Амир Аскаров: «ТАЛАНТТУУ ЫРЧЫЛАР КЕЛСЕ «ФУНЧОЗАЛАРДЫ» СҮРҮП ЧЫГАРАТ»

Жакында эле ырчы Амир Аскаров социалдык тармактагы жеке баракчасына ырчыларды таланттуу жана ырдай албагандарга бөлүп, таланттууларды Арсен сыяктуулар деп атап, таланты жоктор Дайыр Исмадияров сыяктуулар деп жазып чыккан. Амирдин ал посту азыркыга чейин талкууланып бүтө элек. Ырчылар эки жаат болуп бөлүнүп, Амирди колдогондор да, сындагандар да болууда.

– Кандай, Амир? Ырчыларды ырдай алган «фирмачтарга» жана ырдай албагандарга бөлүп жатасың. Мындай оюңду коомчулукка ачык алып чыгууга эмне түрткү болду?
– Кандайсыңар? Мен эркин демократиялык өлкөдө жашайм жана эч кимдин басымынан, бут тосуусунан коркпойм, ошондуктан өзүмдүн туура деп эсептеген оюм менен бөлүшкүм келди. Ырдай албаган «фунчоза» ырчыларды эл деле, профессионал музыканттар деле билет, бирок айткысы келбейт. Мен ошолордун арасынан алгачкылардан болуп ооз ачкым келди. Качанкыга чейин сапатсыз музыканы жакшы деп уга беребиз?! Мисалы, мен дарыгермин дейли, мени басылмалардын баары жазып, атым алыска жеткен, бирок мен окуган эмесмин, билимим жок, анан кантип элди дарылайм, айыктырам? Ушундай эле абал шоу-бизнесте болуп жатат. Ырчыны эл ыры менен тааныш керек, популярдуулугу же жүзү жакшы таанымал болгондугу үчүн эмес.

– Эмне үчүн Дайыр Исмадияровду мисалга көрсөтүп жатасың?
– Анткени «фунчоза» ырчылардын эң популярдуусу Дайыр. Мен Дайырдын адамгерчилик сапатына тийишкен жокмун, жөн гана анда вокал, үн жок дедим. Албетте, мен «Дайыр ырдай албайт» десем эле ал ырдабай койбойт, бирок ойлонуп, жок дегенде вокалдын үстүнөн иштесемби деген ойго түртөт болуш керек. Дайырды ырчы эмес, медианы сүйгөн адам десек жарашат. Анан берген маегинде мени тааныбайм деп айтыптыр. Бул абсурд. Дайырдын тарапташтары ага болушуп, менин жеке сапаттарыма асылып жатышат, анткени талантымдан кынтык таба алышпайт. Өскүсү келген адам сынды туура кабыл алат. Мени эл «Алдадың», «Сени эстеп» деген ырларым менен таанышат экен, ал эми Дайырды кайсы ыры менен тааныйбыз?

– Бирок учурда сага караганда Дайыр популярдуу экенин моюнга аласыңбы?
– Ооба, ал менден популярдуу, анткени ал жүзүн таанытыш үчүн иштейт, а мен талантымды өстүрүү үчүн иштейм. Дайыр менен 2007-жылы таанышкам. Кайрат Примбердиев чалып «Дайыр деген ырчыга аранжировка жазып берчи» деп суранган. Анда мен жөн эле рэп окуган бала болчумун. Ошондо студияга келип ырдаганда менде «ушул ырдай алса, мен эмнеге ырдай албайм?» деген ой пайда болуп, ырчылыкка келишиме кайсы бир деңгээлде себепкер болгон.

– Маек нугун өзүңдүн чыгармачылыгыңа бурсак, Санкт-Петербургда иштеп келдиң, чыгармачылыгыңа таасири тийдиби?
– Музыкалык тажрыйбамды кеңейтүү максатында Санкт-Петербургдагы музыкалык студиялардын биринде үн режиссёр болуп иштедим. Бизде ырчылар көп, бирок аранжировкачы, үн режиссёрлор абдан аз. 3-4 аранжировкачыга кечке ыр жаздыра берсең музыкалар коёндой окшош болуп калат. Бир типтүү музыкалардан качуу үчүн бизге көп аранжировкачы, үн режиссёрлор керек. Өзүмө ырчылыкка караганда музыкант болуу жакыныраак. Андыктан ырчылыкка да, башка жагына да жетишсем дейм. Ырчылыкта балким начар иштеп жатам. Дагы бир себеби – орусча ырларым көп, анткени орусча ойлоном, орусча жазам. Учурда жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчыларга ыр жазып берип, музыкалык продюсердин кызматын аркалап жатам. Буюрса, биздин шоу-бизнеске потенциалы жогору жаш муундун катмары келе жатат. Ушундай билимдүү, таланттуу ырчылар «фунчозаларды» четке сүрүп чыгарат деген ойдомун.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Дайырдын ырларынын 70 пайызын башкалар ырдап беришет" дейт Амир Аскаров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (126)
rianna
2016-06-29 22:08:38
Амир ХХХ ХХХ. Орозо айында ушактабай эле койботурсун .Озун биринчи элге улгу болгудай сонун чыгармаларды жарата элек башкаларды сындабай эле кой сенден коро Дайырды эл таааныйт , сени тааныбайт деле.
-3
admin_superstan
2016-06-30 10:00:32
rianna, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган! 3 күнгө БАН!
0
damir90
2016-06-29 23:22:42
дайырбы башкасыбы айтор живой ун мен ырбайтда алар артис да анкени
-3
admin_superstan
2016-06-30 09:21:12
torra, кимдир-бирөөнү мазактап, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
-1
Flared
2016-06-30 09:34:12
Илгери Бек,Сыймык,Гулнур,Актан,Ырыскелди,дегендер эле болчу.Азыр ошол Амир баш болуп баары фунчоза.
+5
TUA
2016-06-30 13:11:21
амир прав на все 200%
-2
Uzakova.Z.A
2016-06-30 23:24:43
Амирдин ырлары жагат уну да. Туура айтат ар кимдин оз оюн айтканга укугу бар биз сынап аткандай эле Амирдин да сынаганга оюн айтканга акысы бар.
-1
Abytovka
2016-07-01 01:05:24
Дайырдын тааныбай койгону аябай жакшы болуп тур бирок мен да ошентмекмин именно Дайырга асылган го чиркин озун ким деп ойлоп атат бул мырза негизи эркектин эркектей болгону жакшы го.
+3
mi-li-na
2016-07-01 17:33:12
кыргызда бир жаакшы макал бар го «бака майрык экенин унутуп, жыланды ийри дейт имиш» деген. амир деген ырчы бар экенин укпаптырмын. Дайырды тааныйм ырчы катары.
+2
zhykyo
2016-07-01 22:58:12
Фунчозалар кетсин деп пикеткечи
0
talantbektegin
2016-07-01 23:27:27
Акыр заманда Акылдууларды акылсыздар башкарып калат дегендей,азыр Таланттууларды тааныбай таланты жокторду таанып калган заман Амирдики туура
+2
gulnara2014
2016-07-02 13:53:21
Ой тобоо Амир деген баланы биринчи жолу угуп жатам. Ал эми Дайырды тааныйм. Ал жакшы ырчы. Мына Амир аябай эле мактаныптырго тимеле ага жазгам ыр буга жазгам ыр деп. Анан башкаларга сынтагып. кудайга тооба дебейби. Бироого сын таксан азыр кырк кундо эле озуно кайтып келет. Суйлогондору да маданиятсы, суйлошун билбейт отурганын карасан. Жок дегенде супер инфо видиого тартып жатканда бутун учкаштырбай туздоп отурбайбы. оозун кыйшайтып алып
+2
no.comment
2016-07-02 17:23:55
Негизи талант 2 %, калганы эмгек дейт эмеспи, Дайырдын таланты жок чыгаар. Бирок, аракет кылып эмгектенип ырдап журбойбу. Отличник деген сыйлык алганы бир аз туура эмес болуп калыптыр. А так мен ийгилик гана каалайм Дайырга, Амирди деле жамандабайм, бирок Дайырга кошуп дагы башка ошондой "фунчеза" ырчыларды да кошо сындаш керек болчу калыстык учун, кундош катындай сразу Дайырга сын такпай...
-1
Labadax
2016-07-04 08:35:25
Мен го ортодоку калыс адаммын,Дайыр красавчик жакшы ырдайт.Аа Амир ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ.
0
admin_superstan
2016-07-04 08:55:35
Labadax,кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
0
Saikal.01
2016-07-09 14:00:59
Өзү ырчылар арасында да сынактар болсо жакшы болмок, анткени азыр ырчылардын саны бар сапаты жок болуп калды. Аранжировка менен ундорун жасап койуп эле ырчы атка мингендер коп. Эмнеси болсо да баарынарга ийгилик. Бирок, бака майрыктыгын билбей жыланды ийри дептир болбой, баарынар музыкалык, вокалдык билиминерди онуктургуло!
+3
samatoff
2016-07-13 16:07:49
Бетке айткан создун заары жок, эртеби-кечпи айтылчу соз болчу, акты ак, караны кара, уну жокту уну жрк деп эле айтыш керек!
+2
№ 712, 24-июнь-30-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан