Артка кылчайсам, апам экөөбүздүн банкаларга куюп сүт саткан күндөрүбүз эске келет. Мен бирге чыкканда атам апам экөөбүздү таштап кетиптир. «Атасы жок арсыз жетим» деп элдикиндей атамдын жоктугуна арданып ыйлаганым менен, чекемден өөп, жанымда көзүмдүн кареги менен тең айланган апам бар. Ал шыпылдап уй саай салып, банкаларга куят, анан экөөбүз жетелешип кыңылдап ырдап алып айылдын борбордук бөлүгүнө жетип барабыз. Апам жолду катар улам бир ырымды кайталап эле ырдата берет. Менин жөндөмүмдү байкаса керек, мен дагы илгиртпей билгендеримди созуп кирем. Жаңы ыр уксам дароо кайрыктарын кулагыма илип алар элем.
Бир күнү кошунам:
– Билесиңби, сенин атаң ырчы,- деп калды. Аны таңыркай карап кимге сүйлөп жатасыз дегендей ишарат кылдым.
– Сага сүйлөп жатам, атаң белгилүү ырчы, апаң экөөңдү сен кичинекей чакта таштап кеткен, апаң айтты беле?- деди. 9-класс болуп, эс тартып калганыма карабай апамдан атам туурасында бир да жолу сураган эмесмин. Сурайын деп оозумду камдап келе жатып апамдын жараатын тырмап аламбы деп балалык кыялым менен аяп турчумун.
– Коюңузчу, чынбы, аты ким?- дедим жалооруй кызыга.
Аңгыча апам кирип калды эле, кошуна эже тигил кишинин аты-жөнүн кулагыма шыбырап чыгып кетти. Мен бөтөлкөсүн оозунан жулдурган жаш балача эле умсунуп, дагы көбүрөөк билгим келип кала бердим. «Эмне отуруп калдың, эсиң оодубу?» деген апамдын сөздөрүн этибарга албай, тигил эженин айтканы кулагыма жаңыра берди. Бирок апамдан батынып сурай албадым. Апаке, эгер атам чын эле ошол киши болсо эмнеге мага мурда айтып койбодуңуз экен. Эч бир сыр берген жок элеңиз го. Анын ырларын мен аябай жакшы көрчүмүн. Ал гана эмес кумир тутуп жүрбөдүм беле.
Апам мага «сен таланттуу, атактуу ырчы болосуң» дей берчү. Атамдын белгилүү ырчы болгонунан улам апам мени ырчы болосуң дей берет окшойт, чын эле тигил ырчы атам го деген шегим барган сайын күчөй берди. Алгач апама айтпастан, кошуна эжеден билгендеринин баарын сурап алдым. Мен кичине кезде үйгө келип жардам берип турчу экен. Кийин эле бизден биротоло кол үзүптүр. Ал киши менен жолугуп сүйлөшүү бактысы буюрса бүтүндөй калайыкка жар салып сүйүнчүлөйм. Мейли ал мени кызым деп кабыл албасын, аны менен сыймыктанам жана кумир тута берем.
Аделя