Айжамал Кабылова: «ЖОЛДОШУМДУН ЖҮРӨК ООРУТКАН СӨЗДӨРҮНӨ ЧЫДАП ЖҮРДҮМ»

«Чымчыктын да уясы бузулбасын» дейт кыргыздар. Тилекке каршы, ырчы айым Айжамал Кабылованын турмушу бузулганы көпчүлүктү тынчсыздандырууда. Ырчы башынан өтүп жаткан тагдыры жөнүндө айтып берип, «бир кезде "Айжамалдын ыры бүттү" дегендерге эскерте кетет элем, буюрса, ырым бүтпөйт, тескерисинче күч алат» деп билдирди.

– Айжамал, «турмушуңа өкүнбө, себеби ачкычы өзүңдө» деген сөз бар. Үй-бүлөңдүн бузулушуна өзүң себепкер болуп калган жоксуңбу?
– Туура, турмушубуздун ачкычы өзүбүздө. Кээде күндө өзүң ачып кирип жүргөн ишеничтүү эшигиң ачылбай, же кулпусу бузулуп каларын билбептирмин. Балдарым чоңоюп калышты, бир аз чыгармачылык менен алектенейин деп жолдошумдан алыс жүрүп калып турмушумду бузгусу келген адамдарга шарт түзүп берип койдум окшойт. Аялзатына чыгармачылык менен үй-бүлөнү бирдей алып кетүү кыйыныраак болуп калат экен. Ошентсе да мен үй-бүлөмдү 1-орунга койгон адам элем. Бул да болсо бешенемде бар окшойт.

– Интернетте Анара деп катталган адам экөөңөрдүн ыплас сөздөр менен жазышканыңарды жарыялады эле. Ал ким, чын эле тамада Аман Ибраевдин жубайыбы?
– Бул адамдын аты-жөнүн атагым да келбейт. Ушул окуя башталганда өзүмө сабыр тилеп, тилимди тишиме катып отурдум. Анткени анын деңгээлине түшүп айтышып, кадыр-баркымды кетиргим келген жок. Мен Одноклассники социалдык тармагында 2 жылдан бери жокмун. Ал менин атымдан баракчаларды ачып алып уят сөздөр менен жазышып элге жарыялаган. Ал аз келгенсип элге өзүн Айжамал деп ишендириш үчүн «тойлорго, кечелерге буйрутма алам» деп жазып алганычы күйдүрүп. Буга окшогон акмак адамды Кудайга койдум. Эгерде дагы деле тынчыбаса, башка чара колдоном.
Ал эми Аман Ибраев менин күйөрмандарымдын катарындагы эле адам. Туура, чыгармачылыгымды сыйлап, ырларымды жактырарын айткан. Ал тамада болгондуктан «АГК» тобун Ош, Жалал-Абад шаарларына тойлорго чакырып турчу. Аны менен башка эч кандай мамилем жок жана болгон да эмес.

– Бул нерсенин калп экенин жолдошуңа түшүндүрүп, үй-бүлөңдү сактап калууга аракет кылдыңбы?
– Үй-бүлөмдү сактап калууга колдон келишинче аракет кылдым. Жолдошумдун жанында жардам болсун деп иштедим, анын жүрөк ооруткан сөздөрүнө чыдап жүрүп акыры ажыраштым. Мындан артык дагы эмне кылышым керек эле? Бул жашоодо ажырашып жаткан бир эле мен болбосом керек. Таза сүйүү менен баш кошконбуз, ортобузда 2 балабыз бар. Айрым чагымчылардын кесепетинен минтип экөөбүз эки башка жолго түшүп отурабыз. 10 жыл жашап, бири-бирибиздин ичибизде эмнелер катылып жатканын такыр билбептирбиз. Ошентсе да эч качан жолдошумду жаман деп айтпайм. Ал мен үчүн жаным, ашыгым, балдарымдын атасы бойдон кала берет.

– «Жолдошу Айжамалга жаңы машина сатып берген экен, аны да, балдарын да алып коюптур» деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
– Жолдошум менден эч нерсени алып койгон жок. Акчага, байлыкка кызыккан жан эмесмин. Бул жашоодо тапкан байлыгым – эки балам, мага ушулар жетет. Балдарым атасына жакын, жолдошум балдары менен катышам десе жолтоо болбойм.

– Гүлшайыр Садыбакасова «Айжамалдын үй-бүлөсүн сактап калууга болгон күчүмдү жумшайм» деп айтты эле...
– Гүлшайыр эже мени кичинемден тарбиялаган экинчи апам. Өткөндө жолугуп апа катары сырдаштык, сагынычыбызды тараттык. Эмне болгонун баарын сурап, билип, териштирип «Сенин эч кандай күнөөң жок турбайбы. Таза, ак экениңди далилдейбиз, антип күнөөлүүдөй отурбай, башыңды бийик көтөр» деп бир топ акыл-кеңештерин айтты. Мени бул депрессиядан жакындарым сууруп чыкты.

– Жашооңдогу бул бурулуш жакындарыңа катуу тийген болсо керек?
– Турмушумда өйдө-ылдый көп эле болгон. Бирок мен үчүн 2015-жыл өтө оор жыл болду. Былтыр атамдан айрылдым, минтип үй-бүлөмдү жоготтум. Мунун баары менден мурун апама катуу тиет экен. Ал байкуш мага билгизбегенге аракет кылат, бирок мен сезип эле турам. Түнү менен уктабай таң атырган күндөрү болду. Кээде көздөрүнө толгон жашты көрөм. Бул кыйынчылык мени сындырбастан, тескерисинче чыйралтып, жашоого, чыгармачылыгыма дем-күч берди. Ак-караны ылгап алдым. Буюрса, бул сыноолорду жеңем.


"Жолдошум экөөбүз 10 жыл жашап, бири-бирибиздин ичибизде эмнелер катылып жатканын билбептирбиз".

"Башкы максатым – балдарыма татыктуу тарбия берүү, чыгармачылыгыма жаңы дем менен киришүү".

Замира Рахманбердиева
(Сүрөттөр Айжамал Кабылованын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (169)
yazem
2016-04-16 12:58:16
Бул копчулук артисттердин тагдырына окшойт. Куноо куйоосундо. Кызгансан уйдо багышын керек эле чыгарбай.
+5
kiki080808
2016-04-16 16:25:42
Кудай колдоп ушул кыз кайра уй булоосу менен жарашып бактылуу болсун.Жаман ой адамдардан алыс бололу.Ажырашуу деген аябай жаман нерсе.Куйдай сактасын мындайдан.
+1
kiki080808
2016-04-16 16:31:42
Эч кимдин бироонун уй булоосун бузганга ,каралаганга ,балдарды жетим калтырганга акысы жок. Мен деле кайнежемин, инилеримдин курган уй булооруно коз тийбесин деп отурам.Кудай сактасын начар тууган, коро албас достордон.
+5
Tangulya
2016-04-16 17:10:10
Ак ийилет бирок сынбайт, эч качан окунбостон мумкун болушунча алдыга умтулунуз.
+4
ASMAN2016
2016-04-17 11:49:39
Жашоо чиркин озгорулот турбайбы,жаштыгымда ойлобопмун мындайды болгонго
-8
alina1983
2016-04-17 17:13:12
Онор адамдарын ар кандай создор ээрчип журот, бул да болсо белгилуулуктун белгиси,жолдошу болсо кимге уйлонуп атканын билген.Айжамал элдин кызы болуп чонойгон. Ортодогу озун эптей албаган, озгону коро албаган денгеели ушунчалык томон адамдардын курмандыгы болуп калыштыго,Айжамал башты бийик котор,жашоо бат эле таразалап коет, бузукулардын да алаар жообу бардыр!
+1
dina-85
2016-04-18 01:01:38
Эмнеси болсода жакшы иш болбоптур,жарашып бактылуу болушунарды каалаймын
-1
Aselina87
2016-04-18 08:28:52
Dina 1223 Kultaev Aijamaldy emes Anjelikany aitkan
+2
Leili
2016-04-18 20:14:16
ий жаман болуптур кайра жарашар кун болор жаман болуптур он жыл деген эмне деген жыл
0
Yimannuru
2016-04-22 13:50:07
Саламатсыздарбы.Менин жеке оюм Айжамал Кабылованын жолдошу Азамат мырза аябай чечкинсиз мырза экени корунуп турат!!!10жыл койнунда жаткан келинчегинин канынан жаралган 2 баласынын энесинин сырларын элге ачып жайып уй булоосу менен карындаштары менен!Бул аябай пас адам экени корунуп турат!!!Эгерде чыныгы мырза болгондо бул тема мынчалык элге жарыяланбайт эле!!!Даже карындашын тыя албай экен!Озунун улгулуу жактарын элге корсоткондун ордуна уй булоосунун шермендесин ачкан бул аябай чечкинсиз мырза
+1
Yimannuru
2016-04-22 13:58:40
Баардык куноо жолдошу Азамат мырзада!Себеби уй булоосун ар дайым жанында алып журуш керек болчу!Анжелика Бекболиеванын жолдошун кордунорбу кандай мыкты мырза!Ар дайым жанында журот
0
Yimannuru
2016-04-22 14:04:17
Баарынан да ортодогу 2 баланын тарбиясы эмне болот???Атасы мн апасы ажырашкан деп аябай сокку болот балдарына!Башын бийик которуп журо алышпай калат чонойгондо!Апасы балдарына кандай учурда болбосун биринчи орунда болот...мин жаман иОшондуктан Азамат мырза карындаштарынызды тыйыныз!
0
Yimannuru
2016-04-22 14:10:57
Озу суйуп уйлонуп 10 жылдан кийин озунун келинчегин элге жарыялап каралаган адам эн пас адам!!!
0
marqarita
2016-04-22 20:05:51
Айжамал менен Азамат бир бирине топ келишкен суктанаарлык жубайлардан болчу экоо суйушуп эле турмуш курган деп уктум эле эми мынтип 10 жыл аралыгында ажырашканы абдан окунучтуу чымчыктын да уясы бузулбасын демекчи экоо те тезиреек жарашып балдары менен бактылуу жашашсынчы демекчимин Азамат сыртынан караганда оор басырыктуу тушунуктуу эле мырзадай корунот жакын ортодо баарын таразалап туура чечимге келет деген ойдомун.
0
upelya
2016-09-15 16:36:05
Айжамал эже сизге кулуп жургон сонун жарашат ийгилик!!!!
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан