Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Айжамал Кабылова: «АЗАМАТ БИЗ АЖЫРАША ЭЛЕКТЕ 19 ЖАШТАГЫ КЫЗ МЕНЕН ЖАШАП АЛГАН»

№705 6-май-12-май, 2016-ж


«Турмушум бузулуп, эл алдында жаманатты болуп жатам. Элге чындыкты айтышым керек болду»,- деген өтүнүч менен Айжамал Кабылова бизге кайрылды.

«КАЙНЕЖЕМ «КОЛХОЗКАСЫҢ», СЕНИ БААРЫ БИР ЖОК КЫЛАМ» ДЕЧҮ»
«Башымдан өтүп жаткан окуяны эч бир жанга каалабайт элем. 34 жашымда өңүм эмес, түшүмдө көрбөгөн шумдуктуу окуяга кабылып, кабыргам кайышып отурат. Ак нике, ак сүйүү менен баш кошкон жолдошум, балдарымдын атасынын запкысына кабылдым...»
– 9 жыл бою бирге жашап, бир бүтүнгө айланып калган жолдошум ар кимдин сөзүнө кирип үй-бүлөсүн бузуп тынды. Москва шаарында күйөөгө тийип, бат эле ажырашып кеткен Нагима деген кайнежем биз менен чогуу жашап, турмушубузга кийлигишип үй-бүлөбүздү уратты. Жок жерден чыр чыгарып, балдарымды кагып-силкип, өзүмдү жерден алып көргө салар эле. Өзүн шаардык сезип, «сен «колхозкасың», сени баары бир жок кылам» дечү. Эмне деген сөздөрүн, кылык-жоруктарын кулагымдын сыртынан кетирип жашап жүрдүм. Анткени бул убактылуу эле көрүнүш, эң негизгиси Азамат менен жакшы жашасам болду деп ойлочумун. Тилекке каршы, жолдошум мени колдогондун ордуна кордоду. Аны менен жашап жүргөн кунарсыз күндөрүмдү ойлосом, тебеленген кадыр-баркымды эстесем, жүрөгүм ыйлап, көңүлүм сыздайт.
«Москвада жүрүп Айжамалдын аты өчүп баратат, чыгармачылыгын жандандырыш керек» деген «Кыз-Буракта» ырдап кеткен эжесинин бал тилине кирип, мени 2 балам менен 2013-жылы Бишкекке «чыгармачылыгыңды өнүктүр» деп 2 бөлмөлүү үй сатып берип таштап кеткен. Болбосо мен ырдашым керек деп чыгармачылыкты үй-бүлөдөн жогору койгон жан эмесмин. Эч жаман оюм жок күйөөм мени түшүнүп, жакшы мамиле кылып жатат деп кубанып, чыгармачылыктын үстүнөн иштей баштадым. Ал менден кутулуш үчүн бул сценарийди ойлоп тапкандыгын кийин байкап жүрбөймүнбү.

«АК НИКЕМДИ БУЛГАГАН БОЛСОМ, БАЛДАРЫМДЫН КҮНҮН КӨРБӨЙ КАЛАЙЫН»
«Азамат 2 жылдан бери 19 жаштагы көлдүк Мээрим аттуу кыз менен нике кыйдырып жашап жүрүптүр. Андан башка да бизнесмен аял менен ойноп жүргөнүн Азаматтын өз оозунан, досторунан, тааныштардан уктум. Бул нерсеге ишенгим келбей, сай-сөөгүм сыздап азапта жашадым».
– Чыгармачылыгымдын токтоп калышына көз жумуп, балдарым менен Москва шаарына, жолдошумдун жанына барганыма карабай кайнежем менен Азаматтын моралдык жактан басынтып, мага каршы жасалган кемсинтүүлөрүнүн чордонунда калдым. Азамат экөө Фейсбукта Анара, Инстаграмда Сонунова деген аттар менен жаңы баракчаларды ачып, мени каралай башташты. Айжамал Кабылова, Аман деген почта баракчаларын ачып 2 адамды сүйлөштүрүп, сүйүштүрүп жиберишти. Элдин баарын келесоо ойлоп, өзүн эр ойлогон булар азыркы адамдар алардан да акылдуу экендигин билгиси да келген жок. Мына ушундай кечиримсиз, ыплас иштерди уюштуруп, Аман деген тамадага байланыштырып бактылуу жашообузга балта чапты. Эл адамы болгондон кийин күйөрмандардан толгон-токой СМС келет экен. СМС башка, жашоо башка да. Кудай турат, ак никемди булгаган болсом, балдарымдын күнүн көрбөй калайын деп эли-журтумдун алдында айтам.

«ДҮКӨНДӨ САТУУЧУ БОЛУП ИШТЕП БАЛДАРЫМДЫ БАГЫП ЖҮРДҮМ»
«2 баламды атасыз калтырбайын деп баарына кайыл болуп жашадым. Азаматтын кол көтөрүп, сезимимди, көңүлүмдү кордогон күндөрү болду. Үй-бүлөмдү сактап калуу максатында намазга да жыгылдым».
– Жолдошум баш айланткан махабатынан бошобой мага эмес, балдарына да көңүл бурбай, аларды урушуп чүнчүтүп да жиберди. Натыйжада болор-болбос тыйынына көпкөн ал бай аялдар менен мамиле куруп, балдарын унутуп, кызыбыз Жыпараны да мектепке киргизбей талаада калтырды. Акчасын аяп жатып балам балдар бакчасына барбай калды. «Өзүңдүн тамагыңды өзүң таап же» деп 1 тыйын бербей же үйгө тамак-аш алып келбей калганынан базарга чыгып, дүкөндө сатуучу болуп иштеп балдарымды багып жүрдүм. 1 күн келсе, 3-4 күн келбей, кайда жүргөнүн айтчу эмес. Келсе да жөн келбей, жаңжал чыгарып «итти да кет десе кетет, сен эмне кетпей жүрөсүң?!» деп жүрөгүмдү жаралап, көз жашымды далай агызды. Айрыкча атам каза болуп кабар келгенде «барышыбыз керек» десем, «Өлгөн атаң өлүптүр, азыр барсаң эле тирилтип алмак белең? Акча тапканда барабыз» деп душмандарым жасабас кайдигерлик мамилеси менен бүт үмүтүмдү өчүрдү. 1 жума издеп, карызга жол кире таап, атамдын кыркына араң бардым. Жолдошум барбай койду.
Акыры канча аракет кылсам да жашоомдун оңолушуна көзүм жетпегенде «жообумду бер, Кыргызстанга кетем, биздин жашоо болбой калды окшойт» деген талапты койдум. Ошентип биз ажыраштык. Депрессияга түштүм, каякка барарымды билбей карайлап 2 бала менен апамдын жанына келдим.

«СЕБИМДИ БЕРБЕЙ, ФОРМАЛАРЫМДЫ ӨРТТӨП САЛЫШТЫ»
«Ажырашканда «Бири-бирибизди жамандап элге жарыя кылбайбыз. Өзүбүз эмес, балдардын келечеги үчүн жакшы мамиледе калалы» деп убадалашкан элек. Ошондуктан Азамат менен ажырашканыма 9 ай болсо да эч ким менен сүйлөшпөй, эч кимге дартымды айтпай кан жутуп жүрдүм».
– Антыбызды, шертибизди бузуп, эркек башы менен биздин ажырашканыбыз тууралуу маалыматты гезитке биринчи болуп Азамат таркатты. Андан кийин менин анын деңгээлине түшпөй, алардын үй-бүлөсүн каралабай, жамандабай, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбей этияттап берген маегиме эл күбө. Балдарымдын атасы деп анын кылык-жоруктарын жаап-жашырганымды, аяганымды коркту деп түшүнүп, Азамат оозуна келгенди оттоп, кимдир бирөөлөр үйрөткөн сөздөрдү болушунча айтыптыр. Мени каралаган, жамандаган маегинен кийин дагы деле сабыр кылып, анын деңгээлине түшпөйүн десем да ал тараптан айтылган жалгандар, бет тырмоочулуктар намысыма тынчтык бербей койду. Азаматтын берген маеги 90 пайыз калп, куру жалаадан куралгандыгын баса белгилеп айткым келди. Кимдин ким экендигин эл да билип бүттү окшойт.
9 айдан бери балдарынан кабар алмак тургай булар кандай жашап жатат, кийимдери, тамак-ашы барбы деп ойлоп койбой көчөлөп ойноп жүргөнүн жашыргысы келип кайра-кайра актанып жатканына бир чети күлкүм келсе, бир чети ызаланып жатам. Ал эми кайнатам менен кайненем үй-бүлөбүздө болуп жаткан ызы-чууга, уруш-жаңжалга кайдигер гана мамиле жасап коюшту. Атам менен апам өз каражаттарына сатып берген эмеректеримди, буюм-тайымдарымды, кийимдеримди, балдарымдын кийим-кечелерин бербей коюшту. Жадакалса концерттик формаларымды, дисктеримди өрттөп салышты. Мейли, ошол нерселер менен бүтөлбөгөн жерин бүтөп, жыртыгын жамап алышсын!

«ЖАКЫНДА СОТКО КАЙРЫЛЫП, КАЛГАН МАСЕЛЕНИ СОТ АРКЫЛУУ ЧЕЧИШЕМ»
«Дүйнө мен үчүн жарыгын жапкандай болуп үйдөн чыкпай, көз жашымды төгүп жашадым. Бирок мен жашаган дүйнөдө жакшы адамдар көп экен. Алар кол сунуп көңүлүмдү көтөрүп, моралдык, материалдык жардамдарын аябай, менин кайра элге аралашып ырдап чыгышыма көмөгүн көрсөтүштү
».
– Турмуштун катуу соккусу, куру жалаалар, жүрөгүмдү ооруткан азап-тозоктор артта калды. «Мен сени бомжго айландырам, алдыма чөгөлөтүп, бутумдан өптүрөм» деген Азаматтын сөздөрү кулагыма жаңырган сайын кайрадан тирилип, кайрадан күчтөнүп, жашоого болгон аракетим күчөдү.
Бир гана сөздү Азаматка айтып коёюн дедим. Менин жана балдарымдын жашоосуна аралашпай, өзү тандап алган жолунда жыргап жашай берсин. Улам мага жармаша бербей өз жолунда тиричилигин кылсын. Жакында сотко кайрылып, калган маселени сот аркылуу чечишем. Балдарымдын келечеги үчүн, алардын жашоосундагы калтырган атасынын тагын кетирүү үчүн бар күчүмдү жумшайм.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(382)
11.05.2016. 16:34 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
hameleonka, кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
11.05.2016. 16:39 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Arlenchik, Emilzima, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
11.05.2016. 17:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-02-2016
Соӊку аракети:
17-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+8
жан жан жан жолуктун кайдан акылдан алдын азапка салдын - болуптурда а
11.05.2016. 18:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-08-2014
Соӊку аракети:
14-08-2018 19:28
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах сизге сабыр берсин.
11.05.2016. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
28-02-2012
Соӊку аракети:
24-09-2018 05:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия. Чита
+1
Айжамалдын создорунун чындыгы бар.
Ушул интервьюсуна чейин жарашканга аракет кылгандай корунчу эле. Эми чындыкты айткандай болду. Куйоосу озу ХХХ ХХХ.
Кудай бар, жакшылыктан умутунду узбо, сени сыйлаган куйормандарын бар, талантын бар, коп коп жаны эмгектерди кутобуз. Бактылуу бол!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-12 11:47:34
12.05.2016. 11:46 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
nurka_85, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
11.05.2016. 19:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 19:09
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аий бул чыр Али бутпойт окшойт,баарын Азамат баштап Алды Айжамал жакшынале жаап жашырып жаман соз айтпай аттыле,
Кийинки санында нагимасы чыкпаса болду еми
19.05.2016. 02:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи Гулшайырдын интервьюсу, анан Айжамалдын, анан Ибраев чыккандан кийин Азамат чыкты деймда. Айжамал актанаалбай эле койду. Бул интервьюсу Жалган эле дейм.
11.05.2016. 21:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
09-07-2017 00:51
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kenje kelet emi maeke
11.05.2016. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
21-11-2012
Соӊку аракети:
17-04-2018 05:25
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллахым бакыт берсин балдарыныздын бактын тактын корунуз Ин Шаа Аллах
11.05.2016. 22:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:03
Жынысы:
Белгисиз
-9
Шумдук эмне болуп кетишээр экен тобоо кылдым.ажырашып алып журот кафелерде жасанып алып суротторун интернеттен коруп жатам свободаааа болуп атса керек ))))
13.05.2016. 02:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
11-05-2016
Соӊку аракети:
31-05-2016 19:02
Жынысы:
Белгисиз
+3
gulzat85,
Ошто гулдой жан болчу,эми чыгып жатат.сая журсон таяк жейсин.
11.05.2016. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
26-05-2012
Соӊку аракети:
01-04-2018 19:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалалабат
+7
Айжамал эже бул да болсо пешене,эн башкысы балдарыныз озунуздун колунузда экенго ,а калган мал мулк бул колдун кири.Балдарыныз учунда белинизди бекем буунуз
11.05.2016. 22:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
30-03-2016
Соӊку аракети:
10-04-2018 23:39
Жынысы:
Белгисиз
+21
Азаматка эмне кереги бар Айжамалды элге жаман корсотуп. Ажыраштынбы болду жашай бер да жаны алган аялын менен..... эркек эмес экен..
12.05.2016. 00:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
23-08-2012
Соӊку аракети:
02-04-2017 04:55
Жынысы:
Белгисиз
-2
Admin kechirip koyunuzdar! Emociaga aldyryp jiberip atabyz. Renatik mene Aisha88888 jakwy ele banga ketirdiner, dal owol Azamat bolso kerek.
12.05.2016. 00:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
27-03-2016
Соӊку аракети:
10-08-2018 16:47
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айжамал эже сиз өкүнбөңүз башта адашкансыз жалган сүйүүгө алардын баары арттакалды эстегенгеда арзыбайт эми ал сиздин сулуулугуңузду көрүп мен канча ооруп жүрдүм жакында эле ала букага консертке келгенинизде
12.05.2016. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
15-11-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 11:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
ишенбейм калп.
19.05.2016. 02:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
TUA, Конечно Жалган. Аманы олтурат Айжамал озу мага жазган деп. Келинчегим менен окуйт элек деп. Бул жерде Азамат менен эжеси Айжамал Кабылова, Аман деген почта баракчаларын ачып 2 адамды сүйлөштүрүп, сүйүштүрүп жиберишти дейт. Айжамал жалганга батып кеттинго.
12.05.2016. 11:52 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
batonchik, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 3 күнгө БАН
12.05.2016. 12:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
24-06-2014
Соӊку аракети:
17-09-2018 12:35
Жынысы:
Белгисиз
-1
Саламатсынбы Айжамал.бул жашоодо аял киши алсыз эмес.эркек кишиге караганда аял киши бир тооп кучтуу болобуз,ошондуктан акыл эс менен белинди беккем бууп алдыга карай кадам ташта,актанган менен пайда таппайсын,сен бактылуу эне экенсин бешененде уулун менен кызын бар экен,бирок кандай кана туйшук соз болбосун балдарынды эч качан аралаштырба,акылдуу эне бол балдарынды эч качан аралаштырба и балдарына жаман соз алып бербе ийгилик сага(балдарымдын кунун корбой калайын)деген созун эч кимге жакпадын
12.05.2016. 12:45 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
arabica, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган. Эскертүү!
12.05.2016. 12:47 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
dair2013, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
12.05.2016. 13:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
25-08-2012
Соӊку аракети:
16-01-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ит уро берет кербен журо берет.айтаарым бул уй було оздоруно оздору кылышты.зачем элге жарыялап
12.05.2016. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
14-05-2013
Соӊку аракети:
04-09-2018 08:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал мен сени баалайм келечегин алдыда ушак созду укпай эле кой
12.05.2016. 16:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
30-10-2014
Соӊку аракети:
05-08-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шаар.312
+1
Айжамал эже сиз кучтуусуз баарын женесиз! Балдарыныздын келечеги кенен бакыт учун аракет кыла бериниз, кудайымдын козу туз болсун. Азаматтын козунун майы кургаганда бармагын тиштеп калар! Артка жол жок, алга жана алга! Бактылуу болунуз фанаттарыныз эч качан сиздин статусту озгортпойт, сыйлаганбыз жана да сыйлап кала беребиз, башты бийик которуп кучтуу болунуз, турмуштун ойдо ылдый болгон сыноосуна сынбаныз. Мен ишенем сиздин келечегиниз али алдыда, баары жакшы болот.
12.05.2016. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-02-2013
Соӊку аракети:
28-07-2018 09:36
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айжамал Кайгыга алдырба Аллахка кана умут кыл бул сыноодон ийгиликтуу отушунду Алахтан тиле,балдарын бар эн чон бакыт сени менен,Ийгилик каалайм.
12.05.2016. 19:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
23-08-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
-4
Емнеси болсода Азамат айжамал бактылуу болгула,оз жолунарды тапкыла.....арманынарды болсо еч кимге айтпаганга уйронгуло,Арман денег адамдын ичинде калым ичинде олуш керек,еч болбосо апан менее сырдаш,дос бурун дом нртен душман.....бурун барда ертен жок......Бактылуу бол, кайгырба. Чыгармачылыкка баш отуң менен киришип алаксы. Ырларыңды сагындак.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-13 11:37:41
13.05.2016. 11:36 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 13:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
stervella415, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынган, баш тамгаларды эрежеге ылайык колдонуңуз. Эскертүү!
12.05.2016. 20:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
21-03-2012
Соӊку аракети:
20-05-2018 21:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироонун айыбын ачып аны эл билсин деп ашкерлоо туура эмес.Куноо кылса жооп берет бул дуйнодо болбосо да аркы дуйнодо. Баарибир Кудайдын алдына баары барат кылган иши учун жазага тартылат. Ал жакта Кудайдын жазасынын алдында бул дуйнодогу сот ерунда.Бироону жамандап эмне тем более балдарындын атасын.Турмушка чыккан озунсун. Балдарынды остуруп тарбиялап журо бер жамандабай. Кудайым сага ошончолук сооп берет
13.05.2016. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
29-08-2018 20:24
Жынысы:
Белгисиз
-2
jeyloo,сахнага чыгат, эо тааныйт да, чындыкты айтпаса, эл уккан созуно ишенип, анын абройу тушот болчу
14.05.2016. 16:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
28-03-2016
Соӊку аракети:
05-08-2018 22:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jeyloo,турмуш курганда ушундай
Кыларын билип чыкты дейсинби
Эркек башы менен сорой
куесу жамандадыго.Айжамал
ашыкча соз чыгарбай сыйы менен койгон болчу
Эми туура кылды

Айжамал жакшыле
19.05.2016. 02:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
dina1223, Гулшайыры чыкты, Айжамал озу чыкты, аз келгенсип Аманы чыкты, анан Азаматта оз созун айттыда. Бул интервьюсун Айжамал Жалган эле айтып салыптыр.
12.05.2016. 20:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
10-01-2016
Соӊку аракети:
05-02-2018 21:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айжамал сени колдойбуз коп коп чыгармачылык ийгилик тилеймин кудайдан. Азаматка бомба кудай озу жазаласын.
12.05.2016. 21:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-04-2014
Соӊку аракети:
02-07-2018 13:22
Жынысы:
Белгисиз
-5
Aijamal seni menen kantip bailanyshsak bolot?Saga jardam kylaiyn degenbiz
12.05.2016. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
04-08-2011
Соӊку аракети:
24-11-2017 00:58
Жынысы:
Белгисиз
-1
Вот и стало ясно -кто есть кто.Азамат,добился лишь своего позора!Не рой другому яму-сам в нее попадешь...
12.05.2016. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
04-08-2011
Соӊку аракети:
24-11-2017 00:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал,у тебя вся жизнь впереди!!!! Все что не делается,все к лучшему!!!!!! Ты достойна Лучшего!!!! Народ любит тебя!!!!
12.05.2016. 23:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
05-06-2011
Соӊку аракети:
30-06-2018 09:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
+3
Уул десе уулу, кыз десе кызы бар экен аялы чырактай. Адамдарга тушунбойсун....
12.05.2016. 23:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
09-01-2017 21:38
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тообо кылгыла эч кимге сын такпагыла. Кудай алдында баары бирдей, баарын кудай жараткан. Мыйзам чегинде жазалансын калганын кудай билет эмне кылышты. Улутуна динине карап мамиле кылган туура эмес. Ар кимдин тагдыры ар кандай. Колундан чымындай келбегенден кийин отуруп алып сын тагыштын кереги жок
19.05.2016. 01:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Интернетте «Азамат Айжамал менен ажырашкандан кийин эле 19 жаштагы кызга үйлөнүп алган» деп жазгандар болуп жатат. Андай сөздөрдүн жазылганын башкы күнөөлүүнүн күнөөсүн башкаларга жүктөө аракети катары көрөм. Баары далилсиз гана сөздөр - деп Азамат интервью берген эле. Айжамал озу бул ушакты таркатыптырда.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: