Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Ормоюп, томсоруп отуруп укту тилмечти майор Ионов.
– Мейли, эми...- деди бир убакта майор, – бул талаптарыӊыздын баарын, датка айым, өтө кадырлуу генерал Скобелевге айтып баралы, чечмелейли болушунча. Өзүӊүз айткандай, «не жаратат, не жаратпайт» укук алардыкы. Орундуу делинип калса, урматтуу датка айым, өзүм кайра келем. Сиздин аманчылыгыӊызга өзүм кепил болом.
– Куп жакшы,- деди Курманжан, – «эр жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн» дейт биздин эл!
Кетеринде «куру чыкпаӊ» деп майор Ионовго карышкыр ичик жабышты.
Дагы бир ак сакалчан көйкөлгөн көк чамбыл илбирс ичикти Шабданга жаап, төбөсү кызыл, кайруву кере карыш кундуз бөрк кийгизди.
– Мырза,- деди Курманжан ага, – бу кийит бокчодо жаткан дүнүйөдөн эмес, датка агаӊдын бир-эки жолу ийинине салган кийими. Не дагы бир жетилген уулу, не жамыга төбөсү көрүнгөн тууганы киер дегенбиз...
Жамынган тонду эч качан кийип жөнөбөгөн, же өзү колтуктап чыгып көнбөгөн, алдына жамы жабдыгы менен ат тартылса чылбырын колуна кармап менчиктебеген, жигиттер ала жүргөн тонду, жетеленген жасалгалуу атты жардам тиленип алдынан чыккан бечарага ким экенин сурабай туруп кийгизип, мингизип, бечараны кубантып коюп кете берген жоомарт Шабдандын көӊүлүн «датка агаӊыздын кийими» деген гана сөз тартты белем, ыраазылык билдирип койду.
Көӊүлү жакшы аттанды Ионов төрө. А Шабдан кыйла бушайман. Бу шарт кабыл алынабы? Же жеӊип желиккен паша Искөбүл айлаӊ болсо жортуп көр кылып мукуратабы? Бу дымактуу датка жүз үйрүйт анда. Нары бир күнчөлүк жолдогу жети шаар жакка кабарлашышка мажбурланышы ыктымал.
Ош...
Кеӊ короонун ортосуна көк нооту жабылган узун стол, жанында эки гана орундук көрүнөт. Эшиктен төргө чейин эки капшытка парад мундирчен ардак кароол тизилген.
Тээ коргон оозунан аӊгыча сары бээ минген ак элечек зайыптын сөөлөтү көрүндү. Эки жагынан саал арттараак эки атчан коштоп, кабагы суз, бет алдын мелтиреп тиктеген
боюнча, аваз кылган көпчүлүктүн көз алдында төрдү көздөй келе берди.
Жай жайкала басып чыга келди генерал да.
– Келиӊиз, келиӊиз, аттан түшүӊүз, өтүнөбүз, урматтуу датка айым!
Түшүүгө эптенбей, түшпөйм да дебей Курманжан бир аз ыӊгайсыз абалда токтоло калды да, ошол бээ үстүндө турган бойдон белиндеги кооз кындуу кыӊыракты чече баштады.
Бул эмне каадасы?! Элтейип тиктеп калды генерал.
Бир аз аралашып, адат баамдай калган майор Ионов стол үстүндө мөмө салынып турган күмүш табакты мөмөсүн көмкөрө төгө коюп Курманжандын алдына тосо берди.
Курманжан кыӊырагын кармаган бойдон генерал Скобелевди мелтиреп тиктеп, токтоло калды.
– Урматы улугум, муну сиз өзүӊүз кабыл алууӊузду каалап турат окшойт...- деди тилмеч.
Күмүш табакты генерал колуна алары замат Курманжан кыӊырагын секин табакка койду да, чач учтугунан бир байлоо ачкычтарды алып табакка шылдырт дедире акырын
таштады.
– Тилмеч мырза, айтыӊ ыкыбалдуу төрөгө, не абалда болгонубуз менен биз өлкө эгеси, үй энеси эмеспизби, айтыӊ, биз өз үйүбүздө тосуп алгандай бололу. Көп алыс эмес, мына бу Мады кыштагында, ошол жерде өз төрүбүздө жай көӊүл менен бүтсүн калган сөз.
Жүйөгө муюду генерал.
– Мейли, урматтуу датка айым, сиз айткандай болсун.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Adik01219
2015-08-31 10:00:24
Ой качан бутоот
0
ernis_07
2015-09-01 00:15:55
Канча окусан да кайра-кайра окугун келе берет бул чыгарманы
0
№ 669, 28-август-3-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан