Омар «тергөө иштери аяктаганча эч жакка чыгып кетпейм»деген тил кат менен үй камагына бошотулду. Анын эртеси эле интернет айдыңына Омар жана Нуржанбек Токтогуловдун (ырчы менен чогуу айыпталып жаткан досу) сүйлөшүп жаткан видеосу тарады. Ал видеодон Омар Нуржанга «качпай, алган карызыңды кайтарып бер, мени ортого салып уят кылганы турасың!» деген кептерди айтып жатканын угууга болот. Бул жолу, тилекке каршы, ырчы менен ызы-чуу жараткан ушул окуя тууралуу маектештик.
– Омар, кандайсың, ден соолугуң жакшыбы?
– Рахмат, Кудайга шүгүр, жакшы.
– Өзүңдүн оозуңдан угалычы, Нуржан Токтогулов менен кайдан таанышсың?
– Атам Таластын Бакай-Ата районундагы Ынтымак деген айылынан болот. Нуржан дагы ошол жактан. Мен Бишкекте туулуп-өскөнүм менен, айылда атамдын инисинин классташтары менен жакшы мамиледемин. Нуржан дал ошол атамдын инисинин классташы. Төө буурчакты сатып алган түрктөрдүн ишканасында тааныштарым бар эле, айылдаштарымдын айрымдарын ал жакка жумушка киргизгем. Алардын арасында Нуржан да бар.
– «Нуржан менен жабырлануучунун тууганчылык жайы бар» дешүүдө. Эки туугандын ызы-чуусуна кайдан аралашып калдың?
– Нуржан менен жабырлануучу Болот Бейшеналиев таяке-жээн экен. Өткөн жылы 2-июлда жээни таякесинен төө буурчак алып сатып, акчаны өзүнө коротуп салыптыр, карызынан кутулам десе аба ырайы начар болуп, буурчактар кар астында калып калган. Таякеси «акчаны бер» дегенде, декабрда Нуржан мага чалып, «экөөбүз айылдашпыз, таякемден төө буурчак алып,ал акчага сарай алгам. Сарайды саттым, акчасын бир айдын ичинде казактар беришет. Ошондо берет деп таякемден мен үчүн суранып койчу» деди. Болот байке телефон чалганынан жакшылык кылайын деп «таяке-жээн экенсиздер, күтө турбайсызбы, иниңиз акчаңызды берет» десем, «Омар, сен бул акчаны алдың беле?» деди, «жок»десем, «анда сага чыгармачылык ийгилик, ишиңди кыла бер» деп койгон.
– Ошондо азыр ким калп айтууда?
– Андан көп өтпөй Нуржан «Бишкекке келдим, таякем экөөбүздү чакырып жатат» деп калды. «Ал пенсиядагы подполковник, келип апамды уруп кетти, өлтүрөм деп жатат, түшүндүрүп айтчы, сени угат» деп аябай суранды. Чындыгында, Нуржан үчүн дагы бир жолу сурандым. Көрсө, ал сарай албаптыр, мени жөн эле колдонуп кетиптир. Анысы аз келгенсип Умрага атам экөөбүз барабыз деп топтогон 5 миң долларымды «визаң даяр болгучакты берем»деп сураганынан берген элем. Аны да убагында бербеди. Умрага жалгыз барып келдим. Кийин акчамды алыш үчүн шаардагы үйүнө барсам апасы ыйлап, «Болот мага кол көтөрдү, «балаңды өлтүрүп кетем» деп жатат. Омар, бизге акчалай жардам кылчы»дегенинен, «апа, силер мага 5 миң доллар карызсыңар. Сиздин көз жашыңыз үчүн күзгө чейин күтө турайын» дегем. «Мейли, балам, рахмат» деп айткан. Эми тескерисинче мени айыптап жатат.
– Сага жөн эле жалаа жаап жатышат го?
– Мени жөн жерден эле аралаштырып коюшту. Мага чалып «Омар, буурчакты сен үчүн берип жатам» деген эмес. Нуржан кача баштаганда жазга маал Болот Бейшеналиев мага чалып «жолугалы» деди. Жээнинен акчаны ала албай «Омар, сен келип сурангансың, мен тигил баланын үйүнө барсам, итинен башка эч нерсеси жок экен. Мен акчаны сенден алам» деп айтып кирди. «Байке, эмнеге менден аласыз, сиз төө буурчакты кимге бердиңиз эле, эмнеге мени бул ишке аралаштырып жатасыздар?» деп уруша кеттик. Милицияга арыз жазайын десем, айылдаш байкелерим чалып «туугандар ич ара чечишип алабыз деп жатышат» дегенинен кайрылган эмесмин.
– Сени алгач «күбө болуп бер» деп алып кетишкен турбайбы?
– Сотко арыз жазып, мага чакыруу жиберишкен жок. Концертте ырдап бүткөндөн кийин «сен күбө катары көрсөтмө бер, жарым саатта бошотобуз» деп алып барып камап салды. Эртеси эле сот болуп, «1 айга камакка алынсын» деген чечим чыгарып коюшту.
– Жээнинен өндүрө албаган акчаны сенден өндүрөйүн дептир да?
– Нуржанды коркутушуп, «ишти Омарга оодар, биз сот аркылуу акчаны өндүрүп алабыз» дешкен окшойт. Нуржанга «Омар экөөбүз Болот деген кишини атайын алдайлы деген максатта төө буурчакты алып кеткенбиз» деген көрсөтмө бердирип, жарандык ишти кылмыш ишине, алдамчылыкка которуп салышты. Бирок төө буурчакты ал кишинин колунан мен эмес, Нуржан жүктөп кеткени далил эмеспи. Болот мырза сөзгө чечен, калпты чындай сүйлөгөн киши экен, «адал эмгек менен тапкан акчамды Омар жеп койду» дейт. Ал кишиге акчаны кимден болсо да өндүрүп алыш керек болуп жатат окшойт.
– Соттун чечими боюнча Таластан чыкпашың керек да, ээ?
– Бир ай Таластан чыкпайм, тергөөчүнүн уруксаты менен зарыл учурда Бишкекке бара алам. Ал чакырган учурда дароо барышым керек. Таласта жүрөктү текшере турган аппарат жок. Ошого «Бишкекке барып текшерүүдөн өтүп келели» деген арыз жаздым, алар макулдугун беришти. Мен ачыкка чыгаргым келчү эмес, жүрөгүм ооругандыктан кардиология бөлүмүндө каттоодо турам. Февралда эле дарыланып чыккан болчумун. Адилетсиздиктен улам эмоцияга алдырып күч келди окшойт, түн ичинде жүрөгүм кармап ооруканага түшүп калдым. Мен го мейли, апамдын да жүрөгү оорулуу, аны ойлоп жатам.
– Сен үй камагына чыккандан кийин интернетке Нуржан менен сүйлөшүп жаткандагы видео тарады. Бул видеону эмнеге сотто далил кылбадыңар?
– Нуржан качып жүргөндө «Болот байке аны сотко бергени жатыптыр» деп угуп калгам. Ошондо Нуржан мага чалган, жанымда менеджерим Миргүл Эсеналиева бар эле. «Микуся, менин сүйлөшкөнүмдү тартып коёлу, качып жүрсө сатып кетип жүрбөсүн» деп жүрөк сезгендей тартып алган экенбиз. Ал эми кеч таркатылганы – тергөө иштери бүтүп, шаардан ноутбук алынып келгичекти ушул убакыт болду. Ызаланып , ыйлагым келет. Ойлосоңор, акча үчүн кашыктап чогулткан аброюмду эл алдында төкмөк белем? Менин айдап жүргөн унаам 20 миң доллар турат. Аны сатып болсо да кутулмакмын. Ырчылар «1000 доллардан чогултуп берели» дешти. Мен эч нерсени албасам эмнеге төлөшүм керек? Адилеттүүлүк болсун деп көгөрүп жатам.
– Бул иштен өзүңө кандай сабак алдың?
– Жакшылыгың жонуңа бычак болуп сайылышы мүмкүн экенин түшүндүм. Ден соолугума доо кетип калды, муну тагдырыма жазылган буйрук деп билем. Бул сыноодо менин чыныгы досторум ким, туугандарымдын кимиси мага күйөрү билинди. Мен дайыма интервьюларымда «маданият кызматкери коомдун күзгүсү. Элди жакшы жакка тарбиялап, жаштарга үлгү болуш керек» дечүмүн. Эми мындан кийин кандай маек берем, билбейм. Коомчулукта кандай ой-пикирлер болуп жатат, аны айта албайм.
Мадымаров Орозбек, Омардын жактоочусу: «ОМАРДЫН КОЛУНА КИШЕН САЛЫП, КАМАП МЫЙЗАМДЫ БУЗУШКАН»
– Омар учурда Талас облустук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Тергөө иштери аяктаганча облустун аймагынан чыкпайт. Биздин чогултуп жаткан материалдардын жыйынтыгы боюнча Омарда күнөө жок. Анткени жабырлануучу төө буурчакты Омарга эмес, Нуржанбек Токтогуловго бергем деп жатат. Омарга төө буурчак берилгендиги тууралуу эч кандай далил жок, алды деген тил кат да, күбө да жок. Негизи, Нуржандын үстүнөн апрель айында иш козголгон экен. Анан жок жерден эле 27-июлда Омардын колуна кишен салынып, камалып, мыйзам бузулуп жатпайбы. Эгерде сотко чакырганда келбей койсо, качып жүрсө, анда ушундай жолго барса болот эле.
Замира Рахманбердиева
koom@super.kg