Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Азамат Шакиров, Айжамал Кабылованын экс-күйөөсү: «ҮЙ-БҮЛӨМДӨ БОЛГОН ШЕРМЕНДЕЧИЛИКТИ ЭЛГЕ ЖАРЫЯЛАГЫМ КЕЛГЕН ЭМЕС»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж


Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат Шакиров менен ажырашканы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн кабар болду. Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы айым өзү, ажырашуу окуясына ысымы аралашып жаткан тамада Аман Ибраев маек курушуп, окуя тууралуу өз чындыгын айтышкан эле. «Айжамал менен бул теманы өз ара чечишип алган соң элге жарыялагым келген эмес. Бирок акыркы кездеги окуялар мени чындыкты далилдер менен жарыялоого аргасыз кылды»,- деп Азамат Шакиров редакциябызга кайрылды.

– Азамат, саламатсызбы? Түшүнөбүз, үй-бүлөнүн урап калышы, кандай себептер болгонуна карабай, эки тарапка тең оор тиет. Ал окуяны калың элдин талкууга алуусу абалды ого бетер чыңалтат. Буга чейин элдин назарында жүргөн ырчынын күйөөсү болуу сизге кыйынчылыктарды жаратты беле?
– Саламатсыздарбы? Өзүмдүн атымдан эле жооп айта турган болсом, ооба, «чымчыктын да уясы бузулбасын» деген сөз сыңары мындай нерсени өз башымдан өткөрүү оор болду. Айжамал элдин назарында жүргөн ырчы болгондугунан, балким, мурунтан ар түрдүү сөздөргө көнүп келгендир, бирок менин ата-энем, туугандарым мындай жеке жашоодо болгон нерселерди элдин талкууга алуусунан алыспыз.
Ырчынын күйөөсү болуу мага эч кандай кыйынчылыктарды жараткан эмес, кандай гана сөздөр болбосун мен Айжамалга ишенет болчумун. Өзүңүздөр да билгендей, Айжамал турмушка чыккандан кийин ырдабай үйдө отуруп калган жок. Кош бойлуу кезинде, балдарыбыз жаңы төрөлгөндө гана сахнадан алыстай түшкөнү болбосо, калган учурда ырларына да, клиптерине да колдоомду аябайт болчумун. Анткени 15 жылдай сахнада жүрүп, сахна анын жашоосунун бир бөлүгү болгонун түшүнөт элем.

– Буга чейин шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн арасында Айжамал Кабылова менен сизди ажырашты деген сөздөр тарап, сизге кайрылганыбызда «комментарий берүүнү каалабайм» деген элеңиз. Азыр «мени чындыкты айтууга аргасыз кылып жатышат» деп жатасыз. Кимдер сизди бул кадамга түрттү?
– Айжамалга жообун бергениме 9 айдай болду. Айжамал менен турмушубузда болгон бул нерсени элдин талкуусуна салбай эле коёлу, өзүбүз чечиштик, ажырым жолго түштүк, бүтүрдүк дегенбиз. Ошондуктан мен ал убакта бул нерсе тууралуу комментарий бере албайм дегем. Бирок кимдир бирөөлөрдүн түрткүсү, кызыкчылыгы менен Айжамал биздин ажырашуубуз тууралуу маек берип баштады. Эл билет, кимдин кандай сүйлөөрүн, буга чейинки маектерин деле көргөнсүздөр, интервьюдагы сөздөр Айжамал колдонуп сүйлөөчү сөздөр эмес. Артынан эле Аман Ибраевдин интервьюсу чыкты. Удаалаш чыккан бул интервьюларды мен актануу жана пиар катары кабыл алдым. Өздөрүн пиарлап жатышканын сынга албайм, менин ишим эмес ал жагы. Бирок актанып жатышканда сөздөрү мен жакка тийип жаткандыктан, элге мен жаман, менин ата-энем, туугандарым жаман болуп калуусуна, жалган актанууларына орток болуп отура албадым.
«Айжамалдын интервьюсунда сизге, кайын журтка сөз тийгизген жери жок» дешиңиздер мүмкүн. Бирок ар түрдүү социалдык тармактарда талкууланып жатканын билесиздер, ошол жерлердеги Айжамалдын сөздөрү түзмө-түз эле мага, туугандарыма тиешелүү болгону мени чындыгым менен чыгууга аргасыз кылды.

– 10 жыл чогуу түтүн булатып, эки баланын ата-энеси болгондон кийин ажырым жолго түшүү экөөңөргө тең оңойго турбаса керек?
– Тууралап кетсем, 10 жыл эмес, биз 2007-жылы ноябрь айында үйлөнгөнбүз, 2013-жылы апрелде Айжамал балдар менен Кыргызстанга кайткан. Ошол убакка чейин да канчалаган нерсе болбосун, биз тараптан Айжамалга эч кандай басынтуу болгон эмес. 2014-жылы мен бат-баттан эле Кыргызстанга айтпай, сюрприз кылып барып-келип турчумун. Ошол арада эмне кылып жүргөнүн байкап, билип баштагам. Анткени кайсы күйөөсү бар аял, 2 баланын энеси түнкү саат 3-5терде башка үй-бүлөлүү эркек менен 15-20 мүнөттөн күндө сүйлөшөт?! Ушундан улам мен шекшип, Айжамалдын телефонун текшере баштадым. Күнөөлөрүн моюнуна алган, сөздөрдүн далилдери колума тийгенден кийин да оңолбогон мамилелери мени 2015-жылдын август айында Айжамалга жообун берүүгө аргасыз кылган. Албетте, оңой болбоду. Үй-бүлөлүк мамилебизди токтотуу, айрыкча балдарымды көп ойлодум, бирок турмушта мындай нерселер болуп турат экен, чыдайбыз, жашоо улана берет.

– Турмушта өйдө-ылдый нерселер боло берет эмеспи. Үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүнчүлүк болбодубу?
– Албетте, турмушта өйдө-ылдый нерселер болуп турат. Жөн гана далилсиз ушактарга ишенип, оңой эле үй-бүлөнү талкалап коё турган адамдардан эмесмин. Бирок эч бир эркек аялынын мындай адепсиз кылыктарына көз жумуп коё албайт деп ойлойм.

– Сиздердин ажырашканыңыздарга Ошто тамадалык менен алектенген Аман Ибраевди да себепкер кылып жүрүшөт. Ал киши «Айжамал менен СМС жазышкан эмесмин» деп бизге да кайрылды. Ушундай териштирүүлөрдү коомчулукка жарыялабай коюуга мүмкүнчүлүк бар беле?
– Албетте, андай мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок биздин ажырашканыбызды Аман жана Айжамал, шоу чөйрөдөгүлөр өздөрү эле жая баштагандан улам элге таркады. Мен үй-бүлөмдө болуп жаткан мындай шермендечиликти элге жарыяламак белем? Атүгүл мен акыркы чечимге келген соң ата-энеме түшүндүрүп айтып, алардын макулдугу менен гана биз ажырым жолго түштүк. Экөөнүн интервьюларындагы «сүйлөшкөн эмеспиз» деген жалгандарынын 1-2 мисалын силерге сүрөт катары далилдеп жөнөтүп жатам. Муну да танышса, инстаграмдагы логиним azastarus, ошол жерден кеңири сүйлөшкөн түн жарымдагы СМСтерин, мындай СМСтерди жазышкандыктарын моюндарына алган аудиожазууларын да коюп, далилдей алам. Дагы айтылбаган көп сөздөрү, кылыктары бар...
Үй-бүлөбүздүн бузулушуна өзү гана күнөөлүү, мындай жол өзүнүн гана тандоосу, үй-бүлөгө берген баркы жана жашоого болгон жеңил ойлуулук көз карашы себеп болду.
Интернетте «Азамат Айжамал менен ажырашкандан кийин эле 19 жаштагы кызга үйлөнүп алган» деп жазгандар болуп жатат. Андай сөздөрдүн жазылганын башкы күнөөлүүнүн күнөөсүн башкаларга жүктөө аракети катары көрөм. Баары далилсиз гана сөздөр.

– Бишкектен жубайыңызга үй, машина алып берген экенсиз. Анын баарын кайра тартып алганыңызды да интернетте жазышууда...
– Алып бергеним ырас, бирок мындай окуядан кийин кайра Москвага чогуу келатканда кризиске байланыштуу өзүнүн макулдугу менен сатканбыз.

– Ортодо эки баланын тагдыры эмне болот?
– Балдарым – менин бул жашоодогу маңызым. Алардан эч качан кечип кетпейм, балдарымдын тагдыры мени терең ойлондурат. "Балдар же атасынан, же энесинен ажырабасын, менде болушсун, окутайын, тарбиялайын. Сен чыгармачылыгың менен алек боло бер" десем макул болбоду. Кыргызстанга барсам, тоскоол болушпаса, албетте, балдарыма жолугуп, сагынычымды таркатам. Бул жактан деле балдарды керектүү нерселер менен камсыз кылам деген ойдомун. Бул нерсе кандай болот, аны мен барганда сүйлөшүп, такташып алабыз.

– Мындай турмуштук тажрыйбадан кийин эмне деген тыянак чыгардыңыз? Элге, жубайыңызга гезит аркылуу айтчу кебиңиз бардыр?..
– Кудайым мындай тажрыйбаны эч бир үй-бүлөнүн башына салбасын. Ортодогу балдарга гана кыйын болот экен. Ар кадамды таштап жатканда акыл-эсибиз менен, өзүбүздү гана ойлобой үй-бүлөнү, ортодогу балдарды да ойлоп туруп, анан кадам таштоону унутпайлык. Анткени турмуш – бул оюн эмес, аны куруу, бекем тутуу кыйын, бузуп салуу оңой. Айтылган куру сөздөргө ишенип өкүм чыгарбай, акыл менен таразалай билели.


"Айжамалдын ырдаганына каршы болбой, дайыма колдоп келгем".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(531)
25.04.2016. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-04-2016
Соӊку аракети:
06-10-2017 16:51
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азамат башты бийик көтөр. 19 жашар кыз эмес,18 жашар кыз алсаңда боло берет. Зато сен адал жол менен аласың буларга окшоп арам жолго барбай.
25.04.2016. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
15-04-2008
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:43
Жынысы:
Белгисиз
+4
Er-jurok., Туура айтасын созуно 100% кошулам.
25.04.2016. 09:35 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
08-04-2016
Соӊку аракети:
09-03-2017 14:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+11
эртең эле Аман менен Айжамал баш кошуптур деп келбесеңер эле болду эми супер Инфо...
25.04.2016. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
15-11-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 09:43
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сакта
25.04.2016. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
15-11-2012
Соӊку аракети:
27-04-2018 08:04
Жынысы:
Белгисиз
-18
Айжамал 10 жыл ким менен жашап жургонунду эми билдинби? Козун ачылдыбы? Болду эми жарашпа сени алам дегендер толтура го ошолордун бирине тийип аласын!
25.04.2016. 13:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 22:41
Жынысы:
Белгисиз
+5
bela77,
эмнеге? мисалы ото эле культурно, токтоо жооп бериптир. мумкун болушунча озун токтоткону сезилип турат. менимче, Аман менен Айжамал чыкпаш керек эле вообще бул теманы которуп. оздорунун куноосу бар туруп неге анча актанышты? же чындыкты мынтип бетке коюп коерун алдын ала сезишпедиби? мен лично буга чейин Айжамал тарап болуп аткан элем. азыр оюм озгорду. мейли, физически изменять этпегендир, флирт деген жаман нерсе, но ошонун баары Азаматка айкын болгондон кийин неге чыгып алышты дейм да.
25.04.2016. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 22:41
Жынысы:
Белгисиз
0
bela77,
сени алам дегендерге тийип ал дейсин да куйдуруп. кыргыз качан эле балалуу келинди алып кыйратчу эле. озу жакса да балдары эч качан ботон эркекке бала болуп мээримин ала албайт. бул эн акыркы чечим болуш керек. а так, колдон келсе жарашканга аракет кылса жакшы болмок. балдар кыйналат ортодо эле. Азаматтын катасы булбу, же эжеси жоопсуз Айжмалдын телефонун текшерип ачыкка алып чыктыбы, иши кылса эжесинин аралашканы баланы белге тээптир да. ал суротторунон ангел эмес экени корунупэле турат
25.04.2016. 09:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-03-2013
Соӊку аракети:
11-08-2016 16:25
Жынысы:
Белгисиз
-4
Булар тынчыбады го. Элге жарыялагысы келбеген адам, кайра кайра ар жакка интервью берип, ар нерсени бир айтпай, баарын жабык чечет. Силердин тарыхынарды эл унутуп деле калган болчу. Бирок озунор кайра-кайра чыгып, эстетип, чымынды пил кылып жатасынар.
Wave. түзөттү 2016-04-25 09:40:25
25.04.2016. 09:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тообо кылгыла бироону судить этпей. Не суди судимым будешь дегендей. Азамат эми айжамалды жамандабай эле койбоптур да эркектин ищи эмес бул. как никак балдарынын энэси балдарынын келечегин ойлобоптурбу. Байкуштар кантип элдин алдында баш которуп чонойот экен эми кудайым ай ушу балдарга зыяны тийбесин.
25.04.2016. 09:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
15-11-2012
Соӊку аракети:
27-04-2018 08:04
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ажырашууда аялы карьерасын ойлосо,куйоосу озунун уй-булосунун репутациясын ойлоп бири-биринин былыгын чукушуп отуру ал эми эки чырактай баланы ойлогон эчким жок.Айжамал бул кылган ишине мин жолу окунсон да кеч, болгону башты котор сынып калба!Азамат ушинтип айтканынды пастык деп эсептейм, бул Айжамалдын позору эмес сенин да позорун кантип айттын ушуну эркек башын менен!
25.04.2016. 09:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
08-04-2016
Соӊку аракети:
09-03-2017 14:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+17
Аза брат (жезде) эркек экенсиз, мындай аялдын баарынан жогу жакшы.
кайсы аял жат эркек менен смс жазышат түн жарымда,Аман Ибраимовда ХХХ ХХХ,өзүңүн аялыңы да башка жат эркек менен кармап алчы ошондо билет элең бирөөнүн турмушун бузулганы кандай экенин,ортодо бейкүнөө балдарды атасыз чоңойтконго мажбур кылган эркексөөрөй.

Дагы жазган смстерин кара жаш балдарча,уктабсй шаарда сенин ырларыңы угуп олтурам деп,балээ барбы шаарда уктабай магинада отургандын балдарыңа бар.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-25 10:29:22
25.04.2016. 10:29 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5990
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-8
rukopashnik, этика нормаларын сактаңыз! tea23, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынган.Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-25 10:30:38
25.04.2016. 09:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
26-02-2014
Соӊку аракети:
24-07-2018 17:52
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат, ушунча унчукпай келдиң, эми деле унчукпай койсоң, эл эмне, бир ай айтып, анан унутуп кетмек да! Канча жыл чогуу жашап, бир эмес эки баланы төрөп берген аялды эл алдында тебеледиң. Эмне болду эми, Мүйүз чыктыбы? Эркек катары, үйдүн кожоюну катары айкөлдүк кылсаң болбойт беле?!
25.04.2016. 13:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-10-2016 13:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
Oi_pikir, Кайсы келесоо эркек аялы башка менен эзилишип журсо чыдап журо берет? Унчукпай журо берсе дагы айтабыз куйоосу лох экен, аялы козуно чоп салса да оозун ачып журот деп. Азамат туура кылган, женил ойлуу аялдан коро жогу жакшы. Азамат кычыраган жап жаш кыздар ашык болчу жигит, дагы деле ыймандуу кызга уйлонуп бактылуу болот. А айжамал болсо озуно-озу кылып алыптыр. Балдарынын келечегин ойлобогон эссиз экен. Шоопурду эрим дебе,ырчыны аялым дебе деп бекер айтпайт да кыргызда.
25.04.2016. 14:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-05-2007
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bereke10, калын элге жарыяласа лох болбой калат деген ойдосузбу? Билдинби -тынч ажырашып кет балдардын келечеги учун, болду. "Жанагы Айжамалдын кызы/уулу" деген жакшы соз эмес го.
26.04.2016. 02:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-10-2016 13:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
aijan Ал соз Айжамалдын совестинде. Кийин балдары "атабыз эмнеге биз менен бирге болгон жок" деп сураса озу эмне деп жооп берет озу билет. Аман менен жакын сырдашып койдумле деп айтапас керек
25.04.2016. 21:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 02:03
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bereke10,тууураа
25.04.2016. 09:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
26-02-2014
Соӊку аракети:
24-07-2018 17:52
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айжамал деле жыргап кеткенинен башка эркекке көңүл бурбагандыр?
25.04.2016. 09:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
26-01-2014
Соӊку аракети:
27-02-2017 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бул жерден корунбойт
+15
Чындык Азамат тарапта экен, корунуп эле турбайбы Айжамал шерменде эле болуптур.
25.04.2016. 09:49 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
08-04-2016
Соӊку аракети:
09-03-2017 14:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
кечээ Айжамал телевизордон чыгып ырдап атса, сразу ойум кетти ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-25 10:06:08
25.04.2016. 10:05 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5990
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
rukopashnik, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
25.04.2016. 09:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
26-02-2014
Соӊку аракети:
24-07-2018 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Экөөң ич ара канча талашып-тартышсаңар дагы элге жарыялабай койсоңор болбойт беле? Балдарга, ырчы кызга боорум ооруп жатат. Күйөөсү эркек, ага эч кандай сөз жабышмак эмес.
25.04.2016. 09:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
477
Катталган:
11-11-2014
Соӊку аракети:
26-06-2016 07:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))
+11
"Артистти аялым дебе". Ушул учкул соз Айжамал учун айтылып,делилденди. А тиги тамада бироонун аялына коз артып,бироонун уй булоосун ураткандан корксо болмок. Азамат чыныгы жигит экен,уй булоодогу болго окуяларды ушунча сыр кылып сактаган. Сынба. Айжалга окшогондордон алтымышты алганга кудуретин жетет. Ийгилик!
25.04.2016. 09:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
17-11-2011
Соӊку аракети:
04-06-2017 02:01
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен Азаматтын жазганын окуп боорум ооруп кетти. Доказательство бар турбайбы. Мына эми Аман менен Айжамал ит болушту. Аман корунгон кызга коз артпай жубайындын жанында эле журсон болмок, элге шерменде болбой. Эми аялын сага 100% ишенбей калды. Уят.
25.04.2016. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
24-03-2016
Соӊку аракети:
08-07-2018 19:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нью Йорк
+10
Тура мындайлар болот Азаматтын козуно чоп салып жургон экен да Айжамал
Мен да мындай окуяга кубо болгом Туганыбыз болчу мен оз козум мн кармап алгам туганымдын аялын ,мойнуна албай койгон ,мен жаманатты болуп калгам ,туугандар мени жаман корушот чындыкты айтсан жаманатты болот экенсин
25.04.2016. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
14-04-2016
Соӊку аракети:
11-10-2018 22:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Түп айылы
+8
Азамат-азамат! Менин жубайым ушундай кылса мен деле ажырашмакмын!
25.04.2016. 09:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
21-03-2016
Соӊку аракети:
11-05-2016 19:23
Жынысы:
Белгисиз
+7
Укмуш эл алдындагы адамдар ушундай жооруктарды кылып жатышса анда соз жок, ортодо балдарына кыйын болуптур.
25.04.2016. 09:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
29-01-2016
Соӊку аракети:
01-09-2016 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аман Ибраев да элдин адамы болгондон кийин ар бир кадамын ойлоп басыш кк
25.04.2016. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
11-04-2015
Соӊку аракети:
17-11-2017 22:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+12
Айжамал озу эле кунолуу болуп калган тура. Шамал болбосо чоптун башы кыймылдамак эмес. Бирок ошондой эле, эки алакан чабышмайын ун чыкпайт. Мумкун Азамат кумурсканы пил кылып жаткандыр. Ким билсин.

Негизи аялзаты созго тез алдануучу болот да. Аман дегени бир-эки жакшы соз суйлоп койсо, Айжамалдын козу тумандап калды бекен... Жолдошунун ордунда болгондо мен да кечирбейт болчумун, намыс деген жаман...
Азыркы заманда бир козун, экинчи козуно душман, ойлонуп иш кылуу керек эле...
25.04.2016. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
24-08-2010
Соӊку аракети:
08-05-2018 23:44
Жынысы:
Белгисиз
+14
ушул нерсе баарына сабак болсун.эч кимдин уйбулосу бузулбасын.коз корбойт кулак укпайт деп эле телефондо уйбулоолу адамдар ойноп да тамашалашып да жазышпагыла.себеби шайтан деген бир заматта суйдуруп,бир заматта башты айландырып баарын каша кылып салат ушинтип.ыйман баарына..
25.04.2016. 10:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
29-01-2016
Соӊку аракети:
01-09-2016 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+4
aselushka,молодец!Кошулам сага!Эн туура айттын!!!Мындай корунуш ар 2чи адамда бар...адамбыз жанылабыз окунобуз анан сабак боло т
25.04.2016. 09:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
18-11-2018 10:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Рига
+4
Балдар учун,алардын келечеги учун дым-дым болсонор болмок.Азамат,ушунчасына чыдаган дагы да эркектик кылып чыкпай эле койбопсун.жок дегенде кызын учун.энесин коруп кызын ал дегендей кызынды келечекте булоо кылып ала тургандар апан ушундай болгон деп айтаары бышык.бугунку кунду ойлобой тээ алдыга коз чаптырсан болмок(((
25.04.2016. 09:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
11-04-2015
Соӊку аракети:
17-11-2017 22:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+16
Шайтандай болуп ушул телефон, интернет, ватсап ж.б дегендери чыгып канча адамдардын турмушу бузулуп жатат. Же адамдар туура колдонгонду билбейт аны!
25.04.2016. 10:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
470
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
17-11-2018 21:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Кыргызстан
+1
Чыныгы мырзалык сапат жок экен балекет болгон кундо да маек бербеш керек эле экобуно тен эч нерсе эмес балдарынардын келечегине терс таасирин берет да биро Бир нерсе менин Маман мындай папан ти индейидеп айтор аман болгула калпак айланып башка келет дечу беле аллахым ОЗУ сактасын озунорго менен эле кетсин кимдин АК же кара экенине Аллах кубо
25.04.2016. 10:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
16-06-2011
Соӊку аракети:
18-03-2018 00:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+18
Менимче любой норм эркек Эч Качан кечирбесе керек изменаны. Каап Айжамал куйоосунун жанынан кетпей Эле койсо болмок экен. Мен тушуном кээде уй-Було Эки жакта жашашка туура келет Айла жок эгер куйоосу бага Албай жатса, а бирок бул жерде башка ситуация болуп жатпайбы. Шоу бизнесте соблазн коп Айжамал озу билсе керек Эле, баарына кудайга шугур Деп куйоосунун жанында отурса болмок, жашы нерсе болбоптур неси Болсо да. Балдарына жалко
25.04.2016. 10:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
18-01-2013
Соӊку аракети:
04-05-2016 16:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматты эжеси дагы куулодубу ошондо. Айжамалды дагы башка бироолор((( Уй-булонорду башкалар каалашынча калчап, ойноп калыптыр да кыскасы. Алсыз экенсинер. Элге тамаша болуп,улам улам айтышып гезитке чыгып.Кимге актанып жатасынар.Силерди эки чон адам деп коет. Жашоо силердики,турмуш силерге керекпи-жокпу, отуруп бир чечимге келгиле да, эмне мынча мышык чычкан ойнодунар.
marat0989 түзөттү 2016-04-25 10:10:59
25.04.2016. 13:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 22:41
Жынысы:
Белгисиз
-2
marat0989,
кошулам сиздин созунузго.
25.04.2016. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
13-10-2014
Соӊку аракети:
28-12-2017 19:07
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уй булоонун бузулушу жакшы эмес. Биз бул жакта жон эле "иий ажырашыптыр" деп койобуз, бирок ал нерсени башынан откозуп жаткан адамга бир топ эле кыйын, канчалык куносу болсо да. Куйоосу да мынтип элге жарыялап СМС терди тура эмес иш кылган. Чыныгы эркек антпейт, кантсе да балдарынын апасы. Ал эми Айжамал женил ойлулук кылган. Жаш кыз эмес, 2 баланын апасы, кадамды ойлоп ташташ к.к болчу.....
25.04.2016. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
02-02-2016
Соӊку аракети:
12-06-2017 14:47
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тообо кылып жашайлы .
25.04.2016. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
08-02-2016
Соӊку аракети:
05-08-2017 19:39
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки шапалактан тен ун чыгат, Азаматан бир нерсе болгон учун Айжамал кетип калды, артынан куноону койдун, чындап эле Айжамал сизди изменить кылган болсо, УЯТ, Айжамалды колдойбуз уй булоого сиздики, тиги нагиманызга Эмне жок, бироонун уй булоосуно киришип, эркек болсонуз, кунуго интервью берип чыкпастан эки жактын тен оозун жаап коюшунуз керек, канткендеда балдар бар.
25.04.2016. 10:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болгон иш болуптур Деп элге позор болбой жаап койбой уяты жок Нагима баштабай эле койбойбу. Ошо баштап алып аргасыз айтууга туура келиптир да чындыкты. Байкесинин балдырын ойлосо болмок озунун айжамалдан оч алуу кызыкчылыктарын ойлобой. Эмне Эми кыйраттынарбы Элге жарыялап?
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: