Кыргыз киносу келечектен көптү үмүттөндүргөн актрисалардан уучу кур эмес. Жараткан образдарына караганда жеке жашоосу аркылуу эл оозунда талкууга алынып жаткан жаш актриса Нуриза Бурханова бүгүн биздин маек төрдө.
АКТРИСА ТУУРАЛУУ:
– Саламатсыңбы, Нуриза? Актриса катары калктын калың катмарына жаңыдан гана тааныла баштадың, өзүң тууралуу кеп козгоп кетпейсиңби?
– Саламатчылык! Үй-бүлөдө 2 бир туугандын кенжесимин. 1 агам бар. Кичинекей кезимде эле үй-бүлөбүз менен борборго көчүп келген экенбиз. Балалыгым Бишкек шаарында өттү. Борбор калаадагы Абдылда Каниметов атындагы №1-гимназияда 9-класска чейин окудум. Мактаныч эмес, окуучу кезимде тың болчумун. Класста староста болуп, мектепти жалаң «5» деген баалар менен аяктагам.
– Жакшы окуган кыздын илим менен кетпей чыгармачылык жолду тандап алуусуна эмне түрткү болду?
– 8-класста окуп жүргөнүмдө сиздердин гезитиңиздерден «Жамал Сейдакматова таланттуу улан-кыздарды кабыл алат» деген жарыяны окуп калдым. Театрга кастингге катышканы барсам Жамал эже мени көрүп, «Сен азыр кичинекейсиң. Чоңой, мектепти бүткөндөн кийин кел, ошондо алам» деп койду. Мен болсо «бул жакта сөзсүз окушум керек, актриса болгум келет» деп көгөрүп ыйлап туруп алсам, акыры окууга алды. Ошентип «Туңгуч» театрынан чыгармачылыктын чыйыр жолуна түштүм. Алгач «Кетпечи, Бугу эне» аттуу спектаклде башкы ролду ойноп, көптөгөн ийгиликтерге жеттим.
Мисалга, 2010-жылы Кытайда өткөн эл аралык фестивалда аталган спектакль менен Гран-прини утуп алганбыз. Биздин улуттук кийимдерибизге 14 мамлекеттен келген катышуучулар суктанып, уюштуруучулар да бизди жактырып кийинки жылы да катышуубузду сунушташкан. Ошол эле жылы жогорудагы ролум үчүн мага Маданият министрлиги «Жылдын мыкты дебюту» деген диплом ыйгарды.
2011-жылы «Сүйүү жазы» деген спектаклде баш каармандын ролун ойноп, анда да Кытайдан баш байгени утуп келдик. Андан кийинки жылы болсо кыргыз бийин бийлеп катыштык. Кийин Жамал эже мени мактап жүрдү.
– Сени депутат Турсунбай Бакир уулунун мурунку жубайы катары билебиз. «Туңгучту» таштап, турмушка чыгып кеткениңди устатың кандай кабыл алды?
– Албетте, нааразы болду. «Сен алыска кетчү кызсың. Жолуңда ийгиликтер күтүп турат. Көптөгөн спектакль, тасмаларда жакшы ролдорду жаратмаксың. Турмушка чыгуу азырынча эрте» деп каршы чыккан эле.
– Ата-энең, туугандарың улгайган «күйөө балалуу» болорун укканда эмне дешти?
– Алар да алгач угушканда караманча каршы чыгышты. Өзгөчө апам каршы болгон. Бирок ар бир адамдын маңдайына жазылганы бар да. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, биз ойлогондой эч качан болбойт экен. Жараткан бешенеңе эмнени жазса, ошону көрөсүң. «Жаштык – мастык» демекчи, ал кезде жаш болчумун. Ар бир эле адам жашоосунда ката кетирет деп ойлойм. Ошол кезде социалдык тармактар аябай өнүгүп калбады беле. Экөөбүз интернет аркылуу таанышып калганбыз. Ал кезде билбейм, балким, аны аябай сүйүп калгандырмын...
– Жаш, чырайлуу кызга ашык болуп, артыңдан чуркаган жаш жигиттер ошол кезде жок беле?
– Өзүмдү сулуу деп эсептебейм. Күзгүдөн өзүмдү карап «менин эмнем сулуу?» деп келбетимден кемчиликтерди издей берем. Ашык болгон жигиттер, күйөрмандарым көп эле болчу. Ал кезде алардын эч кимисин деле сүйчү эмесмин.
– Эл оозунда жолдошуң менен ажырашканың тууралуу имиштер айтылып жүрөт. Чын-төгүнүн өз оозуңдан уксак...
– Ооба, ажырашканыбызга 1 жылдын жүзү болуп калды. Бирок эмне себептен экендиги эки адамдын ортосунда калганы жакшы. Экөөбүз сый мамилени сактап калдык. Мен аны жаман деп айтпайм, кандай болгон күндө да ал балдарымдын атасы. Учурда балдарына каралашып турат.
– Сен тууралуу "өзүнөн улуу адамга материалдык кызыкчылыктарды көздөп турмушка чыккан. Күйөөсү ага үй, машина сатып берди" дегендер бар?
– Үй, машинаны мага эмес, балдарынын келечеги үчүн сатып берди.
– Улуу кызың төрөлгөндө интернеттеги жеке баракчаңа «кызым, мурда сен жок кантип жашап жүрдүм экен?» деп жазып чыгып, эне болгонуңду сүйүнчүлөгөн элең. Балалуу болгон соң жашоого болгон көз карашың өзгөрдүбү?
– Эне болуу бактысын сөз менен жеткире албасам керек. Жаңы төрөгөндө «мен ушуну кантип төрөдүм?» деп өзүмө ишене алган эмесмин. Кызым Ясинага азыр 2 жаш 3 ай болду. Тили эми чыгып «кытайча» сүйлөп жаткан чагы. Ал эми уулум Айтемирге 1 жаш 2 ай болду. Анын тили кызымдыкына караганда эрте чыгат окшойт, азыртадан эле чулдурап сүйлөп баштады. Мурда көп нерсени этибарга албаган секелек кыз болсом, азыр эне болуп балдарымдын келечегин, аларга татыктуу тарбия берип чоңойтууну ойлоп калдым.
– «Балалуу болгондон кийин ата-энеңдин кадырын билесиң» деп коюшат. Силерди апаң жалгыз бой чоңойтконун кулагым чалып калды эле.
– Өзүм эне болгондон кийин апамдын кадырын мурдагыдан да жакшы түшүнүп калдым. Негизи кыздардын арасында курбу деген болбойт экен. Алардын арасында дайыма көрө албастык, атаандашуу болот. А менин эң жакын курбум, кеңешчим – апам. Дайыма мага колдоо көрсөтүп турат. Бир нерсе жасаарда, керек болсо кийим аларда да апамдан кеңеш сурайм. Ата-энем 3 жашымда ажырашып кетишкен экен. Экөөнүн ажырашканына атамды да, апамды да күнөөлөй албайм. Агам экөөбүздү апам эч нерседен кем кылбай жалгыз чоңойтту. Атамды болсо көрө элекмин, ошондуктан ага болгон сезимдерим өчүп калган. Ата деп айтышка да оозум барбайт.
– Тасма талаасына кантип келип калдың эле?
– «Туңгучта» жүргөндө «Кумурскага каршы калем», «Кызыл көйнөкчөн» аттуу 2 тасмага кастинг өтүп жатканын угуп барып, экөөнө тең баш каармандын ролуна өтүп кеткем. "Кызыл көйнөкчөн" коркунучтуу тасма болгондуктан көбүнчө түн ортосунда тартылды.
Бир эпизодду тартарда талаага мени жалгыз таштап, тартуучу топтун бардыгы кетип калышты. Түн ортосунда ээн талаада жалгыз отурам, айланамды карасам баары караңгы. Бир маалда бакалардын чардаганын угуп коркуп кетип, образымды унутуп калдым. Ыйлаш керек болчу, көзүмдөн жаш чыгара албай койдум. Анан терс каарманды аткарган байкеге келип «мени жаакка чабыңыз» дедим. Ал биринчи чапканда ыйламак тургай, тескерисинче, күлүп жибердим. Тиги байке кайра экинчи жолу катуу чаап жиберди эле ошондо ыйлагам. Киного ошентип келип калгам.
Жакында эле «Жол» аттуу тасмада баш каармандын образын жараттым. Көпчүлүк «Бул кыз киного кантип тартылып жатат? Депутат күйөөсү демөөрчү болуп жаткан го» деп ар кандай кептерди айтышыптыр. Кинолорго эл катары эле кастингден өтүп тартылып жүрөм.
– Бир учурда хиджаб кийип жүрүп, кайра чечип салганыңды азыр көпчүлүк талкуулоодо. Аны чечишиңе эмне түрткү болду?
– Ар бир адам өзүнүн жашоосун өзү билет. Негизи Кудайга жүрөгүң менен ишенсең болду. Өзүм Кудайга ишенем, намаз окуйм. Жоолук менен жүрсөң көп жерден бут тосуулар болот экен. Жумушка да орношууга кыйын болду. Тасмаларга да тартыла албай калат экенсиң. Акыры киного кайтып келүү үчүн хиджабды чечтим.
– Маек куруп бергениңе рахмат!
Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg