Акча үчүн адамзат кандай гана иштерге барбайт? Бири-бирин сатканы да, кордогону да, өлтүргөнү да ушул азгырыктын айынан. Жаңы сериалдын каарманы болгон Лейлектин өжөр кулуну Каныбек көп акча иштеп табуу деген ойдун жетегинде жүрүп кандайча Ооганстанга барып калганын билбей калат. Качан гана америкалыктардын колунда куралга айланып, бир буту төрдө, бир буту көрдө турганын билгенде өкүнүп, аттиң кылат. Бирок кеч болуп калган эле. Эми ал эптеп артынан түшкөн кара кийимчендерден кутулуп мекенине кайтышы керек. Каныбектин тилеги ишке ашабы же Ооганстандын аёо дегенди билбеген боз дубалдарынын арасында курман болобу, жаңы сериалдан окуй аласыздар.