Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

1876-жылдын 2-январында генерал Скобелев Анжиянды камоолго алды. Шаардын бир жагынан генерал Троицкий, бир жагынан генерал Куропаткин, бир жагынан барондор Витгенштейн менен Меллер-Закомельскийди алып генерал Скобелев өзү каптады. Анжиян алаканга салынгандай көрүнгөн Ак-Чакмактын-Дөңү деп аталган дөңгө генерал Головачёвдун 16 орудиядан турган артиллериясы, ракета станкалары жайгашты. 7-январь күнү таң эрте ок атуу башталды.
Кудум шамалдын ышкырыгындай арттан кыйкырык салып каптап чыккан жапайы атчандарды буктурмага коюлган үч ракета станка, үч замбирек жапырт атып, полковник Машин тосуп алды. Атчандар качса кууп, качырса чегинип ок жете турган аралыктан өткөрбөй жатты.
Буга Исхак түтпөдү. Жаны көзүнө көрүнгөн эр жигиттер ажал бүрккөн ракета станканы, замбиректи кылыч менен, союл менен качырып, жүздөн бири жетип, миңден бири жетип мерт кылып, өзү да мерт болуп жатты. Исхак кош арыктын көпүрөсүнөн өтүп баратканда ракета «шар-р» атылып, заматта кош арыктын суусу асманга атылып, Исхак суунун сапырындысына аралашып жок болду. Бул күнү ал бутун сындырып алды.
– Аттиң ай! Ушул дөңдү сыйпап түшөр белек?! Баарың! Баарың! Дөңгө!
Жапайы атчандар туш-туштан жабылып үч мерте Ак-Чакмактын-Дөңүнө ат коюшту. Үч мерте кызыл тыттай күбүлүп кырылышты. Эртеси таң эрте шаарга чабуул башталып, акыры душман Абдырахман турган дарбазадан жырып кирди. Ал жакшылыктуу каршылык көрсөтө албай, күтпөгөн жерден төрт жүз сыпайын баштап алып сыртка чыгып кетти. Сарбаздар, сыпайлар, караламан кара келтек эл «Йа Алла!», «Йа Алла!» деп бир кылка, бир тегиз, муңдуу, өчтүү зикир чалышып, жандан кечип кармашып жатышты. Күүгүм киргенде Бекназар алсыраган колунун баш-аягын жыйнап, каршылыкты токтотуп, 20 миң кишиси набыт болуп, канга бөлөнгөн, түтүнгө ууккан Анжияндан Асакеге чегинди. Скобелев Анжиян шаарын ээледи. 100 миң дилде өлчөмүндө контрибуция салды.
Бүткүл Орусиянын императору Александр II Анжиянды алганын угуп фон Кауфмандын эркине жеңилгендердин эсебинен офицерлерди сыйлаш үчүн алтын баасы менен 88 611 сом ыйгарды. «Кудай берип, экспедициянын иши мындан ары да ушундай эле көп кан төгүүсүз бүтсө экен» деп куттуктады.
Көп өтпөй Анжияндан сегиз чакырым аралыктагы Инди-кышлакта Абдырахман генерал Скобелев менен жолугуп, кара башынын амандыгын, туугандарынын тынччылыгын көздөп багынып берди.
Өтө кыйын мезгилде Абдырахмандын курал таштаганы Исхактын бөйрөгүн эңшерип кетти. Жалгыз кетсе мейли эле?! Аны ээрчип жыйырма бек, бектерди ээрчип түмөн-түмөн кол кетти, тайпа-тайпа эл кетти. Көтөрүлгөн элдин өзөгү бузулду.
Эч кимге сыр айтпай шашылыш Маргалаңга келди Исхак. Иреңи мисирейип, жаак териси карышып, өз каарына өзү уугуп келди. Сая түшүп алган генерал Скобелев Маргалаңга жүрүш кылды. Орто кылымдын ылай дубалы замбиректин огунан калкалай албады. Исхак кырк ашуун кытайча замбирегин жүктөтүп, калган беш миң колу менен Маргалаңдан сыртка чыкты. Ортого дагы «эмне кылуу керек?» деген суроо ташталды. Исхак тунжурайт. Бир жагынан кар кысып, бир жагынан куралы күчтүү Искөбүл паша кысып, чабуул кылууга да, чегинүүгө да жер тарыды. Эмне кылуу керек? Акыры акыл үчкө бөлүндү.
Абдылла бек:
– Таксыр, баарыбыз көрүп турабыз ки, кашкөйлүк кылып кармаша берсек, колдун акыркы уюткусун кырдырып алабыз. Элдин жүрөгү өлөт. Ошон үчүн ойлонуп турбай Ош багытына чегинип, андан ары тоо таянып кетишибиз зарыл. Коопсуз кыштап, кол жыйнап, Кудай ал кулум десе, келерки жазда кирген суу менен кошо күүлдөп, түзгө кайра агып кирбейбизби?!
Кайнатасы Музаффар-шаа:
– Иншалла, бектин сөзүндө калет жок. Бирак Ош-бува багыты, Алай, Өзгөн, Көгарт тоолору жакын. Өз эл, журт качан да болсо алаканда кү?!. Каратегин багытына жүрсөк куп болобу дейм? Менин бир тууганым Райим эси жоктук кылып өзүмчө болом деп Кокондон бөлүп отурбайбы. Ушул гана бек айбат беш миң бахадур менен шау-у деп кирип барсак, үрөйү учуп, өзү тосуп чыгат. Жакшы жер кайран Каратегин! Байманасы ташыган жер! Кыштай жакшы тыныгып, жазда бекзаада айткандай, кирген дарыя менен кошо күүлдөп, бир Каратегиндин өзүнөн жыйырма миң кошуун алып, Фаргана каптап түшсөк жаманбы?!

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 661, 3-июль-9-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан