Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МИГРАНТ, ЖҮГҮӉ ЖЕӉИЛДЕДИБИ?

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж


Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда Евразиялык экономикалык союзга толук кандуу мүчө болгон. Бул уюмга Кыргызстандан башка Орусия, Беларусь, Казакстан жана Армения мүчө. Бул өлкөлөрдүн ортосундагы келишимге ылайык ЕАЭСтин аймагында эмгек мигранттарынын жүрүү жана иштөө тартиби тууралуу бир топ жеӊилдиктер каралган эле. Бүгүнкү күндө ал келишим жүзөгө аштыбы же кагаз бетинде гана калдыбы байкап көрөлү деп чечтик.

ЕАЭСке КИРЕР АЛДЫНДАГЫ УБАДАЛАР
ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн жарандары бири-биринин өлкөсүнө барганда 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрүүгө уруксат берилет. 30 күндөн ашканда каттоого туруу зарыл. Мыйзамдуу түрдө 90 күнгө чейин жүрө алышат, андан ары эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин түзүү керек. Мигранттар эмгектенүү үчүн уруксат кагазын албастан ишке орношо алышат.

Педагогикалык, юридикалык жана медициналык билими тууралуу дипломдордон тышкаркы Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары тарабынан берилген документтер таанылат. Ал эми мугалим, юрист жана медиктерге квалификациясын тастыктоо үчүн кошумча сынак тапшырууга туура келет.

Мигранттардын өздөрү менен чогуу жашаган балдары ишке орноштурган мамлекеттин мыйзамына ылайык мектепке чейинки мекемелерге барууга, билим алууга шарт түзүлөт.

Пенсиядан башка социалдык камсыз кылуулар көрсөтүлөт. Жалпы эмгек стажы эсептелет.

Мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык «Тез жардам» кызматын өз жарандарына берилчү тартипте жана медициналык камсыздандыруунун бар-жогуна карабастан бекер пайдалануу укугун берет.

Орусияда «кара тизме» көйгөйлөрү жеӊилдетилет (мисалы, мигранттын жубайы өзү иштеп жаткан өлкөнүн жараны болсо, анда ал жана анын балдары, ошондой эле эреже бузуунун жеӊил түрү менен «кара тизмеге» киргендер да тизмеден чыгарылат).


МИГРАНТТАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Жогорудагы убадалар канчалык деӊгээлде ишке ашканын же ашпаганын мигранттардын өз оозунан угалы деп ЕАЭСтин мүчөсү болгон өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерибиздин айрымдарына кайрылдык.

«КӨЙГӨЙЛӨР АЗАЙДЫ»
Жолдубай Мамашарипов,
Орусия, Москва шаары :
– Орусияда 10 жылдан бери ар кандай жумуштарда иштедим, учурда спорт клубда машыктыруучумун. Мурункуга салыштырмалуу мигранттардын көйгөйлөрү азайды. Мисалы, ишке кирүү кыйынчылык туудурбайт жана полиция кызматкерлеринин, жергиликтүү калктын кыргыз жарандарына болгон мамилеси өзгөрө баштады. Мурдагыдай патент алуу, орус тилинен сынак тапшыруу деген жок. Мектептерге жана жогорку окуу жайларына окуу бир аз жеӊилдеди. Жакында Москванын «Киргизия» кинотеатрынын алдында кыргыз ишкерлери үчүн атайын жай берилип жарманке болуп өттү. Анда кыргыз ишкерлери өзүнүн продукцияларын сатууга кеӊири укук алышты. Бирок «кара тизме» деген балакети күчөдү. Айлыктар көтөрүлгөн жок, азык-түлүк да кымбаттап жатат.

«ӨЗГӨРҮҮ ЖОК»
Улан Чойтонбаев, Казакстан, Алматы шаары:
– 8 жылдан бери Алматы шаарында соода кылам. «ЕАЭСке кирдик» деген аты эле болбосо иш жүзүндө эч кандай өзгөрүү жок. Казакстанда иштеп жүрүп «кара тизмеге» кирип калгандар чыга элек, Орусияда иштегендер четинен чыгып жатат. Каттоодо турбай 30 күн жүрүүгө уруксат берилиш керек эле, бирок мурункудай 5 күндүк бойдон турат. Полиция кызматкерлери каттоого турганыӊды, эмгек келишимин текшерүүдө.
Келишим түзүлгөн соӊ Кыргызстандын тиешелүү кызматкерлери анда көрсөтүлгөн шарттардын аткарылышын Казакстандын бийлигинен талап кылышы зарыл. Дагы бир маселе ЕАЭСке киргенче биздин өлкө заманбап лаборатория салышы керек эле. Анысы курулбай, биздин эт менен сүт экспортко чыкпай турат. Андыктан Кыргызстанда мал арзан. Жемиштер Казакстанга сатылып жатат, бирок баасында айырма аз болгондуктан соодагерлерге пайдасы деле аз бойдон калууда.

«ЧЕК АРАДАН ӨТӨ АЛБАЙ АРТКА КАЙТТЫМ»
Мекендештерибиздин арасында ЕАЭСтин мүчөсү болгон соӊ өздөрүнүн «кара тизмеден» чыгарынан үмүт кылгандар көп.Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусиянын аймагына кирүүгө 3 жылга тыюу салынып, анын 1,5 жылы өткөн 16 миӊ кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө уруксат берилгенин билдирген эле.
Федералдык миграциялык кызматынын (ФМК) маалыматы боюнча Орусияда миграциялык мыйзамды бузуп иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын саны 200 миӊ адамга жакын. «Кара тизмеге» кирген кыргызстандыктардын саны 80 миӊ кишиге жетет. Адам өзүнүн тизмеде бар-жок экенин ФМКнын сайтынан текшерүүгө болот. Бирок бул жакта да көйгөйлөр жаралып жаткандыгын мекендешибиз Рысбек Абдыразаков билдирди:
– Үй-бүлөм менен 15 жылдан ашуун Орусияда жашап, иштеп жүрдүм. 2 ирет метродон документтеримдин кээ бир жерлери туура эмес болуп полиция кызматкерлерине кармалып айып пул төлөп кутулгам. Бир жарым жыл мурун үй-бүлөм менен Кыргызстанга келгем. Кайра кетели десек, келинчегим экөөбүз теӊ «кара тизмеге» кирип калыптырбыз. Келинчегим аты-жөнүн алмаштырып, башка паспорт алып кайра кетти. Мен биздин бийликтер убада бергенинен «кара тизмеден» чыгышымды күтүп жаткам. ФМКнын сайтынан карап бир ай мурун чыкканымды билдим. Ош шаарындагы аэропортко барып «ФМКнын сайтын текшердим. Силер Орусиянын чек ара кызматынан «кара тизмеден» чыккан-чыкпаганымды билип бере аласыӊарбы?» десем, «бизде алардын так маалыматы жок» деп коюшкан. Анан балам Москвада окучу эле, аны алып жеӊил унаам менен Орусияга барайын деп жолго чыккам. Тилекке каршы, Орусияга кирерде чек ара кызматкерлери «сиз «кара тизмеде» экенсиз. 8 айдан кийин чыгасыз» деп киргизбей коюшту. Айла жок кайра артка кайттым. Тиешелүү кызматтардын жеткиликтүү маалымат бербегенинен жөн жерден чыгаша болдум. 6 миӊ чакырым жол жүрүп бензинге акча кетти. Аялым кош бойлуу болчу, мен Орусияга бара албай калгандыктан, ал кайра келиши керек болуп жатат.

«БОЛГОНУ БАЖЫ ТОСКООЛДУКТАРЫ АЛЫНДЫ»
Андан соӊ Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөл башкармалыгынын башчысы Бакыт Жылтыровдон мигранттын көйгөйлөрүнө жооп алдык:
– ЕАЭСке киргенде бажы тоскоолдуктары гана алынды. Көпчүлүк карапайым адамдар чек аралар да ачылат деген жаӊылыш ойдо экен. Мурда кандай болсо ошондой эле документтер, унаалар текшерилет. Мындан тышкары азыр товарлардын агымын аныктоо үчүн жүктөрдүн ээлери талон толтуруп жатышат. Бул болгону 5-10 мүнөт убакытты талап кылат. Биз аны салык органдарына жиберебиз.
«Кара тизмеден» чыгып, бирок чек ара кызматынын тизмесинен өчүрүлө элек фактылар көп. Мунун себеби Орусиянын аймагы чоӊ болгондуктан ФМКнын жиберген маалыматын чек ара кызматындагылардын базасына жеткирүү үчүн болжол менен 1 жарым айдай убакыт сарпталып жатат.
Кыргызстан ЕАЭСке кирер алдындагы берилген убадалардын айрымдары эмне себептен дале иш жүзүнө ашпай жаткандыгын билүү максатында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине байланышканыбызда алар жооп берүүдөн баш тартышты.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН

  • Кыргыз жарандары ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн ичинен көбүнчө Орусия жана Казакстанга иш издеп барышат. Учурда Орусияда расмий түрдө 520 миӊге чукул, Казакстанда 80 миӊдей мекендештерибиз иштеп жүрүшөт.
  • Миграциялык мыйзамдарды бузган Кыргызстандын жарандарына ушул жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгууга жана кайра кирүүгө уруксат берилген. Бул «мунапысты» 30 миӊ мекендешибиз гана колдонуп, «кара тизмеден» чыгууга үлгүрүшкөн. Бул жылы Орусиядагы мекендештерибиздин Кыргызстанга акча которуусу өткөн жылга салыштырмалуу 28 пайызга төмөндөдү.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(51)
09.11.2015. 09:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-02-2015
Соӊку аракети:
16-11-2015 06:09
Жынысы:
Белгисиз
+1
аэропортон кайтканыбыз жаман болтат черный список деп
10.11.2015. 20:08 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
27-07-2017 13:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атбашы
0
Adel2015,
Мен дагы аэропорттон кайттым , аябай өкүнүчтүү болду.
09.11.2015. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
15-07-2015
Соӊку аракети:
14-07-2017 23:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
Менин да укам чер.списоктон коп жерден текшертсе жок деп чыгып сентябрда Москвага учуп кетти эле. Москвага жетип аэропорттон кайра 3 кундон кийин департ болуп келди
09.11.2015. 12:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
01-01-2016 04:33
Жынысы:
Белгисиз
0
1чи ноябрга чейин эмес чексиз болуп озгортулдуго.
09.11.2015. 12:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
216
Катталган:
08-12-2014
Соӊку аракети:
05-01-2017 19:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Успешный леди !
+1
Оба иш жузуно ашкан жок кагаз бетинде эле турат . Текшеруу абдан кучоп жатат жаны жылга дери катту текшеруу журудо. Кыргызстандын диплому менен ишке кирет дегени менен Россияда албай жатат гражданство сурайт РФ эч кире албай койдум.
09.11.2015. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
216
Катталган:
08-12-2014
Соӊку аракети:
05-01-2017 19:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Успешный леди !
+2
Эл кыйналгандан кыйналып жатат Россиядан болок эл кайсыл жака барып иштешет, кыйынчылыкта болсо да кун коруп келе жататышат. Кыргызстан да же иш оорун жокболсо,айлык акы аз, Россия га келгенден бери элдер иштеп кичине болсода элдин жашоосу онолду жетишпестик турмуш азайды. Мамлекетибиз жок дегенде ушул мигранттардын койгоюн акырына чейин чечип берсе жакшы болот эле.
09.11.2015. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
30-10-2013
Соӊку аракети:
12-06-2018 20:58
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кара тизмеге кирип калуу коркунучундагылар кирип чыкса болот 1-ноябрга чейин деген маалымат Чын жалганын билбедим.
2014 жай айында женем келип быйыл 2015 сентябрда кетип кайра келейин десе кара тизмеге кирип калыптыр, документтери жакшы, эч кандай штраф албаган болчу.
Кызыгы 3 жылдан бери чыкпай жургон досум барып келди
10.11.2015. 20:09 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
27-07-2017 13:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атбашы
0
zz2013zz,лотерея сыяктуу. Менде да штраф болгон эмес эле. Бир жолу документими текшеришкен эле.
09.11.2015. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
273
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
03-03-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен айткандай эле болду го . Бизди жон эле алдап коюшту жаш баладай кылып. Орустарга кошулуп жыргадым деген мамлекетти коро элекмин.
09.11.2015. 15:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-11-2015
Соӊку аракети:
09-11-2015 15:56
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми медицинский справка талап кылып жатабайбы.
09.11.2015. 16:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
22-07-2012
Соӊку аракети:
26-09-2018 21:28
Жынысы:
Белгисиз
+3
короче таможенный союз фантастика.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: