Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Айжамал Кабылова: «АЗАМАТ БИЗ АЖЫРАША ЭЛЕКТЕ 19 ЖАШТАГЫ КЫЗ МЕНЕН ЖАШАП АЛГАН»

№705 6-май-12-май, 2016-ж


«Турмушум бузулуп, эл алдында жаманатты болуп жатам. Элге чындыкты айтышым керек болду»,- деген өтүнүч менен Айжамал Кабылова бизге кайрылды.

«КАЙНЕЖЕМ «КОЛХОЗКАСЫҢ», СЕНИ БААРЫ БИР ЖОК КЫЛАМ» ДЕЧҮ»
«Башымдан өтүп жаткан окуяны эч бир жанга каалабайт элем. 34 жашымда өңүм эмес, түшүмдө көрбөгөн шумдуктуу окуяга кабылып, кабыргам кайышып отурат. Ак нике, ак сүйүү менен баш кошкон жолдошум, балдарымдын атасынын запкысына кабылдым...»
– 9 жыл бою бирге жашап, бир бүтүнгө айланып калган жолдошум ар кимдин сөзүнө кирип үй-бүлөсүн бузуп тынды. Москва шаарында күйөөгө тийип, бат эле ажырашып кеткен Нагима деген кайнежем биз менен чогуу жашап, турмушубузга кийлигишип үй-бүлөбүздү уратты. Жок жерден чыр чыгарып, балдарымды кагып-силкип, өзүмдү жерден алып көргө салар эле. Өзүн шаардык сезип, «сен «колхозкасың», сени баары бир жок кылам» дечү. Эмне деген сөздөрүн, кылык-жоруктарын кулагымдын сыртынан кетирип жашап жүрдүм. Анткени бул убактылуу эле көрүнүш, эң негизгиси Азамат менен жакшы жашасам болду деп ойлочумун. Тилекке каршы, жолдошум мени колдогондун ордуна кордоду. Аны менен жашап жүргөн кунарсыз күндөрүмдү ойлосом, тебеленген кадыр-баркымды эстесем, жүрөгүм ыйлап, көңүлүм сыздайт.
«Москвада жүрүп Айжамалдын аты өчүп баратат, чыгармачылыгын жандандырыш керек» деген «Кыз-Буракта» ырдап кеткен эжесинин бал тилине кирип, мени 2 балам менен 2013-жылы Бишкекке «чыгармачылыгыңды өнүктүр» деп 2 бөлмөлүү үй сатып берип таштап кеткен. Болбосо мен ырдашым керек деп чыгармачылыкты үй-бүлөдөн жогору койгон жан эмесмин. Эч жаман оюм жок күйөөм мени түшүнүп, жакшы мамиле кылып жатат деп кубанып, чыгармачылыктын үстүнөн иштей баштадым. Ал менден кутулуш үчүн бул сценарийди ойлоп тапкандыгын кийин байкап жүрбөймүнбү.

«АК НИКЕМДИ БУЛГАГАН БОЛСОМ, БАЛДАРЫМДЫН КҮНҮН КӨРБӨЙ КАЛАЙЫН»
«Азамат 2 жылдан бери 19 жаштагы көлдүк Мээрим аттуу кыз менен нике кыйдырып жашап жүрүптүр. Андан башка да бизнесмен аял менен ойноп жүргөнүн Азаматтын өз оозунан, досторунан, тааныштардан уктум. Бул нерсеге ишенгим келбей, сай-сөөгүм сыздап азапта жашадым».
– Чыгармачылыгымдын токтоп калышына көз жумуп, балдарым менен Москва шаарына, жолдошумдун жанына барганыма карабай кайнежем менен Азаматтын моралдык жактан басынтып, мага каршы жасалган кемсинтүүлөрүнүн чордонунда калдым. Азамат экөө Фейсбукта Анара, Инстаграмда Сонунова деген аттар менен жаңы баракчаларды ачып, мени каралай башташты. Айжамал Кабылова, Аман деген почта баракчаларын ачып 2 адамды сүйлөштүрүп, сүйүштүрүп жиберишти. Элдин баарын келесоо ойлоп, өзүн эр ойлогон булар азыркы адамдар алардан да акылдуу экендигин билгиси да келген жок. Мына ушундай кечиримсиз, ыплас иштерди уюштуруп, Аман деген тамадага байланыштырып бактылуу жашообузга балта чапты. Эл адамы болгондон кийин күйөрмандардан толгон-токой СМС келет экен. СМС башка, жашоо башка да. Кудай турат, ак никемди булгаган болсом, балдарымдын күнүн көрбөй калайын деп эли-журтумдун алдында айтам.

«ДҮКӨНДӨ САТУУЧУ БОЛУП ИШТЕП БАЛДАРЫМДЫ БАГЫП ЖҮРДҮМ»
«2 баламды атасыз калтырбайын деп баарына кайыл болуп жашадым. Азаматтын кол көтөрүп, сезимимди, көңүлүмдү кордогон күндөрү болду. Үй-бүлөмдү сактап калуу максатында намазга да жыгылдым».
– Жолдошум баш айланткан махабатынан бошобой мага эмес, балдарына да көңүл бурбай, аларды урушуп чүнчүтүп да жиберди. Натыйжада болор-болбос тыйынына көпкөн ал бай аялдар менен мамиле куруп, балдарын унутуп, кызыбыз Жыпараны да мектепке киргизбей талаада калтырды. Акчасын аяп жатып балам балдар бакчасына барбай калды. «Өзүңдүн тамагыңды өзүң таап же» деп 1 тыйын бербей же үйгө тамак-аш алып келбей калганынан базарга чыгып, дүкөндө сатуучу болуп иштеп балдарымды багып жүрдүм. 1 күн келсе, 3-4 күн келбей, кайда жүргөнүн айтчу эмес. Келсе да жөн келбей, жаңжал чыгарып «итти да кет десе кетет, сен эмне кетпей жүрөсүң?!» деп жүрөгүмдү жаралап, көз жашымды далай агызды. Айрыкча атам каза болуп кабар келгенде «барышыбыз керек» десем, «Өлгөн атаң өлүптүр, азыр барсаң эле тирилтип алмак белең? Акча тапканда барабыз» деп душмандарым жасабас кайдигерлик мамилеси менен бүт үмүтүмдү өчүрдү. 1 жума издеп, карызга жол кире таап, атамдын кыркына араң бардым. Жолдошум барбай койду.
Акыры канча аракет кылсам да жашоомдун оңолушуна көзүм жетпегенде «жообумду бер, Кыргызстанга кетем, биздин жашоо болбой калды окшойт» деген талапты койдум. Ошентип биз ажыраштык. Депрессияга түштүм, каякка барарымды билбей карайлап 2 бала менен апамдын жанына келдим.

«СЕБИМДИ БЕРБЕЙ, ФОРМАЛАРЫМДЫ ӨРТТӨП САЛЫШТЫ»
«Ажырашканда «Бири-бирибизди жамандап элге жарыя кылбайбыз. Өзүбүз эмес, балдардын келечеги үчүн жакшы мамиледе калалы» деп убадалашкан элек. Ошондуктан Азамат менен ажырашканыма 9 ай болсо да эч ким менен сүйлөшпөй, эч кимге дартымды айтпай кан жутуп жүрдүм».
– Антыбызды, шертибизди бузуп, эркек башы менен биздин ажырашканыбыз тууралуу маалыматты гезитке биринчи болуп Азамат таркатты. Андан кийин менин анын деңгээлине түшпөй, алардын үй-бүлөсүн каралабай, жамандабай, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбей этияттап берген маегиме эл күбө. Балдарымдын атасы деп анын кылык-жоруктарын жаап-жашырганымды, аяганымды коркту деп түшүнүп, Азамат оозуна келгенди оттоп, кимдир бирөөлөр үйрөткөн сөздөрдү болушунча айтыптыр. Мени каралаган, жамандаган маегинен кийин дагы деле сабыр кылып, анын деңгээлине түшпөйүн десем да ал тараптан айтылган жалгандар, бет тырмоочулуктар намысыма тынчтык бербей койду. Азаматтын берген маеги 90 пайыз калп, куру жалаадан куралгандыгын баса белгилеп айткым келди. Кимдин ким экендигин эл да билип бүттү окшойт.
9 айдан бери балдарынан кабар алмак тургай булар кандай жашап жатат, кийимдери, тамак-ашы барбы деп ойлоп койбой көчөлөп ойноп жүргөнүн жашыргысы келип кайра-кайра актанып жатканына бир чети күлкүм келсе, бир чети ызаланып жатам. Ал эми кайнатам менен кайненем үй-бүлөбүздө болуп жаткан ызы-чууга, уруш-жаңжалга кайдигер гана мамиле жасап коюшту. Атам менен апам өз каражаттарына сатып берген эмеректеримди, буюм-тайымдарымды, кийимдеримди, балдарымдын кийим-кечелерин бербей коюшту. Жадакалса концерттик формаларымды, дисктеримди өрттөп салышты. Мейли, ошол нерселер менен бүтөлбөгөн жерин бүтөп, жыртыгын жамап алышсын!

«ЖАКЫНДА СОТКО КАЙРЫЛЫП, КАЛГАН МАСЕЛЕНИ СОТ АРКЫЛУУ ЧЕЧИШЕМ»
«Дүйнө мен үчүн жарыгын жапкандай болуп үйдөн чыкпай, көз жашымды төгүп жашадым. Бирок мен жашаган дүйнөдө жакшы адамдар көп экен. Алар кол сунуп көңүлүмдү көтөрүп, моралдык, материалдык жардамдарын аябай, менин кайра элге аралашып ырдап чыгышыма көмөгүн көрсөтүштү
».
– Турмуштун катуу соккусу, куру жалаалар, жүрөгүмдү ооруткан азап-тозоктор артта калды. «Мен сени бомжго айландырам, алдыма чөгөлөтүп, бутумдан өптүрөм» деген Азаматтын сөздөрү кулагыма жаңырган сайын кайрадан тирилип, кайрадан күчтөнүп, жашоого болгон аракетим күчөдү.
Бир гана сөздү Азаматка айтып коёюн дедим. Менин жана балдарымдын жашоосуна аралашпай, өзү тандап алган жолунда жыргап жашай берсин. Улам мага жармаша бербей өз жолунда тиричилигин кылсын. Жакында сотко кайрылып, калган маселени сот аркылуу чечишем. Балдарымдын келечеги үчүн, алардын жашоосундагы калтырган атасынын тагын кетирүү үчүн бар күчүмдү жумшайм.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(382)
09.05.2016. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
05-08-2012
Соӊку аракети:
24-09-2018 19:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+5
Ушунчалык аяп жатам сизди Айжамал эже.Ыйлап да жибердим.Кандай таш боор адамга жолуккансыз...Кантип атаныздын батасына жибербей койду акмак.(((.Сабыр кылыныз эже.Сиз айткандай Азаматтын созунун 90%ы жалган болсо,элдин 90%ы сиз менен!Чокпонуз эжеке.Сизди аяган,сыйлаган биз барбыз.Кучтонунуз эжеке.Сиз эл адамысыз!!!
09.05.2016. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
09-03-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-18
Эх Айжамал сенин жолдошун бекеринен таштаган эмес бир сыр барда
19.05.2016. 04:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
miki-84, Эркек кечирбес нерсени кылдыда
09.05.2016. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
26-04-2012
Соӊку аракети:
12-04-2018 19:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Айжамал эже бул нерсени сыноо деп кабыл алыныз. Эркектер оздору таштап кеткен кундо да куноону бизге коюшат экен, Кудайга коюнуз, ушинтип эле ар кайсы аял мн жыргап кетмек беле, баланын, аялдын убалы бардыр, кантип эле ушинтип ыйлаган бойдон калалы, мен сизди ар бир дем алганынызга чейин аябай сонун тушунуп турам, менин да башымдан ушундай отуп жатат азыркы учурда. Эн башкысы кимдин ким экенин билип каласыз, эч кимге ишенбениз, азыр баардык адамдар эки жуздуу...
09.05.2016. 10:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
24-09-2018 13:23
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айжамал, айдан ачык корунуп турат кимдин кандай экени. Аллах буйруса баары оз ордуна тушот. Крепись. Держись.
09.05.2016. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-08-2013
Соӊку аракети:
14-12-2016 13:26
Жынысы:
Белгисиз
+18
Мен Айжамалды тааныбайм, бирок алар менен чогуу жашаган кызлын өз оозунан уктум" Нагима деген кайнежеси Айжамалды өтө кемсинен эле, ошого дагы эринен ажырап Айжамалды көрө албайт", деп. Чындык Айжамал тарапта
09.05.2016. 11:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
16-08-2013
Соӊку аракети:
14-02-2018 15:43
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нагима кайын эжендин ХХХ ХХХ кордук, эгер чындык алар тарапта болгон кундо да балдарынды ойлоп мынчалыка бармак эмес.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-09 12:00:27
09.05.2016. 12:00 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5913
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 00:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Gulu-5kg, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
09.05.2016. 11:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-04-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 07:16
Жынысы:
Белгисиз
0
ех ежекем журокту езесизда
сизди коргондо естен танып калам
09.05.2016. 11:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
17-07-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 21:24
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айжамал сен деген асманда куйуп турган "ЖЫЛДЫЗСЫН"Сени колдогон куйормандарын бар.Ал эми жолдошун Азамат деген атка татыктуу эмес
09.05.2016. 11:30 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
09-10-2016 17:49
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кумуш эшик жабылса алтын эшик ачылат дешетго баары жакшы болот бирок азыр эмес бирааз убакыт керек капаланбаныз турмуш ушундай экен.Балдарыныз менен тушкон суротунуздор зор чыгыптыр!
09.05.2016. 11:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-04-2016
Соӊку аракети:
09-05-2016 12:20
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир кезде Айжамалдын жылдызы жснып тургар кезде Айжамал Айжамал эле. Эми мындай тагдырга туш келгени бизди кайгыга салып отурат. Эмне дейбиз кайрат кылып кайра жылдызынды жандыр, мумкун Азамат экоонор бири биринерге жаралган эмес чыгарсынар, сиз учун башка адам жаралгандыр сиз ал учун жаралгандырсыз, Аллахым экоонорду жолуктуруп бактылуу кундорду белек кылсын!
09.05.2016. 11:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
19-10-2013
Соӊку аракети:
12-09-2018 09:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Joldoshu MN kainejesi ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-09 12:03:03
09.05.2016. 12:03 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5913
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 00:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+4
Alicia, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө, мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
09.05.2016. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
14-03-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 22:38
Жынысы:
Белгисиз
+8
Журогум ооруп кетти. Таш боор Нагима. Озунун жашоосу болбогон сон, инисинин жашоосуна аралашпас керек эле. Айжамал эми белди бекем бууп, балдарынызды гана ойлонуз. Эл уже билет ким кандай экенин. Нагима ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-09 12:07:40
09.05.2016. 12:08 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5913
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 00:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+2
ROZA-87, этика нормаларын сактаңыз!
09.05.2016. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
21-04-2016
Соӊку аракети:
17-11-2017 18:30
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айжамал сиңдим,эч чөкпө,башкалардын үнүнө окшобогон үнүң бар,бийик талантың бар,күйөрмандарың бар,сен али дагы жанас ың.А бул күндөр убакыттын өтүшү менен түш сыяктуу эсиңде калат,белиңди бек бууп чыгармачылыгыңа кириш.Күйөрмандарың сени өзү колдоп алат.Ал "күйөөңдөн"ажырашып алганың сен үчүн эң жакшы болуптур,андай күйөө менен балдар үчүн да жашаганга болбойт.Ден соолук эң негизгиси,андыктан өзүңдү кара.
09.05.2016. 11:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
11-11-2014
Соӊку аракети:
31-08-2016 11:18
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир энеге бала кымбат. Баласы менен карганып жатса чындык Айжамалда экенине эми элдин баары ишенди.
09.05.2016. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-05-2013
Соӊку аракети:
31-07-2018 09:52
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматтын акмак экени баш аламан интервьюсунан эле билинген. Бээ десе ТОО деп бироонун айтканы менен эле кыйынсынып келе калса керек эмне айтканын билбей эле. Айжамал кабагым кашым дебей иштей бер. Сураганга жарабаган эжекенди жамандагым келбейт анын да таланты бар кучтуу айым концерттик турнеси бутсо келээр ага капа болбо.
09.05.2016. 12:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
23-12-2014
Соӊку аракети:
19-01-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
0
Айжамал сулуусун,таланттуусун буюрса бактылуу болосун.Азамат ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-09 12:32:08
09.05.2016. 12:35 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5913
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 00:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
MIRAN, кимдир-бирөөнү мазактаган билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
09.05.2016. 12:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-01-2016
Соӊку аракети:
30-01-2018 12:52
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айжамал эже,сизге дуа кылчу адамдар коп деп ойлойм,эки баланызды бага албай не болуптурсуз,багасыз!Кудай буюруса,сиздин да тундугунуздон туштугунузго жорго минээр кез келет
09.05.2016. 12:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
31-12-2011
Соӊку аракети:
02-01-2018 19:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nagimchik Жокко уктап калганго ажылдап чыга калчу эле!Мен Айжамалга бакыт,сабырдуулук тилейм!
19.05.2016. 04:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
raianabubu, nagimchik2356 оз баракчасында. Бар да сура.
09.05.2016. 12:27 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
22-03-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атамдын айылы
+7
Азаматтан гезитке берген интервьюсунан кийин эле тунулгом.Эркектикке жатпаган иш кылды.Айжамалда очу болсо да чырактай балдары учун жаап-жашырып койсо болмок.Айжамалды балдарынын келечегине коо жаба тургандай жамандады.Куноосу болгон болбогонунда да Айжамаога караганда Азаматты женил ой деп ойлоп калдым.Эркек деген аялга караганда салмактуу болушу абзел болчу.
09.05.2016. 13:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
12-07-2012
Соӊку аракети:
05-01-2017 23:02
Жынысы:
Белгисиз
-1
mega777, egerde Aijamal eje achyk aitbasa el anda Asamat baikenin sosyno iwenip bawkacha oido kalmak el bilip tywyny kerek. Os ychy emes os baldary ychyn aila jokton uwintip atat
09.05.2016. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
26-12-2015
Соӊку аракети:
01-12-2017 07:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moscow,Russia
0
Айжамал эже алга жана алга!
09.05.2016. 12:32 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
22-03-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Атамдын айылы
+6
Ак ийилет бирок сынбайт дейт.Айжамал эми эки баланды белинди бекем бууп бутуна тургузуп ал.Келечек алдыда,актыгынды далилдей сынай турган кез да алдыда.Турмуш озу таразалайт,кимде куноо кимдики жалган жалаа экенин.Аялзатынын атын булгабай кылган аракетин менен акталасын деп ишенем.Ийгилик!
09.05.2016. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
04-01-2017 05:30
Жынысы:
Белгисиз
+4
мен да бир уйбулону билер элем аялы биакта куйосу москвага иштегени кетип тиактан да башка аял алыптыр ал да оштук эле. А Айжамалга сабырдуулук тилейм. что посеет человек то и пожнет нагиманы кудайга тапшырдык. Кудай кошконду адам ажыратпасын ким ажыратса ага каргыш дейт. Кудай батасын берсин сага Айжамал. Рухунду тушурбо кайраттан жана кучтон. Сен эми ырдап чыкканда алардын журоктору сайышат.Жан дуйноно тынчтык суйуу кубаныч орносун.
09.05.2016. 12:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
09-05-2016 12:58
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабырдын тубу сары алтын дейт, бираз сабыр кылыныз баары оз убагында ачыкка чыгат. Ошондо ким ак, ким кара экени белгилуу болот.
09.05.2016. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
29-03-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 07:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+5
Айланайын эркектер ата эненерди бир туугунынарды деп эле аялынарды кор кылбагылачы.аялынар Аллахтан силер аманат кылып берилдиго . Аялдын коз жашын Аллах эсептеп турат.
10.05.2016. 00:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
09-02-2016
Соӊку аракети:
23-05-2016 19:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kanzada97
Ак соз!кудай тапшырат аманат кылып аялды.Аялды крордогон эркек бу дуйнодо бакыт таппайт
09.05.2016. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
12-07-2012
Соӊку аракети:
05-01-2017 23:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Eldin oosuna algan bisdin syimyktuu ejebis Aijamal.Sisdin ar bis sosynys ak dep esepteim. Ankeni uwul ubakka chein os joldowu jonyndo bir gana jakwy sos aityp kelgen jaman bolso jakwylygyn elge aityp. Kantseda atasyda dep. Aial kiwi alsys bolot degen uwulda. Al emi Asamat baikechi osynyn namysyn korgoim dep el aldyna chyhyp os yiboly jonyndo ar kaisy jaman sosdy alyp chykty.Bul erdik emes, myndai erkekter Jaman ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-09 13:39:19
09.05.2016. 13:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
19-03-2014
Соӊку аракети:
02-01-2018 20:59
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин айтаар слзум куйоосу акмак эле экен эркек болбойбу катындай болбой соз жок эркек жакшы болсо вялы кундон кунго бажырайып ачылат.ХХХ Азамат соз жок сага!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-05-09 13:39:43
09.05.2016. 13:40 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5913
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 00:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
honey.altinai95, mahabat08.07, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
09.05.2016. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
14-08-2015
Соӊку аракети:
13-06-2017 12:12
Жынысы:
Белгисиз
+7
Куйоосуно баладан да байлык керек экен. Кайнежесине инисинин бактысы бир тыйын экен. Жаратканым оз жазасын берет созсуз
09.05.2016. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
01-08-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+3
ушундай таанымал ырчы болуп туруп озунузду кемсинткенге кантип укук бердиниз чыдадыныз тан калам. мындайга чейин жеткирбей давно таштап кетсениз болмок. сиз жонокой эле Айжамал эмессиз да .
09.05.2016. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
20-08-2015
Соӊку аракети:
09-02-2018 10:05
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжамал эже биз сизди сыйлайбыз!Азамат туугандарынын(эжесинин) созуно кирип элге жаман атты болуп алды!
кайсы ырчы эжениз Кенжеби?же Гулнарабы?
09.05.2016. 15:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
05-04-2016
Соӊку аракети:
14-03-2017 20:08
Жынысы:
Белгисиз
+8
munara.11.,Кенже болсо керек, себеби Гулнара, Гулшайыр эже жана Айжамал учоо чогуу жолукпады беле. Гулшайыр эженин айтуусу боюнча.
09.05.2016. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
03-10-2010
Соӊку аракети:
20-12-2016 16:55
Жынысы:
Белгисиз
-7
Чогуу жашаган кайнэжесин айтып жатат
19.05.2016. 04:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
mahabaha, кайынэжеси кыз буракта ырдаптырбы. Кенжеда.
09.05.2016. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
11-12-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ЖАЛАЛ-АБАД
-4
Том и джерини көргөндөй болуп кеттим окуп.)) Уй булөлүк бакыт каалайм,бактылуу эле болгулачы. Экөөңертең....))
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: