ФЕВРАЛДАН ТАРТА УНАА ЖАНА ТУРАК ЖАЙДЫ МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ КАМСЫЗДАНДЫРУУ БАШТАЛАТ

Өлкөдө 7-февралдан тарта автоунааны жана турак жайды сөзсүз камсыздандыруу боюнча мыйзам ишке кирет. Автоунааны камсыздандыруу ишин 10го чукул менчик компаниялар жүргүзөрү күтүлүүдө. Унааны камсыздандырууга унаанын түрүнө, айдоочулук тажрыйбага жараша жылына 2 миӊ сомдон 3 миӊ сомго чейинки сумма алынат. Айдоочунун тажрыйбасы канчалык жогору болсо, ал камсыздандыруу полисин ошончолук арзан алат. Камсыздандырылган унаа жол кырсыгына кабылса, камсыздандыруучу компания келтирилген чыгымды төлөп берет. Эӊ көп болгондо камсыздандыруучу компания 550 миӊ сом төлөйт, анын 200 миӊ сому жол кырсыгынан каза болгондорго, 200 миӊи жаракат алгандарга жана 150 миӊи унааны калыбына келтирүүгө берилет. Ошондой эле камсыздандыруучулардын ассоциациясы атайын фонд түзүп, ал фондго камсыздандырууга чогултулган акчанын 1 пайызы түшүп турат. Эгер камсыздандыруучу компания банкрот болсо же жол кырсыгына күнөөлүү адам качып кетсе, чыгымдар ошол фонд тарабынан берилмекчи.
Буга катар турак жайга да милдеттүү камсыздандыруу киргизилгени жатат. Эгерде турак жайы камсыздандырылбаган болсо, анда жаратылыш кырсыгынан же өрттөн жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү үчүн мамлекет тараптан каражат берилбейт. Айыл жергесиндегилер турак жайды камсыздандырууга айына 50 сомдон (жылына 600 сом) төлөшөт. Эгерде турак жай кандайдыр бир себептер менен жабыркаган болсо, мамлекет тараптан 500 миӊ сом өлчөмүндө камсыздандыруу акысы берилет. Шаарда үйлөрдүн баасы жогору болгондуктан камсыздандыруу акысы да жогору эсептелип, ал сумма жылына 1200 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан гана милдеттүү камсыздандырууну ишке киргизе элек.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (77)
magic1721
2016-01-22 00:00:55
Бийликтегилер казынаны кобойтуу менен алек! Бизчи? Кыргыз эли? Кымындай айлыгыбызды кайда жеткирели ошону ойлоду бекен? Же машине, уй алгыла деп кошумча акча кошуптурбу окмот?! Нааразымын!!! Керек эмес бизге!!!!!
+1
magic1721
2016-01-22 00:01:48
Митинг! !!!!!
+2
urmatm
2016-01-22 14:35:48
туура айтасын magic 1721.Азыркы бийликтин элди ойлоюн деген бир да туру жок.Страховка деген милдеттуу турдо эмес,ар бир жарандын оз калоосу менен болуш керек, жарандардын укугун тебелебей.
+5
mirlan36
2016-01-22 20:23:28
Эсли страховка болотурган болсо милдеттуу турдо болот. Казакстанга машина менен барсан страховка сурайт казактарда баардыгында бар.
0
magnat1013
2016-01-23 00:22:21
бул Сариев келгенден бери бир эл учун бир нерсе кылдыбы деги, Эл кантип жашап атат, Элимин курсагы токпу, ооруган эч ким жокпу? - деген суроолорду берет бекен озуно, айылда адамдар курсактарын зорго багып атышканы менен иши жок страховкага балээ барбы? он жылдан бери Россияда жашайм, 2014 кеттик Кыргызстанда эле жашайлы, деп, бардык жашап баштадык, барганыбызга бир - эки ай болгондо рубль тушуп кетти, же базарда соода жок, же кафелерге мурдагыдай адам кирбей калды, ошондо байкалды акчанын баары
+1
magnat1013
2016-01-23 00:28:04
Россиядан бараары, Ош тарапта почти ар бир уйдон жок дегенде бирден адам бар Россияда, ошолор акча жоноткон акча менен жашайт экен элибиз, рубль тушкондон бери стройкалар деле токтоп калды, бул жакта иштеген балдарынын акчаларына ишенип элдин баары кредит алып алышкан, аны кантип толойм деген элдин баары, Сариев келгенден бери аэропортко доля, страховка, мегакомду сатуу, озунун чонтогунон ойлогондон башканы билбейт, кылаарга ишинер жок болсо элди кыдыргыла, проблемалар чыгат чекеден
+2
Arlenchik
2016-01-23 18:12:06
Бул нерсенин азырынча бизге кереги жок,кое туруш керек.
+1
Akmosha
2016-01-24 00:34:52
Квартира менен, автоунаа менен Тим эле элдин баарын камсыз кылып,телегейи тегиз мамлекет болушпасынчы коп...Элди кыйнап буттунор го жепжутарлар!!!
0
damir.1984
2016-01-24 10:29:01
Мен каршы мын биринчи элдин иш менен камсыздандыруу керек. Государства толоп бере албаган частный каякта толоп берет
0
kanatkayrat
2016-01-24 18:00:58
каршымын. апрельге чеин толобой туруш керек,ойлонушаар.
0
anarbek_87
2016-01-24 19:18:15
страховка страховка машинан да страховка уйун да страховка телефонун анан омурун дагы страховка кандай жакшы вот это прикол государство толоп берет
0
aiur
2016-01-24 19:30:11
Менда каршымын,аэропортко 15$киргизишти,биздин мамлекет эле калды дешип,эми страховкага балээ барбы онуп-оскон олколорго салыштырышат.биринчи элдин жашоо-шартын ондош керек.
0
aiur
2016-01-24 19:32:08
Кучуно киргенден баштап Гаилер жыргашатда,штрафты болушунча алышып...
0
jooshbala
2016-01-24 19:37:27
Жакшы дагы россия казакстан бар,эгер загранда иштеп жургондордун баары кыргызстанда журушкондо,качаан эле тонкоруш,кылып ак уйду басып атка минээрлерди кубаламак.Алар копту биз жаш муундар талаада иштеп кырг.дын элин байытып жатабыз А атка минерлер болсо элде акча коп деп ар закондорду ойлоп табышууда.Мисалы балалуу болуп россичда иштесен,пасобия бербейт.Эмнеге бербейт ал кырг.да иштегенде да маайли эле....э э э буга окшогон жанди чыгарган закондор ото эле коп
0
Kitep
2016-01-25 05:15:14
Кыскасы кошумча налог.страховкага мен да каршымын.
Бакиев кеткенде ким ойлоптур свет 2.16сом болорун!!!
0
№ 689, 15-январь-21-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан