-Аскер кызматын өтөп келгенден кийин милиция кызматкери болуп жумушка орноштум. Бойдокмун. «
Кечки рейдге чыгасың» дегенде көзүм жайнай түшөт. Анткени денесин сатып иштеген кыздарды кармап, акча алчубуз. Айыбын төлөбөсө коркутуп кумарыбызды кандырып да алат элек. Күндө түрдүү кыздарды кармайбыз. Сулуу селкилер «тузакка» түшкөндө акча бергенине макул болбой, шак эле төшөккө тартабыз. Ал учурда сулуу кыздар, акча, ичимдик болсо жашоо өтө берет десем керек. Айтор, ошол нерселерден канагат алчумун. Окшошкон күндөр өтүп, эки жылды артка калтырдым. Адаттагыдай эле кечки текшерүү менен жүргөнбүз. Цирктин жанынан эки кызды кармадык. Караңгыда байкабаптырмын. Бөлмөгө киргенде узун бойлуу кызды карап саамга токтоп калдым. Ажарлуусун айт, көздөрү күйөт тим эле. Ак куудай келишимдүү кызды ошондо биринчи ирет көрдүм. Кесиптештеримдин да шилекейи агып, ойлору бузулганын байкадым да, негедир кызганып кеттим.
– Сулуу кыз, биз сизди адашып алып келгендейбиз. Балдар, бул сулууну мага тартуу кылат окшойсуңар...- деп оозумду жыйганча:
– Итче шыйпаңдабай ары турчу. Периште экенин билсең эмнеге алып келдиң?- дешти кесиптештерим бир ооздон. Жооп бере алган жокмун. Кыздардын ой-боюна койбой кордошту. Таң атканда эки кызга
«кете бергиле, бошонгонуңарга шүгүр айтып...» деп эшикке чыгарып коюшту.
– Сен эмне «кылган» жоксуң? Кызгандыңбы?- деп шылдыңдап күлүштү. Айтылган сөздөргө жооп бербей, кыздардын артынан чуркап чыктым.
– Чоң кыз, сулуулугуңду кор кылбачы! Сени бактылуу кылам...- дагы бир канча жагымдуу сөздөрдү айтып жибердим.
– Ээ, барчы ары! Ушул сен жетпей жаттың эле. Тамеки барбы?- деди кекетип.
Ансыз да ачууланып жаткам. Чыканагынан кармап катуу силкип, «
токтот!» дедим жубайымдай мамиле жасап.
– Эч кайда барбайсың! Тамеки да тартпайсың! Денеңди да сатпайсың! Токтот!- дедим жерди тээп.
– Эй, мент! Эмне мынча күйүп-бышасың?!- деп басып кетти.
Чын эле, мен эмне күйүп жатам? Түнү менен көз алдымда эрмектелбеди беле... Саамга ойлондум да, кайра артынан жетип бардым.
– Ушинтсем эле кетип калат дедиңби? Алмадай башыңа акыл киргизип, анан тынам!- дедим өжөрлөнүп.
Ортобуздагы талаш күчөп, ачуум менен эки-үч жолу чаап жибердим. Ыйлады. Айтчу сөзүн айтты. Кечке чейин экөөбүз уруштук, талаштык, акыры менин оюмду укту. Жакындан
тааныштык. Аты Алина экен. «
Экинчи денемди сатпайм» деп сөз берген соң үйүнө жеткизип бардым. Ошол күндөн тартып Алинасыз жашай албай калдым. Оюмда, түшүмдө ал. Бир азга көрбөй калсам сагынып, эмне кылып жүрөт деп кызганчу болдум. Бир күнү экөөбүз шаардын четине чыгып, күндүн батышын күтүп отурдук.
– Алина, күндүн батканын көрдүңбү? Эми аны артка кайтара албайсың,- дедим философ болуп.
– Ии...- деди күлө карап.
– Сенин өткөн күндөрүңдү да кайрый албайсың. Каталарыңды оңдогонго кеч. Эртең күндүн чыгышынан баштап жаңы жашоо баштабайлыбы? Жубайым болчу?- дедим. Көпкө чейин ойлуу отурду да, көзүнөн жаш кылгырып:
– Мен – сойкумун. Башкасын айтпаганда да кесиптештериң сенин көзүңчө мени пайдаланган. Кийин кепке сынып, өкүнүп жүрбө,- деди.
– Өз тагдырымды өзүм чечем,- дедим да, түндөп айылга алып жөнөдүм.
Элге той берип, кайра шаарга келдим. Жумуштагылар менин көңүлүмдү караштыбы,
«бактылуу бол» дегенден башка үн катышкан жок. Чырайын чайга чылап ичпесем да, Алинаны алаканыма салып бактым. «Кар жаады, из басылды» дегендей, өткөн күн унутулду. Жашоосун ак барактан баштаган жубайлардай жашап жаттык. Октой учуп он жыл өттү. 4 балалуу болдук. Мурун бардык нерсеге көз жумуп жашап калганым менен, эски жара акыркы кезде ырбагандай. Көп иччү болдум. Кесиптештерим ичип алгандан кийин:
– Ии, бажа, биз чогуу көргөнбүз. Аялыңды биз да билебиз,- деп кыраан-каткы түшкөндө өлүп алгым келет. Арыма чыдабай аялымды өлгүчө сабайм. Үйдө күндө уруш, балдарым да тажап бүтүштү.
– Апамды эмнеге сабайсыз?!- деп жабалакташат. Аларга
«апаңар сойку болчу» демек белем...