Күйөөсүнөн токмок жеп, зордук-зомбулукка кабылган Айзада Мырзалиева Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунан Бишкекке качып келген. Айтымында, азыр барарга жери жок, үч баласы менен туугандарынын үйүндө турат. Ал 2 баласын үйүнө таштап, ашкананын терезесин сындырып качып чыккан. «Эми мени трактор менен сүйрөтүп алып кетсе да, күйөөмө кайтпайм» деп боздойт 27 жаштагы келин.
«ҮЙГӨ ЗААРА КЫЛЫП, ЗАӉДАЙБЫЗ»
– Сегиз жылдан бери көзүмдөн көк кетпей, запкы жеп келем. Мага «ата-эне, бир туугандарыӊ алып кетпей эмне кылып жүрүштү?», «милиция кызматкерлерине эмнеге кайрылган жоксуӊ?», «качып кетпейт белеӊ, кантип эле ушундай болсун?» деген суроолорду жаадырышыӊыз мүмкүн. Бирок менде андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал мени, кайненемди, балдарды, баарыбызды камап кетчү. Элестетиӊиз, дааратканага барбайбыз. Үйгө чоӊ алюминий бидон коюп коёт. Ошого заара кылып, заӊдап туруп оозун бекитип коёбуз. Кечинде келип өзү төгөт.
Борбордогу тигүү цехтеринин биринде иштеп жүрүп, Ак-Талаанын Тоголок Молдо айылынан бир кыз менен таанышып калдым. Ал мага «менин аябай жоош, колунан баары келген, үйлөнө элек агам бар. Аны менен таанышып көрсөӊ, балким, мамилеӊер келишип калса, мага жеӊе болуп каларсыӊ» деп көп айтчу. Бир күнү мени агасы менен тааныштырды. Ал менден 10 жаш улуу экен. Экөөбүз үч айдай сүйлөшүп, 2008-жылы баш коштук.
Башында анын терс кыял-жоругун байкаган деле эмесмин. Ур-токмогу 3 айдан кийин башталды. Мага колу тийип, сабап, көчөдөгү көрүнгөн кишилерден кызганып, көк талпактай эле ийледи. Бара-бара бул нерсе адатка айланды. Жөн эле сабап койбойт да. Бир туугандарыма, тукум-уругума, ата-энеме бүт асылат. Ар бирине ат коюп алган, улуу эжемди «чанач», дагы бирин башкача атайт. Ага өзүнөн башка билимдүү, акылдуу адам жоктой сезилет. Мени болсо такыр эле сойкуга чыгарып койгон. Бул адаттарынын баарына кызганычты шылтоолочу. Же мен эле бир айыл аралап басып, көрүнгөн короодо, көрүнгөн аял менен ушакташкан жан болсомчу?!
«АЙ-КҮНҮМӨ ЖЕТИП ТУРСАМ ДА ТЕПКИ ЖЕЧҮМҮН»
– Ортодо 5 балабыз бар, улуусу 7де, эӊ кичүүсүнө 1 жаш 1 ай болду. Үйдө эле жатсаӊ, эч кайда чыкпасаӊ, тууган-уруктун өлүм-житим, той-топурунан эчак чыгып бүткөм. Анан аял болгондон кийин бойго бүтөт экен. «Сактан, ден соолугуӊду кара, өзүӊдү ая» деген апам менен такыр байланыш үзүлгөн. Өз канынан жаралган балдарды «ар кимисин ар башкадан тууп келдиӊ» деп мени сабап, анысы аз келгенсип чиедей балдарга да колу тиет.
Улуу балам төрөлөрдө ай-күнүмө жетип турганымда аймактык дарыгер «биринчи төрөтүӊ экен, райондун борборуна барып көзөмөлдө болуп тур» деп Баетов айылына жиберди. Барсам врач «али төрөтүӊ жакындай элек экен» деп кайра үйгө жөнөттү. Келерим менен «кайда жүрдүӊ темселеп, кимдер менен жатып келдиӊ?» деп тепкилеп кирди. Караӊгыда көчөгө чачтан сүйрөп алып чыгып, белге тепти. Көзүмдөн от чагылышып, катуу чаӊырып жибердим. Ошондон баштап таӊ аткыча кан кетти. Эртеӊ менен коӊшу эже келип, «ооруканага бар, бул нерсе абдан коркунучтуу» дегенинен эптеп райондун борборуна жеттим. Толгоом күч болуп, жаным көзүмө көрүнүп кыйналганымда облустан врач чакыртышты. Ары барып, бери келип жатып акыры көз жардым. Врачтар баланын моюну кайрылып, башы кыйшайып келип калган дешти. Буга кошумча баламдын башында шишик бар экен. Ыйлаганда көпкөк болуп эрип калчу. Анысы чоӊойгондо гана калды.
«АЛ МЕНИ ЗОРДУКТАЙТ»
– Башында аябай иччү. Бизди камап коюп жоголуп кетет. Сыртымдан бекитип, улуу балам менен кызымды короого калтырып, «кайтарып тургула» деп койчу. Байкуштар ысыкта кечке ачка, суусап эшиктин алдында жүрүшөт. Малга бергенсип жанына бир көмөч нан, анан чакага суу коюп койчу. Терезелерди сыртынан мыктап, пардаларды да дубалга кагып салган. Кечинде ичип келет да, кайра жаӊжал чыгарып, балдарды чилче таратып кубалайт. Мени жалгыз алып калып тепкилеп кирет. Ал мени кыйнагандан ырахат алчу. Кийинчерээк ичпей эле сопсоо туруп сабап калды. Төрөттөн кийин 40 күн жыныстык катнашка барбаш керек экенин баары билет. Ал менин мындай абалымда да жөн койгон жок. Мени зордуктачу. «Болбойт, түшүнчү!» десем, «анда башка жактарыӊа» деп болгон жериме зордоп, кыйначу, түшүнүп жатасыз да (ыйлап). Бир күнү желим бөтөлкө тыгам деп кыйнады...
Мен булардын баарын эч кимге айта алчу эмесмин. Турмушка чыкканы телефон колдонбодум. Апама өзүнүн телефону менен чалып, үнүн катуу чыгарып коёт. Мурда мас болуп жатып калган күндөрүндө бир нече ирет терезеден качып чыгып, өз айылыма, Кош-Дөбөгө баргам. Ошондо апам бирин-экин чатактарыбызды билип калган эле. Бир ирет телефон менен сүйлөшүп жатканда апамдын «күйөөӊ тепкилеген жокпу?» дегенин угуп калып, кайра баса калып сабап кирди. Ал «үй-бүлөлүк маселелерди сыртка эмнеге чыгарасыӊ? Бул нерсе нормалдуу көрүнүш. Аялды ушинтип тепкилеп туруш керек» дейт.
«АКЫРЫ КАЧЫП КЕТТИМ»
– Өзү мергенчиликке, балык уулоого, башка жактарга эс алууга кетет. Менде мынча эмне өчү бар экенине түшүнбөйм. Угушумча, мени алганга чейин күйөөм айылдагы бир келин менен мамиле түзүптүр. Анысы бүт айылга билинип, тиги келин күйөөсү менен ажырашып, муну да таштап кетип калыптыр. Мени балким, ошол келинге салыштырып, «бул деле ар ким менен жүрөт» деп ойлойбу, түшүнүксүз. Чыдамым жетер чегине жетти окшойт, качып кетүүнү ойлодум. Бир жума балдардын кийим-кечесин камдап, даярданып жүрдүм. Күйөөм талаага чөп чабыкка кеткенде 5-6 жаштагы эки кызымды жана 1 жаштагы уулумду алып, ашкананын терезесин талкалап качып чыктым. Ыйлай-сыктай 7 жана 3 жаштагы эки уулумду кайненеме таштадым.
Эми аны мыйзамдын негизинде жазалатууга бүт жанымды үрөйм. Балдарымды багам, эки баламды да соттун жардамы менен колума алсам дейм. Трактор менен сүйрөтүп барса да, эми күйөөмө кайтпайм.
Айзада Мырзалиеванын арыз-муӊу, айтып отурган тагдыры кинолордо эле болуп, жашоодо ишене алгыстай туюлат. Биз анын жолдошуна байланыштык. Телефонду алып, өзүн Айзаданын кайын сиӊдиси болом деп тааныштырган кыз «байкем жок эле, жеӊем экөөнүн жашоосу тууралуу эч нерсе дей албайм, өзү келгенде силер менен байланышат» деген жооп менен чектелди.
Окуя тууралуу бир нече кризистик борборлорго жана ИИМге кабарладык. Кийин кайра кайрылып ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Улан Рыспековдон жооп алдык. Анын билдиргенине караганда, Ак-Талаа РИИБинин кызматкерлери жабырлануучунун күйөөсүн издеп үйүнө барып, аны таппай коюшкан. Жабырлануучуга милиция кызматкерлери Ак-Талаа РИИБине барып арыз жазышы жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүсү керек экендигин түшүндүрүштү. Нарын ОИИБинин башчысы бул боюнча атайын жыйын уюштуруп, ал эми Мырзалиеванын коопсуздугун Ак-Талаа РИИБинин кызматкерлери камсыздамак болушту.
6 АЙДА 1822 АДАМ ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАН
ИИМ билдирген маалыматка таянсак, 2015-жылдын акыркы 6 айынын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып арыз жазгандардын саны 1822ге жеткен. Анын ичинен физикалык зомбулукка 1276, психикалык зомбулукка 541 жана сексуалдык зомбулукка 5 адам кабылган. Булардын ичинен зомбулук көрсөткөн адамдардын 96 пайызын эркектер түзөт.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg