"Өтөбүз деп жүрчү элем ойноп-күлүп,
Азыр болсо ойлоном ичим күйүп.
Сүйгөнүнө жетпей калган жигиттердей,
Ошолордун катарына кошулдумбу сен деп жүрүп...",- бул актёрдун сүйүү ырларынын чети гана. Тасмаларда көбүнчө бай, терс каармандын ролун жаратып элге таанылган Садыр Сагынбаевдин жеке жашоосунда көйгөйлөр жаралып турат. Маектешүүгө барганда актёрду араң тааныдым. Жашы 60ты таяп калганда Садыр мырза сүйүүдөн жолу болбой калганын айтып кейип-кепчип отурду.
Туулган жылы, күнү –
1959-жыл, 3-май
Туулган жери – Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Октябрь айылы
Билими – Чуйков атындагы сүрөтчүлөр училищесин, Москвадан ВГИКтин (Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институту) көркөм факультетин бүтүргөн
Тартылган тасмалары – "Аманат", "Салам, Нью-Йорк!", "Ермак", "Миллиондук мелдеш", "Миллиондук мелдеш-2",
"Ак бас", "Курманжан датка", "ЖинМэн" жана башкалар.
– Саламатсызбы, агай? Сизди башкача элестетип келе жаттым эле. Көрүп тааныбай калдым. Өңүңүздөн азып калыптырсыз...
- Саламатчылык! Ооба, "жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" демекчи, минтип жашоомдон адашып отурбаймынбы.
– Келиңиз, ага аягында кайрылалы да, маекти балалыгыңыздан баштайлы. Окурмандарыбызга өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз...
- Атам көп жылдар бою мектепте директор болуп иштеген, ээр, комуз чапкан уста эле. Апам колхоздо иштеп, бала багып үйдө отурду. Атамдын көзү өткөнүнө 5 жыл болуп калды, апам 92 жашка чыкты. Жаштайымдан сүрөт, искусствого жакын болдум. 6-7-класста болсо керек, айылга Кыргыз драма театры гастролдоп келишти. Экрандан көрүп жүргөн артисттерди карап отуруп кантип спектакль бүткөнүн сезбей калгам. Ошондо биринчи жолу Таттыбүбү Турсунбаеваны көрүп суктанып бүтпөй койгон элем. Окууну бүткөндөн кийин Чуйков атындагы сүрөтчүлөр училищесинде, андан кийин ВГИКте окудум.
– ВГИКти аяктасаңыз да жумушка орношуу кыйын болгон экен. Анан кантип кино чөйрөсүндө ордуңузду таптыңыз?
- Мен союз урап, баш аламандык болуп турган чакта окуумду бүтүп калдым. "Кыргызфильмге" келсем аңгырап бопбош. Директор Рыспай Алыбаевичке кирсем, "Маданият жоюлуп кетпедиби. Эми өзүң эптеп жумушуңду кыла бер" деп кейип калды. Эмне кыларымды билбей "Ош базарын" айланып жүрдүм. Тегеректин баары мас. Эптеп жан багыш керек болду. Экинчи балам жаңы төрөлгөн. Ага сүт, нан, чай алыш керек, а менде 1 тыйын жок. Жетишпеген турмуштан казан-аяк кагышып, үйдө ызы-чуу башталды. "Акча таап келбейсиңби, эмнең эркек? Телтейип мас болуп, бир нан көтөрбөй келесиң!" деген сөздөр болду. Бизнеске аралашайын десем ал колдон келбейт, павильон ачып соода да кылып жүрдүм. Жүрөктү өйүгөн нерсе баары бир тынч койбойт экен. Аябай катуу кыйналып, Швецияга чейин барып көчөдө сүрөт тартып сатып тыйын таап жүрдүм. Ошол учурда казактарда бирин-серин кино тартылып калгандыктан Казакстанга келип "Көчмөндөр" тасмасында ойнодум. Ошентип 1998-1999-жылдардан баштап киного илине баштагам. 2005-жылы Жаштар театрынын ал кездеги директору Темирлан Сманбеков жумушка чакырып калды. Ошондон бери театрда башкы сүрөтчү-коюучу болуп эмгектенип келем.
Жакында "Кыргызфильм", Кыргыз кино департаменти, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоп, мени Москвадагы 2 жылдык режиссёрлук курска окуганы жөнөтүп жатышат.
– Чет элдик тасмаларга да тартылыптырсыз. Арасынан эң көп гонорар алган кайсы тасма болду?
- Орусиялык "Ермак" деген сериалга тартылып эң көп гонорар алгам. Ал акчага 3 бөлмөлүү батир келмек. Ал кез союз бузулуп жаткан убак эле. Жаш кез, ары басып, бери басып жукпай деле калды. Швецияда иштеп келип жарым үйдү алып бир тууган иниме жаздырып койгон элем. Кийин иним үйдү бербей,"Акылыңызга эми келдиңизби? Үй керек болсо сотко бериңиз" деп койду. Ошондон бери сүрөтканада жашап келем.
– Жайы-кышы мастерскойдо жашайсызбы? Кышында суук эмеспи?
- Бул жакка жайгашып алгам, жашаганыма 10 жыл болду. Кышында жылуу, ыңгайлуу. Христиандар чиркөөнү, мусулмандар мечитти ыйык туткандай эле театр биз үчүн ыйык. Бир окуяны эстеп кеттим, Бакен Кыдыкееваны пенсияга чыгарып коюшса деле көнүмүш адат менен күндө жумушка келе берчү экен. Күндө (мастерскоюнун бурчун көрсөтүп) тээтиги бурчта креслого отуруп алып бир пачка папиросту түтөтүп күн батканча терезени карап отура берчү экен. Анан күн батканда туруп алып үйүнө жөө жөнөчү тура. Күндө ошентчү дешет. Артисттерди кесибинен оолактатып койгон дарга асып, атууга кетүүдөн да жаман. Бакен эжени кийин Совет көчөсүнөн машина уруп кетип 1 ай өлүкканада таанылбай жатпадыбы. Ошону ойлоп аттиң, маданият адамдары ишсиз калбаса экен. Таяк менен басса да ошого ылайыктуу роль берип, сөз менен болсо да көңүлүн көтөрүп койсо ошол деле канча дем берет деп калам.
– Жаш келинге үйлөнүп, аныңыз башкага кетип калганын айтып отурасыз. Ал балдарыңыздын энеси эмеспи?
- Жок, биринчи келинчегимден 1 уулум, экинчимден 1 уул, 1 кызым бар. Бул үчүнчүсү болчу. Үчүнчү аялым Перизат таланттуу, ишке чебер, комузга, ырга шыктуу келин, менден 20 жаш кичүү. Мурунку күйөөсү менен ажырашып, 2 кызы бар экен. "Актриса болгум келет, искусствону баалайм" деп армандарын айтып калчу. 10 жыл мурун "экөөбүз тең бойдок экенбиз, чыгармачылыктагы ысык-суукка бир күйүп, бири-бирибизге түркүк болуп жүрөлү" деп сунуштап, үйлөнгөнбүз. Окуйм дегенинен өксүткүм келбей режиссёрлукка окуттум, дипломдук жумушунун баарын жасап бердим, грим жасоону үйрөтүп, актриса катары "Көк салкын", "Көч", "Мунабия" тасмаларына тарттырдым.
"Үркүн" тартылат дегенинен кастингге чогуу барганыбызда "жеңебизди грим жасаганга алалы" дешкен. Өзүм "жакшы жүр" деп иш сапарына узаткам. Тарыхта айтылат эмеспи, күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялды таш бараңга алып, дарга асып же өрттөп салышчу деп. Кыргызстанда андай мыйзам жок. Кудайга койдум. Бетине көө шыбалып калганынан бул жакка келбей качып жүрөт. "Үйү жок тажадым. Мени, кыздарымды бакпайт" деп кеп кылып жүрүптүр. Угушумча, ал капчыгы калың бизнесменди таап алыптыр. Ал жигит менен иш сапарда таанышып калышкан экен. Анын телефон номерин таап сүйлөштүм, "бир ай талаада жүрсөм, өзүңүз деле түшүнүңүз, келинчегиңиз ажырашып кеткем деген" деп баарын ачык айтып берди.
"Менин грим салган сумкамды сындырып салды" дептир. Ал чындык. Өзүм ичпейм, чекпейм, андайды жаман көрөм. Ичип-чегип жаман жолго түшүп туруп алганынан урган эмесмин, сөккөн эмесмин, катуу сөз менен айткам, акылына кирер деп ойлогом. Бул жашка келгенде кайра-кайра аял алды деген кеп деле уят да, өзүм деле ага ишенип, берилип калдым эле. Бүк түшүп кечирим сурап да көрдүм, көнбөй койду. Өткөндө жолугуп, "Эмне кылсам мени менен жашай аласың?" десем, "бир машина, бир үй алып берсең" дейт. "Же конок чакыра албайм, же тууган чакыра албайм. Же туугандар менен катташа албайм" деп арманын айтты. Аны моюнума алам. Экөөбүз тең искусствонун адамдарыбыз, бири-бирибизди түшүнүшүбүз керек да. Акыры "сен 10 күйөөгө тийип чыксаң да сени коюнумду ачып тосуп алам" деп айттым.
Ажырашканыбыз белгилүү болгондон кийин мени сыйлагандар куттуктап, "сизге татыктуу эмес болчу, эң туура кылдыңыз" деп азыркыга чейин айтып жатышат. Чыгармачыл адамдар эркин болуш керек деп жубайымды чектечү эмес элем. Ошол нерсени ал түшүнбөй койду.
– Жүрөгүңүздүн ооруганына да ушул окуя себеп болгон окшобойбу?
- Оору дегенди билчү эмесмин. Бир күнү эле таңкы саат 4тө поезд жүрүп жаткандай кулагым шакылдап, жаман болуп чыктым. Сейил бакта басып бир аз сергип келип жатсам кайра кайталанды. Кулагым чуулдап, колум калтырап жаман боло баштаганымда "Тез жардам" чакыргам. Кан басымымды өлчөтсөм 220га көтөрүлүп кетиптир. Ичиме салып жүрүп эле ушул болуп кетти окшойт. 1 жумага жакын тамак өтпөй, суу ичип калган элем. Учурда дарыланып жатам. Ушул окуядан кийин 1 айдын ичинде 13-14 килограмм арыктаптырмын.
– Агай, маегиңизге рахмат. Оору-сыркоодон алыс болуңуз!
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg