Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Азамат Шакиров, Айжамал Кабылованын экс-күйөөсү: «ҮЙ-БҮЛӨМДӨ БОЛГОН ШЕРМЕНДЕЧИЛИКТИ ЭЛГЕ ЖАРЫЯЛАГЫМ КЕЛГЕН ЭМЕС»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж


Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат Шакиров менен ажырашканы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн кабар болду. Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы айым өзү, ажырашуу окуясына ысымы аралашып жаткан тамада Аман Ибраев маек курушуп, окуя тууралуу өз чындыгын айтышкан эле. «Айжамал менен бул теманы өз ара чечишип алган соң элге жарыялагым келген эмес. Бирок акыркы кездеги окуялар мени чындыкты далилдер менен жарыялоого аргасыз кылды»,- деп Азамат Шакиров редакциябызга кайрылды.

– Азамат, саламатсызбы? Түшүнөбүз, үй-бүлөнүн урап калышы, кандай себептер болгонуна карабай, эки тарапка тең оор тиет. Ал окуяны калың элдин талкууга алуусу абалды ого бетер чыңалтат. Буга чейин элдин назарында жүргөн ырчынын күйөөсү болуу сизге кыйынчылыктарды жаратты беле?
– Саламатсыздарбы? Өзүмдүн атымдан эле жооп айта турган болсом, ооба, «чымчыктын да уясы бузулбасын» деген сөз сыңары мындай нерсени өз башымдан өткөрүү оор болду. Айжамал элдин назарында жүргөн ырчы болгондугунан, балким, мурунтан ар түрдүү сөздөргө көнүп келгендир, бирок менин ата-энем, туугандарым мындай жеке жашоодо болгон нерселерди элдин талкууга алуусунан алыспыз.
Ырчынын күйөөсү болуу мага эч кандай кыйынчылыктарды жараткан эмес, кандай гана сөздөр болбосун мен Айжамалга ишенет болчумун. Өзүңүздөр да билгендей, Айжамал турмушка чыккандан кийин ырдабай үйдө отуруп калган жок. Кош бойлуу кезинде, балдарыбыз жаңы төрөлгөндө гана сахнадан алыстай түшкөнү болбосо, калган учурда ырларына да, клиптерине да колдоомду аябайт болчумун. Анткени 15 жылдай сахнада жүрүп, сахна анын жашоосунун бир бөлүгү болгонун түшүнөт элем.

– Буга чейин шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн арасында Айжамал Кабылова менен сизди ажырашты деген сөздөр тарап, сизге кайрылганыбызда «комментарий берүүнү каалабайм» деген элеңиз. Азыр «мени чындыкты айтууга аргасыз кылып жатышат» деп жатасыз. Кимдер сизди бул кадамга түрттү?
– Айжамалга жообун бергениме 9 айдай болду. Айжамал менен турмушубузда болгон бул нерсени элдин талкуусуна салбай эле коёлу, өзүбүз чечиштик, ажырым жолго түштүк, бүтүрдүк дегенбиз. Ошондуктан мен ал убакта бул нерсе тууралуу комментарий бере албайм дегем. Бирок кимдир бирөөлөрдүн түрткүсү, кызыкчылыгы менен Айжамал биздин ажырашуубуз тууралуу маек берип баштады. Эл билет, кимдин кандай сүйлөөрүн, буга чейинки маектерин деле көргөнсүздөр, интервьюдагы сөздөр Айжамал колдонуп сүйлөөчү сөздөр эмес. Артынан эле Аман Ибраевдин интервьюсу чыкты. Удаалаш чыккан бул интервьюларды мен актануу жана пиар катары кабыл алдым. Өздөрүн пиарлап жатышканын сынга албайм, менин ишим эмес ал жагы. Бирок актанып жатышканда сөздөрү мен жакка тийип жаткандыктан, элге мен жаман, менин ата-энем, туугандарым жаман болуп калуусуна, жалган актанууларына орток болуп отура албадым.
«Айжамалдын интервьюсунда сизге, кайын журтка сөз тийгизген жери жок» дешиңиздер мүмкүн. Бирок ар түрдүү социалдык тармактарда талкууланып жатканын билесиздер, ошол жерлердеги Айжамалдын сөздөрү түзмө-түз эле мага, туугандарыма тиешелүү болгону мени чындыгым менен чыгууга аргасыз кылды.

– 10 жыл чогуу түтүн булатып, эки баланын ата-энеси болгондон кийин ажырым жолго түшүү экөөңөргө тең оңойго турбаса керек?
– Тууралап кетсем, 10 жыл эмес, биз 2007-жылы ноябрь айында үйлөнгөнбүз, 2013-жылы апрелде Айжамал балдар менен Кыргызстанга кайткан. Ошол убакка чейин да канчалаган нерсе болбосун, биз тараптан Айжамалга эч кандай басынтуу болгон эмес. 2014-жылы мен бат-баттан эле Кыргызстанга айтпай, сюрприз кылып барып-келип турчумун. Ошол арада эмне кылып жүргөнүн байкап, билип баштагам. Анткени кайсы күйөөсү бар аял, 2 баланын энеси түнкү саат 3-5терде башка үй-бүлөлүү эркек менен 15-20 мүнөттөн күндө сүйлөшөт?! Ушундан улам мен шекшип, Айжамалдын телефонун текшере баштадым. Күнөөлөрүн моюнуна алган, сөздөрдүн далилдери колума тийгенден кийин да оңолбогон мамилелери мени 2015-жылдын август айында Айжамалга жообун берүүгө аргасыз кылган. Албетте, оңой болбоду. Үй-бүлөлүк мамилебизди токтотуу, айрыкча балдарымды көп ойлодум, бирок турмушта мындай нерселер болуп турат экен, чыдайбыз, жашоо улана берет.

– Турмушта өйдө-ылдый нерселер боло берет эмеспи. Үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүнчүлүк болбодубу?
– Албетте, турмушта өйдө-ылдый нерселер болуп турат. Жөн гана далилсиз ушактарга ишенип, оңой эле үй-бүлөнү талкалап коё турган адамдардан эмесмин. Бирок эч бир эркек аялынын мындай адепсиз кылыктарына көз жумуп коё албайт деп ойлойм.

– Сиздердин ажырашканыңыздарга Ошто тамадалык менен алектенген Аман Ибраевди да себепкер кылып жүрүшөт. Ал киши «Айжамал менен СМС жазышкан эмесмин» деп бизге да кайрылды. Ушундай териштирүүлөрдү коомчулукка жарыялабай коюуга мүмкүнчүлүк бар беле?
– Албетте, андай мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок биздин ажырашканыбызды Аман жана Айжамал, шоу чөйрөдөгүлөр өздөрү эле жая баштагандан улам элге таркады. Мен үй-бүлөмдө болуп жаткан мындай шермендечиликти элге жарыяламак белем? Атүгүл мен акыркы чечимге келген соң ата-энеме түшүндүрүп айтып, алардын макулдугу менен гана биз ажырым жолго түштүк. Экөөнүн интервьюларындагы «сүйлөшкөн эмеспиз» деген жалгандарынын 1-2 мисалын силерге сүрөт катары далилдеп жөнөтүп жатам. Муну да танышса, инстаграмдагы логиним azastarus, ошол жерден кеңири сүйлөшкөн түн жарымдагы СМСтерин, мындай СМСтерди жазышкандыктарын моюндарына алган аудиожазууларын да коюп, далилдей алам. Дагы айтылбаган көп сөздөрү, кылыктары бар...
Үй-бүлөбүздүн бузулушуна өзү гана күнөөлүү, мындай жол өзүнүн гана тандоосу, үй-бүлөгө берген баркы жана жашоого болгон жеңил ойлуулук көз карашы себеп болду.
Интернетте «Азамат Айжамал менен ажырашкандан кийин эле 19 жаштагы кызга үйлөнүп алган» деп жазгандар болуп жатат. Андай сөздөрдүн жазылганын башкы күнөөлүүнүн күнөөсүн башкаларга жүктөө аракети катары көрөм. Баары далилсиз гана сөздөр.

– Бишкектен жубайыңызга үй, машина алып берген экенсиз. Анын баарын кайра тартып алганыңызды да интернетте жазышууда...
– Алып бергеним ырас, бирок мындай окуядан кийин кайра Москвага чогуу келатканда кризиске байланыштуу өзүнүн макулдугу менен сатканбыз.

– Ортодо эки баланын тагдыры эмне болот?
– Балдарым – менин бул жашоодогу маңызым. Алардан эч качан кечип кетпейм, балдарымдын тагдыры мени терең ойлондурат. "Балдар же атасынан, же энесинен ажырабасын, менде болушсун, окутайын, тарбиялайын. Сен чыгармачылыгың менен алек боло бер" десем макул болбоду. Кыргызстанга барсам, тоскоол болушпаса, албетте, балдарыма жолугуп, сагынычымды таркатам. Бул жактан деле балдарды керектүү нерселер менен камсыз кылам деген ойдомун. Бул нерсе кандай болот, аны мен барганда сүйлөшүп, такташып алабыз.

– Мындай турмуштук тажрыйбадан кийин эмне деген тыянак чыгардыңыз? Элге, жубайыңызга гезит аркылуу айтчу кебиңиз бардыр?..
– Кудайым мындай тажрыйбаны эч бир үй-бүлөнүн башына салбасын. Ортодогу балдарга гана кыйын болот экен. Ар кадамды таштап жатканда акыл-эсибиз менен, өзүбүздү гана ойлобой үй-бүлөнү, ортодогу балдарды да ойлоп туруп, анан кадам таштоону унутпайлык. Анткени турмуш – бул оюн эмес, аны куруу, бекем тутуу кыйын, бузуп салуу оңой. Айтылган куру сөздөргө ишенип өкүм чыгарбай, акыл менен таразалай билели.


"Айжамалдын ырдаганына каршы болбой, дайыма колдоп келгем".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(531)
27.04.2016. 02:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-4
ситуациядан морально поддержка , эч кимге билдирбей алып чыгып кетсе, анда Айжамал деле адашканын моюнга алмак и эч качанмындай окуя кайталанмак эмес. Азамат гана аялына толук кандуу поддержка берсе, баары ордуна келмек, хотя бы ортодо балдарды ойлоп! а ойнош все таки танып, карабай кетет да! Балким, эртенки куну экоо элдешип кайра жашоо улантышаар... же балким Айжамалды да морально поддержка кылып, ушул оор ситуациядан алып чыгып, бактылуу кыла ала турган тушунуктуу мырза да чыгаар... кантсе да, аял ката
27.04.2016. 02:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
+8
кантсе да, аял катары Айжамал да бактылуу болууга толук акылуу!!! конул оорутуунун эч кереги жок! кашкайган чындык баарына айкын эле болуп калды корунот!
27.04.2016. 02:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-5
Вы согласны,со мной?множества на все 100%. Все ошибаються, на то мы и люди. Свечку некто не держал Айжамал,никто не имеет право оскорблять эту женщину!А мне нравится творчество Айжамал. Обсуждают ее те, кто завидует ей!
27.04.2016. 12:41 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-2
pinpon, провокация жарата турган билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
27.04.2016. 02:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-5
О женщине Айжамал не могу говорить плохое,потому что она мать и прежди всего женщина. А вообще нельзя обвинять человека в том,чего не видела своими глазами. на сколько я знаю Айжамал красивая, талантливая возможно были у нее фонаты но не больше. Не забывайте она МАТЬ двоих детей.
27.04.2016. 02:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-4
Вы знаете, если семья прочная и в нем царит ЛЮБОВЬ и ДОВЕРИЕЕ то ее не какие сплетни не разлучат и даже кайнеже, что не могу сказать о Айжамал и о ее муже. Не была любовь вот и развелись. И правильно зделала Айжамал,зачем такой муж, который позволяет лесть сестре в свою семью. Вообще ,скажите кому нужен такой муж, который не может защитить жену от таких сплетней? Мне жаль этого мужика,как слобака ,как мямля не мог защитить жену. Развод это удел слабаков!!!Я сочувствую тебя Айжамал наконец-то :)
27.04.2016. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:04
Жынысы:
Белгисиз
+5
BebeU,
грамматикалык жактан аябай алсыз экенсиз. орусча жазып козду оорутпай эле коюнузчу мындан кийин.
27.04.2016. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:04
Жынысы:
Белгисиз
+5
BebeU,
грамматика эле эмес башка жактары да аксайт экен орусчаныздын.
27.04.2016. 14:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
08-06-2014
Соӊку аракети:
22-06-2018 11:53
Жынысы:
Белгисиз
-2
BebeU,туура аялын защита кылып оз ара келише албай калдык деш керек эле.А аялын сатпай.Бизде эркекиер кандай куноо кылса деле жараша берет а аялдын поступоктору башкача жат корунот..Эми балдарынын келечегин ойлогон Азамат болгондо жарыялабаш керек элее Азаматтан куноо кетпесе да..эми бу ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-27 16:52:44
27.04.2016. 16:55 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
Aijash90, кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
27.04.2016. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
28-03-2016
Соӊку аракети:
05-08-2018 22:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Aijash90,эреке окшоп кетиргенден кийин унчыкпай койсо бросок,качаанкы перепискаларын сактап сайттарга киргизип ,алдынан чыкканга корсотуп ушак айтпай койсо болмок Азамат мырзада уят
27.04.2016. 02:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-13
Баарын кыжаалат болуп,ойлоп кордум,ар биринин ордунда,эн кыйыны Айжамал сезилди,айтууга оной бирок ото кучтуу аялзаты экен,благодарю!Кай жерде бар,эркек куноолуу делип?Куноолуу кыз-аялкишиДешетДостор, жеке жашоо - жеке бойдон калышы керек! жашоодо кимдер гана жанылбаган! эгер Айжамал мн Азаматтын ажырашуусу эжеси тараптан жарыяланган болсо, балким ал ачууга алдырып, ызаланып жарыялап салгандыр... кантсе да аял киши ачууга бат алдырат эмеспизби... ал эми Аман тууралуу айтылып жаткан айын кептер азыр экинчи уй-булого да (Амандын уй-булосуно) оор тийип жатканын байкап турсак керек... бир уй-було урады, эми экинчисин да уратпайлычы?! ушундай ушак-айын кучой берсе, албетте, залакасы тиери турган кеп! Экоо кесиптеш катары байланышса байланышкандыр... а эгер чындап мамилелери болгон болсо, анда бул мамиле экооно эле эмес, буткул кыргыз журтуна чоон сабак болду! интриганы кучотпойлу!!! мындай учурда баарына моралдык гана колдоо корсотуш керек! Аманга сабыр, Мелинага чыдамкайлык, Азаматка, Айжамалга бакыт тилейм! эч кайгырып чокпогуло! бул кундор да отот!!! баары убагы мн оз ордуна келет, буюрса!!!Артта калып кетет,тем более келин деген везде жаман атты болуп келген,ошонун кылып атканы,куйоосун актап (агасын,инисин ж.б)!Андай эмеспи?!Азамат жол берген ушунун баарына,жаман болсо неге ушунча жыл басып жатып,тукумун улап алып,ушуга чейин кочого чыгып кетпеди экен,Айжамал?Наоборот кайынынын запкысына тымызын чыдаган
BebeU түзөттү 2016-04-27 03:28:08
27.04.2016. 02:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-7
Баары бир Азамат мн эркекче суйлошуунор керек Аман!1 уй-булону сактап калсан, сага сообу тиет, ошондо гана ак экенин элге билинет. Минтип бири-биринердин айыбынарды ачып отура берсенер иш ырбай берет! сенин уй-булон бузулбайт, себеби аял киши баарын которот, чыдайт... бирок, Мелина аял деле бир куну жарылат да, ал деле адам да! ортодо азыр эркектер эмес, аялдар жабыркап жатат! кандай болсо да, оз ич ара кечирим сурап, кечиришип, экоону элдештирип коюу - азыр бир гана сенин колунда деп эсептейм!
27.04.2016. 03:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-9
Аман, сенин куноон жок экенин элге жеткирууго далалаттанып жатасын. А эмне учун Айжамал тундосу сен уктап жатсан сага,сен озун айтып аткандай гезиттеги смстерди жазат? сен жон эле журсон неге ал сага смс жазат антип? жон жургон эркекке уй-булолуу аял жазбаса керек эле. Айжамал жертва болуп калган жокпу бул жерде? мен баарынарга реалдуу коз караштамын, келинчегине ушунча маалымат оор келип жаткан жокпу? аял киши стресске катуу чалдыгат, Айжамалга да, Мелинага да оор келбегидей кылып.
27.04.2016. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:56
Жынысы:
Белгисиз
+8
BebeU,Аял эне болуп туруп мындай кадамга барганы бул женил ойлуулук. Ар Бир эркек уйундо ишеничтуу, 101% ишенген, балдарына достойный тарбия Берген аялды каалайт. анан 2 баласы бар туруп, кечинде башка эркек менен суйлошуп жатканы бул Эркек учун кечирилгиз куноо. Азаматтын бетине тукуруп жатканга барабар.
27.04.2016. 03:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-7
Достор, жеке жашоо - жеке бойдон калышы керек! жашоодо кимдер гана жанылбаган! эгер Айжамал мн Азаматтын ажырашуусу эжеси тараптан жарыяланган болсо, балким ал ачууга алдырып, ызаланып жарыялап салгандыр... кантсе да аял киши ачууга бат алдырат эмеспизби... ал эми Аман тууралуу айтылып жаткан айын кептер азыр экинчи уй-булого да (Амандын уй-булосуно) оор тийип жатканын байкап турсак керек... бир уй-було урады, эми экинчисин да уратпайлычы?! ушундай ушак-айын кучой берсе, албетте, залакасы тиери турган ке
27.04.2016. 03:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 04:17
Жынысы:
Белгисиз
-7
негизи эле тууган урукту .уйболоно аралаштырбаш керек экен .только аялын экоон чечиш ушул туурага дейм болбосо ар ким оз баласына тартат.
27.04.2016. 11:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
05-10-2015
Соӊку аракети:
19-05-2016 16:59
Жынысы:
Белгисиз
-8
barsa30,эн туура
27.04.2016. 03:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-6
Деген онуттогу коментарийлер Амандын баракчасына мондурдой Одного тынбай жаап жатат. Сулуктулук эженин орчундуу создору жана J A J деген колдонуучу тарабынан жазылган кеп-коз караштары менин конулумду бурду ушу 2 айымдын нагыздуу ой-жугуртуусу.Менин оюмду жазышкан,реалдуу козКарашта экен.Бул жерден кунолуу тарапка жетет,ойлонуп иш кылар деген жакшы умут менен бул жерге жайгаштырдым.Себеби,Азамат тарап Амандын баракчасынан кабары жоктур,жакшы акылды окуп,тапочки жакшы жагына чечип калаар...Мен да эч кимисин жакшы билбегендиктен,коз карашым так ушундай.Азамат мырза терен ойлонуп,ушунча ойлордон кийин туура жолду тандап,оз ордуна коет деген ишеним!!!
BebeU түзөттү 2016-04-27 03:33:56
30.04.2016. 14:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
25-08-2017 01:30
Жынысы:
Белгисиз
+4
BebeU, бироонун жашоосуна ушунча кызыгып том жазгансызгоо. Андан коро чын журоктон дуа кылып коюунуз. Ошол жетиштууго дейм
27.04.2016. 04:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
09-08-2014
Соӊку аракети:
27-06-2016 18:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызбурак негизи эле ушактан ХХХ ХХХ. Айжамалдын артынанда канча ушак соз эрчиген бирок Азамат бирок сен чын эле Азамат экенсин ошонун баарына чыдаган
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-27 12:27:29
27.04.2016. 12:26 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-6
dennn, далилсиз билдирүүлөрдү жазып кимдир-бирөөнү каралоого тыюу салынган. 15 күнгө БАН!
27.04.2016. 07:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
11-03-2016
Соӊку аракети:
30-04-2016 03:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токио
+3
Уже биягы 9бет китеп болуп калыптырго
27.04.2016. 08:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
16-09-2015
Соӊку аракети:
19-04-2018 14:23
Жынысы:
Белгисиз
+6
"Суйбогонго суйконбо". Азамат аппак кыз алып бактылуу болсун.Айжамал талантын кор кылбай, ырдап ырынан баар тапсын. Эки баласын эч нерседен кем кылбай багышсын. Бир эшик жабылса эки эшик ачылат. Айжамал чын суйуусуно жолукса эки эмес торт баласы менен деле алса керек. Болгону эми жанылбашын тилейли.
27.04.2016. 09:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура жол.эч кимиси жооп бербеш керек антпесе эмне бизге жаза беребиз сындай беребиз
27.04.2016. 09:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
15-11-2012
Соӊку аракети:
27-04-2018 08:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Айжамалга недостоин, эжесине ХХХ! Айжамал болбосо биз Азамат, Нагима дегендерди тааныбайт деле калмакпыз катардагы серый массадагы адамдар болмок!Ушундай ХХХ ХХХ кудай сактасын!Айжамал бул ситуация сага плюс,эми сен мурункудан да кучтууусун анткени башка тушкон ар бир оор кайгы адамды болуп корбогондой кучтуу кылат!Кенешим куйоон менен жарашпай эле койчу ушундай эркектин барынан жогу!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-27 12:38:41
27.04.2016. 12:38 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+3
bela77, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
27.04.2016. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
04-10-2015
Соӊку аракети:
28-02-2017 20:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
ажырашса да элдешсе да элге жар салбай эле бутурушсо болот беле? Ушак болгондон башка эмне табышты?
27.04.2016. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бирок айжамал туура кылды эч жаман жазган жок.озун сонун жактан корсотту.билесинер да ар кимдин артынан суйлошту.а азамат кыйраткансып ак калпагын кийин фотого тушуп койгонун карасан.кыргыз жигити андай жол менен ажырашпайт
27.04.2016. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сабыр!!!Кечиримдуулук бийик сапат.Керкейбегиле,куноонор жок болсо да,бул баарына тиешелуу!Эркек десе,эсинен кетпей адам бойдон калышы керек,Жараткан мындан жаман,мындан оор куноону жууп салууга кудуреттуу Зат!Звездамын деп чирене берген да туура эмес!Жонокой болмоюн,адам баласы эч ким эмес.Андан ашкан татыктуулар четтен чыгат,дуйнодо.Азаматты билимдуу деп коптор сыпатташыт экен,анда тушунуктуу дагы болушу керек.Копчулуктун айтуусунда жакшы жолду Азамат озу тандап,баарын ынтымакка чакырат,буйурса
27.04.2016. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бир туугандары да,жубайы керек болсо ата-энеси аралашпай,Азаматтын оз эркине коюп,комогун аябас.Канткен мн уйбуло тундугу Азамат,эркек адам,чон адам акылы жайында эмеспи.Эгер,улбул жанып турган ушунчанын умуту кайра тутанса,Азамат баарын колуна алат,Айжамалды жанына алып журуп,канаттууга кактырбай,тумшуктуу Нагимчиктерге чокутпайт,деп ишенем.Баары жанында журбой,толук кандуу уйбуло болбогондуктан келип чыкты.Алыстык аралыкты айрып коет.Сезим сууйт,ырыс качат эмеспи.Жол бербеш кк эле башынан эле
BebeU түзөттү 2016-04-27 11:42:08
27.04.2016. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 14:43
Жынысы:
Белгисиз
-5
ушундай болмок
27.04.2016. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-3
Катастрофа болуп кетти,акырындан курчуп отуруп.Ата-энеси бар билинбейт,кайсы бир учур келет бир тууганы эстегени чамасы келбейт.Осурак да болсо чалым жакшы деген сынары,жан шериктин кадыры мээге тебет,балдарын да жардам бере албайт.Ушу балдар чочоюп,ичинде ойугон жек коруу,таарыныч кетпей,кекти 2 эсе сактап,кашайтат.Уйбуло сырын экоосу тен сактап,кымтып жашашы кк эле.Бул да болсо private политика.Азамат ачыкАйкын,элге балдарынын энесин салыпБергени,жакшы болбоду.Апандын ордуна койсон болмок ...
27.04.2016. 11:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 16:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Germany
+2
жакшы болуптур жолдошу деген аялын жанында алып журуш керек кандай кыйынчылык болсо да аялын аманат кылып алдыбы жооп бериш керек.жумуш деп еле журуп аялын да жоготуптур.аял кишинин конулу назик болот Мен да Айжамалды еле колдойм ел адамы ошондой козго жакын болот чыдагаг адам жашаш керек ал деле суйом куйом деп жазбаптыр озу актангпндай еле екен го.Айжамалга ишенсе сыразу жообунбербестен бир аз убакыт ойлонуш керек болчу
27.04.2016. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
06-02-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 16:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Germany
-4
жообун бергенден кийин еми соссуз бирого уйлон ананАйжамалдын кадырын билесин.
27.04.2016. 11:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-2
1-тугойдун кадырына жетпеген адам,2-нин баркына жетпейт.Кийинкинер ондурбайт,адашпасанар болгону,кантсе да бакыт каалайм!Абдан куйундук,жаман корундук,туура жеткирем деп ар ким мн кайым айтыштык,согуштук-кагыштык бирок,биздинКолдон келгени ушу,аябадык эч нерсени.Чечим силердики,гайкаларды бекем катырып,жакшы жашагыла кандай жолду тандасанар дагы!Жакындарынар деле биздей куйуп айтат,бирок озунор чечкиле эч ким силердин эрк-каалоонорду буруп,бузалбашы керек!Жашоо,уйбуло силердики!ЭчЭч кимсизЧечкил
BebeU түзөттү 2016-04-27 11:54:26
27.04.2016. 12:29 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-3
jika1984, кимдир-бирөөнү мазактоого, fat21, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү! fat21, эскертүү сызыгы толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-27 13:14:16
27.04.2016. 12:37 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
bellacvetochek, далилсиз билдирүү жазып кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген комментарий калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
27.04.2016. 12:43 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-2
aidai88, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
27.04.2016. 13:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-04-2016
Соӊку аракети:
21-06-2016 02:31
Жынысы:
Белгисиз
+8
BebeU Айжамал аябай актаныпсын го молодец
27.04.2016. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
10-01-2016
Соӊку аракети:
05-02-2018 21:16
Жынысы:
Белгисиз
-13
Айжамал эрктуу болунуз! Кудайым куноолулорду озу жазаласын. Азамат сени жазанды берет.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21166;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: