МАЛИКА МЕНЕН АЗАТ ТОЮНДА БИЙДИН САЗАЙЫН БЕРИШТИ

21-декабрда Бишкекте Динара Акулова эрке кызы Маликаны эл көзүндө расмий түрдө күйөөсү Азатка тапшырды. Бул күнү жубайлар наристеси Айгүндүн да бешик тоюн беришип, элдин батасын алышты.

Блиц-маек
– Малика, тууруӊ туруктуу, кызыӊардын бешик боосу бекем болсун! Эне деген статуска ээ болуу кандай экен?
– Рахмат, ар бир аялзаты үчүн эне болуу чоӊ бакыт болушу керек. «Балам, балалуу болгондо билесиӊ» дегендей, мен да бул сезимде чексиз балкып турам.
– Жолдошуӊду тааныштыра кетсеӊ...
– Жолдошум Азат 24 жашта, учурда КУУда 5-курста окуйт. Жөнөкөй, адамгерчиликтүү, шайыр, адамдар менен бат тил табышкан боорукер жигит. Ушул сапаттарынан улам жолдошумду жактыргам.
– Динара эже, кепти сиз уласаӊыз. Бир эмес, 3 жакшылыкты бириктирип той өткөрүп жатасыздар. Тойго канча убакыт даярдандыӊыздар?
– Чынын айтсам, тойго аз эле убакыт даярдандык. Себеби башында бешик той эле өткөрөлү дегенбиз, бирок жаштар Жаӊы жылда жаӊы жашоо башташсын деп үйлөнүү тоюн да өткөрдүк. Куда-кудагыйлардын түтүн булаткандарына 25 жыл болуптур, аны да бул жакшылыгыбызга кошуп жибердик.
Маликага дайыма «мага күйөө бала эмес, уул керек» дечүмүн, тилегиме жеттим. Азатты уулум деп айтсам жарашат.
– Маегиӊиздерге рахмат!

Жаштарды эл алдына адаттагыдай “Жар-жар” айткан ырчы алып кирген жок. Түгөйлөр кыдырата тизилген балериналардын ортосунан өтүп кирип келишти.

Ырчы кызды ак жоолукчан көрчү күн да келди. Маликанын кайненеси ырчынын бетинен сүйүп ак жоолугун салды.

Коноктордун шаӊдуу колдоосу менен жубайлар деп жар салынган жаштар нике күбөлүгүн колуна алышты.

Бул күнү Айгүндүн бешик тою да болду. Лотос гүлүнүн ичине катылып, манежде салынган наристени бийчилер эл алдына алып чыгышты.

Маликанын кайната-кайненеси Динара Акуловага кулдук уруп жаткан кез. Солдон оӊго: Күйөө тараптан шайланган өкүл ата, өкүл апа, Маликанын кайнене-кайнатасы, Динара Акулова жана кыз тараптан шайланган өкүл ата, өкүл апа.

Коноктордун басымдуу бөлүгүн шоу чөйрөнүн өкүлдөрү түзгөндүктөнбү, айтор, каалоо-тилектер айтылган жок. Анын ордуна ырчы-чоорчулар биринин артынан бири чыгармаларын тартуулап, тойду шаӊга бөлөштү.

Тойдо жылдыздардын салтка айланган селфиси.

Малика менен Азат бийдин сазайын беришти.

Үлпөт тойдун башкы атрибуттарынын бири болгон торт жаздыкка окшош даярдалыптыр.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров, Cinemart
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Малика Динанын үлпөт тою жана кызынын бешик тоюнан репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
mi-li-na
2015-12-31 04:17:18
Малика буга чейин онду-солду тушунуксуз эле интервьюларды берип жатты эле корсо торойун деп жаткан экен да эээ... Атасын чакырса койсо оз иши деп ойлойм, Динара айымдын мураскерине бактылуулук!!!
0
Ayka0696
2015-12-31 07:57:44
Бактылуу болгула.
0
azim2
2015-12-31 18:02:35
Бактылуу болушсун
0
azim2
2015-12-31 18:03:34
Бактылуу болгула
+1
Izdeim_seni.
2016-01-01 01:48:23
Эркегинер да,кызынарда ушакчы экенсинер.атасын чакырабы,тойду торогондон кийин береби ишинер канча?
+2
gerodot
2016-01-01 05:55:43
ХХХ ишинер эмне? Жамандап алыпсынар го
0
admin_superstan
2016-01-06 18:07:37
gerodot,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
Aisanur_89kg
2016-01-01 16:02:23
Маликанын бактылуу экени жузунон билинип турат,той аябай сонун болуптур,бактылуу болгула Динара эжеге дагы да коп неберелерди алахым насип этсин
0
Kubanychbek1994
2016-01-01 20:23:36
тынч болсонор болду да кыскасы,келечекте бактылуу болгула
0
kani87
2016-01-02 14:48:36
коменттерди окуп отуруп оозум ачылды...... Адамдар эмне мынча коро албас,ичи тар болушат экен а? Бироонун жакшылыгына суйунсон эртен озуно деле келет го акыры! Эн сонун той болуптур,особенно торту необычный экен. Бактылуу болушсун.
-1
anar-87
2016-01-02 20:25:09
Бактылуу болгула!!!!
0
Aselina_kg
2016-01-03 14:54:27
Бактылуу болушсун!
Коммент жазгандар тан калтырды чынында.Кененирээк ой жугуртсонор жакшы болмок.Кантип жашап журушот.Качан той кылат.Же вообще кылбай коёбу .Кандай кызыгы бар силерде.Тообаааааа
0
Genar.benicio
2016-01-03 21:05:30
Маликанын атасы ким?
Эмне тороп анан куйоого тийдиби???
-1
admin_superstan
2016-01-04 09:45:22
gerodot,
Ар бир колдонуучу порталдын эрежелерине ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар. Башка колдонуучулардын өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз!
Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
0
Alina13
2016-01-18 15:09:16
Бактылуу бол!
0
aizirek87
2016-04-12 07:45:42
Малика Динанын Супер Инфого берген интервьюсунда жигитинин аты Нурдин эле, кантип Азатка тийип калды тушунуксуз болуп калды го. Нурдинди апасы сойко салган да туурабы
0
№ 686, 25-декабрь-31-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан