Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Азамат Шакиров, Айжамал Кабылованын экс-күйөөсү: «ҮЙ-БҮЛӨМДӨ БОЛГОН ШЕРМЕНДЕЧИЛИКТИ ЭЛГЕ ЖАРЫЯЛАГЫМ КЕЛГЕН ЭМЕС»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж


Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат Шакиров менен ажырашканы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн кабар болду. Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы айым өзү, ажырашуу окуясына ысымы аралашып жаткан тамада Аман Ибраев маек курушуп, окуя тууралуу өз чындыгын айтышкан эле. «Айжамал менен бул теманы өз ара чечишип алган соң элге жарыялагым келген эмес. Бирок акыркы кездеги окуялар мени чындыкты далилдер менен жарыялоого аргасыз кылды»,- деп Азамат Шакиров редакциябызга кайрылды.

– Азамат, саламатсызбы? Түшүнөбүз, үй-бүлөнүн урап калышы, кандай себептер болгонуна карабай, эки тарапка тең оор тиет. Ал окуяны калың элдин талкууга алуусу абалды ого бетер чыңалтат. Буга чейин элдин назарында жүргөн ырчынын күйөөсү болуу сизге кыйынчылыктарды жаратты беле?
– Саламатсыздарбы? Өзүмдүн атымдан эле жооп айта турган болсом, ооба, «чымчыктын да уясы бузулбасын» деген сөз сыңары мындай нерсени өз башымдан өткөрүү оор болду. Айжамал элдин назарында жүргөн ырчы болгондугунан, балким, мурунтан ар түрдүү сөздөргө көнүп келгендир, бирок менин ата-энем, туугандарым мындай жеке жашоодо болгон нерселерди элдин талкууга алуусунан алыспыз.
Ырчынын күйөөсү болуу мага эч кандай кыйынчылыктарды жараткан эмес, кандай гана сөздөр болбосун мен Айжамалга ишенет болчумун. Өзүңүздөр да билгендей, Айжамал турмушка чыккандан кийин ырдабай үйдө отуруп калган жок. Кош бойлуу кезинде, балдарыбыз жаңы төрөлгөндө гана сахнадан алыстай түшкөнү болбосо, калган учурда ырларына да, клиптерине да колдоомду аябайт болчумун. Анткени 15 жылдай сахнада жүрүп, сахна анын жашоосунун бир бөлүгү болгонун түшүнөт элем.

– Буга чейин шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн арасында Айжамал Кабылова менен сизди ажырашты деген сөздөр тарап, сизге кайрылганыбызда «комментарий берүүнү каалабайм» деген элеңиз. Азыр «мени чындыкты айтууга аргасыз кылып жатышат» деп жатасыз. Кимдер сизди бул кадамга түрттү?
– Айжамалга жообун бергениме 9 айдай болду. Айжамал менен турмушубузда болгон бул нерсени элдин талкуусуна салбай эле коёлу, өзүбүз чечиштик, ажырым жолго түштүк, бүтүрдүк дегенбиз. Ошондуктан мен ал убакта бул нерсе тууралуу комментарий бере албайм дегем. Бирок кимдир бирөөлөрдүн түрткүсү, кызыкчылыгы менен Айжамал биздин ажырашуубуз тууралуу маек берип баштады. Эл билет, кимдин кандай сүйлөөрүн, буга чейинки маектерин деле көргөнсүздөр, интервьюдагы сөздөр Айжамал колдонуп сүйлөөчү сөздөр эмес. Артынан эле Аман Ибраевдин интервьюсу чыкты. Удаалаш чыккан бул интервьюларды мен актануу жана пиар катары кабыл алдым. Өздөрүн пиарлап жатышканын сынга албайм, менин ишим эмес ал жагы. Бирок актанып жатышканда сөздөрү мен жакка тийип жаткандыктан, элге мен жаман, менин ата-энем, туугандарым жаман болуп калуусуна, жалган актанууларына орток болуп отура албадым.
«Айжамалдын интервьюсунда сизге, кайын журтка сөз тийгизген жери жок» дешиңиздер мүмкүн. Бирок ар түрдүү социалдык тармактарда талкууланып жатканын билесиздер, ошол жерлердеги Айжамалдын сөздөрү түзмө-түз эле мага, туугандарыма тиешелүү болгону мени чындыгым менен чыгууга аргасыз кылды.

– 10 жыл чогуу түтүн булатып, эки баланын ата-энеси болгондон кийин ажырым жолго түшүү экөөңөргө тең оңойго турбаса керек?
– Тууралап кетсем, 10 жыл эмес, биз 2007-жылы ноябрь айында үйлөнгөнбүз, 2013-жылы апрелде Айжамал балдар менен Кыргызстанга кайткан. Ошол убакка чейин да канчалаган нерсе болбосун, биз тараптан Айжамалга эч кандай басынтуу болгон эмес. 2014-жылы мен бат-баттан эле Кыргызстанга айтпай, сюрприз кылып барып-келип турчумун. Ошол арада эмне кылып жүргөнүн байкап, билип баштагам. Анткени кайсы күйөөсү бар аял, 2 баланын энеси түнкү саат 3-5терде башка үй-бүлөлүү эркек менен 15-20 мүнөттөн күндө сүйлөшөт?! Ушундан улам мен шекшип, Айжамалдын телефонун текшере баштадым. Күнөөлөрүн моюнуна алган, сөздөрдүн далилдери колума тийгенден кийин да оңолбогон мамилелери мени 2015-жылдын август айында Айжамалга жообун берүүгө аргасыз кылган. Албетте, оңой болбоду. Үй-бүлөлүк мамилебизди токтотуу, айрыкча балдарымды көп ойлодум, бирок турмушта мындай нерселер болуп турат экен, чыдайбыз, жашоо улана берет.

– Турмушта өйдө-ылдый нерселер боло берет эмеспи. Үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүнчүлүк болбодубу?
– Албетте, турмушта өйдө-ылдый нерселер болуп турат. Жөн гана далилсиз ушактарга ишенип, оңой эле үй-бүлөнү талкалап коё турган адамдардан эмесмин. Бирок эч бир эркек аялынын мындай адепсиз кылыктарына көз жумуп коё албайт деп ойлойм.

– Сиздердин ажырашканыңыздарга Ошто тамадалык менен алектенген Аман Ибраевди да себепкер кылып жүрүшөт. Ал киши «Айжамал менен СМС жазышкан эмесмин» деп бизге да кайрылды. Ушундай териштирүүлөрдү коомчулукка жарыялабай коюуга мүмкүнчүлүк бар беле?
– Албетте, андай мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок биздин ажырашканыбызды Аман жана Айжамал, шоу чөйрөдөгүлөр өздөрү эле жая баштагандан улам элге таркады. Мен үй-бүлөмдө болуп жаткан мындай шермендечиликти элге жарыяламак белем? Атүгүл мен акыркы чечимге келген соң ата-энеме түшүндүрүп айтып, алардын макулдугу менен гана биз ажырым жолго түштүк. Экөөнүн интервьюларындагы «сүйлөшкөн эмеспиз» деген жалгандарынын 1-2 мисалын силерге сүрөт катары далилдеп жөнөтүп жатам. Муну да танышса, инстаграмдагы логиним azastarus, ошол жерден кеңири сүйлөшкөн түн жарымдагы СМСтерин, мындай СМСтерди жазышкандыктарын моюндарына алган аудиожазууларын да коюп, далилдей алам. Дагы айтылбаган көп сөздөрү, кылыктары бар...
Үй-бүлөбүздүн бузулушуна өзү гана күнөөлүү, мындай жол өзүнүн гана тандоосу, үй-бүлөгө берген баркы жана жашоого болгон жеңил ойлуулук көз карашы себеп болду.
Интернетте «Азамат Айжамал менен ажырашкандан кийин эле 19 жаштагы кызга үйлөнүп алган» деп жазгандар болуп жатат. Андай сөздөрдүн жазылганын башкы күнөөлүүнүн күнөөсүн башкаларга жүктөө аракети катары көрөм. Баары далилсиз гана сөздөр.

– Бишкектен жубайыңызга үй, машина алып берген экенсиз. Анын баарын кайра тартып алганыңызды да интернетте жазышууда...
– Алып бергеним ырас, бирок мындай окуядан кийин кайра Москвага чогуу келатканда кризиске байланыштуу өзүнүн макулдугу менен сатканбыз.

– Ортодо эки баланын тагдыры эмне болот?
– Балдарым – менин бул жашоодогу маңызым. Алардан эч качан кечип кетпейм, балдарымдын тагдыры мени терең ойлондурат. "Балдар же атасынан, же энесинен ажырабасын, менде болушсун, окутайын, тарбиялайын. Сен чыгармачылыгың менен алек боло бер" десем макул болбоду. Кыргызстанга барсам, тоскоол болушпаса, албетте, балдарыма жолугуп, сагынычымды таркатам. Бул жактан деле балдарды керектүү нерселер менен камсыз кылам деген ойдомун. Бул нерсе кандай болот, аны мен барганда сүйлөшүп, такташып алабыз.

– Мындай турмуштук тажрыйбадан кийин эмне деген тыянак чыгардыңыз? Элге, жубайыңызга гезит аркылуу айтчу кебиңиз бардыр?..
– Кудайым мындай тажрыйбаны эч бир үй-бүлөнүн башына салбасын. Ортодогу балдарга гана кыйын болот экен. Ар кадамды таштап жатканда акыл-эсибиз менен, өзүбүздү гана ойлобой үй-бүлөнү, ортодогу балдарды да ойлоп туруп, анан кадам таштоону унутпайлык. Анткени турмуш – бул оюн эмес, аны куруу, бекем тутуу кыйын, бузуп салуу оңой. Айтылган куру сөздөргө ишенип өкүм чыгарбай, акыл менен таразалай билели.


"Айжамалдын ырдаганына каршы болбой, дайыма колдоп келгем".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(531)
28.04.2016. 04:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аман бузду же нагима бузду дейсинер.однодо аман жазып чыктыго.смс мага келес мен куноолумунбу деп.мага жазылган смстерди азамат бурмалап салыптыр деп айтты.азамат болсо газетага актанганына караганда уй талашышкан.одним слово эркеке билинбейт бизге ото сезилет.баары бир аял башы менен кыйын
28.04.2016. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
28-03-2016
Соӊку аракети:
05-08-2018 22:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bellacvetochek,кандай кылган кундода балдарына бир болмолу уй менен Айжамалды болуп коюш керек болчу эркек болсо алып бергендерин эжесинин тилине кирип тартып албай. Уят Азамат
28.04.2016. 05:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
22-08-2014
Соӊку аракети:
18-08-2018 21:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия тюмень
0
Кудай сактасын куруу дооматтан.Бул жерде кимдир бироо аралашып калган Айжамалга Амандын атынан жазышы да мумкун го.Эмнеси болсо да жарашып жакшы жанылык менен гезит бети чыккыла.бактылуу болуш оз колубузда,
28.04.2016. 10:26 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5917
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+3
mi-li-na, bellacvetochek, Shpionka, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. arzuuu, BebeU, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-28 10:31:08
28.04.2016. 10:31 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5917
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Nazikbaigazy, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
28.04.2016. 10:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ок.аманга да ошол айжамалдын эжеси жазгааан деп журот соц тармактарда.эжеси аманга жазган а аман ага жооп берген дейт.жанагы жазылган смстер губалар экземплияр деген смстердин баары аманга жазылган деп жарыялап чыкты
28.04.2016. 11:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
11-04-2016
Соӊку аракети:
25-06-2016 12:45
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркек баштаса да аял кой деш керек болчу мындайда. Ошонусу менен аял аялда. Мына эми балдары тартат азабын
28.04.2016. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-8
Аял аял дей беребиз.эркени лох болуп гезиттен кучун чфгарып атса.ал эркекпи же?
29.04.2016. 23:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+5
bellacvetochek, «Айжамалдын интервьюсунда сизге, кайын журтка сөз тийгизген жери жок» дешиңиздер мүмкүн. Бирок ар түрдүү социалдык тармактарда талкууланып жатканын билесиздер, ошол жерлердеги Айжамалдын сөздөрү түзмө-түз эле мага, туугандарыма тиешелүү болгону мени чындыгым менен чыгууга аргасыз кылды. Деп жазды Азамат. Айжамалдын, Амандын баракчаларында Азаматты жаман атты кылып, эжесин жаман атты кылып, Айжамалдын барган жерин жаман атты кылып ушак создорду таркатып жатышат. Окудук.
28.04.2016. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
19-04-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 15:01
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх ушул ырчылардын жашоосу уй булоосунон баштап баскан турганына чейин баарына маалым болуп турат.
28.04.2016. 12:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
26-04-2016
Соӊку аракети:
07-07-2016 05:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айжамал айымдын ырлары жакшы
28.04.2016. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
19-04-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 15:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх ушул эл козундогу адамдардын жашоосу.Уй-булоосундогу болгон жанылыктардан баштап баскан турганына чейин а тугул эмне себептен ажырашып ким менен эмне деп жазышып ийгенине чейин маалым болуп турат.Айжамал Кабыловага эмне бир куйоо жетпей жатканбы?
28.04.2016. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
21-03-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+2
пришла, ушла. и все! За то теперь есть вакансии на пару челов.
28.04.2016. 13:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
26-06-2018 01:45
Жынысы:
Белгисиз
+4
Огоо мына сага рейтинг! Айгерим менин рейтингими остуруп деп атты эле гоо ))) эки уч эсеге басып кеттиго чиркин!
28.04.2016. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-03-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:05
Жынысы:
Белгисиз
+6
2016-жылдын хити болду бул тема.Айжамал дагы Азамат дагы кунолуу.Телефонун текшерип,андып журбой кичине бир учун укканда эле чакырып албайбы,же келип чогуу жашабайбы?Эгер аялы бузулуп кетсе куйоосу жооп берет и 50%куноолуу!Кайын эжеси инисинин турмушуна тумшугун тыкпай эле койсо болмок.Эмне иниси озу чече албагыдай алсыз беле,же аялын башкара албагыдай л.. беле?
28.04.2016. 15:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-7
Куноонун баары эжесинде болуп жатат окшойт.сонунова ошол кайнежеси экен.анара анара деп айжамал менен интернеттен урушуп жатышпады беле ал дагы эжкси же азамат экен.уят эле.ушинтип жарялап ажырашкандан кийин азаматтай алсыз эркеке мен лично тийбейт элем
29.04.2016. 22:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
bellacvetochek, Эми кайынэжеси эле калды. Мелина дединер, Азамат дединер, кочодоку Азаматка кызыккан бузуку дединер, Аманды коро албаган тамада дединер. Аларды тутуп да алышты дединер. Бир созунор туура чыкпады. Уят. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-02 12:21:42
02.05.2016. 12:22 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5917
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-2
ritulek, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
28.04.2016. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
03-02-2015
Соӊку аракети:
28-07-2018 06:08
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аялга озу бир аз катаалырак мамиле жагат. Себеби аялдын козун эле карап айтканын жасап турса да аялга жакпай кетет. Азамат мырза Айжамалды эркелетип жиберген оюна коюп. Бул жерде куноолуну издештин кереги жок. Азыркы заманда мындай ажырашуулар толтура. Газетага жарыяланбагандар канча. Азыр бироону соз кылсан 40 минутта озуно келет. Ошого коп сындай бербегиле окурмандар.
28.04.2016. 16:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эн туура кошулам
28.04.2016. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эмне мен жазсам чыкпай жатат?
28.04.2016. 16:56 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5917
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
bellacvetochek, саламатсызбы? Бетти жаңылап туруп, кайра карап көрүңүз.
28.04.2016. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
19-04-2016
Соӊку аракети:
21-06-2018 16:28
Жынысы:
Белгисиз
+5
ээ тагдыр ушул да бул нерсе коомчулуктун талкуусуна чыкпай эле калса болмок журналистер да ушундайды кууп жазышат.
28.04.2016. 18:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-09-2015
Соӊку аракети:
17-10-2016 17:53
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол смс ти коргондон кийин Азамат мырза Аман Ибраевге эркекче барып суйлошуп,Экинчи бироонун аялына смс жазмак тургай,карагыс кылып коюш керек эле!Мин интеллигентный,культурный болсон да.Эркектер башка аялды кызыгып караганда,эсинде болсун сенин да аялына башка эркек коз салаарын унутпа!!!
DilaraHamza түзөттү 2016-04-28 18:14:43
02.05.2016. 12:24 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5917
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
ritulek, маани-мазмуну окшош бир эле билдирүүнү бир нече жерге, бир нече жолу кайталап жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
28.04.2016. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-13
Бул жерде аманга жазылган экен смстер.аны азамат уялып амандын атынан чыгарып салыптыр.башка адамдын смси деп да жазылыптыр
29.04.2016. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
28-03-2016
Соӊку аракети:
05-08-2018 22:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bellacvetochek,Азамат эркек болсо Аман менен суйлошуп албаптыр, артынан ушак айтпай,Айжамал жаман катын дебей ,озуда жаман эр экен

29.04.2016. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
dina1223, Мындай СМСтерди жазышкандыктарын моюндарына алган аудиожазууларын да коюп, далилдей алам. Моюндарына алган деп жатат Азамат. Демек Аман менен да суйлошкон.
28.04.2016. 21:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-12
Аман жазса эле урушуп кетмек беле.биринчи жазса керекда эжелер дагы айттыго аман тут не причем деп
28.04.2016. 21:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
15-05-2013
Соӊку аракети:
18-04-2017 11:51
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эмне болгондо да Азамат чыныгы эркек катары, болгон окуяны элге жарыялабашы керек эле.Уят болду озу эле.Негизи, ажырашуунун себеби бир эле адамдан эмес, эки жардан келип чыгат.Эмне болсо да, экоо тен куноолуу деп эсептейм.Аялынын смстерин андыбай,ошол кишиге барып эле эркекче суйлошуусу керек эле.Анан артынан аялын шерменде кылган болбойт!Ал эми элге айтаар элем,коп бироонун турмушун соз кыла бербей озунордун турмушунарды эптегилечи.Балдарына эле жаман болдуго, ата-энеси эки ажырымга тушуп.Сабыр
29.04.2016. 15:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
25-08-2017 01:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
gulsin,акыл уйроткон эле киши бары.
28.04.2016. 22:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
11-04-2015
Соӊку аракети:
29-04-2016 20:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сабырдын тубу сары алтын дегедей сабырдуу болунуздар!Эки жактын тен чындыгы бар экен.
28.04.2016. 23:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-07-2012
Соӊку аракети:
02-02-2017 10:21
Жынысы:
Белгисиз
-10
Тажабадынарбы бироонун турмушун ушактагандан! Корбой туруп ар нерсени божомолдоп соккондор кудайдан корккула! Кудайды угутуп атасынар, чегинерден ашып кеттинер. Бирден оюнарды жазып койгула, ичине кирип ичегисин чубабай. Жашап алыптыр го кээ бироосу, калп эле мээ чакмай комменттерди быжыратпай озунорго келгиле эми. Болушунча болду, жакшы жагына жолду издегиле андан коро! Жакшы иш кылалы эми.Ар ким оз куноолуулорун таап баа койдук 2,1 лерди, бешке ондойлу туугандар!
29.04.2016. 13:12 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5917
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+3
Lovebaby, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү!
29.04.2016. 00:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-10
Мына эми сынчылар биз да онолдук.куноо оздорундо.оздорунун турмушун элге жарялаган эркек аял демек булар эл учун жашашкан деп эсептейли да ушуну менен жыйынтыктайлы.ким кошулат?
29.04.2016. 08:44 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
11-11-2014
Соӊку аракети:
31-08-2016 11:18
Жынысы:
Белгисиз
-3
Силерге ТВга "Пусть говорят" ачыш керек экен ошол жерге баргыла.
29.04.2016. 13:16 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5917
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
Shpionka, жеке айтышуудан алыс болгула! Эскертүү!
29.04.2016. 13:13 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5917
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
daku.kg, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
29.04.2016. 13:14 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5917
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+3
bellacvetochek, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
29.04.2016. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечирим сурай админ
29.04.2016. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
24-11-2009
Соӊку аракети:
10-07-2018 18:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+2
Baldarina jaman boluptur. Ozdoru olboyt. Birge jawabagandin kesepeti
30.04.2016. 01:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Acia, Айжамал балдарын ойлобоптур. Окунучтуу.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21232;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: