КЕЛИНДИН КЕЛГЕНДЕГИСИ ЭСТЕН КЕТПЕЙТ

Кыргызда келин келсе «башыбызга баш кошулду» деп аябай кубанышат. Анын сыңарындай былтыркы жылы белгилүү, эл көзүндө жүргөн мырзаларыбыз үйлөнүп, бир башы эки баш болгон эле. Мына ушул өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон шоу-бизнестеги мырзалардын келинчектерин тыңдап, бирге сынайлы.


Эрнест Бөрүбаевдин жубайы Айгерим: «ЭРНЕСТ МЕНЕН КОШУНА БОЛЧУБУЗ»

Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 17-январь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу
Баш кошкон күнү – 6-июнь, 2015-жыл

– Эрнестти кичине кезимден бери жакшы тааныйм. Анткени алар менен кошуна элек. Карындашы Сайкал менен курбу болуп бирге ойноп, көбүнчө чогуу жүрчүбүз. Бой жетип калганда бир жолу Эрнест менен Ильяз Абдыразаковдун концертине чогуу барып, жылдызыбыз келишип калды. Ошентип ортобуздагы 17 жаш айырмачылыкка карабай былтыр жайында баш кошконбуз.
Оштун салты бир аз кыйыныраак экен, бирок азыр көнүп калдым. Ал жакка келин болуш үчүн үй иштерине тың болуш керек экенин түшүндүм. Учурда кайненем менен чогуу турабыз.
Бир жолу кайненем «памил чай демдеп кел» десе, ал эмне экен деп ашканадан издеп таппай койдум. Эрнестке барып «пампык чай дегенди апам сурап жатат» десем күлүп, «пампык эмес, памил чай десең, ал кара чай» деп мага түшүндүрдү. Көрсө, кара чай демде деген экен да. Кыскасын айтканда, «Түндүктүк келин» тасмасындагыдай эле болдум. Улуу балабыз Денис 13 жашка чыгып калды. Экөөбүз өтө жакынбыз, үйдө зериккенде чогуу ойнойбуз. "Качан төрөйсүз" деп азыр инисин чыдамсыздык менен күтүп жаткан чагы.



Жеңиш Майрамбек уулунун жубайы Нурайым: «КҮЛЧӨТАЙ ЖАСАП СЫНАКТАН ӨТТҮМ»

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 2-август
Туулган жери – Ысык-Көл облусу
Баш кошкон күнү – 1-октябрь, 2015-жыл

– Жеңиш экөөбүз 6 жылдан ашуун убакыт сүйлөшүп, анан баш коштук. Кыз-жигит болуп жүргөндө телефон чалсам албай койчу, кийин «укпай калыптырмын» десе ишенчү эмесмин. Азыр өз көзүм менен көрүп жатам, чын эле аябай уйкучу экен.
Жаңы келин болуп келгенде күнүгө эртең менен жүгүнө берчүмүн, көрсө, Таласта анча жүгүнбөйт тура. Бирок мен азыркыга чейин Жеңиштин туугандары келип калса жүгүнүп жатам. Таласта келин күлчөтайдын камырын жайып сынактан өтүшү керек экен. Мен жакында эле бул сынактан өттүм. Апчем, тактап айтканда, кайненемдин сиңдиси сынакты кабыл алды. Көлдө камыр тамак көп жебегендиктен манты, оромо жасаганда эле камыр жайчумун. Бул жакта болсо күлчөтайдын камырына өзгөчө көңүл бурушат экен.
Жеңиш кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө биринчибиз эркек болсо дечү, азыр кыз болсо деп калыптыр. «Кыз жакшы да, сага жардам берет» дейт. Өзү 3 бир тууган, жалаң эркектер. Мен үйдө улуу келинмин, буюрса, дагы эки абысыным болот.


Бек Исраиловдун жубайы Айжаркын: «БЕК КОЛУМДУ СУРАГАНДА ОЙЛОНБОЙ ТУРУП МАКУЛ БОЛДУМ»

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 29-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Баш кошкон күнү – 4-ноябрь, 2015-жыл

– 2011-жылы «Ысык-Көлдө кадыр түн» деген фестивалга бир тууган эжем катышып колдоп баргам. Ошондо Бек да катышкан экен, экөөбүз ошол жактан, Чолпон-Атадан таанышканбыз. Анан шаарга келгенден кийин сүйлөшө баштадык. 4 жарым жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Кыз-жигит учурунда эле бири-бирибиздики экенибизди сезген окшойбуз. Таарыныша кеткенде 3 күнгө араң чыдачубуз. Ошондуктан колумду сураганда ойлонбой туруп макул болдум. Апам бир көрүп жактырган, ал эми атам «музыканттын кереги жок, жакшылап ойлон» деп каршы болду. Анан Бека менен таанышып, сүйлөшүп көргөндөн кийин «жакшы бала экен» деп макулдугун берди.
Учурда кайната-кайненемдер менен бирге жашайбыз. Эч кандай кыйынчылык деле жок, өз ата-энемдикинде жашап жаткандай эле жүрөм. Келин болуп келгенде быссымылда дегенде эле манты жасагам. Сабактан келсем кичинекей кайын сиңдим «апам сизди оромо жасап койсун деп бир жакка кетти» деди. Оромо, манты деген тамактарды үйдөгүлөр чогуу жасачубуз да, бирибиз камыр жайсак, экинчибиз фарш даярдап, үчүнчүбүз түйчүбүз. Биринчи жолу жалгыз жасап жаткандыктан бир аз жүдөдүм. Коркуп камырын да чоң жайып алыптырмын, анан оромо эмес, манты жасап салдым. Кудайга шүгүр, тамагым көңүлдөгүдөй болгон.


Добрдун жубайы Жибек: «АТА-ЭНЕМ БАШЫНДА КАРШЫ БОЛУШТУ»

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 10-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Баш кошкон күнү – 4-ноябрь, 2015-жыл

– Адилет менен интернеттен таанышкам, жолукканда эле меники экенин жүрөгүм сезген. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө мурун үйлөнүп, жылдызы келишпей ажырашканын айтып берген. Мен түшүнүү менен кабыл алып, каршы болгон ата-энемди да көндүрдүм. Алар да «бактылуу болоруңа көзүң жетсе батабызды беребиз» дешти. Адилетти ырчы болгондугу үчүн эмес, адамгерчилигин жактырып тандадым.
Башка үйгө көнүп кетүү, ал үй-бүлөнүн эрежелери менен таанышуу билинбегени менен кыйын экен. Бирок мага кайын сиңдилерим көп нерсени үйрөтүп, жардам берип жатышты.
Жолдошум өтө романтик. Сүйүү күнүндө, 8-мартта шамдарды жүрөкчө кылып күйгүзүп, белегин тартуулады. Жакында гана кош бойлуу экенимди укканда аябай сүйүнүп мени кучактап, көтөрүп, айтор, эмне кыларын билбей калды. Анан өзүнө келгенде апамдарга сүйүнчүлөдү. Талгагым аябай жаман болуп кыйналып жүрдүм. Адилеттин колдоосу менен кыйынчылыктар артта калды. Баласы менен сүйлөшүп, «уул болобу, кыз болобу аман-эсен төрөлсө болду» деп жүрөт.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Шоу-бизнестеги жаңы келиндер
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
admin_superstan
2016-03-22 09:53:49
zamira1989, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
-1
aikowa.aikado
2016-03-22 11:00:15
Замира молодец Жан дуйнон абдан сулуу экен... Юактылуу болгула...Куба экоонор бири биринерге абдан топ кклишесинер
+3
kuba79
2016-03-22 12:13:23
Эркекти бар кылганга аял жок кылганда аял деген соз барго келиндер куйонорду жакшы карагыла булар элдин алдына красавчик болуп чыгып журуш керек бала тапкандыкы эмес баккандыкы дегендей Эрнесттин аялы акылдуу экен баласын уулубуз деп айтканы журокту жылытты бактылуу болушсун
+3
sanrisa
2016-03-22 13:35:41
Силерге сынатып эле койсо. Өзүңөрдөн баштагыла сынакты. Баары эле оорду менен, жакшынакай турат. Такыр эле укмуш сынчы болуп кетесинер, тиги жери тигиндей, бул жери мындай деп...
-1
janka7
2016-03-22 14:08:04
Эрнест 81 окшойт да 17 жаш айырма болсо,ошондо учунчу никеси болуп калабы? Эки аял алып кетирсе керек эле.Неси болсо да балапан кыздын багын ачсын дейли
0
secretik
2016-03-22 14:27:16
Баары бактылуу болушсун балдарынардын омурун берсин кош бойлуулар эсен аман коз жарып алгыла!
+2
Rasul_Rahmanaliev
2016-03-22 16:50:50
«Түндүктүк келин» тасмасындагыдай эле болдум. Улуу балабыз Денис 13 жашка чыгып калды"Баш кошкон күнү – 6-июнь, 2015-жыл.Эрнист аганын датасы туура эмес жазылыптыр Супер инфо!!
-2
suigonu.
2016-03-22 19:03:04
Эрнест байкебиздин келинчегинин чогу ойнойбуз дегени жакты уй жасап десе сонун болмок экен
0
Asema06
2016-03-22 23:26:04
Ошондо бардык келиндердин боюнда бар экенда е.
-1
krem
2016-03-23 01:59:13
эрнист борубаевдики эркектер киносундагыдай айнааш жайнааш болуп калыптыр го
0
Ba-xa
2016-03-23 02:40:26
биз кошуна болуп жашайбыз Энест Айгерим бактылуу болгула биз силер менен сыймыктанабыз бироону сындаган акылдуулар эле кобойду 17 жаш айрыма болсо эмне экен сонун парасынар.Айгерим аман эсен коз жарып алсын.
+2
Usen92
2016-03-24 16:50:12
Атактууларыбыз бактылуу болушсун
+1
Ema_nookat
2016-03-23 15:33:38
Эрнист Борубаев аявай жаш секелек кызга уйлонуптур, бактылуу болгулааа баарынар!!!
-1
admin_superstan
2016-03-24 11:03:04
sabyr86, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
dubai
2016-03-26 11:01:18
Эрнесттин аялы татынашка го,жаш,аруу кезинде алганы жакшы наоборот,ар кайсы жаман-жакшы эркекти коро электе алып алганы туура эле,мындайча айтканда завидую белой завистью)))
0
sanhco
2016-04-21 14:20:27
достор ким билет ырчы Анжеликанын толук туулган кунун
0
admin_portal
2016-04-21 14:40:08
sanhco, саламатсызбы!
Жылнаамадан биле аласыз:
http://www.super.kg/jylnaama/event/583
0
№ 698, 18-март-24-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан