Өлүкканада сөөктөр менен сүрөткө түшүп, аны интернеттеги баракчаларына жарыялаган студенттер табылды. Бул үрөй учурган окуя өлүкканада ак халат жамынган кыздар сөөктүн жанында туруп түшкөн сүрөттүн интернетке жайылып кетиши менен коштолуп, ал интернет колдонуучуларынын кыжырын кайнаткан болчу.
ИИМдин маалыматы боюнча, 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы борбордук өлүкканага барышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул өлүкканада Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, ИСИТО жана башка медициналык окуу жайлардын студенттери практикалык сабактарды өтүшөт. Милиция кызматкерлери жыйынтыгында интернетке сүрөттү жарыялаган КММАнын даярдоо курсунун 19 жаштагы студент кызы экенин аныктап чыгышты. Териштирүүдө дагы бир ушундай эле окуя ачыкка чыгып, бул сапар дагы КММАнын 1-курсунун 19 жаштагы студент жигити экени билинди. Өлүкканага студенттерге чөнтөк телефондорун алып кирүүгө, сөөктөр менен сүрөткө түшүүгө тыюу салынган. Бирок жогорку эки окуяда тең студенттер мугалимдеринин жоктугунан пайдаланып, сүрөткө түшкөнү аныкталган.
Азыркы тапта бул окуялар боюнча топтолгон материалдар юридикалык баа берүү жана кийинки чараларды көрүү үчүн Бишкек ШИИББинин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.