Аяна Касымова: «СЕЛИН ДИОН МЕНИ ГАНА КУЧАКТАП СҮРӨТКӨ ТҮШТҮ»

Дүйнөлүк жана кыргыздын хит ырларын кавер версияда аткарып интернет аркылуу популярдуулукка жеткенде Аяна 15 жашта гана болчу. Жагымдуу, бийик тембрлүү үнү менен чет өлкөлүк музыкалык сынактарга катышып, өлкөбүздү таанытууга да жетишти. Жаш экенине карабай дүйнө таанымы кенен, өжөр мүнөзү менен көздөгөн максатына жете билген ырчы кызды жакындан билүүгө ашыгып жүрсөңүз, маекке көз чаптырыңыз.

«МУГАЛИМДЕР ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫМДЫ КОЛДОШОТ»
-Кичинекей кезимде кыңылдап ырдап калмай адатым бар эле, бирок белгилүү болуп кетем деп ойлогон эмесмин. Элге алынгандан бери ырчылыкка жоопкерчиликтүү мамиле жасай баштадым. Окуу менен карьераны бирдей алып кетүү оор, бирок бирөөсүн да аксатпоого аракет кылам. Мектептин директору, мугалимдер чыгармачылыгымды түшүнүү менен кабыл алып, колдоо көрсөтүп турушат. Буюрса, быйыл 5 жыл бекер окуу сертификатын берген Ататүрк Ала-Тоо университетинин эл аралык байланыш факультетине тапшырганы турам. Бул окуу жайда чыгармачылыгыма тоскоолдук болбойт деп ишенем.

«КЛАССТАШТАРЫМ МЕНЕН КӨП СҮЙЛӨШПӨЙМ»
-Үйдө көпкө чейин отуруп калсам, эмне кыларымды билбей буулуга баштайм. Ошондуктан гастроль, концерттерге барып, чет өлкөгө саякаттаганым жагып жатат.
Ырчылыгымды түшүнгөн да, түшүнбөгөн да досторум болду. Арасынан эмне себептен экенин билбейм, өздөрүнчө алыстап кеткендери да чыкты. Негизи досторум аз. Кээде үйдө отуруп тажаганда кимди сейилдөөгө чакырсам деп ойлонуп калам. Досторума, классташтарыма караганда өзүмдү улуу сезем. Ошондуктанбы, классташтарым менен көп деле сүйлөшпөйм. Мектепке окуганы эле барам да, эч ким менен сүйлөшпөй кетип калам. Көбү мени бой көтөргөн кыз деп ойлошот. Сүйлөшпөй туруп мындай жыйынтык чыгарбаш керек деп ойлойм. Менин мүнөзүм ушундай, өзүм биринчи болуп бирөө менен сүйлөшө албайм.

«АЧУУМ МУРДУМДУН УЧУНДА»
-Мен эл ойлогондой «капризная» эмесмин. Бирок менин тийиштүү талаптарым бар. Биринчиден, мага жакшы мамиле керек. Мага орой сүйлөп жаткандарды кантип жакшы кабыл алмак элем? Гастролго чыкканда жакшы шарт болушу зарыл. Себеби артист боёнуп, кийимдерин үтүктөшү керек. Ушундай шарттар жок болсо, албетте жагымсыз болот. Ачуум мурдумдун учунда, дароо жарылып кетем, бирок кайра бат эле жазылам. Кээде «сен мен жөнүндө эмне деп айткансың?» деп «разборка» кылган кыздар болот. Кол көтөрүүгө да аракет кылышат. Бирок мен андай учурда провокацияга алдырбай, сөз менен түшүндүрүп абалдан чыгып кетем.
Анан да көңүлчөөктүк жайым бар. Кайрымдуулук акцияларынан көпчүлүк учурда баш тарта албай катыша берем. Кээде мындай акцияларга сунуштар көп болуп кеткенде апам «сабактарынан бошобой жатат, кечирип койгула, бара албайт» десе, алар «булар кыйын болуп кеткен турбайбы, биздин деңгээлдеги концерттерге катышпайт тура, акча эле керек экен да» дешет экен. Эгер акча эле керек болсо, күнүгө 3 кайрымдуулук концертинде ырдамак эмесмин да. Мындай концерттерде ырдаганымды интернеттеги баракчама жүктөбөйм. Анткени элди кайрымдуулукка үндөп жарыяласаң деле «сен эмне, мактанып жатасыңбы?» деген билдирүүлөрдү калтырышат.

«АТАМ ТАЛАПТЫ КАТУУ КОЁТ»
-Апамдан сыр жашырбайм, болгонун төкпөй-чачпай айтып берем. Экөөбүз жакын курбулардайбыз, ал мага туура багыт берип, колдоп турат. Бетме-бет отуруп сүйлөшө албаган маселелер жаралса, СМС жазып жиберем (күлүп). Ушундай түшүнүктүү апамдын бар экенине кубанам. Анткени ата-эне канчалык катуу болсо, баласы көйгөйлөрүн жашырып, булар баары бир түшүнбөйт деп эч нерсе айткысы келбейт. Атама кичинекей кезимде аябай жакын болчумун. Ал үнүмдү бир калыпка салып, ар бир нотаны туура ырдаганга, репертуарыма көңүл бурат. Тажрыйбалуу музыкант болгондуктан талапты катуу коёт. Туура эмес ырдап койсоң, «сен үйдөн ушинтип жатсаң, эл алдында кантип ырдайсың?» деп урушат. Баарын идеалдуу кылмайынча артыңдан түшүп алат. Ушундан улам экөөбүз талашып-тартышып кетебиз.

«СЕЛИН ДИОНДУН КОНЦЕРТИНДЕ ЫЙЛАП ОТУРДУМ»
-Атактуу дүйнөлүк ырчы Селин Диондун концертине күбө болуп, аны менен сүрөткө түшкөнүм жашоомдогу эң сонун элес катары сакталат. Ырчыны 5 жашымда «Титаник» тасмасындагы саундтрегин көрүп жактырып, ырдаганына кызыгып калгам. Ата-энемден суранып анын альбомун алдырып, бардык ырларын караокеде ырдап жүрүп жаттап алчумун. Мындан 6 жыл мурун анын Лас-Вегастагы концертин, күйөрмандары менен жолукканын дисктен көргөм. Ошондо менин жашоомо ушундай күн качан келет деген элем. Жаштын тилеги орундалат экен. Сүйүктүү ырчымдын концертин көрүш үчүн Америкага барып келдим. Билетти жарым жыл мурун брондоп койгон элем. Ал сахнага чыгып алгачкы 5 ырын аткарып бүткүчө ошол жакта отурганыма ишене албай ыйлап отурдум. Бир маалда Селин Дион сахнадан кетип, экрандан слайд-шоу көрсөтүлө баштады. Көрүүчүлөр тарапка жарык берилгенде карасам, артымда ырдап жатыптыр. Баары ага үйүлө башташты. Мен биринчи барсамбы же барбасамбы деп отургам. Аракет кылып көрөйүнчү деп аттап-буттап отургандардын бутун басып, аларга жаман көрүнүп жанына жеттим. Ыйлап жатканымды көрүп толкунданганымды сезди окшойт, эч кимди кучактабай, мени гана кучактап сүрөткө түштү.


«Селин Диондун концертине күбө болгонум жашоомдогу эң бактылуу көз ирмем».

«ЭЭН-ЭРКИН ЖҮРӨ АЛБАЙ КАЛДЫМ»
-Менин оюмча, өспүрүм курактан эбак эле өткөм. Мунун дагы бир чоң себеби бар. Менден кийин дагы бир иним бар болчу. Анын трагедиялуу каза болгону мага чоң сокку болгон, баарыбыз оор кабыл алганбыз. Ошол окуядан кийин эмнегедир бат чоңоюп кеттим. Азыр өзүмдү толук кандуу чоң кишилердин катарына кошом. Өз алдынча болгонду, баарын өзүм жасаганды жактырам. Албетте, ата-энеме көз карандымын, алар менен кеңешем деңизчи. Бирок менин өзүмдүн оюм, жолум, карьерам бар. Бир нерсе кыларда үй-бүлөлүк кеңеш болот. Ата-энем ойлорун ортого салышат. Бирок аларды таарынтып албагыдай акыркы чечимди өзүм кабыл алам.
Эл көзүндө жүргөндөн бери ээн-эркин баса албай калдым. Көчөгө сейилдеп чыксам да дароо интернетке «муну менен жүргөнүңдү көрдүк» деп жазып салышат. Ошондуктан кээде мени эч ким тааныбаса экен деп ойлоп кетем.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (117)
yamaha_510
2016-04-01 19:00:28
Саламатсыздарбы, Кумондор Абыловдон интервью алыныздарчы
+1
tram-lam
2016-04-01 20:53:14
Мен классташтарымдан озумду жогору сезгендигим учун суйлошпойм деп жазбаптыр го, суйлошо албайм деп моюнуну алыптыр! Сындагандарга жол болсун! Суйлошо албаса озу менен иштеши керек, эмоция менен эмес, акыл менен жашаганды уйронушу керек, в общем ондолсо болот
-2
Abdyrawit
2016-04-01 21:46:46
Моюнга алуу керек.Калп эле актануунун кереги жок деп ойлойм.Аябай эле бой көтөргөн кыз экен,өзү үчүн билинбеши мүмкүн.. Башка бирөө үчүн өөн көрүнүш..ырчы болобу, сынчы болобу баарыбыз аллахтын пендеси экенибизди унутпайлы
+1
bah_tee
2016-04-01 22:08:52
Өзүңдү чоң сезгенин жаман экен ошол классташтарын сенен жүз эсе жакшы экен сен менен суйлошбой койгон. Тим эле асмандан түшкөнсуйтко
0
kokboru
2016-04-02 06:34:32
Оххх бул кызды суйомго суйом Аяна,кантип сени менен байланыша алам? Сот сеттен болсо да...
0
kokboru
2016-04-02 06:36:38
Админ,менин сунушумду дарегине жеткизип кое аласынарбы?
0
aizbek
2016-04-02 11:49:35

бирооду сындап акыл айткандан коро озунорду ондоп алгылачы,коро албагандар жаза берет суйлой берет,абдан жакшы райт ар дайым ийгилик коштосун
-2
aizbek
2016-04-02 13:44:58
ырдайт.
-1
Nukeww
2016-04-02 14:14:18
вооойщ таза тим эле
0
Nukeww
2016-04-02 14:32:36
Жонокойлук адамдын жылдызы
+2
arzuuu
2016-04-02 15:43:10
Сулуу эмеско макияжы жок.
0
Suukuidu
2016-04-03 05:26:24
Аяна Касымова.... Ммм...

Талантына таазим кылам, татынакай жагымдуу кыз. Оз милдетин САХНАДА мыкты аткарат.

Бирок жогорудагы интервьюну окуп олтуруп, бир аз жылмайып алдым))) Чынында эле "жылдыз" оорусу менен ооруй баштаптыр. Адамдын озуно сезилбейт, бирок со стороны виднее... Лично мен башкача жоопторду куткон элем суроолорго. Озун, оз тендилоордон улуу сезиши. Бул деген озун алардан бийик коюсу. Жини мурдунун учунда экени и так эле байкалып турат))) Ошону билдирбо Аянанын милдети.
0
ulan4ik.80
2016-04-03 06:39:03
Аяана карындашым,ар Ким ар нерселерди айта берет.Эч кимдин жаман создоруно конул болбо,кимди суйуп ыйласын качан ыйласын ал сенин жеке жашоон.Аяана сенин чыгармаларына ийгилик каалап кетем,булбулдай унун жоголбосун.
0
Komrad
2016-04-04 06:24:07
Мактанууну коро алган жокмун мен.
-1
gamster
2016-04-04 12:14:42
Байкуш жакшы коргон ырчысын кучактаганына бактылуу турбайбы. Жаш балада тушунгулочу. Чонойуп калгам озуму чон сезем деген созун озу. Али жаш экенинди айтып турат. Капа болбо сын пикир деген ушундай болт. Ушур интервюнду сактап кой. Кийи чындап чонойгонунда карап ката создорунду коруп уяласын. Жылдыз оорусу эмне экенин жакшы билип кой кенешим. Тамашооудо да жылдыз оорусу менен ооругндар командадан айдалган. Билсен. Сын пикирди которо бил. Ийгилик
0
Abdysatar
2016-04-04 12:54:19
Асманга секирсен ,кайра жерге тушоорунду бил
+2
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан