Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Айжамал Кабылова: «АЗАМАТ БИЗ АЖЫРАША ЭЛЕКТЕ 19 ЖАШТАГЫ КЫЗ МЕНЕН ЖАШАП АЛГАН»

№705 6-май-12-май, 2016-ж


«Турмушум бузулуп, эл алдында жаманатты болуп жатам. Элге чындыкты айтышым керек болду»,- деген өтүнүч менен Айжамал Кабылова бизге кайрылды.

«КАЙНЕЖЕМ «КОЛХОЗКАСЫҢ», СЕНИ БААРЫ БИР ЖОК КЫЛАМ» ДЕЧҮ»
«Башымдан өтүп жаткан окуяны эч бир жанга каалабайт элем. 34 жашымда өңүм эмес, түшүмдө көрбөгөн шумдуктуу окуяга кабылып, кабыргам кайышып отурат. Ак нике, ак сүйүү менен баш кошкон жолдошум, балдарымдын атасынын запкысына кабылдым...»
– 9 жыл бою бирге жашап, бир бүтүнгө айланып калган жолдошум ар кимдин сөзүнө кирип үй-бүлөсүн бузуп тынды. Москва шаарында күйөөгө тийип, бат эле ажырашып кеткен Нагима деген кайнежем биз менен чогуу жашап, турмушубузга кийлигишип үй-бүлөбүздү уратты. Жок жерден чыр чыгарып, балдарымды кагып-силкип, өзүмдү жерден алып көргө салар эле. Өзүн шаардык сезип, «сен «колхозкасың», сени баары бир жок кылам» дечү. Эмне деген сөздөрүн, кылык-жоруктарын кулагымдын сыртынан кетирип жашап жүрдүм. Анткени бул убактылуу эле көрүнүш, эң негизгиси Азамат менен жакшы жашасам болду деп ойлочумун. Тилекке каршы, жолдошум мени колдогондун ордуна кордоду. Аны менен жашап жүргөн кунарсыз күндөрүмдү ойлосом, тебеленген кадыр-баркымды эстесем, жүрөгүм ыйлап, көңүлүм сыздайт.
«Москвада жүрүп Айжамалдын аты өчүп баратат, чыгармачылыгын жандандырыш керек» деген «Кыз-Буракта» ырдап кеткен эжесинин бал тилине кирип, мени 2 балам менен 2013-жылы Бишкекке «чыгармачылыгыңды өнүктүр» деп 2 бөлмөлүү үй сатып берип таштап кеткен. Болбосо мен ырдашым керек деп чыгармачылыкты үй-бүлөдөн жогору койгон жан эмесмин. Эч жаман оюм жок күйөөм мени түшүнүп, жакшы мамиле кылып жатат деп кубанып, чыгармачылыктын үстүнөн иштей баштадым. Ал менден кутулуш үчүн бул сценарийди ойлоп тапкандыгын кийин байкап жүрбөймүнбү.

«АК НИКЕМДИ БУЛГАГАН БОЛСОМ, БАЛДАРЫМДЫН КҮНҮН КӨРБӨЙ КАЛАЙЫН»
«Азамат 2 жылдан бери 19 жаштагы көлдүк Мээрим аттуу кыз менен нике кыйдырып жашап жүрүптүр. Андан башка да бизнесмен аял менен ойноп жүргөнүн Азаматтын өз оозунан, досторунан, тааныштардан уктум. Бул нерсеге ишенгим келбей, сай-сөөгүм сыздап азапта жашадым».
– Чыгармачылыгымдын токтоп калышына көз жумуп, балдарым менен Москва шаарына, жолдошумдун жанына барганыма карабай кайнежем менен Азаматтын моралдык жактан басынтып, мага каршы жасалган кемсинтүүлөрүнүн чордонунда калдым. Азамат экөө Фейсбукта Анара, Инстаграмда Сонунова деген аттар менен жаңы баракчаларды ачып, мени каралай башташты. Айжамал Кабылова, Аман деген почта баракчаларын ачып 2 адамды сүйлөштүрүп, сүйүштүрүп жиберишти. Элдин баарын келесоо ойлоп, өзүн эр ойлогон булар азыркы адамдар алардан да акылдуу экендигин билгиси да келген жок. Мына ушундай кечиримсиз, ыплас иштерди уюштуруп, Аман деген тамадага байланыштырып бактылуу жашообузга балта чапты. Эл адамы болгондон кийин күйөрмандардан толгон-токой СМС келет экен. СМС башка, жашоо башка да. Кудай турат, ак никемди булгаган болсом, балдарымдын күнүн көрбөй калайын деп эли-журтумдун алдында айтам.

«ДҮКӨНДӨ САТУУЧУ БОЛУП ИШТЕП БАЛДАРЫМДЫ БАГЫП ЖҮРДҮМ»
«2 баламды атасыз калтырбайын деп баарына кайыл болуп жашадым. Азаматтын кол көтөрүп, сезимимди, көңүлүмдү кордогон күндөрү болду. Үй-бүлөмдү сактап калуу максатында намазга да жыгылдым».
– Жолдошум баш айланткан махабатынан бошобой мага эмес, балдарына да көңүл бурбай, аларды урушуп чүнчүтүп да жиберди. Натыйжада болор-болбос тыйынына көпкөн ал бай аялдар менен мамиле куруп, балдарын унутуп, кызыбыз Жыпараны да мектепке киргизбей талаада калтырды. Акчасын аяп жатып балам балдар бакчасына барбай калды. «Өзүңдүн тамагыңды өзүң таап же» деп 1 тыйын бербей же үйгө тамак-аш алып келбей калганынан базарга чыгып, дүкөндө сатуучу болуп иштеп балдарымды багып жүрдүм. 1 күн келсе, 3-4 күн келбей, кайда жүргөнүн айтчу эмес. Келсе да жөн келбей, жаңжал чыгарып «итти да кет десе кетет, сен эмне кетпей жүрөсүң?!» деп жүрөгүмдү жаралап, көз жашымды далай агызды. Айрыкча атам каза болуп кабар келгенде «барышыбыз керек» десем, «Өлгөн атаң өлүптүр, азыр барсаң эле тирилтип алмак белең? Акча тапканда барабыз» деп душмандарым жасабас кайдигерлик мамилеси менен бүт үмүтүмдү өчүрдү. 1 жума издеп, карызга жол кире таап, атамдын кыркына араң бардым. Жолдошум барбай койду.
Акыры канча аракет кылсам да жашоомдун оңолушуна көзүм жетпегенде «жообумду бер, Кыргызстанга кетем, биздин жашоо болбой калды окшойт» деген талапты койдум. Ошентип биз ажыраштык. Депрессияга түштүм, каякка барарымды билбей карайлап 2 бала менен апамдын жанына келдим.

«СЕБИМДИ БЕРБЕЙ, ФОРМАЛАРЫМДЫ ӨРТТӨП САЛЫШТЫ»
«Ажырашканда «Бири-бирибизди жамандап элге жарыя кылбайбыз. Өзүбүз эмес, балдардын келечеги үчүн жакшы мамиледе калалы» деп убадалашкан элек. Ошондуктан Азамат менен ажырашканыма 9 ай болсо да эч ким менен сүйлөшпөй, эч кимге дартымды айтпай кан жутуп жүрдүм».
– Антыбызды, шертибизди бузуп, эркек башы менен биздин ажырашканыбыз тууралуу маалыматты гезитке биринчи болуп Азамат таркатты. Андан кийин менин анын деңгээлине түшпөй, алардын үй-бүлөсүн каралабай, жамандабай, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбей этияттап берген маегиме эл күбө. Балдарымдын атасы деп анын кылык-жоруктарын жаап-жашырганымды, аяганымды коркту деп түшүнүп, Азамат оозуна келгенди оттоп, кимдир бирөөлөр үйрөткөн сөздөрдү болушунча айтыптыр. Мени каралаган, жамандаган маегинен кийин дагы деле сабыр кылып, анын деңгээлине түшпөйүн десем да ал тараптан айтылган жалгандар, бет тырмоочулуктар намысыма тынчтык бербей койду. Азаматтын берген маеги 90 пайыз калп, куру жалаадан куралгандыгын баса белгилеп айткым келди. Кимдин ким экендигин эл да билип бүттү окшойт.
9 айдан бери балдарынан кабар алмак тургай булар кандай жашап жатат, кийимдери, тамак-ашы барбы деп ойлоп койбой көчөлөп ойноп жүргөнүн жашыргысы келип кайра-кайра актанып жатканына бир чети күлкүм келсе, бир чети ызаланып жатам. Ал эми кайнатам менен кайненем үй-бүлөбүздө болуп жаткан ызы-чууга, уруш-жаңжалга кайдигер гана мамиле жасап коюшту. Атам менен апам өз каражаттарына сатып берген эмеректеримди, буюм-тайымдарымды, кийимдеримди, балдарымдын кийим-кечелерин бербей коюшту. Жадакалса концерттик формаларымды, дисктеримди өрттөп салышты. Мейли, ошол нерселер менен бүтөлбөгөн жерин бүтөп, жыртыгын жамап алышсын!

«ЖАКЫНДА СОТКО КАЙРЫЛЫП, КАЛГАН МАСЕЛЕНИ СОТ АРКЫЛУУ ЧЕЧИШЕМ»
«Дүйнө мен үчүн жарыгын жапкандай болуп үйдөн чыкпай, көз жашымды төгүп жашадым. Бирок мен жашаган дүйнөдө жакшы адамдар көп экен. Алар кол сунуп көңүлүмдү көтөрүп, моралдык, материалдык жардамдарын аябай, менин кайра элге аралашып ырдап чыгышыма көмөгүн көрсөтүштү
».
– Турмуштун катуу соккусу, куру жалаалар, жүрөгүмдү ооруткан азап-тозоктор артта калды. «Мен сени бомжго айландырам, алдыма чөгөлөтүп, бутумдан өптүрөм» деген Азаматтын сөздөрү кулагыма жаңырган сайын кайрадан тирилип, кайрадан күчтөнүп, жашоого болгон аракетим күчөдү.
Бир гана сөздү Азаматка айтып коёюн дедим. Менин жана балдарымдын жашоосуна аралашпай, өзү тандап алган жолунда жыргап жашай берсин. Улам мага жармаша бербей өз жолунда тиричилигин кылсын. Жакында сотко кайрылып, калган маселени сот аркылуу чечишем. Балдарымдын келечеги үчүн, алардын жашоосундагы калтырган атасынын тагын кетирүү үчүн бар күчүмдү жумшайм.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(382)
09.05.2016. 20:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
29-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2016 14:35
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайнежесин куноолуу деп айтар элем. Бул жашоонун чындыгы. Канчалаган уй булоолор ушу кайнене кайнеже кайнысиндинин айынан бузулду жана бузулуп жатат.
09.05.2016. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
19-01-2014
Соӊку аракети:
27-04-2017 00:05
Жынысы:
Белгисиз
0
айжамал атагы чыгып калган таланттуу ырчы эмнеге кейийт балдарын багып чыгармачылык мн иштеп жанын багып жата берсин ар кимдин айтканына кейий бербей эми эмки санда кайн эжеси чыкпаса болду айжамалды жамандап
09.05.2016. 21:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
266
Катталган:
01-04-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 22:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад,Кыргызстан.
0
Чымчыктын да уйу бузулбасын...Айжамал эжеге сабырдуулук.Жездеша да майдачыл окшойт...Ага да сабырдуулук...
09.05.2016. 22:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
210
Катталган:
11-03-2010
Соӊку аракети:
06-01-2018 04:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болсо да жеке жашоосун ачыкка чыгарбаш керек эле, оздору уят болут жатышат.
09.05.2016. 22:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
25-04-2016
Соӊку аракети:
16-05-2016 18:15
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бири бирибезге жазышкан эмесбиз деп интервью беришти эле, эми оздору создорунон жанылып жатат. Ааай, уят эле. Элди алдап эмне кыласынар? Аман менен Айжамал
19.05.2016. 03:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aisha88888, Эми омур бою Айжамал актанат
09.05.2016. 22:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
09-06-2012
Соӊку аракети:
29-05-2016 20:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айжамал!эртереек ушундай куйоодон кутулганына суйун!Сага Кудайым сабыр берсин!Куйоон сенин коз жашына татыбайт турбайбы!Сенин кочоондо да майрам болоор!
09.05.2016. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
10-02-2016
Соӊку аракети:
21-12-2016 12:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош Кара-Кулжа
+23
Ээх ...кайнежелер аман эле болушсун ошолор барган жеринде тынса бизда бактылуу жашайбыз
09.05.2016. 22:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
02-07-2018 23:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ивановка
0
Булардыкы сериал болду го. Эми эмки санда Азаматтын маегин кутолу
09.05.2016. 22:54 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
30-03-2016
Соӊку аракети:
23-11-2016 14:56
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне кыласынар жон эле окуп койгулада андай мындай дебей.корбогондон кийин айтыш кыйын бир Аллах анан оздору билет эмне болгондорун.Айжамал эже чыгармачылык ийгилик
09.05.2016. 22:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
28-04-2014
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимге кереги бар буларды айтып кудай кубоо ким куноолу экенинерди. Менин оюмча экоондо тен айып бар ушигьип да кайым айтышабы?
09.05.2016. 23:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
26-04-2016
Соӊку аракети:
26-05-2016 10:57
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындыгында кайын журт кооп таасирин тийгизет уй булого менин да кайын синдим уруштурат эле мени куйоом м,н ал москвага кетип жакшынакай жашап калдык урушпай талашпай эле
09.05.2016. 23:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
09-07-2017 00:51
Жынысы:
Белгисиз
+6
айжамал уят кенжени неге жаманатты кыласын элге анын не тиешеси бар турмушун бузулганына? Куйоонду, кайын эженди, кайын эне кайын ата баары жаман сен жакшысынбы? Турмушун бузулуп туталанып кенжени кыпчыбай эле койбопсунда. Кээ бир адамдар озу сууга чогуп бара жатып жээктеги адамды да тартып кетет. Уят
10.05.2016. 00:39 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
26-02-2011
Соӊку аракети:
22-04-2017 10:03
Жынысы:
Белгисиз
+5
arzuuu,келин жаман эмес,барган жери жаман,бул макалга кандай дейсин?
15.05.2016. 02:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
02-08-2015
Соӊку аракети:
08-01-2018 10:38
Жынысы:
Белгисиз
-4
ayjamal83,tuura makal!:)
19.05.2016. 03:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
ayjamal83, Ал уй булоодо бир эле Айжамал келин эмес, дагы бар экен. Бир жакшы эле жашап жатышат. Айжамал озун звезда сезсе керекта.
10.05.2016. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-05-2013
Соӊку аракети:
31-07-2018 09:52
Жынысы:
Белгисиз
+5
arzuuu,бул жерде Кенже Эжем деп айткан жок да Биз озубуз божомолдоп Кенже деп атабыз мумкун башка. Бирок ким болсо да чогуу осуп,чогуу ырдап жургондон кийин ушундай кыйынчылык убакта билинет кимдим Ким экени айтып койду эмне болду. Ар бир комментке негатив жаратпачы Ким болсон да .Айжамал актанбаган кундо да эл билет кандай экенин сага жакпаса бизге жагат.
10.05.2016. 00:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
08-09-2015
Соӊку аракети:
03-02-2018 12:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кадамжай, Ош
-4
Кайсы бирине ишеништи билбей калдым
10.05.2016. 00:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
29-07-2015
Соӊку аракети:
15-08-2018 19:21
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айжамал дагы сонун ырларды жаздырып ырдап чык, Москва сен сыяктуу таланттуу адамдар келе турган жай эмес, Азаматты сотко берип алимент ондур. Жашоо бутуп калбайт, дайыма алдыга аракет кыл, журок жарасы айыгат, бирок дак калат да омур бою.
10.05.2016. 00:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
01-02-2015
Соӊку аракети:
27-01-2018 11:14
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмнеге бирин-бири жамандайт. Убакыт дары. Сабыр кылыныз.
10.05.2016. 00:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
19-11-2017 20:15
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул arzuu degen menen aisha 8888 tochno ele nagimanyn ozu.
Ар Бир комментарийге негатив жооп бериптир.
Айжамал еже сизге ийгилик! Белди бекем бууп чыгармачылыка киришиниз. Балдарыныздын кызыгын корунуз.
Ал еми куйоонуз Хххх екен. Еч кимди аралаштырбай озу еле чечип койсо болмок. Ежесинин созуно кирбей. Убагы келгенде тушунот бирок кеч болот. Ал убакта балдары да атасынан алыстап калат.
19.05.2016. 03:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
baatyraali, эми мени да Нагима де
10.05.2016. 01:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
17-09-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 07:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйосу балдарым менде озум карап жатам деди елего адам емес екенго Айжамал дайым алга биз сени колдойбус
10.05.2016. 15:42 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-10-2016 13:39
Жынысы:
Белгисиз
0
aksy.koi-tash, эрди -катын жалаяктарын жакшы эле жайышты. Болду да эми. Гезит аркылуу кайым айтышпай бир жерге чогулуп эле суйлошчусун суйлошуп,чечишчуусун чечип алган дурус го дейм. Элдин баарына шерменде болбой. Ал эми тиги Нагима дегени жеткен бузуку неме окшойт да, озунун уй булосун уратканы аз келгенсип инисинин уй булосун да талкалаган акылы жок неме экен. Азамат эстуу жигит болгондо эжесинин созуно кирбей эки баласы Айжамал учун эжесинен алыс эле жашамак. Айжамалга сабыр тилейм
10.05.2016. 01:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
21-02-2015
Соӊку аракети:
05-12-2017 08:54
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мдааа. Өткөндө Азаматтын интервьюсу чыкканда көбүңөр Айжамалды сөктүңөр эле. Эми не болдуңар. Уят эле негизи, чын бышыгын билбей адамга күнөө артуу. Азамат чындыгында эркектике жатпаган иш кылган. Мындай эркек эркек эмес! Айжамал жакшы эле сабыр сактап мурунку интервьюсунда жаап жашырган эле, тиги эркек сөрөй бүт айтып салды калппы же чынбы бир Кудай билет. Айжамал эже айла жоктон бул интервьюну берди да.Элдер да жаман комментарийге көмүп койду Айжамал эжени, анан карганат да не кылсын?
10.05.2016. 01:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
09-03-2014
Соӊку аракети:
24-04-2017 16:35
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен Азаматтын интервьюсуна ишенбедим эле
10.05.2016. 02:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
21-02-2015
Соӊку аракети:
05-12-2017 08:54
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жогоруда mi-li-na айткандай накта ХХХ. Эгер ал өзү образованная, интелегентная городская кайнеже, эже болсо мынтип өз бир тууган инисинин үй бүлөөлүк иштерине кийлигишмек эмес эле жана башка бирөөнү колхоз атабайт эле. Асмандан түшө калгансып "колхозка" деп, керек болсо көбүбүз ошо колхоздо чоңойгон эле ата-энелердин балдарыбыз.

Айжамал эже, сизге Кудайым сабыр берсин, бакыт, ден соолук берсин. Ишиңизге ийгилик, кайгырбаңыз чөкпөңүз. И
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-11 16:20:20
11.05.2016. 16:19 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5913
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+2
erkekyz1, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
10.05.2016. 02:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
16-05-2010
Соӊку аракети:
22-01-2018 18:07
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айжамал күйөөсү менен жашап жүргөндө муңдуу көрүнчүү. Көз адамдын күзгүсү дейт го. Адамдын сөзү алдаса да көзү алдабайт. Анан атайын кызыгып булардын баарынын сүрөттөрүн көрүп чыктым. Эжесинин соц. баракчаларындагы сүрөттөрүнүн 80 пайызын инисинин үй бүлөөсү, алар менен эс алууга барган сүрөттөрү түзөт экен.
10.05.2016. 02:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
16-05-2010
Соӊку аракети:
22-01-2018 18:07
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ар бир үй бүлөө өзү жашаганы туура. эже, карындаш, ага, ини чогуу жашаган үй бүлөөлөрдө мындай окуялардын болушу кадимки эле көрүнүш. Кыргызда мындай үй бүлөөлөр миңдеп саналат. Болгону Айжамал эл адамы болгондуктан билип атабыз. Фридрих Энгельс бекер айтпаган "Үй бүлөө ата эне анан балдардан куралат" эже карындаш, ага ини экинчи даражадагы тууган болуп калат үй бүлөө кургандан кийин. Бул жашоонун мыйзамы.
11.05.2016. 16:23 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5913
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
vivaldi, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
11.05.2016. 20:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
15-02-2016
Соӊку аракети:
07-08-2016 18:40
Жынысы:
Белгисиз
-1
vivaldi,туура айтасыз Эл адамы болгону учун жайылып жатат да элге,болбосо толуп жатат мындай корунуштор эл арасында.уну жакшы,бийлегени да сонун го,баардык ырлары жагат мага.
19.05.2016. 03:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
vivaldi, 2,5ле жыл жашыптырго. Булар Бишкектен ажырашып жатпайбы. Кайынэжеси Москвада калганда.
10.05.2016. 02:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
16-05-2010
Соӊку аракети:
22-01-2018 18:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чет өлкөгө чыккандар билет, кагаз иштерин жүргүзүүдө, прописка алуу учурунда аялы, балдарынан сырткаркы туугандары экинчи даражадагы тууган эсептелип, документ алуу кыйынга турат. Биздин эркектердин көбү үй бүлөөсү менен тууган уруктарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактай алышпайт. Эки тараптын ортосундагы көпүрө, данакердик милдетти, акылдуулук менен аткара алышпайт. Бардык маселе ушунда. Өкүнүчтүүү!!!!!!!!
10.05.2016. 02:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
21-02-2015
Соӊку аракети:
05-12-2017 08:54
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ит үрө берет, кербен жүрө берет дейт. Башыңызды бийик көтөрүңүз! Сиз биринчиден мотурайган уул-кызыңызга, энеңизге, бир туугандарыңызга, элге керексиз! Эч качан чөкпөңүз. Аял заты эркекке караганда күчтүүрөөк, сабырдуу келет эмеспи, күчтүүлүгүңүздү көрсөтүңүз. Аларга теңелбей балдарыңызды бутуна тургузуп, алар сизге, сиз аларга жөлөк таяк болушуңуз керек. Тигилерге Кудайым көргөзөт бирде болбосо бирде!
erkekyz1 түзөттү 2016-05-10 02:15:14
10.05.2016. 02:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
07-11-2011
Соӊку аракети:
10-03-2017 20:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-12
2 раунд бутту
10.05.2016. 02:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
07-11-2011
Соӊку аракети:
10-03-2017 20:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Детектор лжиге баргыла жыйынтыгын корсоткуло. Соз бутот ошол мн.
10.05.2016. 03:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
07-03-2013
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айжамал эжеке, Ар бир ишке жооп беруучу кун албетте ар бирибиздин башыбызда бар. Сизди аял катары тушунуп кабыргам кайышып турган кези... Менин башыма ушундай иш келгенде эмне кылат элем деген суроо келди биринчи. Албетте акылым да жетпейт эмне кылышка. Демек сиздин сабырынызга сабыр куч тилеймин эжеке. Кудайым дагы алына абалына карап сыноо берет экен. Сиздин бул иштерди женишке кучунуз сабырыныз жетет деп умут кылам жана сизге жалан гана жакшылыктарды тилеп калам. Балдарыныздын убайын корунуз)
10.05.2016. 03:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
09-08-2011
Соӊку аракети:
26-05-2016 02:42
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айжамал бул кундордун он беши карангы болсо,он беши жарык дейт.Буйруса эртен эле жарык кундор келет.Белди бек бууп,чыгармачылыгыны оркундотуп,эки баланды татыктуу тарбиялай бер,моорой сеники,убагы келгенде Азамат айткандай сен Азаматтын эмес,Азамат сенин бутуна чоголоп келет.Эжесинин тилинен чыгалбай,эки баласынан кабар албаган,эрксиз,чечкинсиз куйоонун барынан жогу жакшы
10.05.2016. 03:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
07-03-2013
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айжамал эже сиз эмне кылсанызда 2баланыз учун ушул кунго чейин чыдап келгенсиз. Мындан ары да чыдашынызга туура келет. Башынызды бийик которуп балдарынызды адал тамак мн багышынызга тилектешмин. Уй булонузго ырыскы кут береке жанатынчтык берсин. Чыгармалык ийгилик каалайм. Куйормандарыныздын атынан Чынара.
10.05.2016. 08:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
15-04-2008
Соӊку аракети:
07-02-2018 14:28
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул жерде эч кандай Супер инфо куноолуу эмес,алар айтты супер жазды.Оздору берип жатпайбы маекти.Куйормандары редакцияга чалып сурашкан, жооп алып берген. Анын эмнеси бар экен.Чет элдик газета журналдар деле мындан жаман нерселерди жазып чыгышатго. Супер инфо ар дайым алга.
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 1, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Nargiza1987k

Макалалардын саны:
21232;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: