Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Азамат Шакиров, Айжамал Кабылованын экс-күйөөсү: «ҮЙ-БҮЛӨМДӨ БОЛГОН ШЕРМЕНДЕЧИЛИКТИ ЭЛГЕ ЖАРЫЯЛАГЫМ КЕЛГЕН ЭМЕС»

№703 22-апрель-28-апрель, 2016-ж


Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат Шакиров менен ажырашканы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн кабар болду. Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы айым өзү, ажырашуу окуясына ысымы аралашып жаткан тамада Аман Ибраев маек курушуп, окуя тууралуу өз чындыгын айтышкан эле. «Айжамал менен бул теманы өз ара чечишип алган соң элге жарыялагым келген эмес. Бирок акыркы кездеги окуялар мени чындыкты далилдер менен жарыялоого аргасыз кылды»,- деп Азамат Шакиров редакциябызга кайрылды.

– Азамат, саламатсызбы? Түшүнөбүз, үй-бүлөнүн урап калышы, кандай себептер болгонуна карабай, эки тарапка тең оор тиет. Ал окуяны калың элдин талкууга алуусу абалды ого бетер чыңалтат. Буга чейин элдин назарында жүргөн ырчынын күйөөсү болуу сизге кыйынчылыктарды жаратты беле?
– Саламатсыздарбы? Өзүмдүн атымдан эле жооп айта турган болсом, ооба, «чымчыктын да уясы бузулбасын» деген сөз сыңары мындай нерсени өз башымдан өткөрүү оор болду. Айжамал элдин назарында жүргөн ырчы болгондугунан, балким, мурунтан ар түрдүү сөздөргө көнүп келгендир, бирок менин ата-энем, туугандарым мындай жеке жашоодо болгон нерселерди элдин талкууга алуусунан алыспыз.
Ырчынын күйөөсү болуу мага эч кандай кыйынчылыктарды жараткан эмес, кандай гана сөздөр болбосун мен Айжамалга ишенет болчумун. Өзүңүздөр да билгендей, Айжамал турмушка чыккандан кийин ырдабай үйдө отуруп калган жок. Кош бойлуу кезинде, балдарыбыз жаңы төрөлгөндө гана сахнадан алыстай түшкөнү болбосо, калган учурда ырларына да, клиптерине да колдоомду аябайт болчумун. Анткени 15 жылдай сахнада жүрүп, сахна анын жашоосунун бир бөлүгү болгонун түшүнөт элем.

– Буга чейин шоу-бизнестин өкүлдөрүнүн арасында Айжамал Кабылова менен сизди ажырашты деген сөздөр тарап, сизге кайрылганыбызда «комментарий берүүнү каалабайм» деген элеңиз. Азыр «мени чындыкты айтууга аргасыз кылып жатышат» деп жатасыз. Кимдер сизди бул кадамга түрттү?
– Айжамалга жообун бергениме 9 айдай болду. Айжамал менен турмушубузда болгон бул нерсени элдин талкуусуна салбай эле коёлу, өзүбүз чечиштик, ажырым жолго түштүк, бүтүрдүк дегенбиз. Ошондуктан мен ал убакта бул нерсе тууралуу комментарий бере албайм дегем. Бирок кимдир бирөөлөрдүн түрткүсү, кызыкчылыгы менен Айжамал биздин ажырашуубуз тууралуу маек берип баштады. Эл билет, кимдин кандай сүйлөөрүн, буга чейинки маектерин деле көргөнсүздөр, интервьюдагы сөздөр Айжамал колдонуп сүйлөөчү сөздөр эмес. Артынан эле Аман Ибраевдин интервьюсу чыкты. Удаалаш чыккан бул интервьюларды мен актануу жана пиар катары кабыл алдым. Өздөрүн пиарлап жатышканын сынга албайм, менин ишим эмес ал жагы. Бирок актанып жатышканда сөздөрү мен жакка тийип жаткандыктан, элге мен жаман, менин ата-энем, туугандарым жаман болуп калуусуна, жалган актанууларына орток болуп отура албадым.
«Айжамалдын интервьюсунда сизге, кайын журтка сөз тийгизген жери жок» дешиңиздер мүмкүн. Бирок ар түрдүү социалдык тармактарда талкууланып жатканын билесиздер, ошол жерлердеги Айжамалдын сөздөрү түзмө-түз эле мага, туугандарыма тиешелүү болгону мени чындыгым менен чыгууга аргасыз кылды.

– 10 жыл чогуу түтүн булатып, эки баланын ата-энеси болгондон кийин ажырым жолго түшүү экөөңөргө тең оңойго турбаса керек?
– Тууралап кетсем, 10 жыл эмес, биз 2007-жылы ноябрь айында үйлөнгөнбүз, 2013-жылы апрелде Айжамал балдар менен Кыргызстанга кайткан. Ошол убакка чейин да канчалаган нерсе болбосун, биз тараптан Айжамалга эч кандай басынтуу болгон эмес. 2014-жылы мен бат-баттан эле Кыргызстанга айтпай, сюрприз кылып барып-келип турчумун. Ошол арада эмне кылып жүргөнүн байкап, билип баштагам. Анткени кайсы күйөөсү бар аял, 2 баланын энеси түнкү саат 3-5терде башка үй-бүлөлүү эркек менен 15-20 мүнөттөн күндө сүйлөшөт?! Ушундан улам мен шекшип, Айжамалдын телефонун текшере баштадым. Күнөөлөрүн моюнуна алган, сөздөрдүн далилдери колума тийгенден кийин да оңолбогон мамилелери мени 2015-жылдын август айында Айжамалга жообун берүүгө аргасыз кылган. Албетте, оңой болбоду. Үй-бүлөлүк мамилебизди токтотуу, айрыкча балдарымды көп ойлодум, бирок турмушта мындай нерселер болуп турат экен, чыдайбыз, жашоо улана берет.

– Турмушта өйдө-ылдый нерселер боло берет эмеспи. Үй-бүлөнү сактап калууга мүмкүнчүлүк болбодубу?
– Албетте, турмушта өйдө-ылдый нерселер болуп турат. Жөн гана далилсиз ушактарга ишенип, оңой эле үй-бүлөнү талкалап коё турган адамдардан эмесмин. Бирок эч бир эркек аялынын мындай адепсиз кылыктарына көз жумуп коё албайт деп ойлойм.

– Сиздердин ажырашканыңыздарга Ошто тамадалык менен алектенген Аман Ибраевди да себепкер кылып жүрүшөт. Ал киши «Айжамал менен СМС жазышкан эмесмин» деп бизге да кайрылды. Ушундай териштирүүлөрдү коомчулукка жарыялабай коюуга мүмкүнчүлүк бар беле?
– Албетте, андай мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок биздин ажырашканыбызды Аман жана Айжамал, шоу чөйрөдөгүлөр өздөрү эле жая баштагандан улам элге таркады. Мен үй-бүлөмдө болуп жаткан мындай шермендечиликти элге жарыяламак белем? Атүгүл мен акыркы чечимге келген соң ата-энеме түшүндүрүп айтып, алардын макулдугу менен гана биз ажырым жолго түштүк. Экөөнүн интервьюларындагы «сүйлөшкөн эмеспиз» деген жалгандарынын 1-2 мисалын силерге сүрөт катары далилдеп жөнөтүп жатам. Муну да танышса, инстаграмдагы логиним azastarus, ошол жерден кеңири сүйлөшкөн түн жарымдагы СМСтерин, мындай СМСтерди жазышкандыктарын моюндарына алган аудиожазууларын да коюп, далилдей алам. Дагы айтылбаган көп сөздөрү, кылыктары бар...
Үй-бүлөбүздүн бузулушуна өзү гана күнөөлүү, мындай жол өзүнүн гана тандоосу, үй-бүлөгө берген баркы жана жашоого болгон жеңил ойлуулук көз карашы себеп болду.
Интернетте «Азамат Айжамал менен ажырашкандан кийин эле 19 жаштагы кызга үйлөнүп алган» деп жазгандар болуп жатат. Андай сөздөрдүн жазылганын башкы күнөөлүүнүн күнөөсүн башкаларга жүктөө аракети катары көрөм. Баары далилсиз гана сөздөр.

– Бишкектен жубайыңызга үй, машина алып берген экенсиз. Анын баарын кайра тартып алганыңызды да интернетте жазышууда...
– Алып бергеним ырас, бирок мындай окуядан кийин кайра Москвага чогуу келатканда кризиске байланыштуу өзүнүн макулдугу менен сатканбыз.

– Ортодо эки баланын тагдыры эмне болот?
– Балдарым – менин бул жашоодогу маңызым. Алардан эч качан кечип кетпейм, балдарымдын тагдыры мени терең ойлондурат. "Балдар же атасынан, же энесинен ажырабасын, менде болушсун, окутайын, тарбиялайын. Сен чыгармачылыгың менен алек боло бер" десем макул болбоду. Кыргызстанга барсам, тоскоол болушпаса, албетте, балдарыма жолугуп, сагынычымды таркатам. Бул жактан деле балдарды керектүү нерселер менен камсыз кылам деген ойдомун. Бул нерсе кандай болот, аны мен барганда сүйлөшүп, такташып алабыз.

– Мындай турмуштук тажрыйбадан кийин эмне деген тыянак чыгардыңыз? Элге, жубайыңызга гезит аркылуу айтчу кебиңиз бардыр?..
– Кудайым мындай тажрыйбаны эч бир үй-бүлөнүн башына салбасын. Ортодогу балдарга гана кыйын болот экен. Ар кадамды таштап жатканда акыл-эсибиз менен, өзүбүздү гана ойлобой үй-бүлөнү, ортодогу балдарды да ойлоп туруп, анан кадам таштоону унутпайлык. Анткени турмуш – бул оюн эмес, аны куруу, бекем тутуу кыйын, бузуп салуу оңой. Айтылган куру сөздөргө ишенип өкүм чыгарбай, акыл менен таразалай билели.


"Айжамалдын ырдаганына каршы болбой, дайыма колдоп келгем".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(531)
25.04.2016. 21:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
11-02-2011
Соӊку аракети:
01-09-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тооба кылдым ай.. Аялына ишенип жакшы мамиле кылса бош эркек дейсинер каттуу кармап орой болсо кызыл камчы дейсинер. Азамат дагы кантсин?? Ал эми Азамат мырзага кайрылаарым: жубайыныз бир жанылыптыр,( ким жанылбайт бул жалганда)бирок экинчи шанска акысы бар да. Билем, андай иш эркектин намысына оор тийет бирок кечиримдуулук гана конулдун жарасын айыктырат экен (проверенно из личного опыта) Кечире алганды Кудай да кечирет дейт го. Уй було деген баалуулук ошондой курмандыка таттыктуу нерсе да.
linara түзөттү 2016-04-25 21:18:45
26.04.2016. 04:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
linara, Дагы айтылбаган көп сөздөрү, кылыктары бар... дедиго куйосу.
25.04.2016. 21:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1222
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
12-11-2018 23:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
+8
Чужая семья - тёмный лес дегендей бироолордун жашоосу тууралуу эчтеке айталбайм.
Болгону экооно тен Кудай ыйман- ынсап берсин дегим келет.
25.04.2016. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
02-06-2011
Соӊку аракети:
12-11-2018 21:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жайлоо!
+13
Жан жан жааан,жолуктуң кайдан,акылдан алдың,азапка салдың болуптур даа.....

Жакшы иш болбоптур черт.....
25.04.2016. 21:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва.
-6
Жеке жашоо жеке боюнча калыш керек эле, Азамат эн ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-26 10:11:43
26.04.2016. 16:00 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5983
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
12-11-2018 19:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+1
kalima88, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, pinpon, далилсиз каралоого тыюу салынган. Экертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-26 16:04:49
25.04.2016. 21:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
06-11-2018 12:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+4
Бироого сын тагуудан алыс болгон жакшы. Анткени Сени Мени Аны эртенкандай тагдыр кутуп турат белгисиз. Апам дайым бизди "Нанды чон тиштесен тиште, созду чон тиштебе" деп тыйып келет.
dobrajelatel түзөттү 2016-04-25 21:35:41
25.04.2016. 21:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
26-04-2013
Соӊку аракети:
16-10-2017 19:31
Жынысы:
Белгисиз
-6
Айжамалдын атасы отуптур,жолдошу менен ажырашты.Баш-аягын жыйгыча шарт болбой калгандыр кызын мектепке бергени.Мектепке деле алдын ала документтерин берип,кам коруш керек...9 жашта барабы эн негизгиси ошол жожолордун омурун берсин.Убакытты сиз эсептебей эле койсонуз.Гастрольдоп журсо балдарын бутуна тургузам деп тиричилик кылып журот.Аны табалагандын ордуна ошол балдарына жакшы тилек жазыныз.Окушсун,чонойсун,бактылуу болсун деп.Кайсы эле эне,балдарын берип койсун.Сиз экообуз Айжамалдын проблемасын чечип б
25.04.2016. 21:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-04-2016
Соӊку аракети:
26-04-2016 02:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
Комменттин аягы корунбочудойго......экоо кайра жарашса..элестеттим..ушууунча убара кылып.элдерди..
29.04.2016. 22:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
07-12-2017 01:10
Жынысы:
Белгисиз
-3
Zaripbek77,Ооозуна май кана эми жарашып калса,баарыбыз кубанмакпыз.Мен озумчо эле ойлоп кыжаалат болуп журом как будто, менин уй булом бузулгансып.Бассам турсам ойуман кетпей атат экоо ажыраштык дегенден бери.Ушундай бактылуу уй булолор ажырашса жаман болот экенсин.Айжамал озу бекер кылган клиптерге тартып, уй булоосун элге коргозуп,копчулуктун козу жаман деп уккамын.Айтышат го жакшы болсон коз тиет, жаман болсон соз тиет деп.Илгеркилердин айткан накыл кептери баары дал келет.
25.04.2016. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
16-12-2013
Соӊку аракети:
07-10-2018 06:53
Жынысы:
Белгисиз
+4
Не выноси сор из избы деп бекер айтылган эмес да. Балдарынын эле келечегине шек келтирип алышты. Экоосундо тен акыл жок экен. Два сапога пара! Силерди билбейм, мен Айжамалдын жолдошуна кобуроок ишенип жатам. Шоу бизнесте жургондор эки жуздуу болушат. Айжамал оз куноосун билген сон, вообще жеке жошоосу жонундо интервью берип чыкпаш керек болчу. А жолдошун бул жерде сурандынар элего суперден, маек алгылачы деп, эми кайра эмне аны жаман коруп жатасынар. Ал озу быксып тутоп турганда май чачтынарда.
25.04.2016. 22:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-04-2016
Соӊку аракети:
16-05-2016 18:15
Жынысы:
Белгисиз
+4
incognito1,Эми интервью берип, эмне учун ажырашып кеткенин жазса, Айжамалды жамандадын деп эл которо албайтат. Ал аны согуп, жаман создор менен жамандаган жокко. ХХХ ХХХ биринчилерден болуп берген интервьюсуна жооп кайтарды. Доказательствосу менен! Ата энемди, туугандарымды кунолуу катары корушбосун деп. Балдарын таштап кеткен жок. Жардам берем дедиго. Азамат эркек эмес болсо, эмне Аман эркекпи? Бул баардыгыбызга чоон сабак болду!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-26 16:01:26
26.04.2016. 00:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
16-12-2013
Соӊку аракети:
07-10-2018 06:53
Жынысы:
Белгисиз
+6
Aisha88888, Во всей этой истории мне жалко только детей. (((( Я хочу, чтобы у них все было хорошо, чтобы они радовались, никогда не отчаивались. Главное чтобы они не повторяли ошибок родителей!
26.04.2016. 16:02 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5983
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
12-11-2018 19:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Aisha88888, lera30, далилсиз кимдир-бирөөнү каралоого тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-26 16:05:06
27.04.2016. 23:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
18-01-2013
Соӊку аракети:
04-05-2016 16:14
Жынысы:
Белгисиз
-3
Aisha88888,уй-буломдун жаман корунуп калышын каалабадым деп уй-булосунун кандай экенин биротоло далилдеп салды, андан бетер наалатка калып
29.04.2016. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
marat0989, Бирок акыркы кездеги окуялар мени чындыкты далилдер менен жарыялоого аргасыз кылды. Толук окубайсынарбы!
25.04.2016. 22:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
09-07-2017 00:51
Жынысы:
Белгисиз
+4
АЗАМАТ сени тушунуп жатам. Мындай аялдын барынан жогу. Эми жакшы оронгон билимдуу сабаттуу диндар кызга жоолугуп бекем уй було тузуп кет. Коп ачууга алдыра бербе. Кудайым колдосун сени. Ал эми балдарды озуно эле алсан болмок. Тиги гастролдоп кетсе ким карайт? Эки жакта болгуча озун эле алып алчы. Кудай куч кубат берсин сага.
25.04.2016. 22:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ушунча элдин толкунуусунан кийин,Айжамал Кабылованын элге кадыр-баркы бийик,чыныгы мендей куйормандары коптугу,анан дагы ичи ото таар коро албас душмандары дагы четтен чыгарына ынандым.Баарына кызыктуу,популярдуулугу бийик айым экен:)Биз талантын,чыгармаларын гана сындасак болмок,жашоо-турмушуна балээ барбы?Силер жаман дегидей бутуна тенсинерби?)казан-аяк кагышат,Эрди-катын урушат,эси кеткен болушат.Силер урушпай жашап атасынарбы?Эртенки кунунор,малинабы?Зима не будетке барсанар,айтып берет)))))
25.04.2016. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
09-07-2017 00:51
Жынысы:
Белгисиз
+5
BebeU, сен айжамалсынго деп калдым. Негизи бул жерде элдер изменага тан калышып шок болуп жатат анан жазышат да куйоосу далилдеп жатса. Айжамал катардагы эле лампочка десем болот го. Айжамал дегенде уже ирээнжип калдым. Иним да телдеги ырларын очуруп салыптыр жини келип. Менимче эч кимге жакпай калды артис.
25.04.2016. 22:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
arzuuu,Айланайын,сени алдап Айжамал болуп не пайда?Оз пикиримди жазууга акым бар экен,пайдаланып атам.Катардагы лампочка болсо,сен жарыгын да жок лампочкасын билип кой!Убагында жарыгын чачып коюптур,мына Айжамал баарына кызык,а сен экообузго ким коюпту?)Инин укпаса,биз кундо угабыз,талантын эч ким тана албайт!Ырдын корку Айжамал Шоу дуйносундо,сыйлайбыз анык онор адамы.Силердей жакса жакпады дегендерге,тен келе албайм.Мен эмес,айланамдагы адамдын бары,сонун
Ырдайт дешип атат акыйкат бар,акыры.
BebeU түзөттү 2016-04-25 22:47:22
26.04.2016. 02:27 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-10-2016 13:39
Жынысы:
Белгисиз
+6
BebeU,Айжамалдын адвокатысынбы? же Аман Ибраевсинби? Дин жолунда тарбия берген Марс Ибраев акенден улгу алсан болмок. ХХХ ХХХ Агандан улгу алсан боло.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-26 16:03:39
26.04.2016. 16:03 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5983
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
12-11-2018 19:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Bereke10, далилсиз кимдир-бирөөнү каралоодон алыс болуңуз. Эскертүү!
26.04.2016. 11:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
18-01-2013
Соӊку аракети:
04-05-2016 16:14
Жынысы:
Белгисиз
-3
arzuuu,Айжамал бизге аябай жагат.Чынында таланты бар.
25.04.2016. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
14-03-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 01:14
Жынысы:
Белгисиз
+9
Нагимчик БАНга кирип кетпедиби, жазбай калдыго
25.04.2016. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
26-07-2015
Соӊку аракети:
03-09-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
ROZA-87,ал 200дон ашык комментти окуп буто албай жатса керек)
26.04.2016. 04:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+6
ROZA-87, 10 кун бан деп окуганмын
26.04.2016. 13:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
16-10-2018 00:26
Жынысы:
Белгисиз
+6
ROZA-87,
10 кунго кеткен да ал банга. он кун ото элек. откондо мен да эскертуу алгам. кээ бирлери 5 кунго, ал чакчандап баштаганда 10 кунго кеткен)))
25.04.2016. 22:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
14-06-2014
Соӊку аракети:
12-11-2016 23:59
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркек кишиге жарашат *измена*..бирок аялкишиге уят..аял киши кечирип кое берет..ал эми эркек эч качан кечирбейт изменаны.Азамат сизге Айжамал татыктуу эмес.Азамат туура кылды интервью берип кимдин ким экенин билдик
25.04.2016. 22:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
0
sultan1406,Тиги жагына жазып коюптурбу,эркек кишиге боло берет,ала жипти аттай берсе кечиримдуу деп?Кайдан тапсак болот?Ким экен автору,ким уруксат берип,кол койгон?Шерменде болот,антпегин башка!Козун мн корбой,куноолобо душман болсо дагы.Оздору билет,кантип чечип алууну.Туура кылып,жашап калышат кайра,ошондо уятынар чыгат.Шайтан азгырбаса да,сендейлерге 1 тыйынга татыбайт кенеш берип,жаман корунуп отуруу.
BebeU түзөттү 2016-04-25 22:36:30
25.04.2016. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
26-07-2015
Соӊку аракети:
03-09-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+8
каяктагы кайнеже-пайнеже? ХХХ ХХХ башкалар куноолуу болобу?куйоосун,куйоосунун уй-булосун жамандагандарга тан калам,силерде ошондой келин чыкса,баланарды,ининерди жинди кылып козуно чоп салып журсо жылдап,не кылат эленер?
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-26 16:07:10
26.04.2016. 04:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
dubai, Айтып жатышпайбы Айжамалды колдогондор, коёрмандарына Айжамал адашыптыр (бугун измена адашуу экен) эмне болуптур, кечириш керек, а кайын эжеси ун чыгарбай олтурушу керек бироонун уй булоосуно киришпей. Азамат уйлонгондон кийин бироо болуп калыптыр. Айжамал балдарын ошондой тарбиялайт тура. Кызым сага инин бироо деп. Тобоо. Кудай сакта.
26.04.2016. 16:07 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5983
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
12-11-2018 19:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
dubai, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазуудан алыс болуңуз. Эсертүү!
26.04.2016. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
26-07-2015
Соӊку аракети:
03-09-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,эсертуубу?))
25.04.2016. 22:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
29-06-2018 23:31
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эркектер баарын кечирет бир гана изменаны кечире албайт.Аялдар балдар учун кечирип жашай беребиз.Эркеке бул ото оор нерсе.Ар ким жашоосун озу чечет.
25.04.2016. 22:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
04-01-2014
Соӊку аракети:
21-04-2018 10:16
Жынысы:
Белгисиз
+10
ошон учун рас уйлондунбу жанында алып журуш керек катынды,тем более артист болсо той кечелерге коп барса шайтан азгыратда,чынында ортолорунда не болгонун бир гана Аллах билет,айтаарым ар бир адамга ынсап,ыйман берсин Аллахым
25.04.2016. 22:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-9
Айжамал Кабылова-звезда чыныгы!Жарыгы алыстан корунуп турат,тана албайсынар!Жеке жашоосуна бизди сотто,бурмала деп жаратпаган.Мага таланты менен,абдан жагат.Биз бул жерде,чыгармачылыгы жонундо талкууга алсак коошмок,а бу темага биздин акыбыз жок!Ошо кайын эжелерини,силердей козу бар бирок,сокур адамдардын кымындай акысы жок!Таланттуубу?Талантуу:)Сахнага чыкса жарашабы?Жарашат:)Эмгектенип,майын чыгара алабы?Созсуз:)Душманы коппу:)?Кудай кубо,биз да моюндайбыз:( Анда,она звезда!ДушмандарынаИйгилик
26.04.2016. 00:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
15-03-2014
Соӊку аракети:
12-11-2018 12:30
Жынысы:
Белгисиз
+4
BebeU,---------------

Айжамалдын адамысынго сен, ар бирине комент жазып. Мин жолу -
25.04.2016. 22:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
06-11-2015
Соӊку аракети:
06-11-2018 13:07
Жынысы:
Белгисиз
+16
Азамат туура кылыптыр,андай аялдын барынан жогу.Айжамал колундагы бакытты которой албай калган экен да.Азаматтай эрди табыш кыйын го эми...
25.04.2016. 23:01 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
11-11-2014
Соӊку аракети:
31-08-2016 11:18
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оуууу санта барбара)))) бир бабниктин айнан эки бала жетим калды. Аманчик башка бойдок эле кыз суйсо болмок экен кааап.
25.04.2016. 23:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-2
Каралап жатып калдынар,корбой билбей!Шок болуп эмне,кармашып бердинерби эрине?Кайын журтунан жактырбаса,эринде да ой,проблема жаткандыр.Кандай болсо да,ушунча короалбастык,ушак алардын куноолорун женилдетип койду,окшойт.Эми жакшы жалбарып Жаратканга,кечиришип таттуу жашап кетишсе болот:)Ушакчылар тилине чырмалып кала беришет)Коро албастар,карангыда калышат журогу жарылып.Шайтан азгырган кундо да,пендесин Аллах кечире билет,тоодой куноосу болсо да.Тообо кылыныздар,а башкалар жон эле адамдар да.
25.04.2016. 23:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
11-12-2016 19:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7
BebeU,бул жерде Айжамалдын чыгармачылыгы жонундо соз болуп жаткан жок,темадан алыстаба.Азамат байке Айжамалды кечирбениз аял изменять эткени оор нерсе,тозокко куйот кудай сактасын.Багынызга ыймандуу кыз жолуксун.
Aidowi түзөттү 2016-04-25 23:40:11
26.04.2016. 10:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
26-02-2011
Соӊку аракети:
22-04-2017 10:03
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aidowi,сен билбейсин,ким тозоко тушот,ким бейишке тушот. Аны эч ким билбейт,бир Аллаhтан башка.
ayjamal83 түзөттү 2016-04-26 10:22:14
25.04.2016. 23:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
11-12-2016 19:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+19
АГКда бир гана Айжамал эмесКенже Гулнара да бар неге аларды соз ээрчибейт.Бул жерде чындык Азамат тарапта;шамал болбосо чоп кыймылдабайт.
26.04.2016. 00:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-4
Aidowi,Кенже,Гулнара АГКда туура,бирок алар Айжамал боло албайт.Уну кубулжуган,таланттуу,сулуу айым Айжамал.Башка ырчы айымдарга салыштырууга мумкун эмес.Изменасын талкууга алгыдай акыбыз жок,анын устуно корбой-билбей далилсиз куноо деген соз да.Темадан мен чыкпай эле,силердин акынар жок,соттоп,иликтеп не силерге?!Эсинер барда,этегинерди жыйгыла,табалабай!Балким,жалган?Киминдин козунор далилге турат?Так что just peace!!!Jakshy söz kosho albasan,unchukpa!
BebeU түзөттү 2016-04-26 00:56:28
25.04.2016. 23:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
26-04-2013
Соӊку аракети:
16-10-2017 19:31
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат пока бактылуу болуп кетмейин Айжамалды оюнан,жашоосунан чийип кое албай,кыйналып,абирийин тогом деп токтобошу мумкун...Ошондуктан Азамат кийинки алган аялы мн бактылуу болсун.
25.04.2016. 23:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
09-07-2017 00:51
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул жерде айжамалдын чыгармачылыгы жонундо соз болуп жаткан жок. ИЗмена! Далилдер турса да аны мактап жаткандар кандай адамдар ?! Ар ким озуно окшошту алыстан тааныйт да . Мейли Эми кудай ынсап берсин!(соз ээсин табат)
26.04.2016. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-09-2015
Соӊку аракети:
03-02-2018 12:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кадамжай, Ош
+7
Айыптын баары Айжамалда турбайбы,ойлогонда мен ырчымын создор ээрчип калат деп
26.04.2016. 00:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-09-2015
Соӊку аракети:
03-02-2018 12:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кадамжай, Ош
+9
Айтышатго таксистти эрим дебе артистти аялым дебе деп ошол соз туура
26.04.2016. 00:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
20-09-2012
Соӊку аракети:
12-11-2018 23:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
-6
Жогорудагы жазышкан смс тер билинип турат го ойноп эле жазышкандай. И алар Айжамалдыкы эмес экени. Менимче Айжамал Кабылова мынтип жазышпаса да керек.Ажырашып кеткени өкүнүчтүү. Турмушта өйдө ылдый болуп турат. Бул да экөөнө келген сыноодур. Чын бышыгын билбей туруп адамды күнөөлөгөн да болбойт. Экөөнүн жарашып, кайра жашоолорун ынтымакта улантып кетүүсүнө чын жүрөктөн тилектешмин.
P.S. Мен Айжамал Кабылова эмесмин.
26.04.2016. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
21-08-2014
Соӊку аракети:
08-11-2018 17:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
:-( мына шайтандын кылганы!!! аман ибраев марс ибраев деген аалымдын иниси эмеспи :(( андай болбосо экен! жазганын карасан! жакшы уктасын десен деп!!! Кудай нысап берсин!!!
26.04.2016. 00:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
14-06-2014
Соӊку аракети:
12-11-2016 23:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
BebeU сен Айжамал Кабылова окшойсун чычалап калдын,чычалаган чын болот.баары тушунуктуу болуп атпайбы.эми таланты бир тыйын.чычалаба.
26.04.2016. 01:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-13
sultan1406,Айжамал деген Оуу таланттуу,сулуу Эл адамы,а биз экообуз ким?)Чычалабай,далилсиз жаман кепти,олчоосуз кошуп атканынар адам катары туталантып атат мени.Мени Айжамал тааныбайт дагы,мен да жакшы билбейм жана сен да билбейт экенсин жакшы.Таланты 1 тыйын болгудай,сен кимсин?Кайсы кыйынсын,Кудай берген талантын 1 тыйынга баалаган?Оо,Жараткан ынсап берсин,оозтуругу жок адам кейпин кийген кишиден!Талантынан танганын,жакшы эмес!УйБулолук статусуна эч кимдин акысы жок,б8з кошуп кыйналбаган сага,жаман соз кошуп не бар?Эмне пайда,ушу каралаган куйормандары?Дагы айтам,мен Айжамалды жакшы билбейм,ал мени так тааныбаса деле керек.Коп соз,бок соз болот,Эшматсынбы?Ташматсынбы?-деп жазып,убактынарды коротпогулачы!Балээсин алгыла,Айжамалдын!Силердин негатив оюнар маанайды эле бузат,пайдасы жок.
BebeU түзөттү 2016-04-26 01:12:00
26.04.2016. 14:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
02-04-2014
Соӊку аракети:
24-07-2018 16:16
Жынысы:
Белгисиз
-8
BebeU,туура кошулам созунузго 100%
26.04.2016. 01:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
27-07-2013
Соӊку аракети:
16-10-2017 19:30
Жынысы:
Белгисиз
+14
Уй-було бир эле аялга керек эмес.Эркекке да керек.Экоо тен сактаганга аракет кылыш кк,кызыгыш керек.Уй-булодо мамиле бир кундо озгорбойт,бир кундо бузулбайт.Булардын уйундо болттор мурун эле бошоп баштаган.Ошол болтторду катырып турган эркектин милдети.Отвёртканы эжесине карматып койсо керек да.Эжеси ары-бери махать этип Айжамалды жадатса кк.Айжамал дагы жадап,ичине жутуп,кыйналып жургон кезде,шайтанга женилип калды окшойт.Бир жагынан ушул нерсе шылтоо болуп,кайнеженден кутулганына суйун..Уйдун болтторун
26.04.2016. 04:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
tigrica, Кызык. Кайын эжеси киришсе куйосунун козуно чоп салабы балдарын унутуп?
26.04.2016. 14:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
26-04-2013
Соӊку аракети:
16-10-2017 19:31
Жынысы:
Белгисиз
-1
ritulek,Кайнежеси киришсе эле деп коюш оной!Тил ото жаман нерсе.Узун тил андан да жаман.Узууун болуп,оролуп,кыса берсе,мычкый берсе корот элем сени дагы...Инстаграмда баракчасынба Айжмалды ит эле кылып атты.Ото эле эрмектеди.Соо адам деле жинди бп буто турган экен...
26.04.2016. 01:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
11-12-2016 19:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Азамат эми бойдок, кырктагы эркек кыз алат,кырктагы кызды ким алат дейт.Айжамал жашооно чон сабак болду.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21442;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: