27 ЖАШТАГЫ ЭНЕЛЕРДЕН АКЫЛДУУ, ТАЛАНТТУУ БАЛДАР ТӨРӨЛӨТ

Кайсы жашта төрөө туура? Карьера жасап, жашоо-тиричиликти оӊдоп алгандан кийинби же кулундай туйлап турган ойноок кездеби? Жаш курак курсактагы баланын ден соолугуна кандай таасирин тийгизет? Гинекологдор жана окумуштуулар бул жаатта изилдөө жүргүзүшүп, ар кандай курактагы төрөттүн оӊ жана терс жактарын аныктап чыгышкан. Анда сиз да маалымдар болуӊуз.

ЭСКЕ ТУТ!
Аял балалуу болууга даяр экендигин шарттоочу факторлор:

 Психологиялык жактан даярдык
 Физиологиялык жактан даярдык
 Материалдык жактан даярдык
 Ден соолугунун абалы
 Баланы багып, тарбиялоого көп убакыт бөлүүгө даярдык.

Аял аталгандардын баарына даяр болсо, кош бойлуулугу жана төрөт жакшы өтүп, баласын жакшы бага алат. Эгер жарым-жартылай даяр болсо, анда кыйынчылыктар күтүлөт.

16-20 ЖАШКА ЧЕЙИН
Жаш организм күчкө толуп турган кез. Курсактагы балага терс таасирин тийгизүүчү өнөкөт оорулар жарала элек. Баласы өзү менен кошо чоӊоюп калат. Ушул куракта эркек балдардын төрөлүүсүнө эӊ көп мүмкүнчүлүк бар.

Кыздардын жыныстык органдары өсүп жетиле элек болушу мүмкүн. Жамбаштары абдан кууш болсо, операция жолу менен төрөөгө туура келет. Жатындын булчуӊ катмарлары өсүп жетилбеген жана организминде прогестерон гормону талаптагыдай болбогон кыз-келиндердин бойдон түшүүсү көп болушу мүмкүн. 16-17 жаштагылардын төрөт учурунда жатыны айрылуу (жарылуу) коркунучу бар.
Пландалбаган кош бойлуулукта ичин жашырып, ичтеги бала да, өзү да азап чегет. Болочок эне материалдык жактан көз каранды болсо, анда акча тартыштыгынан кыйналат. Өтө жаш төрөгөндөр өзү али бала болгон соӊ баласын талаптагыдай карап-бага албай, көп оорутушат. Стресстерге жана төрөткө чейинки депрессияларга чалдыгуудан айрымдардын балдары кекеч туулушу ыктымал. Окуусунан жана карьера жасоодон өксүйт.

20-30 ЖАШКА ЧЕЙИН
Бойдо болтурууга жана төрөөгө идеалдуу курак. Организм өсүп-жетилген жана бекем. Төрөттөн кийин бат калыпка келет. Психологиялык даярдык да жакшы. Андыктан кош бойлуу кезде жана төрөттөн кийин коюлуучу талаптарды жакшы аткарат. Төрөттөн соӊ өзүн жана баласын карап-бага алат, жумуш табуу кыйын эмес. Материалдык абалы да канча бир деӊгээлде турукташкан.
Изилдөөлөр 20-27 жашка чейинки энелерден кийин мыкты спортчу болууга мүмкүнчүлүгү бар денеси чымыр, ал эми 27-35 жаш курактагылардан таланттуу, дени сак, акылдуу, ал тургай гений балдар көбүрөөк төрөлөрүн көрсөткөн.

30 жашка жакындаганда организмде өнөкөт оорулардын саны өсө баштайт. Ошол себептен керектүү анализдерди көбүрөөк тапшырууга туура келет.
Эгер аял 25 жашка чейин өзүн окууга жана карьерага арнаган болсо, анда аларды жарты жолго таштай албай, балалуу болууну кийинкиге жылдырат.

30-40 ЖАШКА ЧЕЙИН
Аял үй-бүлө күтүүгө жана балалуу болууга өтө жооптуу карап калган кез. Врачтардын көрсөтмөлөрүн убагында аткарат. Материалдык базасы камдуу жана эртеӊки күнүнө ишенимдүү. Бала багып тарбиялоо жаатында тажрыйбага бай. Өзүнүн жана баласынын ден соолугуна кам көрө алат.

Организминде эстроген гормонунун деӊгээли азаят. Бул гормондун бойго бүтүүгө жана жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, боордун иштешине да тиешеси бар. Андыктан бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү азаят. Аялдын колу-буту шишип, заарасында белок чыга башташы мүмкүн. Булар операция жолу менен төрөөгө же баланын ичтен өлүп калуусуна дейре жеткириши ыктымал. 35 жаштан кийин балдардын тукум куучулук оорулар менен ооруп төрөлүү коркунучу жаралат.

40 ЖАШТАН КИЙИН
Буга чейин төрөп жүргөн болсо, энелик милдетти 5 колундай билет. Наристесинин ар тараптан өнүгүшүнө кам көрөт. Балдары ымыркайды карап-багууга жардамдашат. Кеч кош бойлуулук климаксты артка жылдырат.

Дени сак бала төрөө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок курсактагы баланын тукум куучулук оорулар жана Даун синдрому (психикалык оору) менен төрөлүп калуу коркунучу да өсөт. Ушул себептүү бойго болгуча жана төрөгөнгө чейин врачтардан кеӊеш алып, көзөмөлдө болуусу шарт. Ден соолук, энергия жаш кездегидей болбогондуктан жардамдашар адам болбосо, баланы өз алдынча багуу кыйын. Бала чоӊойгон сайын аны материалдык жактан камсыздоо оорлошу ыктымал.

СОӊКУ СӨЗ ОРДУНА ЖЕ ЭӉ ИДЕАЛДУУ КУРАК КАЙСЫ?
Гинеколог жана окумуштуулар изилдөөлөрүнөн төрөп, бала багып-тарбиялоого эӊ ыӊгайлуу курак 20-35 жаш деген жыйынтык чыгарышкан. Бирок ата-эне чын дилинен кааласа, балалуу болууга 17 жаш да, 45 жаш да кеч эмес. Анткени жашоодо баладан ашкан бакыт жок эмеспи.
Дагы айтып кетчү нерсе, генийлер атасынын жашына карап да төрөлөт дешет. Ал боюнча кийинчерээк сөз кылабыз.

Кызыктуу
КАЙСЫ ГЕНИЙДИ АПАСЫ КАНЧА ЖАШЫНДА ТӨРӨГӨН?
Владимир Ульяновду (Ленин) апасы 35 жашында, Карл Марксты 31, Уильям Шекспирди 27, Фридрих Шиллерди 27, Альберт Эйнштейнди 21, Исаак Ньютонду 19, Константин Циолковскийди 25 жашында жарыкка алып келишкен.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Төрөт үчүн эң идеалдуу курак кайсы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
aqua.94mema
2015-12-02 17:23:34
Мени 27 жашында тороптур ..тан калыштуусу менде андай таланттар жок .
0
Ulanbek82
2015-12-02 22:57:49
Канча жашта торосо да шартына карайтта эмнени эксен ошону аласын
+2
lapochka96
2015-12-03 03:14:55
Мен анда 27 де торойм
-1
Ledi89
2015-12-03 17:49:30
Ар кимге балалуу бактысы насип кылсын, айрыкча суранып,тиленип каалагандарга бала берекор. Бей куно балдар ата-энесиз калбасын. Ким канча жашта торосода ар тараптуу жакшы болуп торолсун. Мендагы жакында 2 чи наристемди чыдамсыздык менен кутуп жатам. Суперге рахмат.
+1
AlbertEnshtein
2015-12-04 05:35:55
Мен 23 то торогом. Врач эн сонун курак деп айткан. 18-19 дагы пацанкалардын торогонун анча туура деп эсептебейм. Жок дегенде жогорку билимди алып анан торош керек. Кичине кругозор ду кенейтип, жашоонун ысык суугун коруп дегендей. Ошондо туура тарбия бересин балага. А то жаштар оздору жаш бала да, анан чыдамдары жете беришпейт. Мен лично дагы эрте тородум деп ойлойм. Карьераны бир жанысыл кылып, уй жай алып анан торош керек, бала менен сандырактавай.
+1
jikitai
2015-12-04 09:09:55
Апам бизди удаа торогон 1982,1983,1984 ал кезде ден соолуктары чын болчу,экология,тамак -аш таза болчу.Азыр мындай жакын торосон балдарга витамин жетпей ,озун бсо нерв болуп кыйналасын.
+1
jikitai
2015-12-04 09:17:42
Озум бсо биринчисин 22 жашымда торогом,ал уулум жоош баео,2син 29 жашымда тородум.Ал бсо откур,тентек,тайманбас.Демек мен ойлоп калдым баланын мунозу эненин жашынан да коз каранды. Мен улуусун которгондо озум да баео болчумун.Азыр бсо ак караны ажыратып калдым.Экинчи уулум 2ге чыкты ,жаны эле суттон чыкты.3суно буйруса жайындан баштап аракет кылабыз,азыр ден соолукту карап атабыз.
0
aika2015
2015-12-04 12:32:42
мени апам 20 жашында торогон,кичинемде коп ооруптурмун,анан баланын муносу энеге коз каранды эмес го...
0
Shef87
2015-12-05 16:28:53
Иий адамдар!
0
Shef87
2015-12-05 16:30:59
Мээси кайыгандар коп экен да
0
FSB
2015-12-05 23:06:20
Bolbogon kep
0
NASIKA96
2015-12-06 14:04:34
Кайсы жашта болсода арбир эне эсен Аман коз жарсын.
+1
aizirek...
2015-12-07 00:55:34
19 жашымда апа болуп калмакмын даа. Кудайым кийинкисин берээрин унутпасын...
0
Gulshan_kf
2016-02-22 11:17:59
Мени 34 жашында торогон апам
0
Atyrgul84
2016-03-20 08:05:37
Менин уч балам бар, ортончу уулумду 27 жашымда торогом.Чынында ото акылдуу, озгочолонуп турат.кобунчо тан калычтуу суроолорду берип оозубузду ачырат.Уйдо бир нерсеге чондордой саресеп салып турат.ырга бийге ото шыктуу. Шоу бизнестеги ырчылардын стилин ырларын сынга алат.
0
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан