Казакстандык Сабина Алтынбекова учурдагы эң таанымал волейболчу кыз. Ал өткөн жылы болгон волейбол боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда көзгө илинип, сулуулугу менен интернет жылдызына айланган.
Аты-жөнү – Алтынбекова Сабина Абаевна
Жашы – 18
Улуту – Казак
Волейбол боюнча Казакстан курамасынын оюнчусу.
ЖОМОКТУН БАШТАЛЫШЫ
Былтыр Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн мелдеште Казакстан курама командасы жетинчи орунду гана камсыздаган. Бирок өзүнүн курамындагы спортчу, 17 жаштагы Сабина Алтынбекова жергиликтүү калктын сүймөнчүгүнө айланып, атагы чыга келет. Таң калтырганы – Сабина негизги курамдын оюнчусу эмес эле. Кадимки окуучу кыз, анча чоң эмес шаардын жашоочусу. Мектепте окуп, спорт менен машыгат. Азия чемпиондугуна катышкан спортчу көз ачып-жумганча жылдызга айланып, аталган мелдештин эң сулуу спортчусуна айланат. Мындай окуя жомокто гана эмес, жашоодо да болору дагы бир ирет тастыкталгандай.
БИРИНЧИ ОРУНДА ВОЛЕЙБОЛ
Сабина Казакстандын Актөбө шаарында туулуп-өскөн. Атасы лыжа спорту менен алектенсе, апасы волейбол менен машыккан. Мектепти Алматы шаарынан аяктап, учурда жогорку окуу жайдын биринде дене тарбия факультетинде билим алат.
«Алгач атасы экөөбүз кызыбыздын волейбол ойношуна каршы элек, бирок өжөрлүгү менен ушул деңгээлге жетип отурат. 18 жаштагы Сабинанын салмагы 59 килограммды түзүп, бою 182 сантиметр. Бутунун узундугу 124 сантиметр. Бул моделдик бизнес үчүн керектүү көрсөткүчтөр, андыктан моделдик агенттиктерден күн сайын сунуштар түшөт. Бирок кызым спортту биринчи орунга коюп, Казакстан волейболуна салымын кошкусу келет»,- деп билдирет апасы Нурипа.
АНИМЕ ЖҮЗҮ
Сабина 16 жашынан тарта «Алматиночка» командасында ойноп, Казакстандын жаштар курама командасына чакырылат. Ал Азия чемпиондугундагы алгачкы оюндан тарта жергиликтүү журналисттердин «курмандыгына» кабылып, сүрөттөрү интернет желесине жайылат. Буга казак спортчусунун япондордун анимесиндеги жүздөргө абдан окшоштугу күйөрмандардын кызыгуусун жараткан. Аниме белгилүү болгондой, Чыгыш Азияда өтө популярдуу.
«Сабинанын интернет жылдызга айланышы анын спортто ийгиликке жетишине терс таасирин тийгизет. Азия чемпиондугунда күйөрмандар толук курамды эмес, Алтынбекованы гана колдоп жатышты»,- дейт Казакстан курамасынын машыктыруучусу Нурлан Садиков. Чындыгында, ар бир оюнда Сабина топко аралашкан сайын аны кызуу колдоп, кол чабуулар угулуп турган.
«Алгач анча деле маани берген эмесмин. Бирок жергиликтүү тургундардын өзүнүн улуттук курамын эмес, Казакстанды алдыга сүрөшү таң калычтуу болду. Мен жөнөкөй казак кызымын. Мынчалык атактуу болуп кетерим түшүмө да кирген эмес»,- деп өз ою менен бөлүшөт Азиянын эң сулуу спортчусу.
ЭҢ СУЛУУ СПОРТЧУ
Сабина аталган мелдештен кайткан соң Казакстанда да белгилүү боло баштаган. Социалдык түйүндөрдө #LoveSabinaItynbekova хэштеги менен ага сүйүүсүн арнашса, Instagram баракчасына 300 миң, Twitter`ге 30 миң жана Facebook баракчасына 250 миң күйөрманы жазылууга жетишкен. Ошондой эле бир канча интернет-порталдар «Эң сулуу казак спортчусу» наамын ыйгарууга жетишишкен. Мындан тышкары Азиянын бир канча беделдүү фирмалары жарнамага тартылуу сунушун киргизишсе, моделдик агенттиктер чакыруусун токтотушкан эмес. Бирок жөнөкөйлүгү менен айырмаланган Сабина өзүн спорттон гана көрөрүн билдирген.
Спортчу быйылкы жылдан тарта команда которуп, эми Япониянын командасына кошулду. «Атактуулуктун терс жактары эми көзгө даана байкалып, тажатып жиберди. Тажрыйба топтоо үчүн чет өлкөгө чыгуум туура чечим болот»,- деп айтат спортчу.
Адилет Керимбек улуу
sport@super.kg