ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Мени кармап алышсачы?- деди Каныбек.
– Сенден эч ким шек санабайт, бул жакта биздин база тургандыктан тынч, ошого согуш болуп жаткан жактардан келген качкындар көп. Сени ошолордун бирөөсү деп ойлошот. Тилди жакшы эле билесиң, акценти жок сүйлөйсүң, өң-келбетиң да оогандарга окшош. Кыскасы, сен барсаң бул маселе аябай эле жеңил чечилгени турат. Акчасын да жакшы төлөп беребиз. Кийим эле алып барып бересиң, болду,- деди Жон Макфелл.
– Ойлонгонго убактым барбы?
– Бүгүн түндөп алып чыгыш керек, эртең кеч болот.
– Бул жактын эч жерин билбесем, кантип алып барып берип, кантип алып чыгам?
– Макул болсоң сага түшүндүрүшөт, кыйынчылык деле болбойт. Акчаңды кааласаң азыр эле эсебиңе которуп коёбуз, аз десең дагы кошобуз.
Америкалыктар бүт мамилесин акча менен ченешет экен. Бизде жөн эле адамгерчилик үчүн деп бирөөнөн бир нерсени суранабыз же бирөөнүн суранычына бекер эле жардам берип коёбуз го. Аларда дароо эле акча менен сүйлөшөт. Ушунчалык көнүп бүтүшкөн же ары жагынан ушундай окшойт.
Дагы кош деп соодалаша албадым, айтканга тилим барбады, барыш-барбашымды деле али чече элекмин. Бирок 20 миң доллар барып кийим берип эле келгенге... Ичимден макул эле болуп калдым. Мени айнып кетет дедиби:
– Дагы 5000 доллар кошобуз. Көп деле кыйынчылык болбойт, мүмкүн болушунча жардам беребиз. Сага эч ким зыян келтире албайт,- деп мени көндүргөнгө аябай эле аракет кылды.
Баграмдын айлана-тегереги тынч болчу, анда-санда эле кичине атышуу болбосо. Мен келгенден бери 1 жолу бир террорчу өзүн-өзү эл көп жерде жардырып жиберди. Ошол эле болбосо кадимки тынч жашоо. Ишканалар иштеп, эли күнүмдүк турмушу менен алек. Макул болдум, Жон Макфелл дароо бирөөнү чакырып мени дайындады.
Орусча суудай сүйлөгөн неме экен. Бир чоң бөлмөгө киргизди. Узуну 2, туурасы 2 метрдей болгон монитор илинип туруптур. Аны күйгүздү да, картаны ачып түшүндүрдү. Базадан Пули-Хумри деген шаарга чейинки жол майда-чүйдөсүнө чейин көрүнөт экен. Пули-Хумриге чейин автобус менен барарымды айтты. Шаардын картасын көрсөттү. Чакан эле тоонун арасында жайгашкан шаар экен. Тоодон суу агып түшүп, ошону жээктеп узунунан отурукташкан. Мен барчу жер шаардын чыга беришинде 5 гектардай аянтты ээлеген, тикенектүү зым менен коргондолгон, дал ортосунан суу агып өткөн үй экен. Аскер коргондун ичинде, ошол суунун жар болуп калган жеринде бекинип жатыптыр. Ичи калың бак окшойт, бул ишти оңой эле бүтүрсө болчудай. Ээси оогандыктардын мен деген байларынын бирөөсү окшойт.
Мен шаарга жеткенден кийин "базардын жанында мечит бар" деп көрсөтүштү. Ошол мечитке караштуу ар жактан келген үй-жайы жок качкындар жата турган үйгө орун алып жатып, түнкү саат 1де туруп тиги байдын үйүнө барып аскерди алып чыгышым керек. Коргондун 2 жеринен тешик даярдалыптыр, кадамдап эсептеп таап алсам болчудай. Коргондон чыкканда бизди машина күтүп турмак.
Дагы көп нерселерди түшүндүрдү. Кайдан келдим, атым ким, кантип келип калдым, келген жагымда эмне бар, коңшуларым ким, ар кандай шартта эмне кылыш керек экенин, өзүмдү кантип алып жүрүшүм керек, кимге кантип сүйлөш керек. Ким мага сүйлөп жатканда кандай ойлонот, менден кандай жооп күтөт. Айтор, түнү дарактардын түбүндө кантип дабыш чыгарбай басыш керек дегенден баштап көп нерселерди 4-5 саат арасында үйрөттү. Мен өзүмдү Айга учуп жаткан учкучтай эле сезип кеттим.
"Күзөтчүлөр жүрсөчү?" десем, "алар жөнүндө ойлобо, алар сага тоскоол болбойт" деп ишеничтүү күлүп койду.
Саат 2лерде мени гримдешти, жарым саатта өзүмдү күзгүдөн көрүп тааныбай калдым, селсаяк эле болуп калыптырмын. Күзгүдөн мени чачтары тармалданып өскөн, көптөн бери мончонун караанын көрбөй аябай кирдеген, тиштери орсок, мурду бир жагына кыйшайгансыган ооган бала карап турду. Өзүмдү көрүп күлүп жибердим эле, күлкүм да бир келесообу, аңкообу ылайыктуу сөз таба албадым, башкача чыкты. Колума тамтыгы кеткен кытайча жазуусу бар сетка баштык карматып коюшту эле, аябай эле жарашып калды. Баштыгыма оогандардын жука нанынан үчтү, бир баклажкага суу, туз, курма, анар, чокко бышкан эт салып беришти. Оогандардын эски, кенен, 1-2 жери тигилген кийимин беришти. Алардын үстүнөн пахтадан тигилген калың чапан сыяктуу кийим беришти, үстүмө жамынып алат экенмин.
Анан бир эски, анча-мынча жерин дат баскан бычак беришти, аны менен телефон катары байланышса болот экен. Сабын бир колуң менен кармап экинчи колуң менен темирин оң жакка кичине бурап тартсаң, буларга чакыруу келерин айтты. Сабынын учунда 1, капталында 1 кичине, көзгө араң көрүнгөн тешик бар. Башыма кийген боз түстөгү баш кийимге 7 ийне бекитилиптир. Ийнелердин бирөөсүн саптын учуна салып, экинчи ийне менен түртүп ичине киргизип, анан капталындагы тешикке ийненин учун салып башын өзүңө тартсаң, ийне атылып 15 метрге чейинки аралыктагы адамга жетет дешти. Адамдын моюнунан ылдыйына сайылса 2 секундда, баш жагына сайылса дароо эле 3-4 саатка өзүн жоготот дейт. Кытайдын электрондук арзан саатын колума тагып беришти.
Аскерине 10 таблетка, бир кичине идиште порошок беришти, "берип кой, өзү билет" деп. Ошентип мени саат 3төрдө Баграмдын базарына жеткирип таштап коюшту...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
kadamjai90
2016-05-16 09:36:43
Кызыгы эми башталатго.
+3
temirov76
2016-05-16 10:12:53
Кызыктуу жерине келгенде бутуптур,эми дагы бир жума кутобуз.
+2
Begimkyz
2016-05-16 11:08:25
Иии бүтүп калды да кааап(((
+1
Bazana
2016-05-16 11:56:43
Аябай кызыктуу сонун экен аз болгону жанды кашайтатта
+2
muli
2016-05-16 13:14:44
фантастика боло баштадыго я? Ыыыыыы
-1
Siren90
2016-05-16 13:59:09
Мыкты режиссёрлор кино кылып тартса укмуш болчудай экен, голливуддун кинолорун коргондой болуп жатам.
0
12katya21
2016-05-16 15:11:54
Ошода
0
audi80
2016-05-16 15:28:42
Кунуго уландысыны чыгармаларды больойбу сериалдардын
+1
bolotbek91
2016-05-16 18:20:55
кызыктуу болуп жатат
+1
bagira77
2016-05-16 19:52:57
Иен озумду элестетип жатам,кино коргондой болуп...
+1
Asyl19.09.90
2016-05-17 15:55:53
Кызыктуу турбайбы
+1
Ulanaibekov
2016-05-20 22:42:42
катуу катуу кайран гана 25мин доллар эмнелерге гана алып барбайт
+1
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан