорт алып барат окшойт а россияга
0
Nuranna_93_kg
2015-06-03 12:19:31
Аксы-13 туура айтасыз!Алар Кыргызстандан паспортту "бесплатно" аласын деп мазакташат экен имиш.Уят бирок Уят.Анан кылмыш иши болгон жерден ким экен десе,КРнын жараны деп бизге эле соз тиет!!!
+3
orun
2015-06-03 17:21:07
Nuranna_93_kg,туура айтасыз. 1999-2000-жылдары да Баткенде кыргыз пасспорттору массалык турдо тажиктерге сатылган. Ал убакта Орусияга барып иштоо биздин тушубузго да кирчу эмес. Тажиктер кыргыз пасспорт алып Орусияга кетип жатышыптыр десе ии деп эле койчуу элек. Корсо ошол маалда эле кыргыз жарандарына Орусияда женилдиктер берилген экен.
0
rus9203
2015-06-03 16:11:23
kyiyn boldu kara tizmedegilerge.alardyn maselesini 4e4ip koiuwsa eken ertereek
0
Ayka1994
2015-06-03 17:25:56
Жакшы нерселер каралыптыр мигранттарга бирок ЕАЭОго киргенден кийин Кыргызстаныбызда дагын кымбатчылык башталабы эмне ия . Анда кандай болот кыргыз жерибизде эмгек акы деген томон,пенсия кийинки айга жетпей элдин турмушу кандай болот экен деген койгой кыйнап атат мени
0
ilim07
2015-06-03 18:12:59
Уй булолордун бири орусиянын жараны болсо еаэс кирбесе да чыгарылат жана кыргызстандын жардамысыз эле чыгарып жатышат жон гана фмске арыз менен кайрылса болду мин рубльга жетпеген акча кетет
0
aitysha-91
2015-06-04 14:41:40
Бирок бул айтылгандардын бири да иш жузуно ашырыла элек бирда мигрант бул кызматтарды пайдалана элек баягы баягы койчунун таягы эле боюнча
0
Beerland
2015-06-04 23:04:14
Качан кирет расмий турдо мисалы москвага келген кыргыз жааарандары фмстен кол койбой жатканын билдирди алар жумушка орношо албай же патент алалбай жургондор коп болууда
0
carcanat
2015-06-05 01:13:17
Ботон жерге барып кул боолуунун жолу женилдептирда ото чон иш жасап койгондой маалымдалыптырго... Уят уяалыш керек кайра . Чондор уялышсын биринчи кезекте.
+2
Birimdik5555
2015-06-05 23:58:11
Мектепке окуса болот экен,ата энесинин документтери таза болсо (регистрация,миграционный кар-а)дегендей
0
Birimdik5555
2015-06-06 00:04:24
Аксы-93эгер сиз Россиянын Москва шаарына келсениз баланызды садикке бере албайсыз бул жерде уч жыл мурун кезекке жазылып коюш керек,часныйлар абдан кымбат
0
ms-23
2015-06-07 18:09:35
Саламатсынарбы суперчилер мага тушунуксуз депортатция кандай черный список кандай еко еки башка тушунукту береби алдын ала рахмат
0
Somalimogadishu
2015-06-08 02:57:02
ХХХ уже ушу еаэс кирсе тезирек кирбейби не кылышты билбей калдым документ кылсамбы же ХХХ
0
admin_superstan
2015-06-08 11:26:09
Somalimogadishu, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 8 күн БАН!
0
№ 656, 29-май-4-июнь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан