Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Азамат Шакиров, Айжамал Кабылованын экс-күйөөсү: «ҮЙ-БҮЛӨМДӨ БОЛГОН ШЕРМЕНДЕЧИЛИКТИ ЭЛГЕ ЖАРЫЯЛАГЫМ КЕЛГЕН ЭМЕС»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж


Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат Шакиров менен ажырашканы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн кабар болду. Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы айым өзү, ажырашуу окуясына ысымы аралашып жаткан тамада Аман Ибраев маек курушуп, окуя тууралуу өз чындыгын айтышкан эле. «Айжамал менен бул теманы өз ара чечишип алган соң элге жарыялагым келген эмес. Бирок акыркы кездеги окуялар мени чындыкты далилдер менен жарыялоого аргасыз кылды»,- деп Азамат Шакиров редакциябызга кайрылды.

– Азамат, саламатсызбы? Түшүнөбүз, үй-бүлөнүн урап калышы, кандай себептер болгонуна карабай, эки тарапка тең оор тиет. Ал окуяны калың элдин талкууга алуусу абалды ого бетер чыңалтат. Буга чейин элдин назарында жүргөн ырчынын күйөөсү болуу сизге кыйынчылыктарды жаратты беле?
– Саламатсыздарбы? Өзүмдүн атымдан эле жооп айта турган болсом, ооба, «чымчыктын да уясы бузулбасын» деген сөз сыңары мындай нерсени өз башымдан өткөрүү оор болду. Айжамал элдин назарында жүргөн ырчы болгондугунан, балким, мурунтан ар түрдүү сөздөргө көнүп келгендир, бирок менин ата-энем, туугандарым мындай жеке жашоодо болгон нерселерди элдин талкууга алуусунан алыспыз.
Ырчынын күйөөсү болуу мага эч кандай кыйынчылыктарды жараткан эмес, кандай гана сөздөр болбосун мен Айжамалга ишенет болчумун. Өзүңүздөр да билгендей, Айжамал турмушка чыккандан кийин ырдабай үйдө отуруп калган жок. Кош бойлуу кезинде, балдарыбыз жаңы төрөлгөндө гана сахнадан алыстай түшкөнү болбосо, калган учурда ырларына да, клиптерине да колдоомду аябайт болчумун. Анткени 15 жылдай сахнада жүрүп, сахна анын жашоосунун бир бөлүгү болгонун түшүнөт элем.

– Буга чейин шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн арасында Айжамал Кабылова менен сизди ажырашты деген сөздөр тарап, сизге кайрылганыбызда «комментарий берүүнү каалабайм» деген элеңиз. Азыр «мени чындыкты айтууга аргасыз кылып жатышат» деп жатасыз. Кимдер сизди бул кадамга түрттү?
– Айжамалга жообун бергениме 9 айдай болду. Айжамал менен турмушубузда болгон бул нерсени элдин талкуусуна салбай эле коёлу, өзүбүз чечиштик, ажырым жолго түштүк, бүтүрдүк дегенбиз. Ошондуктан мен ал убакта бул нерсе тууралуу комментарий бере албайм дегем. Бирок кимдир бирөөлөрдүн түрткүсү, кызыкчылыгы менен Айжамал биздин ажырашуубуз тууралуу маек берип баштады. Эл билет, кимдин кандай сүйлөөрүн, буга чейинки маектерин деле көргөнсүздөр, интервьюдагы сөздөр Айжамал колдонуп сүйлөөчү сөздөр эмес. Артынан эле Аман Ибраевдин интервьюсу чыкты. Удаалаш чыккан бул интервьюларды мен актануу жана пиар катары кабыл алдым. Өздөрүн пиарлап жатышканын сынга албайм, менин ишим эмес ал жагы. Бирок актанып жатышканда сөздөрү мен жакка тийип жаткандыктан, элге мен жаман, менин ата-энем, туугандарым жаман болуп калуусуна, жалган актанууларына орток болуп отура албадым.
«Айжамалдын интервьюсунда сизге, кайын журтка сөз тийгизген жери жок» дешиңиздер мүмкүн. Бирок ар түрдүү социалдык тармактарда талкууланып жатканын билесиздер, ошол жерлердеги Айжамалдын сөздөрү түзмө-түз эле мага, туугандарыма тиешелүү болгону мени чындыгым менен чыгууга аргасыз кылды.

– 10 жыл чогуу түтүн булатып, эки баланын ата-энеси болгондон кийин ажырым жолго түшүү экөөңөргө тең оңойго турбаса керек?
– Тууралап кетсем, 10 жыл эмес, биз 2007-жылы ноябрь айында үйлөнгөнбүз, 2013-жылы апрелде Айжамал балдар менен Кыргызстанга кайткан. Ошол убакка чейин да канчалаган нерсе болбосун, биз тараптан Айжамалга эч кандай басынтуу болгон эмес. 2014-жылы мен бат-баттан эле Кыргызстанга айтпай, сюрприз кылып барып-келип турчумун. Ошол арада эмне кылып жүргөнүн байкап, билип баштагам. Анткени кайсы күйөөсү бар аял, 2 баланын энеси түнкү саат 3-5терде башка үй-бүлөлүү эркек менен 15-20 мүнөттөн күндө сүйлөшөт?! Ушундан улам мен шекшип, Айжамалдын телефонун текшере баштадым. Күнөөлөрүн моюнуна алган, сөздөрдүн далилдери колума тийгенден кийин да оңолбогон мамилелери мени 2015-жылдын август айында Айжамалга жообун берүүгө аргасыз кылган. Албетте, оңой болбоду. Үй-бүлөлүк мамилебизди токтотуу, айрыкча балдарымды көп ойлодум, бирок турмушта мындай нерселер болуп турат экен, чыдайбыз, жашоо улана берет.

– Турмушта өйдө-ылдый нерселер боло берет эмеспи. Үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүнчүлүк болбодубу?
– Албетте, турмушта өйдө-ылдый нерселер болуп турат. Жөн гана далилсиз ушактарга ишенип, оңой эле үй-бүлөнү талкалап коё турган адамдардан эмесмин. Бирок эч бир эркек аялынын мындай адепсиз кылыктарына көз жумуп коё албайт деп ойлойм.

– Сиздердин ажырашканыңыздарга Ошто тамадалык менен алектенген Аман Ибраевди да себепкер кылып жүрүшөт. Ал киши «Айжамал менен СМС жазышкан эмесмин» деп бизге да кайрылды. Ушундай териштирүүлөрдү коомчулукка жарыялабай коюуга мүмкүнчүлүк бар беле?
– Албетте, андай мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок биздин ажырашканыбызды Аман жана Айжамал, шоу чөйрөдөгүлөр өздөрү эле жая баштагандан улам элге таркады. Мен үй-бүлөмдө болуп жаткан мындай шермендечиликти элге жарыяламак белем? Атүгүл мен акыркы чечимге келген соң ата-энеме түшүндүрүп айтып, алардын макулдугу менен гана биз ажырым жолго түштүк. Экөөнүн интервьюларындагы «сүйлөшкөн эмеспиз» деген жалгандарынын 1-2 мисалын силерге сүрөт катары далилдеп жөнөтүп жатам. Муну да танышса, инстаграмдагы логиним azastarus, ошол жерден кеңири сүйлөшкөн түн жарымдагы СМСтерин, мындай СМСтерди жазышкандыктарын моюндарына алган аудиожазууларын да коюп, далилдей алам. Дагы айтылбаган көп сөздөрү, кылыктары бар...
Үй-бүлөбүздүн бузулушуна өзү гана күнөөлүү, мындай жол өзүнүн гана тандоосу, үй-бүлөгө берген баркы жана жашоого болгон жеңил ойлуулук көз карашы себеп болду.
Интернетте «Азамат Айжамал менен ажырашкандан кийин эле 19 жаштагы кызга үйлөнүп алган» деп жазгандар болуп жатат. Андай сөздөрдүн жазылганын башкы күнөөлүүнүн күнөөсүн башкаларга жүктөө аракети катары көрөм. Баары далилсиз гана сөздөр.

– Бишкектен жубайыңызга үй, машина алып берген экенсиз. Анын баарын кайра тартып алганыңызды да интернетте жазышууда...
– Алып бергеним ырас, бирок мындай окуядан кийин кайра Москвага чогуу келатканда кризиске байланыштуу өзүнүн макулдугу менен сатканбыз.

– Ортодо эки баланын тагдыры эмне болот?
– Балдарым – менин бул жашоодогу маңызым. Алардан эч качан кечип кетпейм, балдарымдын тагдыры мени терең ойлондурат. "Балдар же атасынан, же энесинен ажырабасын, менде болушсун, окутайын, тарбиялайын. Сен чыгармачылыгың менен алек боло бер" десем макул болбоду. Кыргызстанга барсам, тоскоол болушпаса, албетте, балдарыма жолугуп, сагынычымды таркатам. Бул жактан деле балдарды керектүү нерселер менен камсыз кылам деген ойдомун. Бул нерсе кандай болот, аны мен барганда сүйлөшүп, такташып алабыз.

– Мындай турмуштук тажрыйбадан кийин эмне деген тыянак чыгардыңыз? Элге, жубайыңызга гезит аркылуу айтчу кебиңиз бардыр?..
– Кудайым мындай тажрыйбаны эч бир үй-бүлөнүн башына салбасын. Ортодогу балдарга гана кыйын болот экен. Ар кадамды таштап жатканда акыл-эсибиз менен, өзүбүздү гана ойлобой үй-бүлөнү, ортодогу балдарды да ойлоп туруп, анан кадам таштоону унутпайлык. Анткени турмуш – бул оюн эмес, аны куруу, бекем тутуу кыйын, бузуп салуу оңой. Айтылган куру сөздөргө ишенип өкүм чыгарбай, акыл менен таразалай билели.


"Айжамалдын ырдаганына каршы болбой, дайыма колдоп келгем".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(531)
27.04.2016. 13:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
14-06-2014
Соӊку аракети:
12-11-2016 23:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
BeBeU сен дагы деле бул жердесинби,тиригилик сенде жокпу не??комментарий жазып эле болбойсун
27.04.2016. 19:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
05-10-2013
Соӊку аракети:
10-08-2017 01:04
Жынысы:
Белгисиз
+5
sultan1406,Айжамал озу го дейм?)))
27.04.2016. 13:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
206
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
Кызбурактын концерттери Айжамал менен кызык отчуу эле озу.Жалган болуп калса экен бул жалаалар.Таланттуу адамдарды ушак ээрчийт.Айжамал эч чокпонуз!
27.04.2016. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
07-12-2017 01:10
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеси болсо дагы болоор иш болду, эми экоо балдары учун дагы бирин бири кечирип, элдешип алышса жакшы болмок баарыбир биринчиси биринчи да экинчи куйоодон жана экинчи аял алгандан кудайым озу сактасын алар баарыбир оз ата энесиндей болбойт да,орто жолдо балдары да арсар болот кудайым огой ата огой энеден алыс кылсынчы,коз ачып коргон турмуш жолдошуна эмне жетсин экоо тен элдешип тезиреек жашап кетишин кудайдан тилеп олтурам.
27.04.2016. 14:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
07-12-2017 01:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айжамал мага эч ким деле эмес бирок эмнегедир жакынымдай эле боорум ооруп олтурам айрыкча эки баласына.Кандай болгон кундо да он жыл бирге тутун булатышыптыр эми бир переписка учун ажырашып кетиш бул акылга сыйбаган нерсе да, козу менен аларды тошоктон кармап албагандан кийин куру жалаа смстерге ишенбеш керек балким аны подстава кылгандыр Айжамал андай ишке барбаса керек эле менин оюмча ал Азаматты ото суйот болчу клибинде деле корунуп турбайбы.
27.04.2016. 14:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-04-2016
Соӊку аракети:
21-06-2016 02:31
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аял башы менен башка эркек мн жазышып жатса доказательство турса сага не жооок BebeU актанып
27.04.2016. 14:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
07-12-2017 01:10
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар бир адам адашат даже Ленин деле адашкан. Жанылбаган жаак болбойт, мудурулбогон туяк болбойт дешет эмеспи,Ошондуктан кечиримдуу болушубуз керек.Кандай болгон кундо да Айжамал второй шанска акысы бар.Азамат чырактай балдарын бар экен ошолор учун да кечир Айжамалды коментарийлерди окусам элдин 99%ти силердин жарашып кетишинерди каалап атышат.Аллах кечиримдуулорду жакшы корот.Экоонор жарашып Айжамалды москвага жанына алып келип ырдатпай эле жанымда жур десен деле макул болсо керек.
27.04.2016. 14:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-07-2013
Соӊку аракети:
07-04-2017 23:36
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен Айжамалды тааныбайм, бирок озунун жеке жашоосу болгондон кийин элдер комментарийлерди жазбай эле койбойсунарбы. Улам улам аны жамандай беребей. Эч ким билбейт эртен биздин жашообузда эмне болоорун, ошон учун сын такпай эле коелу. Ушунча жаман коргонун кайнисиндиси аман эле болсун, канча жыл топтоду болду экен. Сендей кайнисиндилерден кудай сактасын, Кыргызстандын 100 ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-27 16:50:56
27.04.2016. 17:08 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5905
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Ai-peri, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
27.04.2016. 17:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-07-2013
Соӊку аракети:
07-04-2017 23:36
Жынысы:
Белгисиз
+18
admin_superstan,биз комментарий жазсак кадыр баркына шек келтирген дейсинер,а озунор Айжамалдын кадыр баркына шек келтирген жоксунарбы супер-инфо?
27.04.2016. 14:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-07-2013
Соӊку аракети:
07-04-2017 23:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ХХХ Айжамал сага сабыр. Бул кундор да отот, башты ойдо котор.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-27 16:50:23
27.04.2016. 17:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5905
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
Ai-peri, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
27.04.2016. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
07-12-2017 01:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Интервюсунда айтпадыбы уй булону биринчи орунга койгон эле адам элем деп.Мен калыс катары айтаар элем Азамат мен сени тааныбайм бирок сыртындан абдан тушунуктуу, уй булону ч орунга койго эле мырзадай коруносун аны мен суротторунон жана клиптен коруп баамдадым. Айжамал экоонор бири биринерге абдан шай келишкен жубайлардан болчусунар силерге коз тийди деп да ойлойм.Эми озун жети олчоп бир кесип дегендей жакшы жыйыыка келип Айжамал экоонор жарашып кетесинер деге умуттомун
27.04.2016. 15:01 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
11-11-2014
Соӊку аракети:
31-08-2016 11:18
Жынысы:
Белгисиз
+5
А дейбиз б дейбиз аман мн айжамалдын ортосунда эмне болгонун билбейбиз болуп кеткен го бул жер.
Супер инфо кызыксыз болуп бара жатты эле абдан кызык боло тушту го.
27.04.2016. 15:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
26-02-2011
Соӊку аракети:
22-04-2017 10:03
Жынысы:
Белгисиз
-3
Супер инфо,канча жолу эскертуу болгондо,туболуктуу банга кетет?
27.04.2016. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
07-12-2017 01:10
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен деле уй булом менен Москвада он жылдан бери жашайм кайын журтумдун баары ушул жерде бирок алар менен бирге жашабайбыз алар анча мынча майрамдарда туулган кундо гана келип сыйымды коруп кетишет.Айылдан кайын энемдер айтышат чогуу жашабайсынарбы деп,алар билбейт да чогуу жашасан ушуга окшогон нерселерболуп казан аяк кагышып кетишин,ошондуктан кайын журт менен сый болуп алыс эле жашаш керек.Кайын синди кайын эже келиндин ортосунда илгертен эле болуп келет мындай нерселер
29.04.2016. 23:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
marqarita, Кайын журт бул жерде не при чем дейт элем. Бишкекте оз уйундо, балдары менен, куйосу, кайынэжеси Москвада болуп жатпайбы. Ыр жазып, клип тарттырып, 20 жыл сахнада концертке даярдык коруп жатам деп интервьюларды берген. Бул Кооп кеткени. Кудай бакыт берди. Айжамал котороалбады.
ritulek түзөттү 2016-04-29 23:27:21
27.04.2016. 15:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
07-12-2017 01:10
Жынысы:
Белгисиз
-2
Болгондо да биздин ошто келинге катуу кийлигишишет. Келин болуп ботон уйго батып булоо болуп кетиш ото кыйын болгондо да Нагимчиктей кайын эже кайын синдилер болсо,эркек билбейт да эртеден кечке иште болот уйдо эмне болуп жатканын, билген кундо да бир тууганы да жаман дей албайт мумкун Нагимчик экоонун оту куйушпой калып Айжамалды кетиргиси келип жалаа жапкандыр аял кишиден амал качып кутула албайт эмеспи.Эми Нагимчике да аллахым ынсап берсин Азамат менен Айжамал элдешип бактылуу болсун.
27.04.2016. 15:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
12-04-2016
Соӊку аракети:
03-07-2017 18:42
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тобакылдым,акча газета деп эле бироонун турмушун суйроп чыгасынарда адамдар,экоонун жарасына туз сеппестен,жакшы эле ой болушуп,жарашканга салымынарды кошсонорчу,азыр экоо тен кызууга алдырып жарыя кылышты,бул алардын дагы бир минусу,бирок мындай кызууга баарбыз алдырабыз,Аллахым кечиримдуу болгонду суйот,кечиримдуу болгула Азамат аке Айжамал эже,балдарынар учун кечиришкиле,карар корсом экоондо тен бар экен куноо,ким адашпайт бул дуйнодо,баары адашат,бул да болсо силерге сабак болду,элдин созун
27.04.2016. 15:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
07-12-2017 01:10
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мусулманчылыкта деле бар го эгер алардын устунон чыгып колу менен кармап алса жана торт адам кубо болсо анан жазалаш керек.Курук переписка учун аялдын жообун берген туура эмес деп ойлойм.Бул менин жеке оюм.Мумкун Айжамалды коро албаган адам анын атынан жазышкандыр аны бир кудайдан башка эч ким билбейт.
28.04.2016. 10:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
22-09-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:16
Жынысы:
Белгисиз
+3
marqarita,Ауди запистери бар аларды чыгарбадым деп жататго кайрадан окуп чыгыныз
27.04.2016. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
08-11-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:52
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ой тообо мен Айжамалды колдогон адамдарга тан калып атам. Кайынэжеси куноолуу деп эмне ал заставлять этиптирби башка эркек менен суйлош деп, ошондой жаман болсо, куйоосу кордосо ажырашып башка эркек менен каалаганча суйлошпойт беле. Никедеги куйоосу бар туруп бул ишке барганы куноо. Переписка учун эле дейсинер, айтып атпайбы биринчи билгенден кийин суйлошсо деле онолбой койгондугун, мундан башка да коп кылыктары бар деп.
27.04.2016. 18:07 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
26-02-2011
Соӊку аракети:
22-04-2017 10:03
Жынысы:
Белгисиз
-5
Moon89,кайын эжеси албетте заставлять эткен жок,бирок,кандай болгон кундо да,киришпеш керек болчу. Это их жизнь.
27.04.2016. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
08-11-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:52
Жынысы:
Белгисиз
+14
Менин бул уй булоого жеке эч кандай тийешем жок. Мен деле Айжамал эже аябай жакчу, уй булоосуно суктанчумун, бирок аял, эне, жубай катары бул жоругун туура кабыл ала албадым
27.04.2016. 16:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
25-08-2016 12:45
Жынысы:
Белгисиз
-12
Мага баары бир,Москвага барган кыздар бузулат погодасы ошондой.
27.04.2016. 17:57 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5905
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+4
namys, провокация жарата турган билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-27 17:57:31
27.04.2016. 16:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
09-05-2012
Соӊку аракети:
09-07-2016 22:12
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аман братты тойго тамада кылалы десем уйдокулор конбой койду аларды уккан жоксунбу деп корсо жаман иш болгон турбайбы
27.04.2016. 17:00 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5905
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-8
pinpon, тексти, мазмуну, мааниси бирдей билдирүүнү бир нече ирет кайталап жаза берүүгө тыюу салынган. Эскертүү сызыгыңыз толгондуктан, түбөлүк БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-27 17:07:17
27.04.2016. 19:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-01-2011
Соӊку аракети:
08-05-2016 22:44
Жынысы:
Белгисиз
+9
Kudai sakta, minday sms men alsam 24 saattin ichinde buturmok kuyoom. anchalik chidabai onolooruna kutpoi.
27.04.2016. 19:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
05-10-2013
Соӊку аракети:
10-08-2017 01:04
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азамат аке, чыныгы азамат экенсиз! Айжамалды актагандар качан гана(кудай анын бетин ары кылсын) Азаматтын ордунда болгондо тушуносунор. Азамат аке, кайгырбаныз, али сиздин кадырынызды билген, сыйлаган, ата-эненизди урматтаган, бир туугандарды урматтаган, энесинен башка оппогон кыз жолугат буюрса. Катын жолдо, бала белде. Сиздин абалынызды "ЧЫНЫГЫ ЭРКЕК" гана тушунот. Жогорудагы Айжамалды жактагандар жалданма экени корунуп турат. Сизге бакыт, чыныгы суйуу каалайм!
29.04.2016. 09:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
15-04-2008
Соӊку аракети:
07-02-2018 14:28
Жынысы:
Белгисиз
+4
faha, Туп туура мен сага толугу менен кошулам. Азамат аке чынында чыныгы мырза экен. Айжамалдан кийин интервью берип жатпайбы?
27.04.2016. 20:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
11-08-2014
Соӊку аракети:
02-05-2017 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чымчыктында уясы бузулбасын деген созу аябай журокту зыркыратып жиберди сабырдуу болунуз Азамат мырза.Аман тамада бир уйбулоонун ажырашуусуна себепкер болуп калды тооба кудайдан коркуш керекда
27.04.2016. 21:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
24-01-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва шаары
+11
Супер инфодо эчкайсы макала мынчалык комментарийи 400дон аша элек болсо керек эле. АЙЖАМАЛ ЭЛДИН КЫЗЫ болуунш кыйын эми.
27.04.2016. 22:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
10-04-2016
Соӊку аракети:
09-06-2016 22:48
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айжамал күйөөң менен эле тыынч жашай бербейсиңби артисти аялым дебе деген ушул экенда
27.04.2016. 22:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
09-07-2017 00:51
Жынысы:
Белгисиз
+11
Балдарын таштап коюп тээ ош жалал абадга тойлорго барып ырдачуудай не куйоосу кедей беле?! Ырдаса да чеги менен болсо болмок . Куйоосу колдоп клип тарттырып ыр жаздырып берип уй машина алып берип жатса чектен чыкпай эле журсо болмок.
27.04.2016. 23:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-14
arzuuu,Куйоосунун абалын баалап,ушунчалык кызыгат экенсиз:))Жонокой адам дагы,мынча кызык?Материалдык жактан байлыгы сизге эмне пайда?Ото женил адам сыпатта жазат экенсиз!1 эс алдырып койсо,кеттиниз да 1 кытайга)Же мактаганыныздан,Нагимчиктин 2-sign нысыз;)Азаматтай байлар,окугандар кооп,байкап корунуз жакшылап.А,жонокой ошо байлык-билимин туура колдонгондор,кечиримдуу,эстуулор аздыгы окундуруп атпайбы?!Изменасын корбогон 4 адамдын бири болбосонуздар,айтпагылаКунооАртып озунорго.ЫрыскысыОзунуку!
BebeU түзөттү 2016-04-27 23:08:50
28.04.2016. 00:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
09-07-2017 00:51
Жынысы:
Белгисиз
+8
тобоо кылдым ар жазган клмментке жооп жазып . Бул жерде далил турса айжамалды колдоп жаткандарга тан каласын. Кандай адамдар озу? Жалданган адамдар бар экен а .бул жерде же изменаны колдогондор. Таланты бар экенин билем. Менда куйорманы элем. Айрыкча куттум сенини суйуп угаар элем. Бирок бул далилден кийин конулум ирээнжип калды. Ал эми мага коммент жазып жаткан "адам" тынчымды албай эле кой жооп жазууга арзыбвйсын. Жазгандарындан ото "акылдуу " экенин корунуп турат. Пффф
28.04.2016. 09:30 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
26-02-2011
Соӊку аракети:
22-04-2017 10:03
Жынысы:
Белгисиз
-5
arzuuu,кызык,оз козун менен кордунбу? Свечку держала? Негизи далил болуш учун 4 кубо керек.
28.04.2016. 19:03 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5905
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
bazar, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
29.04.2016. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayjamal83, Мындай СМСтерди жазышкандыктарын моюндарына алган аудиожазууларын да коюп, далилдей алам деди Азамат. Демек Аман менен да суйлошкон. Моюндарына алган. Далилдей алам. Деп жатат Азамат.
27.04.2016. 22:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-9
Бош убактымда жазып атам,мага Айжамал кызык себеп ошондо.Мен 1 жонокой эле кызмын.Айжамал тарап болуп жатам деп да ойлобойм,калыстык тартып атат Айжамал тарапка ооп.Жагымдуу соз окусанар эле,ар кимди Айжамал окшойсун деп)))Коп жазса да ар нерсе дейсинер,силерге айтылбаса оз пикиринерди билдирип чыга бергиле да,жону жок асылбай!Мен лично эчкимди тааныбайм бул жерде,жазган да жокмун,Эл катары чыгармачылыгын сыйлайм,баалайм Айжамалдын,макаланын тиешеси бар Айжамалга жазып атам.Тушунуктуудур?!!
BebeU түзөттү 2016-04-27 22:57:02
27.04.2016. 23:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
12-07-2014
Соӊку аракети:
01-05-2016 09:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талкууну жаап салса деле болчудай эми ? ! Эмне озгормок эле ...... Кайра - кайра кирип жооп жазган ЭРКЕКГУЛДОР балли ! ! !
27.04.2016. 23:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аздектеп алса ак никеси бар,закондуу эри,балдарынын атасы,суйуктуу жолдошу!Эмне эжеси жакын да,аялы чоочунбу?Апасы кандай асылзат болсо,2 баласына жубайы дагы чурполоруно Асылзат апа!Ким тутот,куйоон сыртындан эжесине,башка эркекке салып берип,байкаштырып журсо?!Болушуп аткандар,агынардан жарылмаксынар,мандайы жарык эл кызын бурчка такап жашаганы,жеткен пастык!Жон эле эл арасындагы кыз болсо билмек эмеспиз,таанымал адамды эзгени окунучтуу!Башыбызга салбасын,таанылуу болбосок дагы.Сабр Кабылова,
28.04.2016. 00:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
16-05-2015
Соӊку аракети:
01-11-2016 21:33
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ииииииий бетимдин пять териси!
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: