Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Айжамал Кабылова: «АЗАМАТ БИЗ АЖЫРАША ЭЛЕКТЕ 19 ЖАШТАГЫ КЫЗ МЕНЕН ЖАШАП АЛГАН»

№705 6-май-12-май, 2016-ж


«Турмушум бузулуп, эл алдында жаманатты болуп жатам. Элге чындыкты айтышым керек болду»,- деген өтүнүч менен Айжамал Кабылова бизге кайрылды.

«КАЙНЕЖЕМ «КОЛХОЗКАСЫҢ», СЕНИ БААРЫ БИР ЖОК КЫЛАМ» ДЕЧҮ»
«Башымдан өтүп жаткан окуяны эч бир жанга каалабайт элем. 34 жашымда өңүм эмес, түшүмдө көрбөгөн шумдуктуу окуяга кабылып, кабыргам кайышып отурат. Ак нике, ак сүйүү менен баш кошкон жолдошум, балдарымдын атасынын запкысына кабылдым...»
– 9 жыл бою бирге жашап, бир бүтүнгө айланып калган жолдошум ар кимдин сөзүнө кирип үй-бүлөсүн бузуп тынды. Москва шаарында күйөөгө тийип, бат эле ажырашып кеткен Нагима деген кайнежем биз менен чогуу жашап, турмушубузга кийлигишип үй-бүлөбүздү уратты. Жок жерден чыр чыгарып, балдарымды кагып-силкип, өзүмдү жерден алып көргө салар эле. Өзүн шаардык сезип, «сен «колхозкасың», сени баары бир жок кылам» дечү. Эмне деген сөздөрүн, кылык-жоруктарын кулагымдын сыртынан кетирип жашап жүрдүм. Анткени бул убактылуу эле көрүнүш, эң негизгиси Азамат менен жакшы жашасам болду деп ойлочумун. Тилекке каршы, жолдошум мени колдогондун ордуна кордоду. Аны менен жашап жүргөн кунарсыз күндөрүмдү ойлосом, тебеленген кадыр-баркымды эстесем, жүрөгүм ыйлап, көңүлүм сыздайт.
«Москвада жүрүп Айжамалдын аты өчүп баратат, чыгармачылыгын жандандырыш керек» деген «Кыз-Буракта» ырдап кеткен эжесинин бал тилине кирип, мени 2 балам менен 2013-жылы Бишкекке «чыгармачылыгыңды өнүктүр» деп 2 бөлмөлүү үй сатып берип таштап кеткен. Болбосо мен ырдашым керек деп чыгармачылыкты үй-бүлөдөн жогору койгон жан эмесмин. Эч жаман оюм жок күйөөм мени түшүнүп, жакшы мамиле кылып жатат деп кубанып, чыгармачылыктын үстүнөн иштей баштадым. Ал менден кутулуш үчүн бул сценарийди ойлоп тапкандыгын кийин байкап жүрбөймүнбү.

«АК НИКЕМДИ БУЛГАГАН БОЛСОМ, БАЛДАРЫМДЫН КҮНҮН КӨРБӨЙ КАЛАЙЫН»
«Азамат 2 жылдан бери 19 жаштагы көлдүк Мээрим аттуу кыз менен нике кыйдырып жашап жүрүптүр. Андан башка да бизнесмен аял менен ойноп жүргөнүн Азаматтын өз оозунан, досторунан, тааныштардан уктум. Бул нерсеге ишенгим келбей, сай-сөөгүм сыздап азапта жашадым».
– Чыгармачылыгымдын токтоп калышына көз жумуп, балдарым менен Москва шаарына, жолдошумдун жанына барганыма карабай кайнежем менен Азаматтын моралдык жактан басынтып, мага каршы жасалган кемсинтүүлөрүнүн чордонунда калдым. Азамат экөө Фейсбукта Анара, Инстаграмда Сонунова деген аттар менен жаңы баракчаларды ачып, мени каралай башташты. Айжамал Кабылова, Аман деген почта баракчаларын ачып 2 адамды сүйлөштүрүп, сүйүштүрүп жиберишти. Элдин баарын келесоо ойлоп, өзүн эр ойлогон булар азыркы адамдар алардан да акылдуу экендигин билгиси да келген жок. Мына ушундай кечиримсиз, ыплас иштерди уюштуруп, Аман деген тамадага байланыштырып бактылуу жашообузга балта чапты. Эл адамы болгондон кийин күйөрмандардан толгон-токой СМС келет экен. СМС башка, жашоо башка да. Кудай турат, ак никемди булгаган болсом, балдарымдын күнүн көрбөй калайын деп эли-журтумдун алдында айтам.

«ДҮКӨНДӨ САТУУЧУ БОЛУП ИШТЕП БАЛДАРЫМДЫ БАГЫП ЖҮРДҮМ»
«2 баламды атасыз калтырбайын деп баарына кайыл болуп жашадым. Азаматтын кол көтөрүп, сезимимди, көңүлүмдү кордогон күндөрү болду. Үй-бүлөмдү сактап калуу максатында намазга да жыгылдым».
– Жолдошум баш айланткан махабатынан бошобой мага эмес, балдарына да көңүл бурбай, аларды урушуп чүнчүтүп да жиберди. Натыйжада болор-болбос тыйынына көпкөн ал бай аялдар менен мамиле куруп, балдарын унутуп, кызыбыз Жыпараны да мектепке киргизбей талаада калтырды. Акчасын аяп жатып балам балдар бакчасына барбай калды. «Өзүңдүн тамагыңды өзүң таап же» деп 1 тыйын бербей же үйгө тамак-аш алып келбей калганынан базарга чыгып, дүкөндө сатуучу болуп иштеп балдарымды багып жүрдүм. 1 күн келсе, 3-4 күн келбей, кайда жүргөнүн айтчу эмес. Келсе да жөн келбей, жаңжал чыгарып «итти да кет десе кетет, сен эмне кетпей жүрөсүң?!» деп жүрөгүмдү жаралап, көз жашымды далай агызды. Айрыкча атам каза болуп кабар келгенде «барышыбыз керек» десем, «Өлгөн атаң өлүптүр, азыр барсаң эле тирилтип алмак белең? Акча тапканда барабыз» деп душмандарым жасабас кайдигерлик мамилеси менен бүт үмүтүмдү өчүрдү. 1 жума издеп, карызга жол кире таап, атамдын кыркына араң бардым. Жолдошум барбай койду.
Акыры канча аракет кылсам да жашоомдун оңолушуна көзүм жетпегенде «жообумду бер, Кыргызстанга кетем, биздин жашоо болбой калды окшойт» деген талапты койдум. Ошентип биз ажыраштык. Депрессияга түштүм, каякка барарымды билбей карайлап 2 бала менен апамдын жанына келдим.

«СЕБИМДИ БЕРБЕЙ, ФОРМАЛАРЫМДЫ ӨРТТӨП САЛЫШТЫ»
«Ажырашканда «Бири-бирибизди жамандап элге жарыя кылбайбыз. Өзүбүз эмес, балдардын келечеги үчүн жакшы мамиледе калалы» деп убадалашкан элек. Ошондуктан Азамат менен ажырашканыма 9 ай болсо да эч ким менен сүйлөшпөй, эч кимге дартымды айтпай кан жутуп жүрдүм».
– Антыбызды, шертибизди бузуп, эркек башы менен биздин ажырашканыбыз тууралуу маалыматты гезитке биринчи болуп Азамат таркатты. Андан кийин менин анын деңгээлине түшпөй, алардын үй-бүлөсүн каралабай, жамандабай, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбей этияттап берген маегиме эл күбө. Балдарымдын атасы деп анын кылык-жоруктарын жаап-жашырганымды, аяганымды коркту деп түшүнүп, Азамат оозуна келгенди оттоп, кимдир бирөөлөр үйрөткөн сөздөрдү болушунча айтыптыр. Мени каралаган, жамандаган маегинен кийин дагы деле сабыр кылып, анын деңгээлине түшпөйүн десем да ал тараптан айтылган жалгандар, бет тырмоочулуктар намысыма тынчтык бербей койду. Азаматтын берген маеги 90 пайыз калп, куру жалаадан куралгандыгын баса белгилеп айткым келди. Кимдин ким экендигин эл да билип бүттү окшойт.
9 айдан бери балдарынан кабар алмак тургай булар кандай жашап жатат, кийимдери, тамак-ашы барбы деп ойлоп койбой көчөлөп ойноп жүргөнүн жашыргысы келип кайра-кайра актанып жатканына бир чети күлкүм келсе, бир чети ызаланып жатам. Ал эми кайнатам менен кайненем үй-бүлөбүздө болуп жаткан ызы-чууга, уруш-жаңжалга кайдигер гана мамиле жасап коюшту. Атам менен апам өз каражаттарына сатып берген эмеректеримди, буюм-тайымдарымды, кийимдеримди, балдарымдын кийим-кечелерин бербей коюшту. Жадакалса концерттик формаларымды, дисктеримди өрттөп салышты. Мейли, ошол нерселер менен бүтөлбөгөн жерин бүтөп, жыртыгын жамап алышсын!

«ЖАКЫНДА СОТКО КАЙРЫЛЫП, КАЛГАН МАСЕЛЕНИ СОТ АРКЫЛУУ ЧЕЧИШЕМ»
«Дүйнө мен үчүн жарыгын жапкандай болуп үйдөн чыкпай, көз жашымды төгүп жашадым. Бирок мен жашаган дүйнөдө жакшы адамдар көп экен. Алар кол сунуп көңүлүмдү көтөрүп, моралдык, материалдык жардамдарын аябай, менин кайра элге аралашып ырдап чыгышыма көмөгүн көрсөтүштү
».
– Турмуштун катуу соккусу, куру жалаалар, жүрөгүмдү ооруткан азап-тозоктор артта калды. «Мен сени бомжго айландырам, алдыма чөгөлөтүп, бутумдан өптүрөм» деген Азаматтын сөздөрү кулагыма жаңырган сайын кайрадан тирилип, кайрадан күчтөнүп, жашоого болгон аракетим күчөдү.
Бир гана сөздү Азаматка айтып коёюн дедим. Менин жана балдарымдын жашоосуна аралашпай, өзү тандап алган жолунда жыргап жашай берсин. Улам мага жармаша бербей өз жолунда тиричилигин кылсын. Жакында сотко кайрылып, калган маселени сот аркылуу чечишем. Балдарымдын келечеги үчүн, алардын жашоосундагы калтырган атасынын тагын кетирүү үчүн бар күчүмдү жумшайм.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(382)
10.05.2016. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
10-06-2011
Соӊку аракети:
21-08-2017 16:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ёкохама, Ото
-1
болду токтоткула озунор эле шерменде болуп жатасынар.....
10.05.2016. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
02-04-2018 11:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжамал сага кудайым сабырдуулук берсин, мындай тагдыр бир гана сенин башына келген жок ар бир адамдын башында ар турдуу сыноолор болот,убакыт сени даарылайт, балдарындын убайын кор!
10.05.2016. 10:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
30-08-2015
Соӊку аракети:
06-08-2017 12:06
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айжамал акылдуу аял айтышпайт соз талашпай. Жон кой Азаматка окшоп жургон эркектер толтура Москвада. Оз баласын, оз уясын ХХХ алмаштырган. Кудайга салып кой, копко куттурбой. Азыр тезэле корсотот. Ошондой эле убакыт сиздин дарыныз, туура уй булонун бузулганы жаман бирок бир жыл сабыр кыл. Азаматтын кебетесин коросун же угасын. Унчукпай кой. Ачууга алдырба. А кайнежеге келсек анында кызы бардыр алда оз жообун алат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-11 16:26:06
10.05.2016. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
30-08-2015
Соӊку аракети:
06-08-2017 12:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен баштааа берген маегине тан калгам сагынганда келип турат деп...эркек адам качан гана аялсыз журалат. Эрмеги болсо, башка бироого илешкенде. А так, туз жургон эркек аялын 2кунго да жибербейт алыска.
10.05.2016. 11:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
25-07-2013
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Айтпайм
+1
Чогу жашагандай болупсунарго,уруш эки жактан тен чыгат пендебиз адашуучу,бири катын алат ,бири эрге тийет балдары эсине кирип калыптыр балага эле кыйын ата энеси жанында эмес ,огой ата огой эне эч ким атасы апасындай жакшы корбойт.
10.05.2016. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
26-09-2018 15:57
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эркек деген костюмун моюнга илип эле чыгып кетчуле. Себин бербесе бербесин балдарынын кийимин берип койсо болмок экен канынан жаралган балдарыго акыры.
15.05.2016. 02:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-4
Shaa-82,Баары кошулса кк кебинизге,жана Мен:)
10.05.2016. 11:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
02-03-2018 16:31
Жынысы:
Белгисиз
-10
Актанып эмне кыласын тушунбодум сага. Кайра жаап жашырып унчукпай эле койбойсунбу синдим. Жылдар отот, каар жады из басты болуп. Анан билинет ким ким экенин, ким ак ким кара экенин. Андай нерсе коп алдардын башынан откон, чондордун созун уксан болмок. Ушинтсем женем деп жатасынбы же,акылдуу кыз болсон мынтип чыкмак эмессин, эмнеси болсо да 2 балан бар экен го.
10.05.2016. 20:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-01-2016
Соӊку аракети:
12-08-2016 18:53
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira...,Кимдин ким экенин жалгыз Аллах билет. Жаап жашырып журду го озунуз ойлосонуз ойношу бар кылып элге жарыялап салса чыдаган жок да.Таштап кеткени аз келгенсип эркектин иши эмес го, балдары бетине тукурсо арзыйт.Айжамал сизге куч кубат,баары жакшы болот,бул дуйнодо туруктуу эч нерсе жок. Жаны туулгандай баарын унутуп алга умтулуп жашайбериниз.Ийгилик!!!
19.05.2016. 03:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Enjoy.kg, Эми болсо Айжамал ошону учун куйомдун жаш аялы бар деп жалган айтып чыктыбы.
10.05.2016. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
17-09-2013
Соӊку аракети:
10-06-2018 09:59
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат ушунчалык эркек болсо балдарын ойлосо Бишкектеги уйун неге сатат эле ажырашса да уй сеники балдар менен жаша деп койуш керек болчуда. Анан акча керек болуп сатканбыз дебей кана анын эл билген бизнеси, байлыгы . Куйоосунун ойунла Айжамалды жамандап озу суттон таза болуп чыга калдыда.
19.05.2016. 03:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
ms.jiba, Айжамал измена кылса кайдагы уй.
29.05.2016. 01:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
ritulek, Айжамал го мейли чырактай балдардын ойлобойбу квартиралап кыйналбасын деп
жашоодо акчадан ойдо турган коп нерселер бар просто козду май басып андабай калабыз кийин Азамат акчасына балдарынын мээримин сатып алалаар бекен
10.05.2016. 11:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
22-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:14
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми чындап бут тосуулар башталат бул создорду уккан эркек жон турмак беле
10.05.2016. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
13-02-2015
Соӊку аракети:
20-07-2018 22:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айжамал, сенин талантыны баалап келебиз, сени кучтуу жана акылдуу адам катары сыйлайбыз. Башты бийик которуп, жадырап жайнап журо бер, сенден жаны хиттерди кутобуз! Иттер уро берет, кербен журо берет.
10.05.2016. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-06-2013
Соӊку аракети:
02-08-2018 03:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Артистердин жошоосу ушундай. Бактылуу болуп жашагандар саналуу эле.
10.05.2016. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
04-04-2016
Соӊку аракети:
18-06-2018 06:13
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тообо жаман эле бирин бири караладыго булар
10.05.2016. 13:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-08-2015
Соӊку аракети:
22-08-2017 09:45
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Кейибе бака, саз биздики!"-дечу беле...
10.05.2016. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:23
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынында азыр эн кыйыны Айжамалга,анан админ емне сени комменттерими очуро бересинер? Ашыкча деле соз жазбаймго!?
10.05.2016. 14:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
22-02-2012
Соӊку аракети:
08-07-2016 03:09
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ne sudite da ne sudimy budete!
10.05.2016. 14:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
20-10-2017 17:08
Жынысы:
Белгисиз
0
мда ошондо тангалгам мен суйлошкондон кийин очуро албай олдубу деп.КУдай тараза, бирок Айжамал алдабайт окшойт.
10.05.2016. 14:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-04-2016
Соӊку аракети:
12-05-2016 09:59
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айжамал эже эч кайгырбасын! Турмуш озу таразалайт. Жашоо бумеранг да. Биринчинин азабын,экинчи берсин сазасын болот.
10.05.2016. 15:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
27-10-2012
Соӊку аракети:
21-06-2018 17:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Марс
+14
Нормальный эркек эч качан гезитке личный жашоо жонундо эзеленип олтурбайт,откондо интервюсунан кийин тунулгом.
11.05.2016. 16:30 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+2
tima_88, Bereke10, кимдир-бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
10.05.2016. 16:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
10-04-2013
Соӊку аракети:
26-09-2018 12:05
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кийинки маек Азаматтан болсун эми кезектешип айтыша бергиле эми!
10.05.2016. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
21-03-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+1
эми юбка кийген бироо пайда болуп маек берсе бутту
10.05.2016. 17:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
11-12-2016 19:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Bereke10, балдары ажырашып семья урап жатса кайсы ата кормоксонго салып отура берет?Кайра акыл айтып болушунча сабыр кылууга чакыруу керек.ошон учун ата эне.Нагима эми тушунуктуу, озунун личный жашоосу жок экен.Айжамал баары оз ордуна келет сен женесин.Убакыт керек.Балдарын чонойсо оздору алдына чоголоп келишет
11.05.2016. 14:22 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-10-2016 13:39
Жынысы:
Белгисиз
-5
Aidowi, ата-эне кой десе эле койуп калабы? Оздору билип калган азыркы жаш уй-булолор. Ата-энеси деле унчукпай отура беришпегендир. Озубуз чечишип алабыз дешсе болбой эле кирише беришпейт да. Ата-энелеринен да Нагима деген эссиз кайын эжеси "дама-козырь" болуп инисинин булоосуно аралашып журсо ата-эне эмне кылмак эле. Насаатын айтып кала беришет да.
10.05.2016. 17:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
26-02-2016
Соӊку аракети:
10-06-2016 11:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баары бир мага барбайсың.
+8
Аныгын оздору анан кудай билет.Кошо жашабагандан кийин айтыш кыйын.Негизи ушундай маек саек берип оздорун жарыя кылбай эле койсо болот.
10.05.2016. 17:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
16-03-2015
Соӊку аракети:
11-04-2018 09:06
Жынысы:
Белгисиз
+6
Саламатсыздарбы? Эконуздорго тен эч нерсе дей албаймын. От чакмак менен дандын ортосунан келип чыгат. Эн негизгиси Балдарынарды келечектеги мурасынарды жакшы карап жакшы тарбия бергиле.
10.05.2016. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
08-11-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:01
Жынысы:
Белгисиз
+5
Создорунуздон адашыптыпсыз го, куйоом менен кунарсыз кундорду откордум, кордогон деп, кайра бактылуу жашоом бузулду деп... Тушунуксуз...
10.05.2016. 19:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
10-11-2013
Соӊку аракети:
02-07-2018 20:10
Жынысы:
Белгисиз
-1
Moon89, Жашоо бирде ойдо болсо бирде ылдый болот. Бирде урушсан, бирде жарашып бактылуу жашайсын. Тушунуктуу элего.
19.05.2016. 03:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Moon89, Жалганда ошондуктан создору туура келбейт бири бирине
10.05.2016. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
21-04-2015
Соӊку аракети:
22-01-2017 20:31
Жынысы:
Белгисиз
-2
Санта барбаранын канчанчы сериясы бутту?
11.05.2016. 15:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
18-03-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-6
bakaiBBBB,хехехе
10.05.2016. 19:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:23
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ мен гезиттин бир санынан окудум еле бир колдук кыздын колье жасаганын ошону такыр таппай Атам айтып коюнуздарчы? Сураныч ото керек еле?
10.05.2016. 19:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
18-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:23
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айжамалды чынында билбейм кандай Адам екенин, бирок мин жаман болсо да ал биринчи маегинде кайын журтуна жолдошуна жаман соз тийгизген жок, андан Кийин еле Азамат чыктыго актанып.ошол боюнча точка койсо болмок еркектей болуп!
19.05.2016. 03:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aruwka.89, дагы жакшылап окуп корун.
10.05.2016. 22:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
25-01-2013
Соӊку аракети:
26-09-2018 16:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ардактуу айылым
-2
Айша88888 деген ник Азамат же Нагима деп эле койдум мен.Эч бир эне балдарын ортого коюп жөн салды эле каргана бербейт Айжамалды ак жеринен каралап жатса байкуш кыз чыдабадыда.Азаматтын берген интервьюсунда эле билген болчум ХХХ ХХХ барбайт болчу.Себеби Айжамал алар тарапка таш ыргытпай эле маек бергенин баамдаган элем.Тигиниси тейтеңдеп,типо актанган киши болуп...Айжамал андай эркек мн жашагандан көрө өзүңдү кор кылып,лучше жок болгону эң жакшы.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-11 16:36:59
11.05.2016. 16:36 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
zzari-83, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
16.08.2016. 04:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
0
zzari-83, Эч бир эне вниманияны 2 баласы болуп туруп, башка уй-булоолу, бала-чакалуу эркектен издебейт деп ойлойм.
10.05.2016. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
18-05-2007
Соӊку аракети:
25-09-2018 06:18
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын айтайын, окуган кишинин нерви чыналып чыгат экен. Биз бардык нерсесин билбейбиз, эмнеси болсо да ун дайыма эки алакандан чыгат. Соттощуп-оттошпой, гезит беттерин улам дом2га айлантып чырды ырбатпай, жеке керт башынарды ойлобой балдар учун тынч гана озунор, экоон эле чечип алгыла келишпестигинерди дейт элем, кайын журт, Кыз Бурак, жб болок кишилерди кошпостон туруп. Жеке жашоону жарыялап эмне пайда таптынар? Эл окуп кое берет, а бирок эртен балдар чонойсо алар кандай абалда калышат?
10.05.2016. 23:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
18-05-2007
Соӊку аракети:
25-09-2018 06:18
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир тарап озуно кобуроок алдангандай, кобуроок жапа чеккендей сезиле берет ачуу устундо. Бирок, факт боюнча карасак, ажырашкандары анык болгон сон жон гана чукулашпай тынч ажырап кетуу керек биротоло. Ажырашкан тугойлор, а бирок балдар бывший болбойт, атасы кандай жардам корсото алат, балдарды качан коро алат, каникулдарында алып кете алабы,бул жагын караштыргыла. Ажырашуудан кийин деле жашоо бар, ошону бир-бирине очошкондон коро балдар учун тынч жол менен чечип алган он.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21232;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: