Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Азамат Шакиров, Айжамал Кабылованын экс-күйөөсү: «ҮЙ-БҮЛӨМДӨ БОЛГОН ШЕРМЕНДЕЧИЛИКТИ ЭЛГЕ ЖАРЫЯЛАГЫМ КЕЛГЕН ЭМЕС»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж


Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат Шакиров менен ажырашканы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн кабар болду. Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы айым өзү, ажырашуу окуясына ысымы аралашып жаткан тамада Аман Ибраев маек курушуп, окуя тууралуу өз чындыгын айтышкан эле. «Айжамал менен бул теманы өз ара чечишип алган соң элге жарыялагым келген эмес. Бирок акыркы кездеги окуялар мени чындыкты далилдер менен жарыялоого аргасыз кылды»,- деп Азамат Шакиров редакциябызга кайрылды.

– Азамат, саламатсызбы? Түшүнөбүз, үй-бүлөнүн урап калышы, кандай себептер болгонуна карабай, эки тарапка тең оор тиет. Ал окуяны калың элдин талкууга алуусу абалды ого бетер чыңалтат. Буга чейин элдин назарында жүргөн ырчынын күйөөсү болуу сизге кыйынчылыктарды жаратты беле?
– Саламатсыздарбы? Өзүмдүн атымдан эле жооп айта турган болсом, ооба, «чымчыктын да уясы бузулбасын» деген сөз сыңары мындай нерсени өз башымдан өткөрүү оор болду. Айжамал элдин назарында жүргөн ырчы болгондугунан, балким, мурунтан ар түрдүү сөздөргө көнүп келгендир, бирок менин ата-энем, туугандарым мындай жеке жашоодо болгон нерселерди элдин талкууга алуусунан алыспыз.
Ырчынын күйөөсү болуу мага эч кандай кыйынчылыктарды жараткан эмес, кандай гана сөздөр болбосун мен Айжамалга ишенет болчумун. Өзүңүздөр да билгендей, Айжамал турмушка чыккандан кийин ырдабай үйдө отуруп калган жок. Кош бойлуу кезинде, балдарыбыз жаңы төрөлгөндө гана сахнадан алыстай түшкөнү болбосо, калган учурда ырларына да, клиптерине да колдоомду аябайт болчумун. Анткени 15 жылдай сахнада жүрүп, сахна анын жашоосунун бир бөлүгү болгонун түшүнөт элем.

– Буга чейин шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн арасында Айжамал Кабылова менен сизди ажырашты деген сөздөр тарап, сизге кайрылганыбызда «комментарий берүүнү каалабайм» деген элеңиз. Азыр «мени чындыкты айтууга аргасыз кылып жатышат» деп жатасыз. Кимдер сизди бул кадамга түрттү?
– Айжамалга жообун бергениме 9 айдай болду. Айжамал менен турмушубузда болгон бул нерсени элдин талкуусуна салбай эле коёлу, өзүбүз чечиштик, ажырым жолго түштүк, бүтүрдүк дегенбиз. Ошондуктан мен ал убакта бул нерсе тууралуу комментарий бере албайм дегем. Бирок кимдир бирөөлөрдүн түрткүсү, кызыкчылыгы менен Айжамал биздин ажырашуубуз тууралуу маек берип баштады. Эл билет, кимдин кандай сүйлөөрүн, буга чейинки маектерин деле көргөнсүздөр, интервьюдагы сөздөр Айжамал колдонуп сүйлөөчү сөздөр эмес. Артынан эле Аман Ибраевдин интервьюсу чыкты. Удаалаш чыккан бул интервьюларды мен актануу жана пиар катары кабыл алдым. Өздөрүн пиарлап жатышканын сынга албайм, менин ишим эмес ал жагы. Бирок актанып жатышканда сөздөрү мен жакка тийип жаткандыктан, элге мен жаман, менин ата-энем, туугандарым жаман болуп калуусуна, жалган актанууларына орток болуп отура албадым.
«Айжамалдын интервьюсунда сизге, кайын журтка сөз тийгизген жери жок» дешиңиздер мүмкүн. Бирок ар түрдүү социалдык тармактарда талкууланып жатканын билесиздер, ошол жерлердеги Айжамалдын сөздөрү түзмө-түз эле мага, туугандарыма тиешелүү болгону мени чындыгым менен чыгууга аргасыз кылды.

– 10 жыл чогуу түтүн булатып, эки баланын ата-энеси болгондон кийин ажырым жолго түшүү экөөңөргө тең оңойго турбаса керек?
– Тууралап кетсем, 10 жыл эмес, биз 2007-жылы ноябрь айында үйлөнгөнбүз, 2013-жылы апрелде Айжамал балдар менен Кыргызстанга кайткан. Ошол убакка чейин да канчалаган нерсе болбосун, биз тараптан Айжамалга эч кандай басынтуу болгон эмес. 2014-жылы мен бат-баттан эле Кыргызстанга айтпай, сюрприз кылып барып-келип турчумун. Ошол арада эмне кылып жүргөнүн байкап, билип баштагам. Анткени кайсы күйөөсү бар аял, 2 баланын энеси түнкү саат 3-5терде башка үй-бүлөлүү эркек менен 15-20 мүнөттөн күндө сүйлөшөт?! Ушундан улам мен шекшип, Айжамалдын телефонун текшере баштадым. Күнөөлөрүн моюнуна алган, сөздөрдүн далилдери колума тийгенден кийин да оңолбогон мамилелери мени 2015-жылдын август айында Айжамалга жообун берүүгө аргасыз кылган. Албетте, оңой болбоду. Үй-бүлөлүк мамилебизди токтотуу, айрыкча балдарымды көп ойлодум, бирок турмушта мындай нерселер болуп турат экен, чыдайбыз, жашоо улана берет.

– Турмушта өйдө-ылдый нерселер боло берет эмеспи. Үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүнчүлүк болбодубу?
– Албетте, турмушта өйдө-ылдый нерселер болуп турат. Жөн гана далилсиз ушактарга ишенип, оңой эле үй-бүлөнү талкалап коё турган адамдардан эмесмин. Бирок эч бир эркек аялынын мындай адепсиз кылыктарына көз жумуп коё албайт деп ойлойм.

– Сиздердин ажырашканыңыздарга Ошто тамадалык менен алектенген Аман Ибраевди да себепкер кылып жүрүшөт. Ал киши «Айжамал менен СМС жазышкан эмесмин» деп бизге да кайрылды. Ушундай териштирүүлөрдү коомчулукка жарыялабай коюуга мүмкүнчүлүк бар беле?
– Албетте, андай мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок биздин ажырашканыбызды Аман жана Айжамал, шоу чөйрөдөгүлөр өздөрү эле жая баштагандан улам элге таркады. Мен үй-бүлөмдө болуп жаткан мындай шермендечиликти элге жарыяламак белем? Атүгүл мен акыркы чечимге келген соң ата-энеме түшүндүрүп айтып, алардын макулдугу менен гана биз ажырым жолго түштүк. Экөөнүн интервьюларындагы «сүйлөшкөн эмеспиз» деген жалгандарынын 1-2 мисалын силерге сүрөт катары далилдеп жөнөтүп жатам. Муну да танышса, инстаграмдагы логиним azastarus, ошол жерден кеңири сүйлөшкөн түн жарымдагы СМСтерин, мындай СМСтерди жазышкандыктарын моюндарына алган аудиожазууларын да коюп, далилдей алам. Дагы айтылбаган көп сөздөрү, кылыктары бар...
Үй-бүлөбүздүн бузулушуна өзү гана күнөөлүү, мындай жол өзүнүн гана тандоосу, үй-бүлөгө берген баркы жана жашоого болгон жеңил ойлуулук көз карашы себеп болду.
Интернетте «Азамат Айжамал менен ажырашкандан кийин эле 19 жаштагы кызга үйлөнүп алган» деп жазгандар болуп жатат. Андай сөздөрдүн жазылганын башкы күнөөлүүнүн күнөөсүн башкаларга жүктөө аракети катары көрөм. Баары далилсиз гана сөздөр.

– Бишкектен жубайыңызга үй, машина алып берген экенсиз. Анын баарын кайра тартып алганыңызды да интернетте жазышууда...
– Алып бергеним ырас, бирок мындай окуядан кийин кайра Москвага чогуу келатканда кризиске байланыштуу өзүнүн макулдугу менен сатканбыз.

– Ортодо эки баланын тагдыры эмне болот?
– Балдарым – менин бул жашоодогу маңызым. Алардан эч качан кечип кетпейм, балдарымдын тагдыры мени терең ойлондурат. "Балдар же атасынан, же энесинен ажырабасын, менде болушсун, окутайын, тарбиялайын. Сен чыгармачылыгың менен алек боло бер" десем макул болбоду. Кыргызстанга барсам, тоскоол болушпаса, албетте, балдарыма жолугуп, сагынычымды таркатам. Бул жактан деле балдарды керектүү нерселер менен камсыз кылам деген ойдомун. Бул нерсе кандай болот, аны мен барганда сүйлөшүп, такташып алабыз.

– Мындай турмуштук тажрыйбадан кийин эмне деген тыянак чыгардыңыз? Элге, жубайыңызга гезит аркылуу айтчу кебиңиз бардыр?..
– Кудайым мындай тажрыйбаны эч бир үй-бүлөнүн башына салбасын. Ортодогу балдарга гана кыйын болот экен. Ар кадамды таштап жатканда акыл-эсибиз менен, өзүбүздү гана ойлобой үй-бүлөнү, ортодогу балдарды да ойлоп туруп, анан кадам таштоону унутпайлык. Анткени турмуш – бул оюн эмес, аны куруу, бекем тутуу кыйын, бузуп салуу оңой. Айтылган куру сөздөргө ишенип өкүм чыгарбай, акыл менен таразалай билели.


"Айжамалдын ырдаганына каршы болбой, дайыма колдоп келгем".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(531)
26.04.2016. 01:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
11-12-2016 19:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+26
Бул жакта Айжамал кайгырып атса тиякта Кенже чыга келди "бактылуумун" деп.Атаандаштык бар ырчыларда.Шоу бизнес таза эмес.
26.04.2016. 01:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комментарийлерди окусам айымдардын баары эле, Азаматты куноолошот, значить Айжамалдын изменасын колдоп жатышат. Эмне деген жашоодо жашап жатабыз туугундар
26.04.2016. 01:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
27-07-2013
Соӊку аракети:
16-10-2017 19:30
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайнежеси татынакай эле экен,эркектер уйлоном деп очередьке турчудай.Бирок характеринен табат окшойт.Начар экен!
26.04.2016. 02:33 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-10-2016 13:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
tigrica, Кайнежесин каяктан коруп журосуз, бизге да фотосун ыргытынчы же ссылкасын таштан, биз да коруп коелу. а так кучтуу эжеша окшойт а?
26.04.2016. 14:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
26-04-2013
Соӊку аракети:
16-10-2017 19:31
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bereke10,Инстаграмда nagimchik2356 откондо санда озу жарыялаган коммент жазып...Айжамалды эртеден кечке шыбап отурган,эми очуруп салыптыр каралоо сурот,комментерин.
29.04.2016. 19:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
batonchik, Эжеси Айжамалдын интервьюсунан кийин чыккан. Жамандап дейсинер. Менимче болгон нерселерди айтып оз атынан эле. Айжамал жалган деп чыкпайбы жалган болсо. Азаматтын интервьюсунан кийин баарын очуруп салыптыр. Киришкен адам андай болбойт. Мына Айжамалдын баракчасынан окуп жатабыз Азаматты, эжесин, кайын журтун жамандагандары жамандаган. Аман да аларды жамандап однокласнигинде олтурат. Ушакчы деп ошолорду айтса болот. Токтото албайсын. Азамат, эжесинде эч нерсе жок.Айтышты-Бутту кылышты.
26.04.2016. 02:05 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-10-2016 13:39
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аман сага абдан уят,эмне кереги бар эле жолдошу бар Айжамалга коз артып, кочодогу кыздар жетпей калдыбы? Бироонун булосун бузуп, балдарын атасынан ажыраттын. Сенин да балдарын бар го.Максатын эмне эле озу? Айжамалды Азамат менен ажыратыш беле? анда максатына жеттин?Бул жашоо БУМЕРАНГ дейт. Кайтар дунуйо,кандац таш атсан озуно ошондой кайтат. Азаматтын булосуно гана эмес озундун да уй-булонго тукуруп салдын го. Женебиздин сага чыдаганына ыраазы бол. Аманга чыдаганынызга сизге Рахмат жене!!!!
26.04.2016. 02:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
16-03-2016
Соӊку аракети:
19-07-2016 18:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман хит болушуптурго э бири бирин чукуп
26.04.2016. 02:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
09-08-2014
Соӊку аракети:
27-06-2016 18:47
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аман менен Айжамал мисал катары башкаларга сабак катары тарыхта калды бирнерсе болуп ой бузулуп калса кой Аман менен Айжамалдай болуп калбайын деп ойлонуп дегендей Азамат болсо жап жаш кызга уйлонуп жашоосун уланта берет болуш керек
dennn түзөттү 2016-04-26 02:58:48
26.04.2016. 03:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
11-12-2016 19:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Абактан качкан кылмышкерлер,Омар,осударство толоп берет,Мискенбаевден кийинки звездалар Аман Айжамал экземпляр.Атын чыкпаса жер ортто.
26.04.2016. 05:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
29-08-2018 20:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошмар!!!Смстерин жарыя кылып, эркек эмес го!
26.04.2016. 07:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
21-05-2018 23:49
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх куйоосу чыкпай эле койбоптур Нагима баштады бар жокту аябай журогум ооруду Нагима дагы короткоо ылайым жарашып калышса.
26.04.2016. 08:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен бугун Нагимчик Аза акенин карындашы экенин,билип тан калдым.Суротторун коруп,ичим ачышты Азамат,Айжамал жана 2 баласына. Акеси,балдары жакшы дагы,женеси душманбы?!Жаны келин болуп барганда эле,эжеси ХХХ ХХХ корсо.Ушунун бары Азамат байкенин кыз бир туугандарында экен.Башка жене,келинин мактап,Айжамалды болуп караганы окунучтуу!Ошолорду коруп,билип журуп,балдарынын энесин аяп,тушунуп жанында алып журсоНе
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-26 15:35:36
26.04.2016. 15:34 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+4
BebeU, далили жок жалаа жабууга тыюу салынат. Эскертүү!
27.04.2016. 05:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
21-05-2018 23:49
Жынысы:
Белгисиз
-1
admin_superstan,ушул теманы жабып таштабайсынарбы аябай журогум ооруду негизи журналистердин иши дагы оор куноо болсо керек ушунча элге ушактап абийирин ачып Аллах Талаа наркы дуйнодо ачат.
26.04.2016. 09:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже-карындашынын оозун тыя албаганы,окунучтуу.Женесин жек коруп,акесинин бактысын булгады,балдарынын бактылуу балалыгын уурдады,аке-женесин душман кылып койду,эмне тапты?!Баары ушулурдын чыгармачылыгы болуп журбосун??Балким,Аза аке дагы тамырын билбейби деген,ой жаралат.Кантсе да,балдарынар эр жетип кечирбей койбосун!Айжамал куйоосун абдан жакшы короорун,берген интервьюдарынан байкоого болот,Аза аке дагы жудоп кеткендир биртуугандары мн жубайынын тил табышпагынан.Аман жон эле,убал болуп калдыбы?
26.04.2016. 12:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-02-2014
Соӊку аракети:
03-12-2016 13:36
Жынысы:
Белгисиз
-2
BebeU,Вай Айжамаал бул сенин нигин белее?))))))
Жаман каттуу чычалапсын аа))))
Корсо сенде иш каттаа турбайбы)))))
26.04.2016. 09:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
23-08-2012
Соӊку аракети:
02-04-2017 04:55
Жынысы:
Белгисиз
-3
Нагима Сонунова болбогондо, эр сооройу ажыраштык деп жарыялабай эле ойсо мынчалык интрига болмок эмес. Аялы деле ашыкча суйлогон эмес тилимдм басып отурдум деп, Нагичиги куноолу ушуну арбаткан! Кудай экоону табыштырсын! Суротундо кордум ХХХ ХХХ Жашоодо болот бапры, Аллах кечируумдуулорду жакшы корот, экоонрго тен бакыт тилейм.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-26 15:29:08
26.04.2016. 15:29 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+6
bibinura, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
26.04.2016. 09:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонунова деген азаматтын эжесиби?
26.04.2016. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин оюмча аман да актанып жатканында караганда куноо айжамал тарапта окшойт.мен жон эле жертва болуп калдым деп жазыптыр однокласникте.ал эми эркек башы менен азамат байке унчукпай эле койсо болмок.
26.04.2016. 16:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
18-01-2013
Соӊку аракети:
04-05-2016 16:14
Жынысы:
Белгисиз
0
bellacvetochek,албетте жертва, баарын Нагима жасап жатса
27.04.2016. 03:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билгендей айтынго баарын Нагима жасап жатса деп. Азамат чын эле айткан экен Бирок актанып жатышканда сөздөрү мен жакка тийип жаткандыктан, элге мен жаман, менин ата-энем, туугандарым жаман болуп калуусуна, жалган актанууларына орток болуп отура албадым деп.
ritulek түзөттү 2016-04-27 03:52:34
28.04.2016. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
28-03-2016
Соӊку аракети:
05-08-2018 22:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ritulek,Азамат эмес Нагима эжеси олтура албай интервью беодиртида куулоп жатып

29.04.2016. 19:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
dina1223, Ажырашкан Азамат менен Айжамал. 99 адамды куноолоп жибердинерго. Айжамал куноолуу. Азамат куноолуу.
26.04.2016. 09:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-3
Омар.мискенбаев.анан айжамал болду.кийинки жертва ким болот.менин оюмча токтотуш керек бул нерсени
26.04.2016. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кунаажын козун кыспаса бука жибин узбойт да.
26.04.2016. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-09-2013
Соӊку аракети:
27-06-2018 02:04
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин билдируумду очуруп салыпсынар
26.04.2016. 09:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менин да кайнежем ото кобра ууууууууууууу
26.04.2016. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аманга жазылган смстерди азамат бурмалап жазыптыр деп жазып чыкты.ага амандын келинчеги да кубоо экен.унчукпай жаттым эле.мага жазылса мен куноолумунбу деп жатат.деги кимисине ишенсек болот?
26.04.2016. 10:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
26-02-2011
Соӊку аракети:
22-04-2017 10:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
уй-булого киришкен ХХХ ХХХ. Азамат,ты тоже хорош,аялын,балдарындын апасынын айыбын ачып койдун,уят.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-26 15:43:45
26.04.2016. 15:43 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+2
ayjamal83, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
26.04.2016. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал эми сонунова кайнежесине соз жок.азаматка вооообще соз жок.эртенкини ойлонушбаптыр.балдарын эл коргондо ииии жанагылардын балдары дейт.классташтары эмне дейт аны азамат эртерээк ойлонсо болмок
26.04.2016. 10:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
13-05-2014
Соӊку аракети:
11-09-2018 10:52
Жынысы:
Белгисиз
+13
Куноо эки тарапта тен бар, эч качан куноо бир тарапта 100 пайыз болбойт.
26.04.2016. 10:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
01-11-2013
Соӊку аракети:
11-07-2017 19:15
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бироолордун уй-булосун соз кылып, бироолорду соз кылып деле болбойт,алардын куноосун мойнунарга алып не кыласын,ар-биринерде уй-було бар,казан аяк кагышат,эрди-катын урушат,эси кеткен болушат дейт го.
26.04.2016. 10:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
289
Катталган:
03-12-2014
Соӊку аракети:
07-07-2016 10:18
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баарыбызга Кудайым ыйман, сабыр берсин.
26.04.2016. 11:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
02-11-2011
Соӊку аракети:
24-10-2017 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош шаары!
+6
Аман Ибраев ОЗУ катышкан клипке окшош экенда ...
26.04.2016. 11:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
13-03-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Катар Доха
+10
Апам айтчуу эле 10 жыл чогу жашаган куйоон да бир кун келип душман болуп калат кичине бир нерсени туура эмес кылсан деп.Ошол созу туура экен.Элге жарыялагым келген эмес деп жарыялап коюптурго.Эки баланы тороп берген аялын канча жаман болсо да ажырашкандан кийин артынан жамандабай эле койбоптур.Кайра Азамат озун актагандай болуп турат создорунон.Аялына ишенбей озу ушундай ажырашканга бир себеп издеп жургон экенда.
26.04.2016. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-07-2009
Соӊку аракети:
28-03-2018 15:38
Жынысы:
Белгисиз
+5
Албетте эч бир эркек мындайды кечире албайт болуш керек, бирок кызыл кандуулукка алдырып мунун баарын айтпай эле койсо болмок. Оздоруну эле ойлоп, бала деген бат эле чоноет. Эртен эле кызы турмушка чыгып, баласы уйлонсо, аларга эле кыйын болот. Уй-було деген дайыма чогуу болуу керек, экоо эки жакта жон журбогондун кесепети.
27.04.2016. 06:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
19-02-2015
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:47
Жынысы:
Белгисиз
+3
ariwka, Азаматтан да интервью алгыла. Доказательства кана деп эми мына сага. Айтпай эле койсо болмок деп олтурушат.
27.04.2016. 12:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-07-2009
Соӊку аракети:
28-03-2018 15:38
Жынысы:
Белгисиз
-3
fat21, Кимден, кантип, качан интервью алары кандай доказательствалары бар мени кызыктырбайт. Азамат интервью берсе берсин, болгону анын баарын жайып Эмне тапты? Озунун гана эркектик алсыздыгын далилдеди. Мен муну менен Айжамалды актаган жокмун, аял кишиге мындай нерсе жарашпайт, эч качан унутулбайт да.
26.04.2016. 11:55 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
30-10-2014
Соӊку аракети:
05-08-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шаар.312
0
Азаматтай жигитти табыш кыйынго эми.
Senuchunzhashaim түзөттү 2016-04-26 11:59:18
26.04.2016. 16:19 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-2
marat0989, ayjamal83, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү!
26.04.2016. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
321
Катталган:
27-06-2012
Соӊку аракети:
30-11-2017 20:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Белгисиз
+5
Senuchunzhashaim,Азамат айдан тушуппу? Кадимкидей эле адам экен,ашыкча эч нерсе коро албадым.Эгер ашыкча болгондо бутун элне шерменде болуп жеке жашоосун жайып отурбай ушулардын баарын алдын алмак.Айжамална жетиштуу мэжрим бере алган эмес ошол учун куйдургу Амандын жалган жашык,жылуу создорунун кулуна айланган.Бийлик,байлык бир тыйын,БАКЫТ табуу эн кыйын.Кашы козу кара сулуу,кооз болушу мумкун бирок ошол адамдан мээрим коро албасан чырайын чайга чылап ичесинби?
26.04.2016. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-02-2016
Соӊку аракети:
28-02-2017 17:06
Жынысы:
Белгисиз
+17
Апам дайыма айтат бироого эч качан дабаа кылба,тооба кыл деп,баарыбызда уй було бар,эртенки куну эмне болуп кетет эч ким айта албайт ошон учун бироонун жащоосун соз кылбай эле тан калбай эле коюш керек.
26.04.2016. 14:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
05-02-2015
Соӊку аракети:
14-07-2018 13:15
Жынысы:
Белгисиз
-8
Мелис Мырзакматов менен Бакиев жонундо жазылганда ушундай кызуу талкууга алынчу эле.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21166;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: