Айгерим Расул кызы: «ТӨРӨТҮМӨ ЭЧ КИМДИ КАТЫШТЫРГАН ЖОКМУН»

Былтыр 31-августта концерт-той менен турмуш жолуна аттанган Айгерим Расул кызы 2-июлда кыздуу болду. Ырчыны жолдошу Азамат лимузин менен төрөт үйүнөн чыгарып кетти. Эне болуу бакытына элжиреп турган Айгерим менен азыноолак маектештик:

– Айгерим, эне болушуң менен куттуктайбыз! Кандай сезимдер болуп жатат?
– Рахмат, эне болуу бактысын буюрган Кудайга миң мертебе шүгүр. Сезимдерди сөз менен жеткире албайм го. Дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын десем болот.

– Төрөт учурунда жубайлар бирин-бири колдоп чогуу болушу керек дешет...
– Ай-күнүм жакындаганда жолдошум «ошол жактан төрөп, апаңдын, доктурдун көзөмөлүндө бол» деп Бишкекке жиберген. Өзү жумушуна байланыштуу Ошто болчу. Толгоом башталганда эле апам төрөт үйүнө алып келди. Кыйналганымды көрүп жүрөгү оорубасын деп апамды чыгарып жибердим. Кызым 4 килограмм 200 грамм салмакта болсо да төрөтүм жеңил өттү.

– Кызың кимге окшош, атын ким деп койдуңар?
– Кызым атасынын эле көчүрмөсү. Атын болсо чоң атасы Ханбийке деп койду. Чоң атасы менен чоң энеси бизди төрөт үйүнөн чыгарарда жумуштарына байланыштуу келе алышпады. Кайнеже, абысындарым менен жолдошум барып чыгарып келди. Эми кыркыбыз чыккычакты бул жакта болобуз, таенеси батыраак торолсун деп күнүгө жуунтуп жатат. «Кызың торолуп, өзүң тыңып калганда кыркыңарды чыгарып, конушуңарга жеткирип берем» дейт.

 -Бала багуу кыйын эмес бекен?
– Билбейм, азыр мага баары түшүмдөгүдөй болуп жатат. Төрөгөндө энелик мээрим ойгонуп, автоматтык түрдө эле баарына даяр болуп калдым. Кызымдын жалаягын которуп, эмизип, бала жытына мас болуп турам. Үйдө «мен көтөрөм, мен алам» деп баарыбыз талашып жатабыз. Кызым кичине кыймылдаса, көзүн ачып койсо эле жүрөгүм элжиреп болбой калам.

– Эмнеге талгак болдуң, фигурам бузулат деп чочулаган жоксуңбу?
– Көп деле талгак болгон жокмун, "шоро" ичким эле келе берчү. Ал эми фигурам бузулат деп эч корккон жокмун. Болгону баламдын ден соолугу чың болуп төрөлсө экен деп тиледим. Ошондуктан балага витамин болот деп организмим каалаган нерсени жеп жаттым. Бирок кызым тың, балбан болчудай болуп төрөлдү.

– Маегиңе рахмат! Ханбийкенин өмүрү узун болсун.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эксклюзив: Айгерим Расул кызы эне болду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
AFRODITA-89
2015-07-14 17:20:01
Ханбийкенин омуру узун ден соолугу чын кыздардан болсун! Айгерим аябай толуп кетиптир шишик окшойт уйлоп койгондойго бирок кыз торогондо семирет менда семирип арыктай албай журом, озу да токтоо, созду орду менен суйлогон кыз негизгиси аябай сулуу! Азамат Айгерим Ханбийке баарынарга жакшылык каалайм!
+1
anar-87
2015-07-15 23:20:53
ар бир кыз киши эне болуу бактысы кандай соонун ээ, кызындын омуруу узуун денсоолугу чын болсун, кыргыздын керегине жараган кыздардан болушуна тилектешпиз
0
kg_egizder
2015-07-16 08:28:24
Мынча ХХХ ХХХ
+1
admin_media
2015-07-16 11:46:41
kg_egizder, - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
0
sultan.kyzy
2015-07-16 09:33:01
Оо машаАлла,атына заты жарашкан кыздардан болсун.Айгеша убагы келсе арыктап аласын,эч ойлонбо коралбастан тантырай берет.
0
aiziko_1997
2015-07-16 14:59:37
Эне болуу кандай сонун ээ
+1
azimova90
2015-07-16 15:50:04
Бешик боонор Бек болсун омуру узуун акыл эстуу кыздардан болсун ар дайым уйунордо наристе уну жанырып турсун чексиз бактылуулукту каалаймын.
+1
Baratali0706
2015-07-16 16:49:36
Конечно биринчиден кызыга ден-соолук каалайбыз,омуру узун болсун. Анан дагы Садыбакасованын сол жагында турган подрушкасы аябай жакты,тим эле морожнадай кылып жалай турган кыз экен.
0
Izdeim_seni.
2015-07-17 09:34:04
Илгери биздин апалар эч кимди катыштырбай эле торошчу,стресс мстресси жок эле. Эмкилер эле обу жоктонушуп куйоосун жанына алып алышат,кошо торой тургансып. Биротоле кайнене,кайнатасын деле алып албайбы! Айгерим,туура кылдын эч кимди кошбой. Толуп кетипсин дегендерге конул бурба,кызын эмизгенде арыктайсын. Нан,булочкаларды азырак жеп,жер жемиш,эт,жумурткаларга басым кыл.
+1
Gulya141091
2015-07-18 02:45:34
Эне болуу кандай бакыт бакыт таалайлуу кыз болсун
+1
Nurluujan16
2015-07-19 04:19:10
Аял затынын эң чоң бактысы эне болуу!!! Куттуктайм Айгерим!!!
+1
Nuranna_93_kg
2015-07-19 20:36:48
Айгерим куттуктайм эне болушун мн!Ханбийкенин омуру узун,бешенеси жарык болсун ылайым.
+1
jeyloo
2015-07-19 21:19:36
Торотуно эч кимди катыштырбаса молодец эркек турбайбы...эми ушундай нерселер да жанылык бы.шоу кылыштын кажети жок эле.бардык эле энелер ушинтип торойт. Айгерим уч эгизди торосо макала кылып жазса болмок.
-1
dina_08_80
2015-07-20 08:57:09
Бешик боонор бек болсун!!! Ханбийкенин омуру узуун болсун,келечеги Кен болсун,уй булоонорго бакыт каалайм!!!
+1
admin_superstan
2015-07-20 10:46:33
Ajar., сын-пикирлер тиешелүү даректерге жөнөтүлүшү керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Aikyn93, 5 күн БАН! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө болбойт!
0
Kanymgul
2015-08-11 00:32:00
Омуру узун болсун
0
№ 662, 10-июль-16-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан