Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Айжамал Кабылова: «АЗАМАТ БИЗ АЖЫРАША ЭЛЕКТЕ 19 ЖАШТАГЫ КЫЗ МЕНЕН ЖАШАП АЛГАН»

№705 6-май-12-май, 2016-ж


«Турмушум бузулуп, эл алдында жаманатты болуп жатам. Элге чындыкты айтышым керек болду»,- деген өтүнүч менен Айжамал Кабылова бизге кайрылды.

«КАЙНЕЖЕМ «КОЛХОЗКАСЫҢ», СЕНИ БААРЫ БИР ЖОК КЫЛАМ» ДЕЧҮ»
«Башымдан өтүп жаткан окуяны эч бир жанга каалабайт элем. 34 жашымда өңүм эмес, түшүмдө көрбөгөн шумдуктуу окуяга кабылып, кабыргам кайышып отурат. Ак нике, ак сүйүү менен баш кошкон жолдошум, балдарымдын атасынын запкысына кабылдым...»
– 9 жыл бою бирге жашап, бир бүтүнгө айланып калган жолдошум ар кимдин сөзүнө кирип үй-бүлөсүн бузуп тынды. Москва шаарында күйөөгө тийип, бат эле ажырашып кеткен Нагима деген кайнежем биз менен чогуу жашап, турмушубузга кийлигишип үй-бүлөбүздү уратты. Жок жерден чыр чыгарып, балдарымды кагып-силкип, өзүмдү жерден алып көргө салар эле. Өзүн шаардык сезип, «сен «колхозкасың», сени баары бир жок кылам» дечү. Эмне деген сөздөрүн, кылык-жоруктарын кулагымдын сыртынан кетирип жашап жүрдүм. Анткени бул убактылуу эле көрүнүш, эң негизгиси Азамат менен жакшы жашасам болду деп ойлочумун. Тилекке каршы, жолдошум мени колдогондун ордуна кордоду. Аны менен жашап жүргөн кунарсыз күндөрүмдү ойлосом, тебеленген кадыр-баркымды эстесем, жүрөгүм ыйлап, көңүлүм сыздайт.
«Москвада жүрүп Айжамалдын аты өчүп баратат, чыгармачылыгын жандандырыш керек» деген «Кыз-Буракта» ырдап кеткен эжесинин бал тилине кирип, мени 2 балам менен 2013-жылы Бишкекке «чыгармачылыгыңды өнүктүр» деп 2 бөлмөлүү үй сатып берип таштап кеткен. Болбосо мен ырдашым керек деп чыгармачылыкты үй-бүлөдөн жогору койгон жан эмесмин. Эч жаман оюм жок күйөөм мени түшүнүп, жакшы мамиле кылып жатат деп кубанып, чыгармачылыктын үстүнөн иштей баштадым. Ал менден кутулуш үчүн бул сценарийди ойлоп тапкандыгын кийин байкап жүрбөймүнбү.

«АК НИКЕМДИ БУЛГАГАН БОЛСОМ, БАЛДАРЫМДЫН КҮНҮН КӨРБӨЙ КАЛАЙЫН»
«Азамат 2 жылдан бери 19 жаштагы көлдүк Мээрим аттуу кыз менен нике кыйдырып жашап жүрүптүр. Андан башка да бизнесмен аял менен ойноп жүргөнүн Азаматтын өз оозунан, досторунан, тааныштардан уктум. Бул нерсеге ишенгим келбей, сай-сөөгүм сыздап азапта жашадым».
– Чыгармачылыгымдын токтоп калышына көз жумуп, балдарым менен Москва шаарына, жолдошумдун жанына барганыма карабай кайнежем менен Азаматтын моралдык жактан басынтып, мага каршы жасалган кемсинтүүлөрүнүн чордонунда калдым. Азамат экөө Фейсбукта Анара, Инстаграмда Сонунова деген аттар менен жаңы баракчаларды ачып, мени каралай башташты. Айжамал Кабылова, Аман деген почта баракчаларын ачып 2 адамды сүйлөштүрүп, сүйүштүрүп жиберишти. Элдин баарын келесоо ойлоп, өзүн эр ойлогон булар азыркы адамдар алардан да акылдуу экендигин билгиси да келген жок. Мына ушундай кечиримсиз, ыплас иштерди уюштуруп, Аман деген тамадага байланыштырып бактылуу жашообузга балта чапты. Эл адамы болгондон кийин күйөрмандардан толгон-токой СМС келет экен. СМС башка, жашоо башка да. Кудай турат, ак никемди булгаган болсом, балдарымдын күнүн көрбөй калайын деп эли-журтумдун алдында айтам.

«ДҮКӨНДӨ САТУУЧУ БОЛУП ИШТЕП БАЛДАРЫМДЫ БАГЫП ЖҮРДҮМ»
«2 баламды атасыз калтырбайын деп баарына кайыл болуп жашадым. Азаматтын кол көтөрүп, сезимимди, көңүлүмдү кордогон күндөрү болду. Үй-бүлөмдү сактап калуу максатында намазга да жыгылдым».
– Жолдошум баш айланткан махабатынан бошобой мага эмес, балдарына да көңүл бурбай, аларды урушуп чүнчүтүп да жиберди. Натыйжада болор-болбос тыйынына көпкөн ал бай аялдар менен мамиле куруп, балдарын унутуп, кызыбыз Жыпараны да мектепке киргизбей талаада калтырды. Акчасын аяп жатып балам балдар бакчасына барбай калды. «Өзүңдүн тамагыңды өзүң таап же» деп 1 тыйын бербей же үйгө тамак-аш алып келбей калганынан базарга чыгып, дүкөндө сатуучу болуп иштеп балдарымды багып жүрдүм. 1 күн келсе, 3-4 күн келбей, кайда жүргөнүн айтчу эмес. Келсе да жөн келбей, жаңжал чыгарып «итти да кет десе кетет, сен эмне кетпей жүрөсүң?!» деп жүрөгүмдү жаралап, көз жашымды далай агызды. Айрыкча атам каза болуп кабар келгенде «барышыбыз керек» десем, «Өлгөн атаң өлүптүр, азыр барсаң эле тирилтип алмак белең? Акча тапканда барабыз» деп душмандарым жасабас кайдигерлик мамилеси менен бүт үмүтүмдү өчүрдү. 1 жума издеп, карызга жол кире таап, атамдын кыркына араң бардым. Жолдошум барбай койду.
Акыры канча аракет кылсам да жашоомдун оңолушуна көзүм жетпегенде «жообумду бер, Кыргызстанга кетем, биздин жашоо болбой калды окшойт» деген талапты койдум. Ошентип биз ажыраштык. Депрессияга түштүм, каякка барарымды билбей карайлап 2 бала менен апамдын жанына келдим.

«СЕБИМДИ БЕРБЕЙ, ФОРМАЛАРЫМДЫ ӨРТТӨП САЛЫШТЫ»
«Ажырашканда «Бири-бирибизди жамандап элге жарыя кылбайбыз. Өзүбүз эмес, балдардын келечеги үчүн жакшы мамиледе калалы» деп убадалашкан элек. Ошондуктан Азамат менен ажырашканыма 9 ай болсо да эч ким менен сүйлөшпөй, эч кимге дартымды айтпай кан жутуп жүрдүм».
– Антыбызды, шертибизди бузуп, эркек башы менен биздин ажырашканыбыз тууралуу маалыматты гезитке биринчи болуп Азамат таркатты. Андан кийин менин анын деңгээлине түшпөй, алардын үй-бүлөсүн каралабай, жамандабай, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбей этияттап берген маегиме эл күбө. Балдарымдын атасы деп анын кылык-жоруктарын жаап-жашырганымды, аяганымды коркту деп түшүнүп, Азамат оозуна келгенди оттоп, кимдир бирөөлөр үйрөткөн сөздөрдү болушунча айтыптыр. Мени каралаган, жамандаган маегинен кийин дагы деле сабыр кылып, анын деңгээлине түшпөйүн десем да ал тараптан айтылган жалгандар, бет тырмоочулуктар намысыма тынчтык бербей койду. Азаматтын берген маеги 90 пайыз калп, куру жалаадан куралгандыгын баса белгилеп айткым келди. Кимдин ким экендигин эл да билип бүттү окшойт.
9 айдан бери балдарынан кабар алмак тургай булар кандай жашап жатат, кийимдери, тамак-ашы барбы деп ойлоп койбой көчөлөп ойноп жүргөнүн жашыргысы келип кайра-кайра актанып жатканына бир чети күлкүм келсе, бир чети ызаланып жатам. Ал эми кайнатам менен кайненем үй-бүлөбүздө болуп жаткан ызы-чууга, уруш-жаңжалга кайдигер гана мамиле жасап коюшту. Атам менен апам өз каражаттарына сатып берген эмеректеримди, буюм-тайымдарымды, кийимдеримди, балдарымдын кийим-кечелерин бербей коюшту. Жадакалса концерттик формаларымды, дисктеримди өрттөп салышты. Мейли, ошол нерселер менен бүтөлбөгөн жерин бүтөп, жыртыгын жамап алышсын!

«ЖАКЫНДА СОТКО КАЙРЫЛЫП, КАЛГАН МАСЕЛЕНИ СОТ АРКЫЛУУ ЧЕЧИШЕМ»
«Дүйнө мен үчүн жарыгын жапкандай болуп үйдөн чыкпай, көз жашымды төгүп жашадым. Бирок мен жашаган дүйнөдө жакшы адамдар көп экен. Алар кол сунуп көңүлүмдү көтөрүп, моралдык, материалдык жардамдарын аябай, менин кайра элге аралашып ырдап чыгышыма көмөгүн көрсөтүштү
».
– Турмуштун катуу соккусу, куру жалаалар, жүрөгүмдү ооруткан азап-тозоктор артта калды. «Мен сени бомжго айландырам, алдыма чөгөлөтүп, бутумдан өптүрөм» деген Азаматтын сөздөрү кулагыма жаңырган сайын кайрадан тирилип, кайрадан күчтөнүп, жашоого болгон аракетим күчөдү.
Бир гана сөздү Азаматка айтып коёюн дедим. Менин жана балдарымдын жашоосуна аралашпай, өзү тандап алган жолунда жыргап жашай берсин. Улам мага жармаша бербей өз жолунда тиричилигин кылсын. Жакында сотко кайрылып, калган маселени сот аркылуу чечишем. Балдарымдын келечеги үчүн, алардын жашоосундагы калтырган атасынын тагын кетирүү үчүн бар күчүмдү жумшайм.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(382)
10.05.2016. 23:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
02-02-2013
Соӊку аракети:
08-11-2017 09:58
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялына тенелем деп азамат балдарынын журогуно кара так калтырыптыр.Кайсыл жерден жудоо корсон зайыпты,ошол элдин уулуна кой айыпты деген жакшы кеп бар го.
10.05.2016. 23:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:54
Жынысы:
Белгисиз
-1
mi-li-na,даа ужас,тобо кылдым мин мертебе
19.05.2016. 02:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айжамал эркек кечирбес нерсени жасаса Айжамалда кунообу, же кечире албаган куйосундо кунообу?
11.05.2016. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
09-07-2017 00:51
Жынысы:
Белгисиз
-2
Соттошсон утулуп каласын артист себеби азаматта акча бар .
11.05.2016. 13:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
15-03-2015
Соӊку аракети:
26-06-2018 01:45
Жынысы:
Белгисиз
+1
arzuuu,Азаматта акча болсо Айжамалда колдогон Эл бар! Акчасы эмне кылып бермек эле?!
11.05.2016. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
26-08-2018 21:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шахризааданын жомогу
+11
Эл агылган суу деп бекер айтылбаганда, каяка бурса ошол жака агылып кете берет. Азаматтын интервьюсунан кийин, Азамат эркек элек эркек, Айжамал бети жок эле, бети жок дегендердин сөзү 180°градуска ооп калыптыр.
Айжамал жакшы, Азамат эркек эмес болуп, эртең Азамат интервью берсе Азамат кайра эркек болуп калабы?)))
11.05.2016. 00:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
26-08-2018 21:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шахризааданын жомогу
+1
Күнөө эки тарапта тең болсо болгондур бирок, күнөөнү мен Нагимасына коем. Инисинин бактысын уратып не тапты?
11.05.2016. 00:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
25-03-2013
Соӊку аракети:
29-08-2018 01:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайнежелердин кээ бирлери шумшук болот. Менин да семьямдын бузулушуна кайнеже сымал туртку болгон. Омур бою каргап отом, кызы баласы турат, аларга да бироо кайнежелик кылсын, мен токуон коз жаштын 10 эсесин эле коруп корсунчу....
Айжамал кыздын сырагы кырк, бакыт каалайм.
11.05.2016. 02:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
26-07-2015
Соӊку аракети:
03-09-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
-10
фотограф не профессионалбы же ушунча буту кыскабы?башы чон,денеси ичке,бутун кыска кылып салыптыр чупа-чупс кылып)))но симпотка!)
11.05.2016. 03:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:54
Жынысы:
Белгисиз
-2
dubai,зато татынашкада,коро албагандар туз жалагыла.
12.05.2016. 16:28 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+3
dubai, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, tekebaeva.Arzu, Shahrizaada, begai93, jika1984, dubai, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү! dubai, 3 күнгө БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-12 16:29:04
19.05.2016. 02:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
tekebaeva.Arzu, Мактабаса эле коро албас деп. Сен оз пикирин болсо, ар кимдин да оз пикири болот.
11.05.2016. 14:09 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-10-2016 13:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
dubai, Сопсонун эле сурот. Орто бойлуу болгондон кийин буту кулагынан оспосо керек. Тема боюнча жазгылачы форумчулар. Балдары татынакай алты-сандары аман, Айжамал эч чокпой, алдыга карап жашай бер. Силердин уй булону талкалап, ажыраштырган Нагима кайнежене Кудай озу тараза. Жанында сени колдоочу жакындарын,досторун коп болсун. Эл оозунда элек жок. Карап койсо кулду деп,кулуп койсо суйду деген адамдар толтура.
11.05.2016. 08:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
15-08-2012
Соӊку аракети:
23-09-2018 05:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Там где моя Звезда.
+2
Кеткен келинди эч Ким жакшы дебейт да
11.05.2016. 08:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
09-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 21:12
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кандай катачылык, уруш-талаш болсо болгондур бирок атасынын олумуно жибербей коюш акмакчылыктын жеткен чеги.
15.05.2016. 02:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:22
Жынысы:
Белгисиз
-4
sgushenka,Ооба мен дагы ошнетип ойлойм! Өлүм ар кимдин башында турат! Убагы келгенде баарыбыз өлөбүз. Болгондо дагы өстүрүп чоңойткон атасынын өлгөнүнө жибербей коёт деген эмне шумдук???!!!!
11.05.2016. 08:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
14-08-2015
Соӊку аракети:
13-06-2017 12:12
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кимисинде куноо болсо да мен Айжамалды колдойм. Эки баланы тороп,чонойтуш канчалык кыйын экенин торогон аялдар гана тушунот. Ошондой кыйын учурларда куйоосуно гана жолонгусу келет себеби ал перзент экоонуку. Куйоосундо ответственность жок экени билинип эле турат. Дуйнодо эн бактылуу сезимдердин бири ата болуу эмеспи ошол сезимди куйоосуно Айжамал кандай гана кыйынчылыктар мн тартуу кылды ошого да гезитке жамандап чыкпаса да болот эле, бул мн озунун денгеелин корсотту и все
19.05.2016. 02:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
cezim01, Биринчи болуп Айжамал озу чыкты. Бул Жалган интервьюсу экинчиси. Айжамалдын Актанганы Актанган.
11.05.2016. 09:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
08-06-2013
Соӊку аракети:
24-03-2018 22:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тобооо кылдыммм
11.05.2016. 09:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
24-10-2015
Соӊку аракети:
17-12-2017 16:45
Жынысы:
Белгисиз
-2
Mi-li-na созуно кошулам
11.05.2016. 10:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:23
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат баардык коммент.ди окуп алып болушунча тутоп аткандыр!
19.05.2016. 02:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aruwka.89, Азамат Эркек экен. Оз созун айтып оз баракчасында да баарын очуруп коюп олтурат.
11.05.2016. 10:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-05-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын айжамал алга
11.05.2016. 12:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:23
Жынысы:
Белгисиз
+7
Dina-7777-, Айжамалды мактаганга башка соз таппадынбызбы?)
11.05.2016. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
18-05-2017 16:55
Жынысы:
Белгисиз
-1
эми эмне дешти да билбей калдым кимде куно болсо да ал акыретте кайтат балдарга эле кыйын болдуго бир жактан Айжамалга аял болгон учун кыйын болду ну турмуш дейт баарын убакыт дарылайт дегендей оз тенин чыгып калар сени тушунгон, бул жашоодо баардык нерсе болот ага сынбай алдыга умтулуш керек
toni_1984 түзөттү 2016-05-11 10:48:11
19.05.2016. 02:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
toni_1984, Вниманиени башка эркектен издесе кыйын болотта.
11.05.2016. 11:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
586
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 22:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Куйоосун мактап жактап аткандар чыныгы жузун билдинерби болгонун болгондой айтыптыр,Айжамал эже эч качан чокпонуз ийгилик алдыга умтула бергиле.
11.05.2016. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
113
Катталган:
21-11-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 10:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суперстан
+10
Жубайлардын уй-булолук жашоосу оздорунун созу аркылуу бизге белгилуу болбосо, чындыкты бир Кудай билет. Бирок, балдарын ортого салып, "балдарымдын кунун корбой калайын..." деген созу учун да Айжамалдын созуно ишенгим келди. Айжамал алдына койгон жакшы максаттарын балдарын учун жакшы ийгиликтерди жаратсын. Сен деген энесин! Балдарын учун аябай кайраттуу болуун зарыл. Сага ийгилик!
11.05.2016. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
08-11-2015
Соӊку аракети:
08-09-2018 17:54
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аллах сизге сабыр берсин.
11.05.2016. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
11-07-2012
Соӊку аракети:
11-04-2018 14:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коомчулукка жарыялагандын кереги жок, Айжамал. Мындан кийинки бактынды тилеп, бекем бол! Балдарындын убайын кор.

P/S
Куйоосундо эркектик касиети жок экен. Аман эле болсун.
11.05.2016. 13:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
23-07-2007
Соӊку аракети:
29-08-2016 14:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Балдарын аяп коюшса болмок. Кандай болсо да аларга да соз тиет кийин ата-энеси ушинтип, бири-бирин жамандап чыр болгон деп.
19.05.2016. 03:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
sanrisa, Гулшайыры чыкпа интервьюсу менен, Айжамалы чыкпа, анысы аз келгенсип Аманы да чыгып. Мен жазган эмесмин. Оз баракчасында Айжамал озу жазган болчу деп олтурат.
11.05.2016. 14:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
24-04-2013
Соӊку аракети:
01-08-2017 16:21
Жынысы:
Белгисиз
-7
Админ айтып койчу Азамат деген ким Байматовбу?
11.05.2016. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:23
Жынысы:
Белгисиз
+10
Msto005571Айжамалдын мурунку жолдошу(футболист Байматовго тиешеси жок анын фамилясы Шакиров)
11.05.2016. 22:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
26-07-2015
Соӊку аракети:
03-09-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+7
Msto005571,)))))ой кой антпе,итак эле Аманга жабыштырып атышса футболчуну кошпой)))
11.05.2016. 14:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
247
Катталган:
02-04-2015
Соӊку аракети:
26-09-2018 14:24
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айжамал сен эч качан кейибе,кийиминди орттоптур,уй-жайынды тартып алыптыр,бирок эн чон байлыкты озун менен алып кетипсин.Озун менен кеткен байлык бул-Жараткандан тилеп алган перзенттерин!Дуйнодо бир сен гана ажырашкан жоксун,бир сенин гана балдарын атасыз оспойт,себеби мындай турмушка дуушар болгондор аз эмес.Менин да атам убагында бир ооз балам деп да кабар алган эмес,бирок ырыскыны Жаратканым берет эмеспи шугур эч наалыбайм жашоомо.Так что атасыз осот деп эч кейибе.Бул пешене.
11.05.2016. 15:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
15-07-2012
Соӊку аракети:
07-11-2017 00:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
venka8888
+3
Айжамалдын создорунун чындыгы эми бир гана кудайым билет !
19.05.2016. 03:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
venka8484, Жалган. Актанганы Айжамалдын. Кызым Москвада 1 класска барат деген. Эми барбады дейт. Интервьюсунан кийин кайын эжеси чыкса аны жаман атты кылып. Биринчи бетке Кенже эже чыкса Ага асылып.
11.05.2016. 15:35 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-2
Aisha88888, кимдир-бирөөнү далилсиз каралап, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 20 күнгө БАН!
11.05.2016. 15:50 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
renatik, далили жое кимдир-бирөөлөрдү каралоого тыюу салынган. 20 күнгө БАН!
11.05.2016. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
16-04-2016
Соӊку аракети:
05-11-2017 15:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+2
Айжамал эки перзентинди жакшы тарбиялап талантынды оркундото бер! Айдын он беши карангы болсо,он беши жарык болот деген накыл кеп бар элибизде. Эч качан чокпогун,алга гана умтулгун!!!
11.05.2016. 16:01 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
arzuuu, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 5 күнгө!
11.05.2016. 16:04 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
bibinura, жеке айтышууларга, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
12.05.2016. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
23-08-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Бал айландыгооо кимге ишенеерди биллей,емнеси болсода Азамат айжамал екоон тен бактылуу болгула оз жолунарды таап,ааа жашоонорду арманынарды еч кимге айтпаганга уйронгуло дейт елем,Арман адамдын ичинде калым ичинде олуш керек....такыр сактай албасан апан менее гана сырдаш.башкалар бурун дом ертен душман.....
11.05.2016. 16:14 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
yazem, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 50 күнгө БАН!
11.05.2016. 16:24 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
6ina, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
11.05.2016. 16:32 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
Bereke10, NUR-01, NURAN007, темадан алыстабагыла.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21232;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: